Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биримдигибизди чыңдоого кантип салым кошо аласың?

Биримдигибизди чыңдоого кантип салым кошо аласың?

«Анын жетекчилиги астында дененин бардык бөлүктөрү бири-бири менен шайкеш бириктирилген» (ЭФ. 4:16).

ЫРЛАР: 53, 107

1. Эң башынан тартып эле Кудайдын иштеринен эмне айкын көрүнүп келет?

ЖАХАБА тун Уулун жараткандан тартып эле, экөө биримдикте эмгектенип келишет. Бул тууралуу Уулу: «Мен анын [Жахабанын] жанында чебер уста болчумун. Күнүгө анын кубанычы болчумун»,— деп айткан (Накыл 8:30). Ооба, Атасы менен Уулу эриш-аркак кызматташып, бизди курчап турган жандуу-жансыз нерселердин баарын жаратышкан. Кудайдын кызматчылары да ар дайым биримдикте иш-аракет кылып келишет. Алсак, Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен чогуу кеме курган. Кийинчерээк чөлдө көчүп-конуп жүргөн ысрайылдыктар ыйык чатырды курууда, аны чечип, кайра башка жерге орнотууда уюшкандыкта иш кылышкан. Ал эми ибадатканадагы ырчылар музыкалык аспаптарда ойноп, Жахабаны бир үндөн даңктап ырдашкан. Эгер алар биримдүү болушпаса, мындай иштердин бирин да жасай алышмак эмес (Башт. 6:14—16, 22; Сан. 4:4—32; 1 Жылн. 25:1—8).

2. а) Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышы эмнеси менен айырмаланып турган? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышы да биримдиги менен айырмаланып турган. Элчи Пабыл майлангандардын ар бири «ар түрдүү жөндөмдүүлүктөргө» ээ болуп, «кызматтын ар кандай түрлөрүн» аткарышса да, «баары бир эле денени түзүшкөнүн» айткан. Алардын бардыгы Башчысы Иса Машаякка баш ийишкен. (Оку: 1 Корунттуктар 12:4—6, 12.) Ал эми биздин күндөр тууралуу эмне айтууга болот? Кабар айтуу ишинде канткенде ар дайым эриш-аркак кызматташа алабыз? Жыйналыштагылар жана үй-бүлөбүздөгүлөр менен биримдикте болууга эмне жардам берет?

КАБАР АЙТУУ ИШИНДЕ

3. Элчи Жакан кандай аян көргөн?

3 Б.з. 1-кылымынын аяк ченинде элчи Жакан сурнай тарткан жети периште тууралуу аян алган. Бешинчи периште сурнайын тартканда, Жакан асмандан жерге түшкөн жылдызды көргөн. Ал «жылдыз» колундагы ачкыч менен түпсүз туңгуюкту ачканда, ичинен кою түтүн чыгып, жер бетин чегиртке каптаган. Каймана маанидеги ал чегирткелер өсүмдүктөргө эмес, «Кудайдын мөөрү басылбаган адамдарга» чабуул койгон (Аян 9:1—4). Муса пайгамбардын күндөрүндө чегирткелер Мисир жерине чоң зыян келтиргендиктен, Жакан чегирткелер каптаган жердин канчалык бүлгүнгө учураарын жакшы билген (Чыг. 10:12—15). Ал көргөн чегирткелер Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялаган майлангандарды билдирет. Учурда аларга жер бетинде жашоого үмүттөнгөн миллиондогон адамдар колдоо көрсөтүп, кабар айтуу ишин биримдикте аткарып жатышат. Анын аркасында Шайтандын жалган диндин дүйнөлүк империясы аркылуу жүргүзүп жаткан бийлиги кыйроого учуроодо.

4. Кудайдын элине кандай иш тапшырылган жана аны канткенде ийгиликтүү аткара алабыз?

4 Жахабанын эли, бул дүйнө аяктаганга чейин, жакшы кабарды төгөрөктүн төрт бурчуна жарыялашы керек (Мт. 24:14; 28:19, 20). Буга «суусагандардын» баарын «өмүр суусунан бекер алууга» чакыруу кирет (Аян 22:17). Жыйналыштын мүчөлөрү катары бул жагынан канткенде ийгиликке жете алабыз? Бири-бирибиз менен «шайкеш бириктирилип», жакшы кызматташканда гана ийгиликке жетебиз (Эф. 4:16).

5, 6. Кабар айтуу ишин кандайча биримдикте аткарып жатабыз?

