Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ыйыктык жолунда» кете бергиле

«Ыйыктык жолунда» кете бергиле

«Ал жерде чоң жол болот, аны Ыйыктык жолу деп аташат» (ЫШ. 35:8).

31-ЫР: Кудайдын жолунда жүрөлү

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Бабылда жашаган жүйүттөр кандай маанилүү чечим чыгарышы керек болгон? (Эзра 1:2—4).

 ПАДЫША азаттык жарыялаган. Жүйүттөрдүн Бабылда туткунда жүргөнүнө 70 жыл болгон. Эми алар эркиндикке чыгып, мекенине, Ысрайылга, кайтып бара алмак. (Окугула: Эзра 1:2—4.) Муну бир гана Жахаба кыла алмак. Эмне үчүн минтип айтсак болот? Анткени бабылдыктар туткундарын эзели бошотушчу эмес (Ыш. 14:4, 17). Бирок Бабыл империясынын күнү бүтүп, тактыга жаңы падыша отурган. Ал жүйүттөргө мекенине кайтканга уруксат берген. Андыктан ар бир жүйүт, айрыкча, үй-бүлө башчылары Бабылда калышабы же кетишеби, чечиши керек болчу. Бул оңойго турбаса керек. Эмне үчүн?

2 Кыязы, далайлар карып калгандыктан жол азабын ойлоп калып калышса керек. Ошондой эле көптөгөн жүйүттөр Бабылда төрөлгөндүктөн алардын киндик каны тамган жери ошол жер болуп калган. Андыктан Ысрайыл алардын эмес, ата-бабаларынын мекени болчу. Айрым жүйүттөр Бабылда бай турушса керек. Ошон үчүн ыңгайлуу үйүн, жүргүзгөн ишин таштап, белгисиз эле бир жакка көчүп барып отурукташуу кыйынга турмак.

3. Ысрайылга кайтып бара турган ишенимдүү жүйүттөр кандай бата алышмак?

3 Кудайга ишенимдүү болгон жүйүттөр бир нерсени жакшы түшүнүшкөн. Алардын Ысрайылга кайтып барганы баш тарткан нерселеринен ашып түшмөк. Ысрайылдыктар ала турган баталардын эң эле чоңу Кудайга сыйынууга байланыштуу болгон. Бабылда жалган кудайларга арналган 50дөн ашык ибадаткана бар болчу. Бирок Жахабага арналган бир да ибадаткана болгон эмес. Мусанын мыйзамында талап кылынган курмандыктарды чалганга бир да курмандык жайы жок эле. Аларды чала турган дин кызматчылардын уюшулган тобу да жок болчу. Мындан тышкары, Жахабаны жана анын мыйзамдарын баркка албаган кишилер ысрайылдыктардан алда канча көп болчу. Андыктан Кудайдан корккон миңдеген жүйүттөрдүн мекенибизге кайтып, таза сыйынууну калыбына келтирсек дегенде эки көзү төрт болгон.

4. Жахаба Ысрайылга кайта турган жүйүттөргө эмне деп убада берген?

4 Бабылдан Ысрайылга жеткенге төрт айдай кетмек. Жол да татаал болчу. Бирок Жахаба тоскоолдуктай көрүнгөн нерселердин баарын алып таштайм деп убада берген. Ышая пайгамбар: «Жахабага жол тазалагыла! Чөлдүү аймакта Кудайыбызга түз жол салгыла!.. Дөңсөөлөр түздүккө айлансын, өңгүл-дөңгүл жерлер түздөлсүн»,— деп айткан (Ыш. 40:3, 4). Элестетсеңер, чөлдүү аймакта түптүз жол болмок! Жүргүнчүлөр жыргап эле жол жүрүшмөк. Алар тоолорду, дөңдөрдү ашпай, өрөөндөрдү аралабай, түптүз жол менен эле кете беришмек. Ошентип, бат эле жетип калышмак.

5. Бабылдан Ысрайылга алып барган каймана жол эмне деп аталган?

5 Бүгүн чоң жолдордун көбүнүн аталыштары бар. Ышая жазган каймана жолдун да аты болгон. Бул туурасында: «Ал жерде чоң жол болот, аны Ыйыктык жолу деп аташат. Ал жол менен таза эместер баспайт»,— дегенди окуйбуз (Ыш. 35:8). Бул убада байыркы ысрайылдыктар үчүн эмнени билдирген? Биз үчүнчү?

БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ «ЫЙЫКТЫК ЖОЛУ»

6. Жол эмне үчүн ыйык деп аталган?

6 «Ыйыктык жолу». Кандай сонун аталыш! Ал жол эмне үчүн ыйык деп аталган? Анткени Ысрайылга кайтып барган элдин арасында «таза эместерге» орун жок болмок. Тагыраак айтканда, адеп-ахлаксыздык кылган, бурканга табынган же олуттуу күнөө кылган бир да жүйүт болмок эмес. Кайтып барган жүйүттөр Кудайынын «ыйык эли» болмок (Мыйз. 7:6). Бирок бул Бабылдан кеткен жүйүттөрдүн Жахабага жагыш үчүн өзгөрбөй эле койсо болорун билдирген эмес.

7. Айрым жүйүттөр эмне кылышы керек эле? Мисал келтиргиле.

7 Буга чейин айтылгандай, жүйүттөрдүн көбү Бабылда төрөлгөн. Андыктан алар бабылдыктарча ойлонуп, аларча жашап көнүп калышкан. Ошентип, жүйүттөрдүн алгачкыларынын Ысрайылга кайтып келгенине ондогон жылдар болуп калган. Ошондо Эзра айрым жүйүттөрдүн бөтөн жерлик аялдарга үйлөнгөнүн билген (Чыг. 34:15, 16; Эзра 9:1, 2). Кийинчерээк башкаруучу Некемия Ысрайылда төрөлгөн балдардын жүйүттөрдүн тилин атүгүл үйрөнбөгөнүн билгенде абдан таң калган (Мыйз. 6:6, 7; Нек. 13:23, 24). Кудайдын Сөзү еврей тилинде жазылган болчу. Анан ал тилди билбеген балдар кантип Жахабаны жакшы көрмөк эле? Ага кантип сыйынмак эле? (Эзра 10:3, 44). Ошондуктан жүйүттөргө көп нерсени өзгөрткөнгө туура келген. Бирок алар Ысрайыл жеринде жашап жаткандыктан мындай кылыш оңоюраак болмок. Анткени таза сыйынуу акырындык менен калыбына келтирилип жаткан болчу (Нек. 8:8, 9).

Б.з. 1919-жылынан тартып миллиондогон эркектер, аялдар жана балдар жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдан чыгып, каймана жолго түшүп, сапарын башташкан (8-абзацты карагыла)

8. Байыркы убакта болгон окуялардын бизге кандай тиешеси бар? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

8 Кээ бирлер: «Бул жакшы экен. Бирок байыркы кездеги жүйүттөргө айтылгандардын бизге кандай тиешеси бар?» — деши мүмкүн. Түзмө-түз тиешеси бар. Себеби биз да «Ыйыктык жолунда» баратабыз. Майланган болобузбу же «башка койлордонбузбу», «Ыйыктык жолунан» чыкпашыбыз керек. Анткени мунун аркасында азыртадан эле рухий бейиште Жахабага сыйынып, келечекте Падышалык төгө турган баталарга ээ болобуз b (Жкн. 10:16). Б.з. 1919-жылынан тартып миллиондогон эркектер, аялдар жана балдар жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдан чыга башташкан. Анан каймана жолго түшүп, сапарын башташкан. Сен да ошол жолдо баратсаң керек. Бул жол 100 жылдай убакыт мурун ачылса да, кылымдар мурун эле даярдала баштаган.

ЖОЛДУН ДАЯРДАЛЫШЫ

9. Ышая 57:14кө ылайык, «Ыйыктык жолу» кандайча даярдалган?

