Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Жахтын жалынын» жалындаткыла

«Жахтын жалынын» жалындаткыла

«[Сүйүүнүн] алоолонгону оттун алоолонгонундай, ал — Жахтын жалыны» (СУЛАЙМАНДЫН ЫРЫ 8:6).

131-ЫР: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Ыйык Китепте чыныгы сүйүү кантип сүрөттөлөт?

 «СҮЙҮҮНҮН «алоолонгону оттун алоолонгонундай, ал — Жахтын жалыны. Сүйүүнү чоң суулар өчүрө албайт, дарыялар агызып кете албайт» b (Ыр 8:6, 7). Чыныгы сүйүү деген мына ушул! Бул сөздөрдө жубайлар үчүн талашсыз чындык камтылган. Силер сүйүүңөрдүн жалынын өчүрбөй сактай аласыңар.

2. Сүйүүнүн табы кайтпашы үчүн жубайлар эмне кылышы керек?

2 Жубайлар бири-бирин өмүр бою сүйөр-сүйбөсү өздөрүнөн көз каранды. Мисалы, от өчпөй күйүп турушу үчүн, ага отун салып туруш керек. Антпесе, бара-бара өчүп калат. Ошол сыяктуу эле, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү өчпөй дайыма жалындап турушу үчүн каймана отун ыргытып, ортосундагы мамилесин бекемдеп турушу керек. Кээде жубайлар сүйүүсүнүн табы кайтып баратканын сезиши мүмкүн. Буга көбүнчө акчанын тартыштыгы, ден-соолук же балдарды чоңойтуудагы кыйынчылыктар себеп болушу ыктымал. Жубайлар, канткенде «Жахтын жалынын» алоолонто аласыңар? Бул макалада 3 нерсени талкуулайбыз. Алар ынак жана бактылуу үй-бүлөлөрдөн болгонго жардам берет c.

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ ЧЫҢДАЙ БЕРГИЛЕ

Жусуп менен Мариямдай болуп, күйөөсү да, аялы да Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүшү зарыл (3-абзацты карагыла)

3. Жахаба менен болгон ынак мамилеси жубайларга сүйүүсүн алоолонто бергенге кантип жардам берет? (Насаатчы 4:12). (Сүрөттү да карагыла.)

3 «Жахтын жалынын» жалындатыш үчүн, күйөөсү да, аялы да Жахаба менен ынак мамиледе болгонго күч жумшашы керек. Бул алардын никесин кандайча чыңдайт? Эгер жубайлар асмандагы Атасы менен болгон мамилесин бааласа, анын кеңештерине кулак какканга даяр болушат. Бул болсо алардын сүйүүсүн сууткан көйгөйлөрдөн качканга жана аларды жеңгенге жардам берет. (Окугула: Насаатчы 4:12.) Жахаба менен ынак достордон болгондор аны туурашат жана аныкындай сапаттарды өстүрүшөт. Мисалы, боорукер, чыдамкай, кечиримдүү болушат (Эф. 4:32—5:1). Ушундай сапаттарды чагылдырган жубайларга ортосундагы сүйүүнү жалындатыш оңой. Лена деген ишенимдешибиздин турмушка чыкканына 25 жылдан ашты. Ал: «Кудай менен ынак мамиледе болгон кишини сүйүп, урматташ кыйынга деле турбайт»,— дейт.

4. Эмне үчүн Жахаба Машаяктын ата-энеси болгонго Жусуп менен Мариямды тандаган?

4 Ыйык Китептеги бир мисалга токтололу. Жахаба Машаяктын ата-энеси боло тургандарды тандап жатканда Дөөтүнүн көптөгөн урпактарынын ичинен Жусуп менен Мариямды тандаган. Эмне үчүн? Анткени экөө тең аны менен тыгыз мамиледе болгон. Ошондой эле Жахаба алардын ага болгон сүйүүсүн никесинде биринчи орунга коюшарын билген. Жубайлар, Жусуп менен Мариямдан эмнеге үйрөнсөңөр болот?

5. Күйөөлөр Жусуптан эмнеге үйрөнө алышат?