5 Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды мүмкүн болушунча көп адамдарга айта алышыбыз үчүн уюшкандыкта иш-аракет кылышыбыз зарыл. Ошо себептен бизге дайыма көрсөтмөлөр берилип турат. Жыйналыштар аркылуу берилген андай көрсөтмөлөр биргеликте иш кылууга өбөлгө түзөт. Кабар айтуу жолугушуусуна катышкандан кийин биз жакшы кабарды жарыялоого жөнөйбүз. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү жана Ыйык Китепке негизделген миллиондогон адабияттарыбызды колдонуп, жакшы кабарды дүйнөнүн чар тарабына жеткирүүдөбүз. Кээде баарыбыз атайын уюштурулган өнөктүктөргө катышууга чакырылабыз. Сен да жетекчиликке баш ийип, андай өнөктүктөргө жигердүү катышасыңбы? Эгер ошентсең, Аян 14:6дагы «асмандын ортосунда учуп бараткан» периште айткан кабарды биримдикте жарыялап жаткан миллиондогон жарчылар менен кызматташкан болосуң.

6 «Жылдык китептен» дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишибиздин жыйынтыгы тууралуу окуганда ушунчалык кубанабыз. Региондук, атайын жана эл аралык жыйындардын алдында чакыруу баракчаларын таратканда да биримдигибиздин канчалык чыңалары тууралуу ойлонуп көрсөң. Жыйындарда Ыйык Жазмага негизделген жүрөк козгоорлук баяндамаларды угабыз жана драмалар менен демонстрацияларды көрөбүз. Алардын баары бизге Жахабага эң жакшысын берүүгө түрткү берет. Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү да ынтымагыбызды арттырат. Кудайдын бизге ырайым көрсөткөнүнө абдан ыраазы болгондуктан жана Исанын буйругуна баш ийгендиктен биз жыл сайын 14-нисанда күн баткандан кийин Машаяктын өлүмүн эскерүү үчүн чогулуп турабыз (1 Кор. 11:23—26). Ал жолугушууга Жахабанын Күбөлөрү эле эмес, башка адамдар да барат. Эскерүү кечесине бир нече жума калганда, жыйналышыбызга караштуу аймактардын мүмкүн болушунча көбүн иштетип, башкаларды ошол маанилүү кечеге чакырабыз.

7. Жапатырмак аракет кылуунун аркасында эмне кыла алабыз?

7 Жалгыз чегирткенин канча жегени көзгө деле көрүнбөйт. Анын сыңарындай, ар бирибиздин жекече кылган аракетибиз көп деле байкалбашы мүмкүн. Бирок баарыбыз жапатырмак аракет кылуу менен миллиондогон адамдардын көңүлүн урмат-сыйга, алкыш-даңкка татыктуу болгон Жахаба Кудайга бура алабыз. Анткен менен бул Кудайдын элинин биримдигин арттыруунун жалгыз гана жолу эмес.

ЖЫЙНАЛЫШТА

8, 9. а) Ишенимдештерин биримдүү болууга үндөш үчүн Пабыл кандай мисал колдонгон? б) Жыйналышта кантип кызматташа алабыз?

8 Пабыл эфестиктерге жазган катында жыйналыштын кандайча түзүлгөнүнө жана анын мүчөлөрү «бардык жагынан жетилиши» керектигине басым жасаган. (Оку: Эфестиктер 4:15, 16.) Ар бирибизге бул жагынан жакшырууга эмне жардам берет? Пабыл адамдын денесин мисал кылуу менен жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаяктын жетекчилиги алдында биримдүү болушубуз керектигин баса белгилеген. Ал: «Дененин бардык бөлүктөрү бири-бири менен шайкеш бириктирилип, ар кандай муундар аркылуу өз ара аракеттенет»,— деген. Канткенде баарыбыз: жаштар да, карылар да, күүлүү-күчтүүлөр да, алсыздар да жыйналыштын биримдигине жана рухий жактан бекем болушуна салым кошо алабыз?

9 Мунун негизги жолу — Машаяк жыйналышты жетектөөгө дайындаган аксакалдарга баш ийип, аларды урматтоо (Евр. 13:7, 17). Бул дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок андайда Кудайдан жардам сурасак, анын ыйык руху бизге аксакалдардын жетекчилигине чын жүрөктөн баш ийүүгө жардам берет. Эгер берилген көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыбыз келбей жатса, момундук менен кызматташканыбыз жыйналыштын биримдигине кандайча салым кошору тууралуу да ой жүгүртүп көрсөк болот. Мындан тышкары, аксакалдар менен кызматташуунун аркасында баарыбыздын бири-бирибизге болгон сүйүүбүз өсөрүн да эсибизден чыгарбайлы.