9 Жүйүттөр Ысрайылга аман-эсен жетиши үчүн Жахаба жолдогу тоскоолдуктардын жок болушуна кам көргөн. (Окугула: Ышая 57:14.) Бүгүнкү күндөгү «Ыйыктык жолу» жөнүндө эмне десек болот? 1919-жылга чейин бир нече кылым мурун Жахаба андан корккон кишилерди Улуу Бабылдан чыккандар түшө турган жолду даярдаганга колдоно баштаган. (Салыштыр: Ышая 40:3.) Алар рухий жолду тазалап, зарыл иштерди кылышкан. Мунун аркасында жүрөгү таза кишилер кийинчерээк Улуу Бабылдан чыга алышкан. Ошондой эле таза сыйынуу калыбына келтирилген рухий бейишке кире алышкан. Жолду тазалоо иши өз ичине эмнени камтыган? Анда ошону карап көрөлү.

Бир нече кылым бою Кудайдан корккон кишилер Улуу Бабылдан чыккан жолду даярдаганга салым кошуп келишкен (10—11-абзацтарды карагыла)

10, 11. Ыйык Китептин басылышы жана которулушу көптөрдүн аны жакшыраак билишине кандайча өбөлгө түзгөн? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Басма иши. 15-кылымдын ортосуна чейин Ыйык Китепти кол менен көчүрүп келишкен. Буга көп убакыт кете турган. Ыйык Китеп да аз болчу, баасы болсо асмандын башы эле. Бирок басма машинкелери чыккандан тартып Ыйык Китепти басып-чыгарыш, таратыш оңоюраак болуп калган.

11 Котормо иши. Кылымдар бою Ыйык Китеп көбүнчө латын тилинде болгон. Аны жогорку билимдүү кишилер гана окуп-түшүнө алчу. Басма иши кеңири жайыла баштаганда Кудайдан корккон кишилер Ыйык Китепти карапайым эл сүйлөгөн тилдерге которгонго киришишкен. Ошентип, Ыйык Китепти окугандар анда жазылгандар менен чиркөө төбөлдөрүнүн окуткандарын салыштыра алышкан.

Кудайдан корккон кишилер Улуу Бабылдан чыккан жолду даярдаганга салым кошуп келишкен c (12—14-абзацтарды карагыла)

12, 13. Ыйык Китепти чын ниеттен изилдеген кишилер жалган окуулардын бетин кантип ачканына мисал келтиргиле.

12 Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген адабияттар. Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеген кишилер аны окуган сайын, көздөрү ачыла берген. Бирок алардын окуп-билгендерин башкаларга айтканы чиркөө башындагыларга жаккан эмес. Мисалы, 1835-жылдары бир нече ак ниет киши чиркөөнүн жалган окууларынын бетин ачкан баракчаларды басып чыгара баштаган.

13 Алсак, 1835-жылы Кудайдан корккон Генри Гру деген киши өлгөндөрдүн абалы талкууланган баракча чыгарган. Көптөгөн чиркөөлөр киши өлбөс болуп төрөлөт деп окутушчу. Ал эми баракчада киши өлбөс болуп төрөлбөй турганы, өлбөстүк Кудайдын белеги экени Ыйык Китептеги аяттар менен далилденген. 1837-жылы Жорж Сторрз деген киши поездде кетип баратып ошол баракчанын бир нускасын таап алган. Аны окугандан кийин маанилүү чындыкты тапканына көзү жеткен. Анан билгендерин башкалар менен бөлүшүүнү чечкен. 1842-жылы ал «Сурамжылоо: ыймансыздар өлбөстүккө ээби?» деген темада бир нече дарс айткан. Жорж Сторрздун жазгандары Чарлз Тейз Расселл деген жигитти ойго салган.

14. Рассел бир тууганга жана шериктерине рухий жолду тазалагандардын эмгеги кандайча пайдасын тийгизген? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Рухий жолду даярдагандардын эмгеги Рассел бир тууган менен анын шериктерине кандайча пайдасын тийгизген? Алар Ыйык Китепти изилдеп жатканда сөздүктөрдү, алфавиттик көрсөткүчтөрдү жана Ыйык Китептин ар кандай котормолорун колдонушкан. Мунун баары ошол убакка чейин эле даяр болуп калган. Ошондой эле Генри Грунун, Жорж Сторрздун жана башкалардын Ыйык Китепти изилдеп жатканда тапкан ойлорунун да пайдасын көрүшкөн. Ошентип, Рассел бир тууган жана анын шериктери рухий жолдун тазаланышына өз салымын кошушкан. Тагыраак айтканда, Ыйык Китептеги темалар талкууланган көптөгөн китептерди, баракчаларды басып чыгарышкан.

