Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба элин өмүр жолунда жетектеп келет

Жахаба элин өмүр жолунда жетектеп келет

«Мына жол, ушул жол менен жүргүлө» (ЫШ. 30:21).

ЫРЛАР: 65, 48

1, 2. а) Көптөр кайсы эскертүүгө көңүл буруунун аркасында каргашадан алыс болушкан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Кудай элине өмүр үчүн зарыл болгон кандай жетекчилик берип турат?

«ТОКТО, КАРА, УК». Жүз жылдан ашуун убакыт мурун Түндүк Америкадагы темир жолдордун боюна ушундай сөздөр жазылган чоң такталар коюла баштаган. Эмне үчүн? Унаалар поезд менен сүзүшүп кетпеши үчүн. Ал эскертүүгө көңүл буруунун аркасында көптөгөн адамдар каргашадан алыс болушкан.

2 Жахаба Кудай биздин коопсуздугубуз үчүн андан да көптү кылып жатат. Ал, мындайча айтканда, элинин алдына туруп, аларга түбөлүк өмүргө алып баруучу жолду көрсөтүүдө. Ошондой эле кызматчылары кырсыкка кабылып калбашы үчүн, камкор койчудай болуп, аларга кооптуу нерселер тууралуу эскертип, туура жолго багыттоодо. (Оку: Ышая 30:20, 21.)

ЖАХАБА ЭЛИН БАШЫНАН ЭЛЕ ЖЕТЕКТЕП КЕЛГЕН

3. Бүткүл адамзат кантип өлүмгө алып бара турган жолго түшүп калган?

3 Жахаба жер каймактагандан тартып эле адам баласына так-айкын жетекчилик берип келет. Мисалы, Эйден багында адамдардын түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшүнө шарт түзгөн көрсөтмөлөрдү берген (Башт. 2:15—17). Эгер Адам ата менен Обо эне ага баш ийишсе, чоң балээден алыс болушмак. Тилекке каршы, Обо эне Кудайды укпай, аң-сезимсиз макулук аркылуу айтылган сөздөргө кулак төшөгөн. Ал эми Адам ата болсо өзүнө окшогон эле пенденин тилин уккан. Ошентип, экөө тең мээримдүү Атасынын жетегин четке кагышкан. Натыйжада, түбөлүк жашоого болгон үмүтүнөн кол жууп, өмүр бою азап чегип өтүшкөн. Анысы аз келгенсип, алардын айынан бүткүл адамзат өлүмгө алып бара турган жолго түшкөн.

4. а) Топон суудан кийин эмне үчүн кошумча көрсөтмөлөр керек болгон? б) Жаңы буйруктан Кудайдын көз карашы кандайча айкын көрүнгөн?

4 Жахаба Нух пайгамбардын күндөрүндө да өмүр үчүн зарыл болгон көрсөтмөлөрдү берип турган. Алсак, Топон суудан кийин ал канга байланыштуу өзгөчө буйрук берген. Анткени ошондон тартып ал адамдарга эт жегенге уруксат бергени жаткандыктан, жагдай өзгөрмөк. Аларга жетекчилик катары Кудай: «Болгону, денени жаны менен — каны менен — кошо жебегиле»,— деген буйрук берген (Башт. 9:1—4). Мындан анын өмүргө карата кандай көз карашта экени айкын көрүнгөн. Ал Жараткан жана Өмүр Берүүчү катары бул жагынан эрежелерди бекитүүгө укуктуу. Ошондуктан киши өлтүрүүгө тыюу салган. Ал өмүр менен канды ыйык деп эсептегендиктен аларга байланыштуу мыйзам-принциптерин бузгандардын баарын жоопко тартат (Башт. 9:5, 6).

5. Азыр эмнени карап чыгабыз жана эмне үчүн?

5 Эмесе, Кудайдын кылымдар бою өзүнүн элин дагы кандайча жетектеп келатканын карап көрөлү. Бул бизди анын жаңы заманга жетишибиз үчүн берип жаткан жетекчилигине баш ийүүгө ого бетер чечкиндүү кылат.

ЖАҢЫ ЭЛГЕ БЕРИЛГЕН ЖАҢЫ КӨРСӨТМӨЛӨР

6. Кудай ысрайылдыктарга эмне үчүн Мыйзам берген жана алар кандай маанай чагылдырышы керек болчу?