10. Кызмат жардамчылары кандайча жыйналыштын биримдигине салым кошо алышат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Жыйналыштын биримдигине кызмат жардамчыларынын да кошкон салымы чоң. Жашы канчада болбосун, алар баарынын пайдасы үчүн жан аябастык менен кызмат кылышат. Алсак, адабияттардын жетиштүү болушуна кам көрүү менен аксакалдарга колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле Падышалык залынын дайыма таза, жакшы абалда болушуна көз салышат жана жолугушууларга келгендерди жылуу тосуп алышат. Алар менен кызматташсак, жыйналышта биримдик, тартип болушуна өбөлгө түзөбүз. (Салыштыр: Элчилер 6:3—6.)

11. Жаштар жыйналыштын биримдүү болушуна кантип жардам көрсөтүшөт?

11 Көптөгөн жетилген бир туугандарыбыз жыйналыштагы жоопкерчиликтерин бир топ жылдан бери аркалап келатышат. Бирок жашы өр тартып калгандыктан, алар айрым иштерди кыла албай калышы ыктымал. Ошондуктан алар жаш бир туугандардын жардамына муктаж. Жаш бир туугандарыбыздын тажрыйбасы аз болсо да, окуп-үйрөнүүнүн аркасында көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ боло алышат. Кызмат жардамчыларынын рухий жактан өсүп, аксакал болуп дайындалганын көрүү кандай кана кубанычтуу! (1 Тим. 3:1, 10). Ал эми айрым жаш аксакалдар андан ары да ийгилик кылгандыктан райондук көзөмөлчү болуп дайындалып, көптөгөн жыйналыштардагы ишенимдештерин бекемдеп жатышат. Жаш бир туугандарыбыздын бизге ушундай жолдор менен чын жүрөктөн колдоо көрсөтүп жатышканына ыраазы эмеспизби? (Оку: Забур 110:3; Насаатчы 12:1.)

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

12, 13. Үй-бүлө мүчөлөрү канткенде жакшы кызматташа алышат?

12 Эми үй-бүлөбүздөгүлөр менен кантип жакшы кызматташа аларыбызды карап көрөлү. Көптөр өз тажрыйбасынан ынангандай, жума сайын үй-бүлө менен сыйынуу кечин сапаттуу өткөрүү ата-энелер менен балдарды бири-бирине жакындатат. Сыйынуу кечинде үй-бүлө мүчөлөрү рухий нерселер тууралуу пикир алышуунун жана кабар айтуу кызматына даярдануунун аркасында биримдикте жемиштүү кызмат кылууга үйрөнүшөт. Ошондой эле Ыйык Китептен окуп-билгендери тууралуу бири-бири менен бөлүшкөндө, бардыгы бир Кудайды сүйөрүнө жана анын эркин аткарууга ынтызар экенине ынанып, ынтымагы ого бетер артары күмөнсүз.

Сыйынуу кечин өткөрүүнүн аркасында бири-бирибизге жакындайбыз (12, 15-абзацтарды кара)

13 Жубайлар тыгыз кызматташып, Жахабаны даңкташ үчүн эмне кылышса болот? Эгер күйөөсү да, аялы да Жахабага ишенимдүү кызмат кылса, экөө ынтымактуу болуп, бактылуу өмүр сүрүшөт. Байыркы убакта жашаган Ыбрайым пайгамбар менен байбичеси Саарага, Ыскак менен Ребекага, Элкана менен Аннага окшоп, жубайлардын бири-бирине жылуу сезимдерин билдирип турганы абдан маанилүү (Башт. 26:8; 1 Шем. 1:5, 8; 1 Пет. 3:5, 6). Бул алардын өз ара ынак болушуна жана асмандагы Атасына жакындашына шарт түзөт. (Оку: Насаатчы 4:12.)

14. Эгерде өмүрлүк жарың Жахабага кызмат кылбаса, никеңерди бекемдеш үчүн эмне кылсаң болот?

