Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бир туугандарыңа эмоциялык, рухий жана башка жактардан кандай жардам керек экенин түшүнгөнгө аракет кыл

Жыйналышыңа жардам бере аласыңбы?

Жыйналышыңа жардам бере аласыңбы?

АСМАНГА кетердин алдында Иса Машаяк жолдоочуларына: «Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8). Анын алгачкы жолдоочулары бул оор тапшырманы кантип аткарышкан?

Оксфорд университетинде эмгектенген Мартин Гудман деген профессор Машаяктын шакирттери өздөрүнө тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү карагандыктан Рим империясындагы башка диний топтордон, анын ичинде жүйүттөрдөн да айырмаланып турушканын айткан. Иса Машаяк кабар айтуу үчүн көп жерлерди кыдырган. Андан үлгү алган жолдоочулары «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялоо Ыйык Китептеги чындыкты билгиси келгендерди издеп-табууну билдирерин жакшы түшүнүшкөн (Лк. 4:43). Ошондуктан 1-кылымдагы жыйналышта элчилер болгон. «Элчи» деген сөз түзмө-түз «жөнөтүлгөн» дегенди билдирет (Мр. 3:14). Иса жолдоочуларын кабар айтууга жөнөткөн. Ал: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген буйрук берген (Мт. 28:18—20).

Учурда арабызда Исанын 12 элчиси жок болсо да, алардан үлгү алган ынталуу бир туугандарыбыз арбын. Жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылыш керек болгондо алар: «Мен барам! Мени жибер»,— деп жооп беришет (Ыш. 6:8). Андай ишенимдештерибиздин кээ бирлери, алардын арасында Гилат мектебинен билим алган миңдеген миссионерлер алыскы өлкөлөрдө кызмат кылууда. Айрымдар болсо өз өлкөсүндөгү башка аймактарга көчүп барышкан. Көптөр бөлөк тилде сүйлөгөндөргө кабар айтыш үчүн жаңы тил үйрөнүп, ошол тилде өткөрүлгөн жыйналыштарга же топторго которулушкан. Алар да, жарчыларга муктаждык чоң жерге көчүп баргандар да ар кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн. Жахабага жана жакындарына болгон сүйүүсүн көрсөтүү үчүн алардан жан аябастык талап кылынат. Ошондуктан барган жеринде жемиштүү кызмат кыла алыш үчүн алар алдын ала баарын таразалап көрүшөт (Лк. 14:28—30). Андай бир туугандардын көрсөткөн жардамы, чындап эле, абдан зор.

Бирок ар кимдин жагдайы ар кандай. Муктаждык чоң жерге көчүп барууга же чет тилин үйрөнүүгө баарынын эле шарты боло бербейт. Ошентсе да ар бирибиз өзүбүздүн жыйналышыбызда деле миссионер боло алабыз.

ӨЗҮҢДҮН ЖЫЙНАЛЫШЫҢДА ДЕЛЕ МИССИОНЕР БОЛО АЛАСЫҢ

Мүмкүнчүлүгүңө жараша башкаларга жардам бериш үчүн...

1-кылымда Исанын жолдоочулары кабар айтуу ишине ынталуу катышышкан, бирок баары эле миссионер болушкан эмес. Алардын көбү өз жеринде эле кызмат кылышкан. Ошентсе да элчи Пабылдын Тиметейге: «Жакшы кабар айтуу ишине катыш, кызматыңды толугу менен аткар»,— деп айткан сөздөрү Кудайдын бардык кызматчыларына тиешелүү болгон (2 Тим. 4:5). Анын кеңеши Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары үчүн да чоң мааниге ээ. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоого жана шакирт даярдоого байланыштуу берилген буйрукка баарыбыз баш иебиз. Ошондой эле миссионерлер кылган иштердин көбүн ар бирибиз өзүбүздүн жыйналышыбызда да кыла алабыз.

