Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, чөмүлүүгө кантип даярдана аласыңар?

Жаштар, чөмүлүүгө кантип даярдана аласыңар?

«Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам» (ЗАБ. 40:8).

ЫРЛАР: 51, 58

1, 2. а) Чөмүлүү эмне үчүн олуттуу кадам экенин түшүндүрүп бер. б) Чөмүлгөнгө чейин адам эмнеге ынанышы керек?

СЕН чөмүлөйүн деп жаткан жаштардын бирисиңби? Эгер ошондой болсо, өмүрүңдөгү эң чоң сыймыкка умтулуп жатасың. Бирок, мурунку макалада айтылгандай, чөмүлүү — абдан олуттуу кадам. Чөмүлүү менен сен Жахабага арналганыңды, башкача айтканда, ага жашооңдо анын эркин баарынан жогору коюп, түбөлүккө кызмат кылам деп убада бергениңди көрсөтөсүң. Андыктан чөмүлүү үчүн ал чечимди чыгара алгыдай деңгээлде болушуң, аны өзүң каалашың жана арналуунун маанисин түшүнүшүң талап.

2 Эгер чөмүлүүгө даяр экениңе көзүң жетпей жатсачы? Же сен өзүң чөмүлгүң келип, бирок ата-энең дагы бир нече убакытка, мисалы, көбүрөөк тажрыйба топтогонго чейин күтө турушуң керектигин айтсачы? Кандай болбосун, көңүлүңдү чөгөрбө. Анын ордуна, мүмкүнчүлүктү туура колдонуп, ийгилик кыла берсең, көп өтпөй чөмүлүүгө даяр болуп каласың. Ушуларды эске алып, төмөнкү үч нерсеге: 1) ишенимиңе, 2) иштериңе жана 3) ыраазычылыгыңды арттырууга байланыштуу кандай максаттарды койсоң болору тууралуу ойлонуп көр.

ИШЕНИМИҢ

3, 4. Жаштар Тиметейден эмнеге үйрөнө алышат?

3 «Кудайдын бар экенине эмне үчүн ишенем? Ыйык Китептин Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына эмнеден улам ынангам? Эмне үчүн дүйнөнүн нормаларына караганда Кудайдын адеп-ахлак нормаларына ылайык жашоо алда канча жакшы деп эсептейм?» — деген суроолорго кантип жооп бермектигиң тууралуу ойлонуп көрсөң. Бул суроолор сенде күмөн саноолорду пайда кылуу үчүн эмес, элчи Пабылдын: «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгиле»,— деген чакырыгына ылайык иш кылууга жардам берүү үчүн түзүлгөн (Рим. 12:2). Эмне үчүн чындыкты таанып-билгениң, тагыраак айтканда, ага өзүң ынанганың маанилүү?

4 Ыйык Китептен Тиметейдин үлгүсүн карап көрөлү. Апасы менен таенеси ага «ымыркай кезинен» эле Кудай жөнүндө билим беришкендиктен, ал Ыйык Жазманы жакшы билген. Анткен менен элчи Пабыл аны: «Эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман»,— деп үндөгөн (2 Тим. 3:14, 15). Бир эмгекке ылайык, түп нускадагы «ынануу» деген сөз «бир нерсенин чындык экенине көзү жетүү, бекем ишенүү» деген маанини туюнтат. Тиметей өзү ишенген нерселердин чындык экенине толугу менен көзү жеткен. Ал чындыкты, апасы же таенеси айткандыктан эмес, өзү ой жүгүртүп, ынангандыктан кабыл алган. (Оку: Римдиктер 12:1.)

5, 6. Эмне үчүн азыртадан «акыл жөндөмүңдү» колдонууга үйрөнө беришиң керек?

5 Сен тууралуу эмне айтууга болот? Балким, Ыйык Китептеги чындыктарды көп жылдан бери билеттирсиң. Эгер ошондой болсо, аларга эмне себептен ишенериңди жакшылап текшерип көрөттүрсүң. Бул ишенимиңди бекемдеп, теңтуштарыңдын кысымына жана дүйнөнүн таасирине алдырбаганга, сезимдериңе жетеленбегенге жардам берет.