5 Жусуп Жахабанын сөзүн эч качан эки кылган эмес. Ушунун аркасында ал жакшы күйөө болгон. Кудай ага, бери дегенде, үч жолу үй-бүлөсүнө тиешелүү көрсөтмө берген. Үчөөндө тең оңой болбосо да, ал дароо кулак каккан (Матай 1:20, 24; 2:13—15, 19—21). Кудайдын айткандарына ылайык, Жусуп Мариямды коргогон, жөлөк-таяк болгон жана баккан. Ушуларды көргөндө Мариямдын Жусупту ого бетер жакшы көрүп, урматтап калганын элестетиш кыйын деле эмес. Күйөөлөр, үй-бүлөңөрдү багыш үчүн кеп-кеңешти Кудайдын Сөзүнөн издегиле d. Ошентсеңер, Жусупту туурай аласыңар. Оңой го турбаса да, бир нерселерди өзгөртүш керек болсо да ушул кеңешти колдонсоңор, аялыңарды сүйөрүңөрдү көрсөтө аласыңар. Бул болсо никеңерди бекемдейт. Вануатуда жашаган бир ишенимдешибиздин жолдошу менен түтүн булатып келатканына 20 жылдан ашты. Ал: «Жолдошум кеңешти Жахабанын Сөзүнөн издегенде жана колдонгондо аны көбүрөөк урматтайм. Ошондой эле эч нерседен коркпойм, туура чечим чыгарарына шектенбейм»,— дейт.

6. Зайыптар Мариямдан эмнеге үйрөнө алат?

6 Мариямдын ишеними Жусуптан көз каранды болгон эмес. Ал Жахаба менен ынак мамиледе болгонго өз алдынча күч жумшаган. Мисалы, Ыйык Жазманы жакшы билген e. Окуп-билгендери жөнүндө ой-жүгүрткөнгө да убакыт бөлгөн (Лк. 2:19, 51). Мариямдын жакшы зайып болушуна Кудай менен болгон мамилеси себеп болгонуна шек жок. Бүгүнкү күндө да көптөгөн эже-карындаштарыбыз Мариямды туурашат. Мисал үчүн, Эмико деген ишенимдешибиз мындай деген: «Бойдок кезде өзүмдүн күн тартибим бар болчу жана ошого карманчумун. Ал эми турмушка чыккандан кийин экөөбүз үчүн күйөөм тиленип, Кудайга сыйынууга байланыштуу иштерди жетектей баштады. Ошондо ишенимимди бекемдей турган иштерди ал кылат деп аны эле карап калганымды түшүндүм. Мен өз жүгүмдү өзүм көтөрүп Жахаба менен болгон достугумду өзүм чыңдашым керектигин аңдадым. Ошон үчүн азыр Жахаба менен болгон мамилемди бекемдегенге атайын убакыт бөлөм. Мисалы, өз алдымча тиленип, Ыйык Китепти окуп, окугандарым жөнүндө ой жүгүртөм» (Гал. 6:5). Зайыптар, Жахаба менен болгон достугуңарды бекемдей бергиле. Ошентсеңер, күйөөңөрдүн силерди көбүрөөк макташына, көбүрөөк сүйүшүнө татыктуу болосуңар (Накыл 31:30).

7. Жубайлар Жусуп менен Мариямдан Кудайга чогуу сыйынганга байланыштуу эмнени үйрөнө алышат?

7 Жусуп менен Мариям Жахаба менен болгон мамилесин чыңдаш үчүн эриш-аркак иш-аракет кылышкан. Алар Жахабага чогуу сыйынышы керектигин түшүнүшкөн (Лк. 2:22—24, 41; 4:16). Мындай кылуу балалуу болгон сайын кыйындай берсе керек. Бирок алар кыла алышкан. Мариям менен Жусуп бүгүнкү күндөгү жубайларга кандай сонун үлгү! Балким, силердин да балдарыңар бардыр. Алар менен чогуу жыйналышка барыш, үй-бүлө менен чогуу сыйынууну пландаштырыш оңойго турбашы мүмкүн. Жадагалса экөөңөргө чогуу изилдегенге, тиленгенге убакыт табыш оор болуп калышы ыктымал. Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла. Эгер Жахабага чогуу сыйынсаңар, аны менен жана бири-бириңер менен ынак боло бересиңер. Ошондуктан ага сыйынууну биринчи орунга койгула.

8. Коломто оту өчүп баштаган жубайлар үй-бүлө менен сыйынуунун пайдасын көрүш үчүн эмне кылса болот?

