Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Тиленүүбүздүн сапатын жакшырталы

Тиленүүбүздүн сапатын жакшырталы

«Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө» (ЗАБ. 62:8).

45-ЫР: Жүрөгүмдөгү ойлорум

БУЛ МАКАЛАДА a

Биз Жахабадан дайыма тилене алабыз жана жашообуздун бардык тармагына керектүү кеңештерди сурай алабыз (1-абзацты карагыла)

1. Жахаба өзүнүн кызматчыларын эмне кылууга чакырат? (Сүрөттү да карагыла.)

 ЖЫЛУУ сөзгө жана кеп-кеңешке муктаж болгондо кимге кайрылсак болот? Биз бул суроонун жообун жакшы билебиз. Жахаба Кудайга тиленүү аркылуу кайрыла алабыз. Ал өзү да ошентишибизди каалайт. Ошондуктан: «Үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп чакырат (1 Тес. 5:17). Жашоодо кандай кеңешке муктаж болбойлу, ага ээн-эркин кайрылып, жардам сурай алабыз (Накыл 3:5, 6). Жахаба берешен Кудай болгондуктан бизден убактысын аябайт. Андыктан мынча жолу эле тиленгиле деп эч кандай чек койбойт.

2. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

2 Тиленүү — бул Жахабанын белеги. Биз ал белекти жогору баалайбыз. Ошентсе да көр тирлик менен жүрүп, тиленгенге убакыт табыш кыйынга туруп калышы мүмкүн. Ошондой эле тиленүүбүздүн сапатын жакшыртышыбыз керектигин аңдашыбыз ыктымал. Бактыга жараша, бизде Ыйык Китеп бар. Андан тиленгенге түрткү берген жана кантип тиленсек болоруна байланыштуу керектүү кеп-кеңештерди таба алабыз. Иса тиленгенге дайыма убакыт бөлгөн. Ушундайча бизге мыкты үлгү көрсөткөн. Бул макалада биз аны кантип туурасак болорун карайбыз. Мындан тышкары, тиленүүбүздүн сапатын жакшыртканга жардам берген беш маанилүү ойго токтолобуз.

ИСА ТИЛЕНГЕНГЕ АТАЙЫН УБАКЫТ БӨЛГӨН

3. Иса тиленүүгө байланыштуу эмнени жакшы түшүнгөн?

3 Биздин тиленгенибиз Жахаба үчүн абдан маанилүү экенин Иса жакшы түшүнгөн. Жерге келгенге чейин көптөгөн жылдар бою ал Атасынын ишенимдүү эркектердин да, аялдардын да тилегине жооп бергенин көргөн. Мисалы, Жахаба Дөөтү, Илияс пайгамбарлардын, Аннанын жана башкалардын чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүнө жооп берип жатканда, Иса Атасынын жанында болчу (1 Шем. 1:10, 11, 20; 1 Пад. 19:4—6; Заб. 32:5). Ошон үчүн ал шакирттерин такыр шектенбей, көп-көптөн тиленгиле деп үйрөткөн (Мт. 7:7—11).

4. Исанын тиленгенинен эмнелерди билсек болот?

4 Иса өзү да Жахабадан тиленген. Ушундайча шакирттерине жакшы үлгү калтырган. Ал жердеги кызматынын башынан аягына чейин дайыма тиленген. Иса көбүнчө элдин арасында жүргөндүктөн, колу бошочу эмес. Ошон үчүн тиленгенге атайын убакыт бөлүшү керек болчу (Мр. 6:31, 45, 46). Ал эч ким жок жерде жалгыз тилене алышы үчүн таң заарда турчу. Бир жолу абдан маанилүү чечим чыгарар алдында түнү бою тиленип чыккан (Лк. 6:12, 13). Өлөр түнү Кудайга кайра-кайра кайрылган. Анткени ошол күнү жерге келгенинин эң негизги максаты ишке ашмак (Мт. 26:39, 42, 44).

5. Исаны кантип туурасак болот?

5 Исанын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, ушунчалык колубуз бошобой жатса да, тиленгенге атайын убакыт бөлгөнүбүз маанилүү. Аны туурап, тилениш үчүн, балким, эртең менен эртерээк тураттырбыз же кечинде бир аз кечирээк жататтырбыз. Эгер ошентсек, Жахабага ушул асыл белеги үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Тиленүүнүн абдан чоң сыймык экенин билгенде Линн деген ишенимдешибиз аябай ыраазы болгон. Ал мындай дейт: «Жахабага каалаган маалымда кайрылсам болорун билдим. Бул мага аны жакын досумдай көргөнгө жардам берди. Ошондой эле тиленүүмдүн сапатын жакшыртканга түрткү берди». Көптөрүбүздүн Линндин айткандарына ортоктош экенибиз шексиз. Келгиле анда, тиленип жатканда кайсы маанилүү беш нерсени эске алсак болорун карайлы.