6 Азыртадан «акыл жөндөмүңдү» колдонууга үйрөнө берсең, курдаштарыңдын: «Кудайдын бар экенин кайдан билесиң? Эгер Кудай мээримдүү болсо, эмне үчүн жамандыкка жол берип жатат? Кудайды ким жараткан?» — деген суроолоруна туура, маңыздуу жооп бергенге үйрөнөсүң. Андай суроолорго жооп берүүгө даярданып жатканда ишенген нерселериңдин чындык экенине ого бетер ынанып, Ыйык Китепти көбүрөөк изилдегенге түрткү аларың шексиз.

7—9. Сайттагы «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген рубрика ишенимиңди кандайча бекемдегенин айтып бер.

7 Өздүк изилдөөнү сапаттуу өткөрүү башкалар берген суроолорго жооп тапканга, шек саноолордон арылганга жана ишенимиңдин күчтүү болушуна шарт түзөт (Элч. 17:11). Бизде өздүк изилдөө учурунда колдонууга арбын куралдар бар. Алсак, көптөр «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепчени жана «Камкор Жараткан барбы?» деген китепти изилдөө абдан пайдалуу экенин байкашкан. Мындан тышкары, көптөгөн жаштарга сайтыбыздагы «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген рубрика абдан жагат. Аны jw.org сайтындагы «ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР» деген бөлүктөн таба аласың. Ал рубрикага чыккан ар бир темадагы суроолор сага Ыйык Китепте жазылгандарга бекем ишенүүгө көмөк кылуу үчүн түзүлгөн.

8 Ыйык Китепти изилдеп жүргөндүктөн ал суроолордун айрымдарына оңой эле жооп берип коюшуң мүмкүн. Бирок ошол жоопторуңдун туура экенине эмне себептен ишенесиң? Рубрикадагы ар бир темада бир нече аят берилет. Ал аяттардын үстүнөн терең ой жүгүртүүнүн жана аларга байланыштуу өзүңдүн оюңду жазуунун аркасында башкаларга ишенген нерселериңди түшүндүрүп берүүгө үйрөнө бересиң. «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген рубрика көптөгөн жаштарга ишенимин чыңдаганга жардам берип келет. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо, сен да аны өздүк изилдөөңдө колдонсоң болот.

9 Ыйык Китепте чындык жазылганына ынануу менен чөмүлүүгө даярданып жатканыңды көрсөтөсүң. Бир өспүрүм ишенимдешибиз: «Чөмүлүүнү чечкенге чейин Ыйык Китепти изилдеп, бул диндин чыныгы дин экенине ынандым. Буга болгон ишенимим күндөн күнгө бекемделүүдө»,— деген.

ИШТЕРИҢ

10. Чөмүлгөндөрдөн ишенимин иш жүзүндө көрсөтөт деп күтүү эмне себептен орундуу?

10 Ыйык Китепте: «Ишсиз ишеним өлүк»,— деп айтылат (Жкп. 2:17). Андыктан бекем ишенимге ээ экениңди иштериң менен көрсөтүшүң керек. Аларга кандай иштер кирет? Ыйык Китепте «жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушубуз» керектиги жазылган. (Оку: 2 Петир 3:11.)

11. «Жүрүм-туруму ыйык» болуу деген эмнени билдирерин түшүндүрүп бер.

11 Жүрүм-турумуң ыйык болушу үчүн, адеп-ахлак жактан таза болушуң керек. Бул жагынан кандай ийгиликтерди кылып жатасың? Мисалы, акыркы алты айдын ичинде кылган иштериң жөнүндө ойлонуп көр. Акылыңды «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырганыңды» көрсөтө алдыңбы? (Евр. 5:14). Кайсы бир азгырыкка же теңтуштарыңдын кысымына туруштук берген учурларыңды эстей аласыңбы? Мектепте өзүңдү үлгүлүү алып жүрөсүңбү? Шылдың болбош үчүн классташтарыңа жакканды кылбастан, ишенимиңди бекем сактап жатасыңбы? (1 Пет. 4:3, 4). Албетте, эч кимибиз жеткилең эмеспиз. Ошондуктан Жахабага көптөгөн жылдардан бери кызмат кылып келаткандар да кээде ишеними тууралуу башкаларга айтуудан тартынышы мүмкүн. Бирок өзүн Жахабага арнаган адам анын ысмын алып жүргөнүнө сыймыктанат жана муну жүрүм-туруму менен көрсөтөт.