8 Эгер коломто отуңар өчүп баратсачы? Үй-бүлө менен сыйынууну чогуу өткөрөбүз дегенде эле «ий, койчу» деп турсаңарчы? Эмне кылсаңар болот? Анда экөөңөргө тең жаккан кыска эле кайсы бир нерсени талкуулагандан баштасаңар болот. Ошондо бири-бириңерге сүйүүңөр артып, Жахабага чогуу сыйынгыңар келе баштайт.

ЧОГУУ УБАКЫТ ӨТКӨРГҮЛӨ

9. Эмне үчүн түгөйлөр чогуу убакыт өткөрүшү керек?

9 Чогуу убакыт өткөрүп да сүйүүңөрдү жалбырттата аласыңар. Ошентсеңер, бири-бириңердин ой-сезимдериңерди жакшыраак түшүнөсүңөр (Башт. 2:24). Лилия менен Русландын баш кошконуна 15 жылдан ашты. Алар үйлөнгөндөн көп өтпөй эмнени байкашканына көңүл бурсаңар. Лилия мындай дейт: «Биз бири-бирибизге өзүбүз ойлогондой көп убакыт бөлбөй жатканыбызды байкаганбыз. Жумуш, үй-тирилик, кийинчерээк балдар деп эле колубуз бошобой жүрө берчүбүз. Бири-бирибизге көңүл бөлгөнгө убакыт бөлбөсөк, ортобуз алыстап кетерин түшүндүк».

10. Эфестиктер 5:15, 16дагы принципти жубайлар кантип колдоно алышат?

10 Бири-бириңерге убакыт бөлүш үчүн эмне кылсаңар болот? Балким, чогуу болуш үчүн атайын убакыт болжойттурсуңар. (Окугула: Эфестиктер 5:15, 16.) Нигериядан болгон Узонду деген бир ишенимдешибиз мындай деген: «Кайсы иштерди кыларымды ойлонуштуруп жатканда, аялыма бөлө турган убакытты күн тартибиме киргизип алам. Ошол убакытты башка эч нерсеге жумшабайм» (Флп. 1:10). Эми Молдавиялык Анастасиянын үлгүсүн карап көрөлү. Ал райондук көзөмөлчүнүн аялы. Убактысын кантип бөлүштүрөрү жөнүндө Анастасия мындай дейт: «Жолдошум жыйналыштын иштери менен алек болуп жүргөндө өзүмдүн иштеримди бүтүрүп алганга аракет кылам. Мунун аркасында ал бошогондо экөөбүзгө чогуу убакыт өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болот». Бирок иштериңер көп болгондуктан чогуу убакыт өткөргөнгө чолоңор тийбей жатса, эмне кылсаңар болот?

Кайсы иштерди чогуу кылсаңар болот? (11, 12-абзацтарды карагыла)

11. Акила менен Прискила кайсы иштерди чогуу кылышкан?

11 Өмүрлүк жарлар Акила менен Прискиладан көп нерсеге үйрөнө алышат. Аларды көптөр сыйлашчу жана жакшы көрүшчү (Рим. 16:3, 4). Ыйык Китепте алардын никеси тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин деле айтылбайт. Бирок анда жазылгандардан Акила менен Прискиланын дайыма чогуу жүргөнүн биле алабыз. Мисалы, иштеген иши бир болгон, кабарга ээрчишип чыгышчу, башкаларга да биргелешип жардам беришчү (Элч. 18:2, 3, 24—26). Кыскасы, Ыйык Китепте Акила жана Прискила жөнүндө сөз болгондо алар дайыма чогуу айтылат.

12. Чогуу убакыт өткөрүш үчүн жубайлар эмне кылса болот? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Акила менен Прискиланы кантип туурай аласыңар? Кылышыңар керек болгон көптөгөн иштер жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алардын айрымдарын жалгыз кылгандан көрө экөөлөп кыла аласыңарбы? Мисал үчүн, Акила менен Прискила чогуу кабар айтышкан. Силер да дайыма ушинтесиңерби? Акила менен Прискила чогуу да иштешчү. Балким, өмүрлөшүңөр менен бир жумушта иштебейттирсиңер. Анда үй жумуштарын чогуу кыла аласыңарбы? (Нас. 4:9). Кайсы бир нерсени кылганга бири-бириңерге жардам берсеңер, бир топтой болуп каласыңар жана пикир алышканга да мүмкүнчүлүгүңөр болот. Роберт менен Линданын баш кошконуна 50 жылдан ашты. Роберт мындай дейт: «Чогуу эс алганга көп деле убактыбыз жок. Мен идиш жууп жатканда аялым келип кургакташса же сыртта короодо иштеп жүргөндө келип жардамдашса, кадимкидей сүйүнүп калам. Биримдикте эмгектенгендиктен биримдигибиз да чыңдалып жатат. Бири-бирибизге болгон сүйүүбүз да артып жатат».

