Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба тилегибизге кантип жооп берет?

Жахаба тилегибизге кантип жооп берет?

«Эмне сурасак да, анын угарын билсек, анда сураганыбызды аларыбызды да билебиз» (1 ЖАКАН 5:15).

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Кээде эмне деп ойлонушубуз мүмкүн?

 ЖАХАБА менин тилегиме жооп берип жатабы же жокпу деп ойлонгон учуруңар болду беле? Эгер болсо, силер жалгыз эмессиңер. Анткени көптөгөн ишенимдештерибиздин, өзгөчө, кыйынчылыктарга кабылганда ушинтип ойлонгон учурлары болгон. Эгерде биз да башыбыздан кыйынчылык өткөрүп жатсак, Жахабанын тилегибизге жооп берип жатканын аңдай албай кыйналышыбыз мүмкүн.

2 Жахаба кызматчыларынын тилегин кабыл кылат. Бул макалада мындан эмне үчүн шектенбесек болорун карайбыз (1 Жкн. 5:15). Ошондой эле бул суроолорго токтолобуз: эмне үчүн кээде Жахаба тилегибизге жооп бербей жаткандай сезилиши ыктымал? Ал тилегибизге кандай жолдор менен жооп берип жатат?

ЖАХАБА БИЗ КҮТКӨНДӨЙ ЖООП БЕРБЕШИ МҮМКҮН

3. Жахаба эмне үчүн андан тиленишибизди каалайт?

3 Ыйык Китепте Жахабанын бизди абдан жакшы көрөрү жана «асыл заттар» деп эсептээри айтылат (Акай 2:7; 1 Жкн. 4:10). Ошон үчүн ал бизди андан тиленип жардам сураганга чакырат (1 Пет. 5:6, 7). Ал бизге аны менен ынак мамиледе болгонго жана сыноолорду ийгиликтүү көтөрүп кеткенге жардам бергиси келет.

Жахаба Дөөтүнүн тиленүүсүнө душмандарынан куткарып жооп берген (4, 5-абзацтарды карагыла)

4. Жахаба кызматчыларынын тилегин кабыл кыларын кайдан билебиз? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Ыйык Китепте Жахабанын кызматчыларынын тилегине жооп бергени жөнүндө көп айтылат. Балким, муну укканда дароо эле Дөөтү падышаны эстедиңер болуш керек. Ал өмүр бою эле көзүн тазалагысы келген душмандары менен алышып келген. Ошон үчүн Жахабадан жардам сурап көп кайрыла турган. Бир жолу ал: «Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук, жалынуума кулак сал. Мага ишенимдүүлүгүң, адилдигиң боюнча жооп бер»,— деп жалынган (Заб. 143:1). Жахаба аны душмандарынан куткарган. Ушундайча тилегин кабыл кылган (1 Шем. 19:10, 18—20; 2 Шем. 5:17—25). Ошол себептен Дөөтү: «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына... жакын»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган. Биз да мындан күмөн санабасак болот (Заб. 145:18).

Жахаба Пабылдын тиленүүсүнө чыдаганга керектүү күч берип жооп берген (5-абзацты карагыла)

5. Жахаба байыркы учурдагы кызматчыларынын тилегине дайыма эле алар каалагандай жооп бергенби? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.)

5 Тиленгенибизде Жахаба биз каалагандай жооп бербеши мүмкүн. Буга элчи Пабылды мисал кылса болот. Ал Кудайдан денесиндеги тикенди алып салышын суранган. Так ушуну айтып үч жолу тиленген. Жахаба анын тилегине жооп бергенби? Ооба, бирок ал каалагандай жол менен эмес. Жахаба анын көйгөйүн жойгон эмес. Анын ордуна, ага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла бериши үчүн керектүү күч берген (2 Кор. 12:7—10).

6. Эмне үчүн кээде Жахаба тилегибизге жооп бербей жаткандай сезилиши мүмкүн?

6 Жахаба айрым учурларда тилегибизге биз күтпөгөндөй жолдор менен жооп берип коюшу мүмкүн. Ал бизге канткенде жакшы болорун эң сонун билет. Мындан күмөн санабасак болот. Жахаба, атүгүл «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла алат» (Эф. 3:20). Мына ошол себептен ал биз ойлобогон маалда, биз күтпөгөндөй жол менен жооп берип коюшу мүмкүн.

7. Эмне үчүн кээде башка нерселер жөнүндө тиленишибиз керек болушу мүмкүн? Мисал келтиргиле.

