Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Изилдегенге сунуштар

Изилдегенге сунуштар

«Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасындагы» маалымдама басылмалар

Биздин маалымдама басылмаларыбыз ар кандай темаларды изилдегенге жакшы жардам болот. Бул онлайн булактарга «Сөздүк», «Жазманы түшүнүү» (ор.), «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» жана «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» (ор.) кирет.

«Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасынын» издөө функциясын пайдаланып, ушул булактарды колдонсоңор болот. «Издөө» деген жерге кайсы бир сөздү жазсаңар, ылдый жагына сунуштар чыгат. Эгер силер жазган сөз булактарда камтылса, алардын жанына «Тема» деп чыгып калат.

Колдонуп көргүлө. «Издөө» деген жерге «Жахаба» деп жазгыла (А). Тизмеден «Тема» дегени барын тандагыла (Б). Басканда ар кандай булактардагы макалалар тизмеленип калат.