14 Ыйык Китепте Кудайдын кызматчысы ишенимдеш эмес адам менен баш кошпошу керектиги жазылган (2 Кор. 6:14). Бирок айрым бир туугандарыбыз чындыкты таанып-билгенге чейин турмуш курушкан. Ошондуктан алардын өмүрлүк жары Жахабанын Күбөсү эмес. Анткен менен Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу ошондой үй-бүлөлөрдө да жакшы маанай өкүм сүрүшүнө жардам берет. Андайда Ыйык Китептеги принциптер бузулбаса, ишенимдешибиз жары менен колунан келишинче кызматташышы керек. Бул кээде оңой болбосо да, анын жакшы натыйжасы жөнүндө ой жүгүртүү багынбаганга көмөк кылат. Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык иш кылуу өмүрлүк жары жыйналыштан алыстап кеткендерге да кыйын болушу мүмкүн. Мисалга Мэри аттуу бир тууганды алалы. Ал жолдошу Дейвид менен бирге Жахабага кызмат кылчу. Бирок 25 жылдай мурун Дейвид жыйналышка барбай калган. Мэри болсо жыйналыштар менен жыйындарды калтырбай баргандан сырткары, үйүндө Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга, анын ичинде алты баласын чындык жолунда тарбиялоого аракет кыла берген. Балдары чоңоюп, уядан учканда, Мэри аябай жалгызсыраган. Кийинчерээк Дейвид жубайы атайын көрүнө жерге коюп койгон журналдарды окуп, атүгүл жыйналышка бара баштаган. Алты жашар небереси ага дайыма орун алып койчу. Эгер Дейвид жыйналышка барбай калса, небереси: «Чоң ата, бүгүн сизди жыйналыштан күтпөдүмбү»,— дей турган. Учурда Дейвид Жахабага кубанычтуу кызмат кылып жатат. Рухий иштерге жолдошу менен чогуу катышып жатканына Мэри да абдан кубанууда.

15. Улуураак бир туугандар жаш жубайларга кантип жардам бере алышат?

15 Азыркы убакта Шайтан үй-бүлөлөргө кол салып жаткандыктан, Жахабага кызмат кылган жубайлардын дайыма кеңешип, бири-бирине колдоо көрсөткөнү абдан маанилүү. Баш кошконуңарга канча убакыт болбосун, канткенде сүйлөгөн сөзүң же кылган ишиң менен никеңди бекемдей аларың жөнүндө ойлонуп көр. Жыйналыштагы улуураак бир туугандар жаш ишенимдештерин бул жагынан көп нерсеге үйрөтө алышат. Алсак, алар жаш жубайларды өздөрүнүн сыйынуу кечине чакырышса болот. Жаштар алар менен чогуу убакыт өткөрүүнүн аркасында түгөйлөрдүн бири-бирине жылуу сезимдерди туюп, бир ой, бир пикирде болгону маанилүү экенин түшүнүшөт (Тит 2:3—7).

«КЕЛГИЛЕ, ЖАХАБАНЫН ТООСУНА... ЧЫГАЛЫ»

16, 17. Кудайдын кызматчылары эмнени чыдамсыздык менен күтүүдө?

16 Байыркы убактагы ысрайылдыктардын Иерусалимдеги ибадатканада өткөрүлгөн майрам учурунда Жахабаны даңктап жатышканын элестетсең. Ал жакка барыш үчүн алар алдын ала даярдык көрүп, жолдо баратканда бири-бирине жардам беришчү. Ибадатканага барганда болсо баары биримдикте Жахабага сыйынып, аны даңкташчу (Лк. 2:41—44). Бүгүнкү күндө биз жаңы дүйнөнү көздөй сапар тартып баратабыз. Андыктан биздин да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте иш-аракет кылганыбыз маанилүү. Ан үчүн дайыма жана чын жүрөктөн күч-аракет жумшашыбыз зарыл. Бул жагынан дагы кантип көбүрөөк салым кошсоң болору жөнүндө ойлонуп көрдүңбү?

17 Келечекте кандай гана кереметтүү баталарды аларыбызды элестетип көрсөң! Бөлүнүп-жарылуу жана баш аламандык өкүм сүргөн бул дүйнө жакында жок болот. Биз азыр Ышая жана Микей пайгамбарлар айткан сөздөрдүн аткарылып жатканына — Жахабанын элинин биримдикте анын «тоосуна» чыгып баратканына — күбө болуудабыз (Ыш. 2:2—4; оку: Микей 4:2—4). Ооба, «акыркы күндөрдө» чыныгы сыйынуу укмуштуудай гүлдөп-өсүүдө. Келечекте бүткүл адамзат бир кишидей биримдүү болуп, Жахабага сыйынганда, чексиз кубанычка бөлөнөрүбүз шексиз!