МААНИЛҮҮ БЕШ НЕРСЕ

6. Аян 4:10, 11ге ылайык, Жахаба эмнеге татыктуу?

6 Жахабаны даңктагыла. Элчи Жакан кастарлоо сезимине чулгаган аян алган. Ал 24 аксакалдын асманда Жахабага сыйынып жатканын көргөн. Алар Кудайды даңазалап: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң»,— деп жатышкан. (Окугула: Аян 4:10, 11.) Ишенимдүү периштелерде да Жахабаны аздектегенге көптөгөн себептер бар. Алар асманда жашагандыктан Жахабаны абдан жакшы билишет. Периштелер Жахабанын иштеринен анын сапаттарын көрүшөт. Ошондой эле анын кантип иш-аракет кылып жатканын байкап, аны даңазалаганга түрткү алышат (Аюп 38:4—7).

7. Жахабаны эмне үчүн даңктасак болот?

7 Биз да тиленип жатканда Жахабаны даңкташыбыз керек. Ан үчүн аны эмне себептен жакшы көрөрүбүздү жана эмне үчүн урматтаарыбызды айтсак болот. Ыйык Китепти окуп-изилдеп жатканда Жахабанын силерге өзгөчө жаккан сапаттарын баамдаганга аракет кылгыла (Аюп 37:23; Рим. 11:33). Анан ошол сапаттары силерге эмне үчүн жагарын Жахабага айткыла. Жахабаны жеке бизге жана дүйнө жүзүндөгү боордошторубузга жардам берип жатканы үчүн да алкасак болот. Ооба, ал бизге тыным албай кам көрүп, дайыма коргоп келет (1 Шем. 1:27; 2:1, 2).

8. Жахабага ыраазычылык билдиргенге кандай себептер бар? (1 Тесалоникалыктар 5:18)

8 Жахабага ыраазычылык билдиргиле. Бизде тиленип жатканда Жахабага рахмат айтканга көптөгөн себептер бар. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:18.) Биз ага бардык жакшы нерселер үчүн ыраазычылык билдирсек болот. «Жакшы... белектердин» баары андан (Жкп. 1:17). Алсак, көздүн жоосун алган Жер планетасы жана анын колунан бүткөн жаратылыш үчүн рахмат айта алабыз. Андан тышкары, өмүрүбүз, үй-бүлөбүз, досторубуз жана үмүтүбүз үчүн ыраазычылык билдирсек болот. Өзү менен ынак дос болгонго мүмкүнчүлүк бергени үчүн да рахмат айткыбыз келет.

9. Жахабага ыраазычылык билдиргенди эмне үчүн адат кылып алганыбыз туура?

9 Жахаба жеке ар бирибизге жакшылык кылып келет. Ага ыраазы болуш үчүн анын жакшылыктары тууралуу ой жүгүрткөнгө атайын күч жумшаганыбыз туура. Биз азыр жакшылыкты баалабаган дүйнөдө жашап жатабыз. Көптөр кантип ыраазычылык билдирсем деп эмес, өзүм каалаган нерсеге кантип жетсем деп жашашат. Эгер ушундай маанай бизге да жуккан болсо, анда тиленүүлөрүбүз тек гана өтүнүчтөрдүн тизмесине айланып калат. Андай болбош үчүн жакшы адат өрчүткөнүбүз туура. Тагыраак айтканда, Жахабанын биз үчүн кылган жакшылыктарынын баарын баалап, ага рахмат айтышыбыз керек (Лк. 6:45).

Жахабага ыраазы боло билгенибиз кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берет (10-абзацты карагыла)

10. Ыраазы боло билгени бир ишенимдешибизге кыйынчылыгын көтөргөнгө кантип жардам берген? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Ыраазы боло билгенибиз кыйынчылыктарды да көтөргөнгө жардам берет. Кяоң-сюктун окуясына токтололу. Анын айткандары «Күзөт мунарасынын» 2015-жылдын 15-январындагы санына чыккан. Ага өпкө рагы деген диагноз коюлган. Ал: «Оорум ракка айланып кеткенин билгенде асманым жерге түшкөндөй эле болду. Мага баарынан айрылып калгандай сезилип, эми эмне болот деп санаам санга бөлүндү»,— деген. Кяоң-сюкка эмне жардам берген? Ал күнүгө жатар алдында үйүнүн чатырына чыгып алып, үнүн чыгарып Кудайдан тиленчү. Тиленип жатканда ошол күнү Жахабага кайсы беш нерсе үчүн ыраазы экенин айтчу. Ошенткенден кийин кадимкидей жеңилдеп, Жахабаны жакшы көрөрүн билдиргенге түрткү алчу. Кяоң-сюк Жахаба ишенимдүү кызматчыларын оор учурда дайыма колдооруна жана алардын тарткан кыйынчылыктарына караганда, алган баталары көп экенине ынанган. Кыйынчылыктарыбыздын арты көрүнбөй эзилип жүрсөк да, бул ишенимдешибиздей болуп, Жахабага рахмат айтканга көп себептерибиз бар. Тиленгенде Жахабага ыраазычылык билдиргенибиз кыйынчылыктарды көтөргөнгө жана кубанычыбызды кемитпегенге жардам берет.