13. Чындап ынак болуш үчүн жубайлар эмне кылышы керек?

13 Бирок, эске алчу нерсе, жөн эле чогуу убакыт өткөрүп койсоңор, ынак болуп калбайсыңар. Бразилиялык бир ишенимдешибиз мындай деген: «Азыр алаксыткан нерселер аябай көп. Ошон үчүн бир үйдө жашаганыбыз үчүн эле чогуу убакыт өткөрүп жатабыз деп өзүбүздү алдашыбыз ыктымал. Мен чогуу жүргөнүбүздүн өзү эле жетиштүү эмес экенин түшүндүм. Жолдошума анын муктаждыгына жараша көңүл бурушум керек экен». Бруно менен Тайстын бири-бирине көңүл буруш үчүн эмне кылышарын карасаңар. Бруно: «Экөөбүз чогуу убакыт өткөргөн маалда телефондорду ары алып коюп, бири-бирибизге көңүл бурабыз»,— дейт.

14. Жубайларга чогуу убакыт өткөргөн жакпаса, эмне кылса болот?

14 Бирок жубайыңар экөөңөргө чогуу убакыт өткөргөн жакпасачы? Балким, экөөңөр кызыккан нерселер эки башкадыр. Же бири-бириңерге кыжырдана береттирсиңер. Андай болсо эмне кылсаңар болот? Башындагы от жөнүндөгү мисалды эстесеңер. Ал тутантары менен эле жалындап күйүп баштабайт. Биринчи чырпыктарды салабыз, бара-бара жоон отундарды салыш керек болот. Ушул сыяктуу эле, балким, башында бир нече мүнөт эле чогуу убакыт өткөрөттүрсүңөр. Талаш жарата турган эмес, экөөңөргө тең жага турган нерселерди кылып көргүлө (Жкп. 3:18). Ушундай кичинекей нерседен баштасаңар, сүйүүңөр кайрадан жана башташы мүмкүн.

БИРИ-БИРИҢЕРДИ УРМАТТАГЫЛА

15. Жубайлардын сүйүүсү жалындап туруш үчүн эмне үчүн бири-бирин урматтаганы маанилүү?

15 Жубайлардын бири-бирин урматтаганы абдан маанилүү. Урмат-сый кычкылтекке окшош. Ансыз от жалындап күйбөйт, бара-бара өчүп калат. Анын сыңарындай, жубайлар бири-бирин урматтабаса, алардын сүйүүсү жалп деп өчүп калышы ыктымал. Ошол эле учурда бири-бирин урматтаганга аракет кылган жубайлар сүйүүсүн жалындата бергенге да күч жумшашат. Бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: «Мен өмүрлүк жарымды урматтап жатам»,— деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок ал ошону сезип жатабы? Пенни менен Ареттин кол кармашып келатканына 25 жылдан ашты. Пенни мындай дейт: «Бири-бирибизди урматтагандыктан үйдө сүйүү өкүм сүрөт. Биз ичибиздегини айткандан тартынбайбыз. Анткени бири-бирибиздин көз карашыбызды сыйлайбыз». Ошондуктан өмүрлөшүңөр аны чындап урматтарыңарды сезиш үчүн эмне кылсаңар болот? Ыбрайым менен байбичеси Сааранын үлгүсүн карайлы.

Кудайдан корккон күйөө аялын кунт коюп укса, анын сезимдерин сыйлаарын көрсөтөт (16-абзацты карагыла)

16. Күйөөлөр Ыбрайымдан эмнеге үйрөнө алышат? (1 Петир 3:7). (Сүрөттү да карагыла.)