12. «Кудайга берилген адам» экениң кайсы иштериңден көрүнөт жана аларга кандай карашың керек?

12 «Кудайга берилген адам» экениң кайсы иштериңден көрүнөт? Аларга жыйналыш жолугушууларына баруу, кабар айтуу ишине катышуу сыяктуу рухий иштер кирет. Ошондой эле жекече тиленүү, өздүк изилдөө өткөрүү сыяктуу башкаларга көрүнбөгөн иштер да кирет. Өмүрүн Кудайга арнаган адам андай иштерди оор жүктөй көрбөйт. Анын ордуна: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп айткан Дөөтү падышаныкындай маанай чагылдырат (Заб. 40:8).

13, 14. Кудайга берилгендигиңди айгинелеген иштерди кылууга кайсы кутуча жардам берет жана айрым жаштар ал кутучадан кандай пайда алышкан?

13 Бул жагынан алдыңа кандай максаттарды койсоң болорун аныктоого «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 308, 309-беттеринде жайгашкан кутуча жардам берет. Ал кутучада: «Жахаба Кудайга жүрөгүңдөгүнү так-айкын айтып тиленесиңби? Тиленгенде айткан сөздөрүңдөн Жахаба Кудайды жакшы көрөрүң көрүнүп турабы? Өз алдыңча эмнелерди окуп-изилдейсиң? Ата-энең кабар айтуу ишине катышпаса да, сен катышып жатасыңбы?» — деген сыяктуу суроолор бар. Аларга өзүңдүн жоопторуңду жазсаң болот. Андан тышкары, кутучада тиленүүгө, өздүк изилдөөгө, кызматка байланыштуу кандай максаттарды койгонуңду жазганга да бош орундар бар.

14 Чөмүлөйүн деп жүргөн көптөгөн жаштар ал кутучаны колдонуу абдан натыйжалуу экенин байкашкан. Тилда аттуу жаш бир тууганыбыз: «Ошол кутучаны колдонуп, алдыма максаттарды койгом. Анан алардын улам бирин ишке ашырып отуруп, бир жылдай өткөндөн кийин чөмүлүүгө даяр болуп калгам»,— дейт. Патрик деген жаш ишенимдешибиз да ал кутучадан пайда алганы тууралуу: «Мен койгон максаттарымды билчүмүн, бирок аларды кагаз бетине жазганда, аларга жетүү үчүн бүт күч-аракетимди жумшоого түрткү алдым»,— деп айткан.

Ата-энең Жахабага кызмат кылбаса да, сен кызмат кыла бересиңби? (15-абзацты кара)

15. Жахабага арналууну эмне үчүн өзүң чечишиң керек?

15 Кутучада: «Ата-энең, досторуң Жахабага кызмат кылбай калса да, сен кызмат кыла бересиңби?» — деген ойлондурарлык суроо да камтылган. Жахабанын арналган, чөмүлгөн кызматчысы болгон соң анын алдында өзүң үчүн өзүң жооп бересиң. Андыктан Кудайга кызмат кылар-кылбасың башкалардан, атүгүл ата-энеңден көз каранды болбош керек. Жүрүм-турумуңдун ыйык болгону жана Кудайга берилгениңди көрсөткөн иштерди кылып жатканың чындык жолун өзүң тандаганыңды, чөмүлүүгө жакшы даярдык көрүп жатканыңды далилдейт.

ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫҢ

16, 17. а) Кудайдын кызматчысы болууга эмне түрткү бериши керек? б) Кун үчүн ыраазы болушубуз керектигин кайсы мисал менен түшүндүрүүгө болот?