11. Иса асманга кеткенден кийин, анын шакирттерине эмне үчүн кайраттуулук керек болгон?

11 Жахабадан кайраттуулук менен кабар айтканга жардам сурагыла. Асманга кетердин алдында Иса шакирттерине аларга тапшырылган маанилүү ишти эстерине салган. Шакирттер «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин» ал жөнүндө жарлашмак (Элч. 1:8; Лк. 24:46—48). Көп өтпөй жүйүт диний жетекчилери элчи Петир менен элчи Жаканды кармашкан. Анан ал ишенимдүү элчилерди Синедрионго алып барып, кабар айтканыңарды токтоткула деп коркутуп-үркүтүшкөн (Элч. 4:18, 21). Ошондо Петир менен Жакан эмне кылышкан?

12. Элчилер 4:29, 31ге ылайык, элчилер эмне кылышкан?

12 Опузалаган жүйүт диний жетекчилерине Петир менен Жакан: «Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, Кудайдын алдында Аны эмес, силерди укканыбыз туура болобу? Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— деп жооп беришкен (Элч. 4:19, 20). Петир менен Жакан бошотулгандан кийин, шакирттердин баары бир үндөн Жахабага кайрылып, анын эркин аткарганга бел байлашкан. Алар: «Кулдарыңа сенин сөзүңдү зор кайраттуулук менен айта бергенге күч бере көр»,— деп жалбарышкан. Жахаба чын жүрөктөн чыккан ал тиленүүнү жоопсуз калтырган эмес. (Окугула: Элчилер 4:29, 31.)

13. Жин-хюктун окуясынан эмнени үйрөнсөк болот?

13 Бийликтегилер кабар айтканга тыюу салышса да, элчилерден үлгү алып, кабар айта беребиз. Аскерден баш тартканы үчүн кесилип кеткен Жин-хюк бир тууганыбыздын окуясын карап көрөлү. Ага түрмөдө жалгыз кишилик камерада отургандарга тамак-аш жана башка нерселерди жеткирүү тапшырылган. Бирок ага алар менен ушундан башка эч нерсе жөнүндө сүйлөшпө деп айтышкан. Ыйык Китеп тууралуу да ооз ачпашы керек болчу. Ошентсе да Жин-хюк мүмкүнчүлүк болгон сайын жолун таап кабар айтыш үчүн Жахабадан кайрат сурап тиленген (Элч. 5:29). Ал мындай дейт: «Жахаба менин тилегиме жооп берип, кайраттуулук, акылмандык берди. Мунун аркасында көптөр менен изилдөө баштай алдым. Адатта биз камеранын эшигинин алдында беш мүнөттөй сүйлөшчүбүз. Анан эртеси күнү аларга бериш үчүн кечкисин отуруп алып кат жазчумун». Биз да Жахабанын кызматыбызды аткарганга жардам береринен шектенбесек болот. Ан үчүн, Жин-хюктай болуп, Кудайдан кайраттуулук, акылмандык сураганыбыз маанилүү.

14. Кыйынчылыктар басканда бизге эмне жардам берет? (Забур 37:3, 5)

14 Жахабадан кыйынчылыктарга туруштук бергенге жардам сурагыла. Көптөрүбүз оору же эмоциялык кыйынчылыктар менен алпурушуп жатабыз. Балким, жакыныбыздан айрылгандырбыз. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөргө, куугунтукка же башка кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз. Булар аз келгенсип, пандемиялар жана согуштар жонубуздагы ушул жүктүн үстүнө дагы жүк кошуп жатат. Ошон үчүн Жахабага жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төккүлө. Аны менен жакын досуңар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, жагдайыңарды айтып бергиле. Жахабанын силер үчүн «өзү иш-аракет кыларынан» түк да шектенбегиле. (Окугула: Забур 37:3, 5.)

15. Тиленүү «кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгонго» кантип жардам берет? Мисал келтиргиле.