16 Ыбрайым пайгамбар Саараны урматтачу. Ал байбичесинин оюн, сезимдерин эске алчу. Бир жолу Саара жаман болуп, Ыбрайымга бир тийген, атүгүл аны күнөөлөгөн. Ошондо Ыбрайым ага ороңдоп, катуу айтып койду беле? Жок. Ал Сааранын аны кожодой колдоп, баш иерин эсинен чыгарган эмес. Пайгамбар аны уккан жана көйгөйдү чечкенге аракет кылган (Башт. 16:5, 6). Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Күйөөлөр, Жахаба силерге бийлик берген. Силер үй-бүлөңөр үчүн чечим чыгарасыңар (1 Кор. 11:3). Чечим чыгарарда, өзгөчө, ал аялыңарга тиешелүү болсо, анын оюн уккула, ошондо абдан туура кылган болосуңар (1 Кор. 13:4, 5). Кээ бир учурларда аялыңар стресс болгондуктан, ичиндегисин айтышы керек болот. Анын айткандарын кунт коюп угуп, аны урматтаарыңарды көрсөтөсүңөрбү? (Окугула: 1 Петир 3:7.) Анжела менен Дмитрийдин үйлөнгөнүнө 30 жылдай болуп калды. Анжела күйөөсүнүн аны урматтаарын эмнеден улам сезери тууралуу мындай дейт: «Көңүлүм чөккөндө же жөн эле сүйлөшкүм келгенде, Дмитрий мени дайыма угат. Ал сезимдерим буркан-шаркан түшүп катуу айтып алсам да, чыдап кулак түрөт».

17. Зайыптар Саарадан эмнени үйрөнө алышат? (1 Петир 3:5, 6).

17 Саара Ыбрайым пайгамбарды урматтаарын чечимдерин колдоп көрсөткөн (Башт. 12:5). Бир жолу алардыкына капилеттен коноктор келип калган. Ошондо Ыбрайым аларга меймандостук көрсөтөйүн деген. Ал Саарага кылып жаткан ишин токтотуп: «Көп нан жасай сал»,— деген (Башт. 18:6). Саара лам дебей баш ийген. Зайыптар, силер да күйөөңөрдүн чечимдерин колдоп, Саараны туурай аласыңар. Ошентсеңер, нике түйүнүн чыңдайсыңар. (Окугула: 1 Петир 3:5, 6.) Жогорку абзацта айтылган Дмитрий аялынын аны кантип урматтаганы тууралуу мындай дейт: «Оюбуз төп келбей калса да, Анжела мен чыгарган чечимдерди колдойт. Ошон үчүн аны баалайм. Кайсы бир чечимдин натыйжасы жакшы болбой калган күндө да, ал мени кажып жебейт». Ооба, сени сыйлап турган кишини сүйүш оңой.

18. Жубайлардын сүйүүсүн алоолонтуп турганынын натыйжасы кандай болот?

18 Бүгүнкү күндө Шайтан Кудайга кызмат кылган жубайлардын сүйүүсүн өчүрөйүн дегенде эки көзү төрт. Ал жубайлар бири-бирин сүйбөй калса, Жахабадан да алыстап кетерин билет. Бирок чыныгы сүйүү эч качан өчпөйт! Ошондуктан бири-бириңерге болгон сүйүүңөр Сулаймандын ырында айтылгандай болсун. Никеңерде Жахабаны биринчи орунга койгула, чогуу убакыт өткөргүлө, ой-сезимиңерди, муктаждыгыңарды эске алып, бири-бириңерди урматтагыла. Ошентсеңер, сүйүүнүн булагы болгон Жахабаны даңктайсыңар. Ошондой эле сүйүүңөр дайыма отун салып турган оттой болуп, түбөлүккө жалындайт.

132-ЫР: Эми биз бир денебиз

a Жахаба адамзатка өзгөчө белек берген. Ал — нике. Никеде жубайлар бири-бирине күчтүү сүйүү арнай алышат. Бирок убакыттын өтүшү менен ал сүйүүнүн илеби кайтышы мүмкүн. Эгер үй-бүлөлүү болсоңор, бул макала силерге сүйүүңөрдү ысык бойдон сактап, түгөйүңөр менен бактылуу болгонго жардам берет.

b Чыныгы сүйүү өзгөрүлгүс болот жана түбөлүккө созулат. Ошон үчүн ал «Жахтын жалыны» деп аталат. Анткени мындай сүйүүнүн булагы — Жахаба.

c Өмүрлүк жарыңар Жахабанын Күбөсү болбосо да, бул макаладан мамилеңерди бекем сактаганга жардам бере турган кеңештерди таба аласыңар (1 Кор. 7:12—14; 1 Пет. 3:1, 2).

d jw.org сайтында жана JW Library тиркемесинде «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген бөлүк бар. Ал жактан пайдалуу кеңештерди таба аласыңар.

e Карагыла: ia 17-бөл. 15-абз