7 Айрым учурларда Жахабанын эркин айкыныраак түшүнгөндө башка нерселер жөнүндө тиленишибиз керек болушу ыктымал. Мартин Пётцингердин мисалына токтололу. Үйлөнгөнүнөн көп өтпөй эле ал нацисстик концлагерге түшүп калган. Башында Жахабадан ал жактан чыгарышын суранган. Анткени ал жубайына кам көргүсү, кабар айтуу ишине кайрадан катышкысы келген. Бирок эки жумадан кийин Жахаба аны түрмөдөн чыгарганы жатканынан кабар берген эч нерсени байкаган эмес. Ошон үчүн ал: «Жахаба, эмне кылышым керек? Суранам көрсөтчү»,— деп тиленген. Анан Мартин ошол лагердеги ишенимдештеринин башынан эмнелерди өткөрүп жатканы жөнүндө ойлоно баштаган. Алардын көбү: «Аялым, балдарым эмне болду экен»,— деп санаага батып жүрүшкөн. Ошондон кийин Мартин бир тууганыбыз: «Жахаба, жаңы тапшырмаң үчүн чоң рахмат. Мага боордошторумдун ишенимин бекемдегенге, кайраттандырганга жардам берчи»,— деп тиленген. Ал тогуз жыл бою ар кайсы концлагерлерде ошол тапшырмасын аткарганга аракет кылган!

8. Тиленгенде кайсы маанилүү нерсени эстен чыгарбашыбыз керек?

8 Биз бир нерсени эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жахаба ниетин өзү белгилеген учурда ишке ашырат. Анын ниети кандай? Ал табигый кырсык, оору-сыркоо, өлүм сыяктуу адамзатты азапка салып келаткан нерселерди түбөлүккө, биротоло жок кылат. Жахаба муну өзүнүн Падышалыгы аркылуу ишке ашырат (Дан. 2:44; Аян 21:3, 4). Бирок ошол учур келгенге чейин Жахаба Шайтанга дүйнөнү башкарганга жол берип жатат b (Жкн. 12:31; Аян 12:9). Эгер ал адамзаттын көйгөйлөрүн азыр эле чече баштаса, кандайдыр бир деңгээлде Шайтандын бийлиги ийгиликке жетип жаткандай көрүнмөк. Албетте, Жахабанын айрым убадаларынын аткарылышын күтүшүбүз керек болот. Бирок бул анын бизге жардам бербей турганын, таштап салганын билдирбейт. Анда Жахабанын кандай жолдор менен көмөк көрсөтүп жатканын карап көрөлү.

БҮГҮН ЖАХАБА ТИЛЕГИБИЗГЕ КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖООП БЕРИП ЖАТАТ?

9. Жахаба чечим чыгарарда кантип жардам берет? Мисал келтиргиле.

9 Ал бизге акылмандык берет. Жахаба туура чечим чыгарганга акылмандык берем деп убада берген. Биз, өзгөчө, жашообузду түп-тамыры менен өзгөртө турган чечимдерди чыгарарда акылмандыкка муктаж болобуз. Буга бойдок калуу же үй-бүлө куруу сыяктуу чечимдерди мисал кылса болот (Жкп. 1:5). Мария деген бойдок карындашыбыздын окуясына токтололу c. Ал ишенимдешибиз болгон бир жигитти жолуктуруп калганга чейин пионер болуп кызмат кылып жүргөн. Мария мындай дейт: «Жакшыраак таанышкан сайын сезимдерибиз күчөй берди. Ошондо эмне кылышты чечишим керек болду. Бул тууралуу көп жолу жалындуу тилендим. Мен Жахабанын багыт беришине муктаж болчумун. Бирок анын мен үчүн чечим чыгарбай турганын да билчүмүн». Мария Жахабанын анын тилегине жооп берип, акылмандык бергенин сезген. Кантип? Ал биздин адабияттарды изилдеген. Анан суроолоруна жооп берген керектүү макалаларды тапкан. Ошондой эле Кудайга ишенимдүү кызмат кылган апасынын кеп-кеңешине кулак каккан. Бул ага сезимдерин таразалап көргөнгө жардам берген. Натыйжада Мария туура чечим чыгарган.

Жахаба бизге сыноого сынбаганга кантип күч берет? (10-абзацты карагыла)

10. Филипиликтер 4:13кө ылайык, Жахаба кызматчыларына жардам бериш үчүн эмне кылат? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.)