16 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды жакшы билген бир киши Иса Машаяктан: «Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сураганда, ал: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деп жооп берген (Мт. 22:35—37). Исанын айткандарынан көрүнүп тургандай, бизге рухий иштерди кылууга, анын ичинде чөмүлүүгө Жахабага болгон күчтүү сүйүү түрткү бериши зарыл. Кудайга болгон сүйүүңдү өрчүтүүнүн эң жакшы жолдорунун бири — анын бизге берген баалуу белеги, тактап айтканда, Уулунун куткаруу курмандыгы тууралуу ой жүгүртүү. (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15; 1 Жакан 4:9, 19.) Ооба, кун жөнүндө жана анын сен үчүн кандай мааниге ээ экени тууралуу ой жүгүртүү аны баалап, ыраазы болууга түрткү берет.

17 Эмне үчүн кунду жогору баалашың керектигин түшүнүү үчүн бир мисал карап көрөлү. Чөгүп баратканыңда кимдир бирөө сени сактап калганын элестетсең. Андай учурда эмне кылат элең? Эч нерсе болбогондой, үйүңө барып, курганып, анын кылган жакшылыгын унутуп калат белең? Албетте, антпейсиң! Өмүрүңдү сактап калган ал кишиге чексиз ыраазы болуп, өзүңдү ага карыздар сезериң күмөнсүз. Анда Жахаба Кудай менен Иса Машаякка ого бетер ыраазы болушубуз керек эмеспи? Анткени кун төлөнбөсө, баарыбыз каймана мааниде күнөө менен өлүмгө чөгүп кетмекпиз. Бирок Жахаба менен Уулунун зор сүйүүсүнүн аркасында биз бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнө алабыз.

18, 19. а) Жахабага таандык болгондон эмне үчүн коркпошуң керек? б) Кудайга кызмат кылуу кандайча жашооңду жакшыртат?

18 Жахабанын сен үчүн кылган жакшылыктарын баалайсыңбы? Эгер бааласаң, өмүрүңдү ага арнап, чөмүлгөнүң орундуу болот. Кудайга арналганда ага, кандай жагдай болбосун, анын эркин түбөлүккө аткарууга убада берериңди унутпа. Бирок андай жоопкерчиликти алуудан коркушуң керекпи? Түк да. Жахабанын сага жакшылык гана каалаарын жана «аны талыкпай издегендерге сыйлык берерин» эсиңден чыгарба (Евр. 11:6). Өзүңдү ага арнап, чөмүлгөнүң жашооңо терс таасир этпейт. Тескерисинче, Жахабага кызмат кылуунун аркасында өзүңдү коопсуз сезип, бактылуу болосуң. Өспүрүм куракка жетпей чөмүлгөн 24 жаштагы бир ишенимдешибиз: «Балким, чоңураак кезимде чөмүлсөм, көп нерсени тереңирээк түшүнмөктүрмүн. Бирок өзүмдү Жахабага арноону чечкеним дүйнөдөгү нерселерге умтулуудан коргоду»,— дейт.

19 Жахаба сени өз кызыкчылыгына колдонууну көздөгөн Шайтандан кандай гана айырмаланат! Шайтан өзү тарапты ээлегендерге эч кандай сыйлык бере албайт. Анда эч кандай жакшы кабар да, үмүт да жок. Ал өзүндө жок нерсени кантип бере алмак эле? Өзүнүн келечеги караңгы болгондуктан, ал сага ошондой гана келечек бере алат (Аян 20:10).

20. Өзүн Жахабага арноого жана чөмүлүүгө даяр болуш үчүн жаштар эмне кылса болот? (« Ийгилик кылууга жардам» деген кутучаны да кара.)

20 Өмүрүңдү Жахаба Кудайга арноо жашооңдогу эң туура чечимиң болуп эсептелет. Ал кадамды жасоого даярсыңбы? Эгер ошондой болсо, создуктурба. Ал эми даяр боло элек болсоң, бул макаладагы сунуштарды колдонуп, алга илгерилей бер. Элчи Пабыл Филипи шаарындагы ишенимдештерине: «Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып, багытыбыздан жазбайлы»,— деген (Флп. 3:16). Эгер анын кеңешине ылайык иш кылсаң, көп өтпөй өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлүүнү каалаарың шексиз.