Алсак, бөтөн жерде көп нерсе башкача болгондуктан, миссионер ал жактын жашоо шартына ылайыкташышы керек. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер жарчылар аз жакка көчүп бара албасак, жыйналышыбыздын аймагын кылдат иштеттик деп ойлобой, аймагыбыздагыларга кабар айтуунун жаңы ыкмаларын табууга аракет кылабызбы? Мисалы, 1940-жылы бир туугандар көчөдө күбөлөндүрүү үчүн жума сайын бир күнүн бөлүп турууга чакырылышкан. Сен да кызматтын ушул түрүнө катышып жатасыңбы? Расмий веб-сайтыбыздагы тасмаларды колдонуп кабар айтып көрдүңбү? Кыскасын айтканда, жакшы кабарды жарыялоонун сен үчүн жаңы болгон ыкмаларын колдонууга дилгирсиңби? Дайыма оң маанай сактоо жалындап кызмат кылууга жардам берет.

...«жакшы кабар айтуу ишине катышууга» үндө

Жарчылар жетишсиз жакка көчүп барган же бөтөн тилде сүйлөгөндөргө кабар айткан бир туугандар адатта тажрыйбалуу болушат. Ошондуктан алар кабар айтуу жагынан жана башка жактардан жыйналышка жакшы көмөк көрсөтө алышат. Ошондой эле жергиликтүү бир туугандар тажрыйба топтогончо, миссионерлер жыйналыштагы иш-чараларды жетектешет. Эгер сен чөмүлгөн ага-инилерден болсоң, көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болуп, жыйналышыңдагыларга кызмат кылууга умтулуп жатасыңбы? (1 Тим. 3:1).

БАШКАЛАРГА «ЖӨЛӨК БОЛ»

...иш жүзүндө көмөк кыл

Ынталуу кабар айткандан жана сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулгандан тышкары, жыйналышыбызга дагы башка жолдор менен жардам берсек болот. Жаштар да, карылар да, эркектер да, аялдар да — баары жардамга муктаж ишенимдештерине «жөлөк боло» алышат (Кол. 4:11).

Бир туугандарга колдоо көрсөтө алыш үчүн, аларды жакшы билишибиз керек. Ыйык Китеп бизди жолугушууларда «бири-бирибизге көңүл бөлүүгө» үндөйт (Евр. 10:24). Албетте, биз башкалардын ишине кийлигишпейбиз, бирок алар менен жакшыраак таанышып, жагдай-шартын, эмнеге муктаж экенин билүүгө аракет кылабыз. Аларга эмоциялык, рухий же дагы башка жактан жардам керек болушу мүмкүн. Андай бир туугандарга көмөк кылууга аксакалдар менен кызмат жардамчылары гана милдеттүү эмес. Ырас, кээде кимдир бирөөгө жыйналыштагы жооптуу бир туугандар жардам бериши керек болгон жагдайлар болот (Гал. 6:1). Бирок башына кыйынчылык түшкөн кары ишенимдештерибизге жана үй-бүлөлөргө баарыбыз жөлөк-таяк боло алабыз.

...турмуш түйшүктөрүнөн кыйналгандарды эмоциялык жактан бекемде

Мисалга Сальваторе деген бир туугандын окуясын алалы. Ал акча жагынан кыйналгандыктан жүргүзгөн ишин токтотуп, үйүн жана көп мүлкүн сатууга аргасыз болгон. Ошондуктан үй-бүлөсүн ойлоп абдан тынчсызданган. Жыйналышындагы бир үй-бүлө алардын оор абалын көрүп, кем-карчына каралашкандан сырткары, Сальваторе менен жубайына жумуш табууга жардам беришкен. Ошондой эле көп жолу кечинде алардын үй-бүлөсү менен чогуу болуп, айткандарын кунт коюп угуп, бекемдешкен. Анын аркасында алар ынак достордон болуп калышкан. Азыр ал эки үй-бүлө ошол кыйын кезеңде чогуу өткөргөн күндөрүн жылуу сезим менен эскерет.

Кудайдын чыныгы кызматчылары өздөрү ишенген нерселер тууралуу башкалардын да билишин каалашат. Биз Исадан үлгү алып, Ыйык Китепте жазылган кереметтүү убадалар жөнүндө ар бир адамга айтышыбыз керек. Башка жакка көчүп бара алабызбы же жокпу, биз баарына, анын ичинде жыйналышыбыздагыларга да жакшылык кыла алабыз (Гал. 6:10). Ошентсек, бергенден кубаныч алып, «ар бир жакшы иште жемиш беребиз» (Кол. 1:10; Элч. 20:35).