10 Ал бизге чыдаганга күч берет. Жахаба элчи Пабылга күч бергендей эле бизге да кыйынчылыктарга туруштук беришибиз үчүн күч берет. (Окугула: Филипиликтер 4:13.) Мисалы, Бенжемин деген ишенимдешибизге оор жагдайларда Жахабанын кантип жардам бергенин карайлы. Бенжеминдин үй-бүлөсү Африкадагы качкындар лагеринде жашачу. Ал бала чагынын көбүн ошол жакта өткөргөн. Бенжемин мындай деген: «Жахабадан сага жаккан нерселерди кылганга күч берчи деп кайра-кайра тиленчүмүн. Жахаба тилегиме жооп берип жатты. Ал жан-дүйнөмдү бейкуттукка бөлөп, коркпой кабар айтышым үчүн кайрат берди жана рухий жактан бекем болуш үчүн адабияттарды да алып турдук». Андан ары ал мындай деп кошумчалайт: «Боордошторумдун өмүр баяндарын окуп, Жахабанын аларга чыдаганга кантип жардам бергенин билдим. Мунун аркасында ишенимдүүлүгүмөн жазбаганга чечкиндүү болуп калдым».

Жахаба силерге ишенимдештериңер аркылуу жардам берген учурлар болду беле? (11, 12-абзацтарды карагыла) d

11, 12. Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп бериш үчүн боордошторубузду кандайча колдонушу мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Ал боордошторубуз аркылуу жардам берет. Өмүрүн курмандыкка чалар түнү Иса жалындуу тиленген. Ал башкалардын аны Кудайга акарат кылган киши катары эсептешин каалаган эмес. Ошон үчүн Жахабадан жалбарган. Жахаба Исанын бул өтүнүчүн орундаткандын ордуна, ага бир периштени жиберип аны кайраттандырган (Лк. 22:42, 43). Ошо сыяктуу эле, Жахаба бизди да ишенимдештерибиз аркылуу бекемдеши мүмкүн. Мисалы, алар телефон чалышы же үйүбүзгө келиши ыктымал. Ооба, баарыбыз ишенимдештерибизге «жакшы сөз» айтып, көңүлүн көтөргөнгө мүмкүнчүлүктөрдү издесек болот (Накыл 12:25).

12 Мириям деген бир тууганыбыздын окуясын карап көрөлү. Жолдошунан айрылгандан бир жума өткөндөн кийин үйүндө жалгыз калганда аны жоктоп абдан жаман болгон. Ал токтоно албай ыйлап, кимдир бирөө менен сүйлөшкүсү келген. Мириям мындай дейт: «Бирөө жарымга чалайын десем, алым жок. Ошон үчүн Жахабадан тилендим. Көз жашым куюлуп, дагы деле тиленип жаткам. Ошондо телефон шыңгырап калды. Көрсө, ал жакын досубуз, аксакал, экен». Ал аксакал жубайы экөө Мириямды сооротуп-жубатышкан. Мириям аксакалдын Жахаба түрткү бергендиктен телефон чалганына шектенбейт.

Жахаба бизге башкалар аркылуу кантип жардам бериш мүмкүн? (13, 14-абзацтарды карагыла)

13. Жахаба тилегибизге жооп бериш үчүн ага кызмат кылбагандарды кантип колдонгону тууралуу мисал айтып бергиле.

13 Ал ага сыйынбагандар аркылуу жардам бериши мүмкүн (Накыл 21:1). Айрым учурларда Жахаба элинин тилегине жооп бериш үчүн ага кызмат кылбагандарга түрткү берип коё алат. Мисалы, бир жолу ал Артакшашта падышаны колдонгон. Артакшашта падыша Некемияга Иерусалимге кайтып барып шаардын дубалдарын тургузганга уруксат берген (Нек. 2:3—6). Бүгүнкү күндө да Жахаба бизге жардам бериш үчүн ага кызмат кылбагандарга түрткү берип коё алат.

14. Сью Хиңдин окуясы силерге эмнеси менен жакты? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Сью Хиң деген ишенимдешибиз Жахабанын ага доктуру аркылуу жардам бергенин сезген. Анын баласы акыл-эсти жабыркаткан бир нече оору менен ооручу. Бир жолу бийик жерден кулап катуу жаракат алган. Ошондо Сью Хиң менен күйөөсүнө жумушунан чыгып, аны караганга туура келген. Ошонун айынан тыйын-тыпыр жагынан кыйналышкан. Сью Хиң өзүн чоюлуп отуруп мына-мына үзүлөйүн деп калган жипке салыштырган. Ал жүрөгүндөгүсүн төгүп, Жахабадан жардам сураган. Баласын караган доктур аларга жардам берейин деген. Анан өкмөттөн жардам алганга, ылайыктуу үйдү ижарага алганга көмөктөшкөн. Сью Хиң: «Ошондо Жахабанын бизге жардам берип жатканын сездик. Ал чын эле „тиленүүлөрдү Угуучу“»,— деген (Заб. 65:2).