6 Муса пайгамбардын күндөрүндө туура жүрүм-турумга, сыйынууга байланыштуу айкын көрсөтмөлөр керек болгон. Эмне үчүн? Анткени жагдай дагы өзгөргөн. Жакып пайгамбардын тукумдары Мисир жеринде эки жүздөн ашуун жыл жашашкан. Ал жакта өлгөндөргө сыйынуу, буркандарга табынуу жана Кудайга жакпаган башка иштер менен ырым-жырымдар кеңири жайылган болчу. Кудайдын эли Мисирдин эзүүсүнөн бошогондон кийин жаңы көрсөтмөлөргө муктаж болгон. Андан ары алар кулдар катары эмес, эркин эл катары бир гана Жахабанын мыйзамына баш ийип жашашмак. Айрым эмгектерге ылайык, «мыйзам» деп берилген еврей сөзү «багыттоо, жетектөө, көрсөтмө берүү» дегенди туюнткан сөзгө маанилеш. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам ысрайылдыктарды башка элдердин адеп-ахлаксыз иштерине, жалган сыйынуусуна аралашуудан сактаган. Алар Кудайдын тилин угушканда андан мол бата алышкан. Ал эми баш ийбестик кылганда кесепетин тартышкан. (Оку: Мыйзам 28:1, 2, 15.)

7. а) Жахаба элине дагы кайсы себептен улам жаңы көрсөтмөлөрдү берген? б) Мыйзам кандайча ысрайыл эли үчүн «тарбиячы» болгон?

7 Ысрайыл элине жаңы көрсөтмөлөр дагы башка себептен улам керек болгон. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам аларды Жахабанын ой-ниетиндеги маанилүү нерсеге — Машаяктын келишине — даярдаган. Ал Мыйзамдын аркасында ысрайылдыктар өздөрүнүн жеткилең эмес экенин жана кунга, тактап айтканда, күнөөлөрдү толугу менен жууй турган жеткилең курмандыкка муктаж экенин түшүнүшкөн (Гал. 3:19; Евр. 10:1—10). Андан тышкары, Мыйзам убада кылынган Тукумдун белгилүү бир тектен келишине жана аны айырмалап билүүгө өбөлгө түзгөн. Ошентип, «Мыйзам Машаякка алып баруучу тарбиячы» болгон (Гал. 3:23, 24).

8. Эмне үчүн Мыйзамда камтылган принциптерге жетектелишибиз керек?

8 Кудайдын кызматчылары катары биз да ысрайыл элине берилген Мыйзамдан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Кандайча? Биз ал Мыйзамдын бийлиги астында болбосок да, анда камтылган принциптер тууралуу ой жүгүртүп көрсөк болот. Натыйжада Мыйзамдагы жол-жоболордун көбү бүгүнкү күндө да ыйык Кудайыбыз Жахабага сыйынууда жана күндөлүк турмушубузда абдан пайдалуу экенин байкайбыз. Ал мыйзамдардан көп нерсеге үйрөнүшүбүз, алардын негизинде жаткан принциптерге жетектелишибиз жана бийик адеп-ахлак нормаларын баалашыбыз үчүн, Жахаба ал мыйзамдарды Ыйык Китепке жаздырып койгон. Буга Иса Машаяктын төмөнкү сөздөрү далил боло алат: «Силер: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай дейм: аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот». Мындан көрүнүп тургандай, биз ойноштуктан эле эмес, ага алып бара турган ыпылас каалоолордон да качышыбыз керек (Мт. 5:27, 28).

9. Кайсы жагдайдан улам Кудайдын элине жаңы жетекчилик керек болгон?

9 Машаяк келгенден кийин да, Кудай жаңы көрсөтмөлөрдү берип, өзүнүн ой-ниетин кененирээк ачып берген. Анткени жагдай дагы өзгөргөн. Б.з. 33-жылы Жахаба ысрайыл элин четке кагып, Исанын жолдоочуларынын жыйналышын эли кылып тандап алган.

РУХИЙ ЫСРАЙЫЛГА БЕРИЛГЕН ЖЕТЕКЧИЛИК

10. Машаяктын жолдоочуларына эмне үчүн жаңы мыйзамдар берилген жана алар ысрайылдыктарга берилген мыйзамдардан эмнеси менен айырмаланган?