15 Тиленгенибизди токтотпогонубуз «кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгонго» жардам берет (Рим. 12:12). Жахаба кызматчыларынын эмнени башынан кечирип жатканын билет. Алардын «зарлаган үндөрүн угат» (Заб. 145:18, 19). Пионер болуп кызмат кылган 29 жаштагы Кристи мунун калетсиз экенине ынанган. Ал капысынан катуу ооруп калган. Натыйжада депрессияга чалдыгып, анысы өтүшүп кеткен. Кийинчерээк апасы да айыккыс дартка чалдыккан. Кристи мындай дейт: «Мен Жахабадан ар бир күнгө канча керек болсо, ошончо күч берчи деп жалындуу тиленчүмүн. Жыйналышты калтырбай, өздүк изилдөөмдү дайыма өткөрүп, жакшы рухий күн тартипке карманганга аракет кыла бердим». Ал минтип кошумчалайт: «Жашоомдун кара булут каптаган ошол күндөрүндө тиленүү мени кыйынчылыктардан сууруп чыкты. Жахабанын дайыма жанымда экенин билчүмүн. Бул мени кадимкидей жубатчу. Ден соолугум ошол маалда жакшырып кетпесе да, Жахаба тиленүүлөрүмө жооп берип жатты. Мунун аркасында акылыма, жүрөгүмө бейкуттук орноп, жан дүйнөм тынч болду». Ооба, «Жахаба Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарышты» билет. Ушуну эч качан унутпайлы (2 Пет. 2:9).

Азгырыктарга каршы туруш үчүн 1) Жахабадан жардам сурагыла, 2) тиленгениңерге ылайык иш кылгыла жана 3) Жахаба менен болгон мамилеңерди бекемдегиле (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. Азгырыкка алдырбаш үчүн эмне себептен Жахабанын жардамына муктажбыз?

16 Жахабадан азгырыкка алдырбаганга күч сурагыла. Пенде болгондуктан туура эмес иш кылып албаш үчүн дайыма күрөшүшүбүз керек. Шайтан абалыбызды ого бетер оордотуш үчүн колунан келгендин баарын кылат. Ал ой жүгүртүүбүздү булгаш үчүн көңүл ачуунун ыпылас түрлөрүн сунуштайт. Андай көңүл ачуулар акылыбызды таза эмес, жийиркеничтүү нерселерге толтурат. Бул болсо жан дүйнөбүздү кирдетип, күнөөгө түртөт (Мр. 7:21—23; Жкп. 1:14, 15).

17. Азгырыкка алдырбаганга жардам бер деп тиленгенден кийин эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Жаман ишке азгырылганда моюн бербеш үчүн Жахабанын жардамына муктажбыз. Иса тиленгенди үйрөтүп жатканда: «Азгырылышыбызга жол бербе, кара өзгөйдөн сакта»,— деп жалынышыбыз керектигин да айткан (Мт. 6:13). Жахаба бизге жардам бергиси келет. Болгону эле биз андан сурашыбыз керек. Тиленгенден кийин ошого жараша иш-аракет кылышыбыз да зарыл. Ан үчүн белгилүү бир кадамдарды кылсак болот. Мисалы, Шайтандын дүйнөсүндө кеңири таралган туура эмес ой жүгүртүүнү таңуулаган нерселерди окугандан, уккандан качканыбыз туура (Заб. 97:10). Анын ордуна Ыйык Китепти окуп-изилдеп, акылыбызды таза ойлорго толтурганыбыз жакшы. Жыйналышка барганыбыз, кызматка катышканыбыз дагы акылыбызды сактайт. Жахаба да алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейм деп убада берет (1 Кор. 10:12, 13).

18. Тиленүүгө байланыштуу баарыбыз эмне кылышыбыз керек?

18 Биз азыр акыркы оор күндөрдө жашап жатабыз. Андыктан ар бирибиз ишенимдүүлүгүбүздү сакташ үчүн Жахабадан мурункудан да көбүрөөк тиленишибиз керек. Күн сайын тиленгенге атайын убакты бөлгүлө. Жахаба биздин ага жүрөгүбүздөгүнү төгүшүбүздү каалайт (Заб. 62:8). Жахабаны даңктагыла. Ага бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргиле. Кызматта кайраттуу болгонго жардам сурагыла. Кандай кыйынчылыктарга же азгырыктарга туш болбогула, андан көмөк көрсөтүшүн өтүнгүлө. Жахабадан дайыма тиленгенге кимдир бирөөнүн же бир нерсенин тоскоол болушуна эч качан жол бербегиле. Анда Жахаба тиленүүбүзгө кантип жооп берет? Бул маанилүү суроонун жообун эмки макалада карайбыз.

42-ЫР: Кудайдын кызматчысынын тиленүүсү

a Биз тиленүүлөрүбүздүн жакын досубузга жазган каттарга окшош болушун каалайбыз. Бирок тиленүүгө убакыт табыш дайыма эле оңой эмес. Ошондой эле кээде эмне жөнүндө тиленишти да билбей калабыз. Бул макалада ушул эки маанилүү нерсени талкуулайбыз.