ЖАХАБАНЫН ТИЛЕГИБИЗГЕ КАНТИП ЖООП БЕРИП ЖАТКАНЫН АҢДАШ ҮЧҮН ЖАНА КАБЫЛ АЛЫШ ҮЧҮН ИШЕНИМ КЕРЕК

15. Бир ишенимдешибизге Жахаба анын тилегине жооп берип жатканын аңдаганга эмне жардам берген?

15 Көбүнчө тилегибизге укмуштуудай деле жолдор менен жооп албашыбыз мүмкүн. Бирок кайсы бир тилегибизге жооп алганыбыз асмандагы Атабызга берилген бойдон калганга жардам берет. Ошондуктан Жахабанын кантип жооп берип жатканын аңдаганга аракет кылгыла. Йоко деген бир ишенимдешибизге Жахаба тилегине жооп бербей жаткандай сезилген. Ошон үчүн ал эмнелерди тилек кылганын дептерге жаза баштаган. Убакыттын өтүшү менен дептерин караган. Ошондо Жахабанын анын көптөгөн тилегине, атүгүл өзү унутуп калгандарына да жооп бергенин байкаган. Маал-малы менен биз дагы токтоп, Жахабанын тилегибизге кантип жооп берип жатканы жөнүндө ойлонушубуз керек (Заб. 66:19, 20).

16. Тиленгенде Жахабага ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз? (Еврейлер 11:6).

16 Биз Жахабага ишенерибизди тиленип эле көрсөтпөйбүз. Тилегибизге кандай жол менен жооп бербесин, кабыл алып да көрсөтөбүз. (Окугула: Еврейлер 11:6.) Буга Майк менен келинчеги Криссини мисал кылса болот. Алардын максаты Бейтелде кызмат кылуу болчу. Майк мындай дейт: «Биз Бейтелге көп жолу арыз толтурганбыз жана Жахабадан ушул максатыбызга жеткенге жардам беришин сурап кайра-кайра тиленгенбиз. Бирок чакырылган жокпуз». Майк менен Крисси Жахабанын аларды кызматтын кайсы түрүнө колдонсо болорун жакшы билерине бекем ишенишкен. Ошондуктан алар колунан келгендин баарын кылышкан. Мисалы, муктаждык бар жерде үзгүлтүксүз пионер болушкан, курулуш ишине катышышкан. Азыр экөө кыдыруучулук кызматты аркалап жатышат. Майк мындай деген: «Жахаба тилегибизге дайыма эле биз күткөндөй жолдор менен жооп берген жок. Бирок ал дайыма жооп берчү. Биз элестеткенден да жакшыраак жолдор менен жооп берчү».

17, 18. Забур 86:6, 7ге ылайык, эмнеден шектенбесек болот?

17 Окугула: Забур 86:6, 7. Ушул забурду жазган Дөөтү Жахабанын анын тилегин угарына жана жооп берерине бекем ишенген. Сен да ошентсең болот. Жахаба бизге акырына чейин чыдай алышыбыз үчүн акылмандык жана күч бере алат. Буга ушул макалада карап чыккан мисалдарды далил кылса болот. Ал бизге ишенимдештерибиз, атүгүл ага кызмат кылбагандар аркылуу да кандайдыр бир жолдор менен жардам бериши мүмкүн.

18 Жахаба тилегибизге дайыма эле биз каалагандай жолдор менен жооп бербеши ыктымал. Бирок ал сөзсүз жооп берет. Муну биз жакшы билебиз. Кудай бизге керектүү нерсени так керектүү учурда берет. Ошондуктан тиленгиле жана Жахабанын силерди угарына ишенгиле. Ошондой эле анын силерге азыр кам көрөрүнөн жана келечектеги жаңы заманда «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарынан» түк да шектенбегиле (Заб. 145:16).

46-ЫР: Ыракмат сага, Жахаба

a Эгер тилегибиз Жахабанын эркине ылайык келсе, ал жооп берерин айткан. Кээде жашоодо кыйынчылыктарга кабылып калабыз. Ошондо ал бизге ишенимдүүлүгүбүздөн жазбаганга жетиштүү күч береринен шектенбесек болот. Анда келгиле, Жахабанын тилегибизге кантип жооп берерин карайлы.

b Жахабанын Шайтанга дүйнөнү башкарганга эмне үчүн жол берип жатканын билиш үчүн төмөнкү макаланы карагыла: «Абдан маанилүү маселени эсиңден чыгарба» («Күзөт мунарасы», 2017-ж., июнь).

c Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Башка өлкөгө качып барган бир кызы бар эне. Ишенимдештерибиз аларды жылуу тосуп алып жардам көрсөтүп жатышат.