10 1-кылымда Кудай Иса Машаяктын жолдоочуларына жүрүм-турумга жана сыйынууга байланыштуу жаңы көрсөтмөлөрдү берген же мурункуларын кененирээк ачып берген. Себеби алар менен жаңы келишим түзүлгөн. Муса пайгамбар жазган Мыйзам бир эле элге — ысрайыл элине — берилген. Ал эми рухий Ысрайыл тек-жайы, улуту ар башка адамдардан турмак. Бул «Кудайдын бет карама эмес экенин», «андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын» көрсөтүп турат (Элч. 10:34, 35). Ысрайылдыктар убада кылынган жерде жетектелген Мыйзам таш лоокторго жазылса, рухий Ысрайылга берилген «Машаяктын мыйзамы» жалпысынан жүрөктөргө жазылган принциптерге негизделген. Ошондой эле аны Машаяктын жолдоочулары, кайсы жерде жашабасын, иш жүзүндө колдонуп, жакшы натыйжасын көрө алышмак (Гал. 6:2).

11. «Машаяктын мыйзамы» жашообуздун кайсы эки тармагын камтыйт?

11 Рухий Ысрайыл Жахабанын Машаяк аркылуу берген жетекчилигинен зор пайда алган. Жаңы келишим түзүлөрдүн алдында Иса жолдоочуларына эки маанилүү осуят берген. Биринчиси кабар айтуу ишине, ал эми экинчиси анын жолдоочуларынын жүрүм-турумуна жана бири-бирине кылган мамилесине байланыштуу болчу. Ал көрсөтмөлөр Кудайдын ар бир кызматчысына тиешелүү болгондуктан, асманда жашоого үмүттөнгөндөр да, жерде жашоого үмүттөнгөндөр да аларга ылайык иш кылышат.

12. Кабар айтуу ишине байланыштуу кандай өзгөрүү болгон?

12 Адегенде Иса Машаяк шакирттерине тапшырган кабар айтуу ишине токтололу. Ал иштин кантип жана канчалык деңгээлде аткарылары мурдагыдан башкача болмок. Байыркы учурда Жахабага кызмат кылуу үчүн башка элдердин өкүлдөрү Ысрайыл жерине өздөрү келишчү (1 Пад. 8:41—43). Бирок кийин Иса Матай 28:19, 20-аяттарда жазылган буйрукту берген. (Аяттарды оку.) Ал шакирттерине «бардык элдерге» барышы керектигин айткан. Жахабанын жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча жарыяланышын ниет кылганы алгач б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында айкын болгон. Ошол күнү ал жаңы уюшулган жыйналыштын 120дай мүчөсүнө ыйык рухун төккөн. Натыйжада алар керемет жолу менен ар башка тилдерде сүйлөп, жүйүттөр менен алардын динин кабыл алган бөтөн жерликтерге кабар айтышкан (Элч. 2:4—11). Кийинчерээк алар самариялыктарга, ал эми б.з. 36-жылы сүннөткө отургузулбаган башка элдерге да кабар айта башташкан. Ошентип, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар башында жүйүттөргө эле айтылса, кийин бүт адамзатка жарыяланышы керектиги айкын көрүнгөн.

13, 14. а) Иса айткан «жаңы осуят» өз ичине эмнени камтыйт? б) Исадан кандай үлгү алсак болот?

13 Эми ишенимдештерибизге кандай мамиле кылышыбыз керектигин карап көрөлү. Иса Машаяк бизге «жаңы осуят» берген. (Оку: Жакан 13:34, 35.) Ага ылайык, биз бири-бирибизди жөн эле жакшы көрүп койбой, зарыл болсо, өмүрүбүздү берүүгө даяр болушубуз керек. Бул Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда талап кылынбаган жаңы осуят болчу (Мт. 22:39; 1 Жкн. 3:16).

14 Ошондой сүйүүнү чагылдыруу жагынан Иса мыкты үлгү көрсөткөн. Шакирттерин ушунчалык сүйгөндүктөн ал алар үчүн жанын берген. Ал бардык жолдоочуларынан, анын ичинде бизден да ушундай сүйүү көрсөтүшүбүздү күтөт. Андыктан биз ишенимдештерибиз үчүн азап чегүүгө, атүгүл өлүм менен беттешүүгө да даяр болушубуз керек (1 Тес. 2:8).

АЗЫРКЫ УЧУРГА ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ БАЙЛАНЫШТУУ КӨРСӨТМӨЛӨР

15, 16. Жахабанын элинин жагдайы кандайча өзгөрдү жана ал элине кантип жетекчилик берүүдө?