15. 1919-жылы кандай маанилүү окуялар болгон?

15 Кудайдын эли 1919-жылы Улуу Бабылдан бошонгон. Так ошол жылы «ишенимдүү жана акылдуу кул» дайындалган. Ал, жүрөгү таза кишилер «Ыйыктык жолуна» түшө алышы үчүн, кызматын баштаган (Мт. 24:45—47). Ошол жолду даярдаганга аларга чейин салымын кошкон ишенимдүү кишилердин эмгегинин аркасында жаңылар Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк биле алышкан (Накыл 4:18). Ошондой эле Жахабанын талаптарына ылайык жашай башташкан. Жахаба эли бир заматта өзгөрөт деп күткөн эмес. Анын ордуна, ал аларды акырындык менен оңдоп-түзөй берген (« Жахаба өз элин акырындык менен оңдоп-түзөөдө» деген кутучаны карагыла). Кудайга бардык жагынан жага ала турган күн келгенде кандай гана сүйүнөбүз! (Кол. 1:10).

«ЫЙЫКТЫК ЖОЛУ» ДАГЫ ДЕЛЕ АЧЫК

16. 1919-жылдан бери «Ыйыктык жолунда» кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат?

16 Ар бир жолду оңдоп туруу маанилүү. 1919-жылдан бери «Ыйыктык жолунда» оңдоо иштери жүргүзүлүп келатат. Анткени дагы көптөрдө Улуу Бабылдан чыгып, ал жолго түшкөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ишенимдүү жана акылдуу кул дайындалары менен эле жеңин түрүп ишке киришкен. Ал 1921-жылы жаңыларга Ыйык Китептеги чындыктарды жакшыраак билгенге жардам берген адабият басып чыгарган. «Кудайдын арфасы» деп аталган ал китеп 36 тилде 6 миллиондой нускада басылып чыккан. Аны окуп, көптөр чындыкты табышкан. Жакында эле Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген дагы бир сонун адабият чыкты. Акыркы күндөр башталгандан бери Жахаба уюмун колдонуп рухий тамакты мол берип жатат. Бул бизге «Ыйыктык жолунда» мындан ары да кете бергенге жардам берүүдө. (Окугула: Ышая 48:17; 60:17.)

17, 18. «Ыйыктык жолу» каякка алып барат?

17 Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдей баштаганда ага «Ыйыктык жолуна» түшкөнгө мүмкүнчүлүк берилет деп айтсак болот. Кээ бирлер ал жолдон бир аздан кийин эле чыгып кетишет. Башкалар болсо көздөгөн жерине жеткенге чейин ал жолдон чыкпаганга чечкиндүү. Анда биздин көздөгөнүбүз эмне?

18 Асманда жашаганга үмүттөнгөндөрдү «Ыйыктык жолу» Кудайдын асмандагы бейишине алып барат (Аян 2:7). Ал эми жерде жашаганга үмүттөнгөндөрдү бул жол 1000 жылдыктын аягында жеткилеңдикке жеткирет. Эгер бүгүн ушул чоң жолдо бараткан болсоңор, анда артка кылчактабагыла. Сапарыңар соңуна чыгып, жаңы заманга жеткенге чейин андан чыкпагыла! Анда эмесе, жолуңар шыдыр болсун!

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

a Жахаба Бабылдан Ысрайылга алып барган чоң жолду «Ыйыктык жолу» деп атаган. Ошол сыяктуу эле, Жахаба бүгүнкү күндөгү эли үчүн да жол даярдаганбы? Ооба. Б.з. 1919-жылдан тартып миллиондогондор Улуу Бабылдан чыгышкан. Алар «Ыйыктык жолуна» түшө башташкан. Баарыбыз тең көздөгөнүбүзгө жеткенге чейин ошол жолдон чыкпашыбыз керек.

b «Ышаянын пайгамбарлыгы — бүт адамзат үчүн жарык» (ор.) деген китептин 56, 57-беттерин карагыла.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Рассел бир тууган жана анын шериктери аларга чейин эле даярдалган адабияттарды колдонуп, Ыйык Китепти изилдеп жатышат.