15 Айрыкча, «ишенимдүү жана акылдуу кул» дайындалгандан тартып, Иса Машаяк жолдоочуларын өз убагында рухий тамак менен камсыз кылып келет (Мт. 24:45—47). Ошол тамак аркылуу бизге учурдагы өзгөргөн жагдайыбызга байланыштуу маанилүү көрсөтмөлөр берилүүдө.

16 Азыр биз, Ыйык Китепте айтылгандай, «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз жана жакында тарыхта болуп көрбөгөн улуу алаамат болот (2 Тим. 3:1; Мр. 13:19). Ошондой эле Шайтан Ибилис менен анын жин-перилери асмандан жерге куулуп түшүрүлгөндүктөн, адамзаттын азап-кайгысы барган сайын көбөйүүдө (Аян 12:9, 12). Андан тышкары, биз эч качан кайталанбай турган жакшы кабар айтуу ишине катышып, чындыкты барган сайын көбүрөөк тилде, көбүрөөк адамдарга жеткирүүдөбүз.

17, 18. Берилип жаткан көрсөтмөлөргө кандай карашыбыз керек?

17 Кабар айтуу ишин аткара алышыбыз үчүн, Кудайдын уюму бизди ар кандай куралдар менен камсыз кылууда. Аларды колдонуп жатасыңарбы? Жолугушуулардан аларды кантип натыйжалуу колдонуу керектиги жөнүндө айтылган кеп-кеңештерге ылайык иш кылуудасыңарбы? Аларды Кудайдын жетекчилиги катары кабыл аласыңарбы?

18 Ырас, Кудайдын батасына ээ боло беришибиз үчүн анын жыйналыш аркылуу берип жаткан акыл-насааттарына кулак кагышыбыз керек. Азыртадан тил алчаак болсок, Шайтандын каардуу дүйнөсү жок боло турган «улуу алаамат» учурунда бериле турган көрсөтмөлөргө баш ийүү оңой болот (Мт. 24:21). Армагедондон кийин Шайтандын таасиринен толугу менен арылган жаңы заманда жашоо үчүн жаңы көрсөтмөлөрдү алабыз.

Бейиште жаңы көрсөтмөлөр камтылган «түрмөктөр ачылат» (19, 20-абзацтарды карагыла)

19, 20. Келечекте эмне болгон түрмөктөр ачылат жана анын жыйынтыгы кандай болот?

19 Жогоруда талкуулангандай, Муса пайгамбардын күндөрүндө ысрайыл элине жаңы көрсөтмөлөр керек болгондуктан, Кудай аларга Мыйзам берген. Ал эми 1-кылымдан тартып анын кызматчылары «Машаяктын мыйзамы» боюнча жашай башташкан. Ошо сыяктуу эле, Ыйык Китепте айтылгандай, жаңы заманда жаңы көрсөтмөлөр камтылган «түрмөктөр ачылат». (Оку: Аян 20:12.) Аларда, кыязы, Жахабанын ошол убакта жашай тургандарга коюлган талаптары жазылат. Ал түрмөктөрдү изилдегендердин баары, анын ичинде тирилгендер да Кудайдын аларга байланыштуу эркин билип, анын ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнө алышат. Ыйык рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзүндө жана жаңы түрмөктөрдө айтылгандарды жакшыраак түшүнгөн сайын бейиште баары бири-бирин мурдагыдан да жакшы көрүп, урмат-сый менен мамиле кыла беришет (Ыш. 26:9). Падышабыз Иса Машаяктын башкаруусунун астында жашагандар канчалык көп билимге ээ болушарын элестетсеңер!

20 «Түрмөктөрдө жазылгандарга» ылайык иш кылгандар түбөлүк өмүргө ээ болушат. Акыркы сыноодо кынтыксыз бойдон калгандардын ысымын Жахаба «өмүр түрмөгүнө» өчпөс кылып жазып коёт. Алардын арасында биз да боло алабыз! Эгер ТОКТОП, Кудайдын Сөзүн окусак, анда жазылгандарды түшүнүш үчүн жакшылап КАРАСАК жана Кудайдын айткандарын УКСАК, улуу алааматтан аман өтүп, чексиз акылман жана мээримдүү Кудайыбыз Жахаба жөнүндө түбөлүккө билим ала беребиз (Нас. 3:11; Рим. 11:33).