Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула»

«Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула»

«Балдарым, мени уккула... Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула» (НАКЫЛ 8:32, 33).

ЫРЛАР: 56, 89

1. Канткенде акылмандыкка ээ боло алабыз жана анын натыйжасы кандай болот?

ЖАХАБА — акылмандыктын булагы. Ал аны башкаларга марттык менен берет. Жакып 1:5те: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деп жазылган. Кудайдын акылмандыгына ээ болуунун бир жолу — анын оңдоп-түзөгөнүн кабыл алуу. Ал берген акылмандык бизди туура эмес иш кылуудан, рухий жактан зыян тартуудан сактайт (Накыл 2:10—12). Анын аркасында түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүздөн жана «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз» (Жүй. 21).

2. Кудайдын оңдоп-түзөгөнүнө ыраазы болууга эмне жардам берет?

2 Өкүнүчтүүсү, жеткилеңсиз болгондуктан, алган тарбиябыздан жана башка нерселерден улам оңдоп-түзөөнү кабыл алуу же ага карата туура көз карашта болуу оңой эмес. Бирок анын кандай пайда алып келгенин көргөндө Кудайдын бизди жакшы көрөрүн сезип, анын акыл-насааттарын баалап калабыз. Накыл сөздөр 3:11, 12де: «Уулум, Жахабанын акыл-насаатын четке какпа,.. Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт»,— делет. Ооба, анын биздин жыргалчылыгыбызды гана ойлоорун эч качан унутпайлы. (Оку: Еврейлер 12:5—11.) Кудай бизди эң жакшы билгендиктен дайыма туура жол менен жана тийиштүү деңгээлде оңдоп-түзөйт. Эмесе, буга байланыштуу төмөнкү төрт нерсени карап көрөлү: 1) өзүбүздү тарбиялоо, 2) ата-эненин тарбиясы, 3) Жахабанын жыйналыш аркылуу оңдоп-түзөгөнү, 4) оңдоп-түзөөнүн өзүнөн да көбүрөөк азап тарттырган нерсе.

ӨЗҮБҮЗДҮ ТАРБИЯЛАГАНЫБЫЗ АКЫЛДУУЛУККА ЖАТАТ

3. Бала өзүн тарбиялаганга кантип үйрөнөт? Мисал келтиргиле.

3 Өзүбүздү тарбиялоо жүрүм-турумубузду, ой жүгүртүүбүздү жакшыртуу үчүн өзүбүздү башкара билүүнү камтыйт. Биз мындай жөндөм менен төрөлбөйбүз, муну үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, бала велосипед тепкенди үйрөнүп жатканда, велосипеди кулап кетпеши үчүн, ата-энеси аны кармап турат. Баласы тең салмактуулукту сактаганга үйрөнө баштаганда, алар бир нече убакытка акырындык менен коё берип, кайра кармап турушат. Ал эми ал толук үйрөнүп калганда, велосипедди коркпой эле коё беришет. Анын сыңарындай, ата-эне баласына дайыма чыдамкайлык менен «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен» тарбиялай берсе, аны өзүн тарбиялаганга, акылдуу болгонго үйрөтөт (Эф. 6:4).

4, 5. а) Өзүн тарбиялоо эмне үчүн «жаңы табияттын» маанилүү бөлүгү болуп эсептелет? б) «Жети жолу жыгылсак» да, эмне үчүн багынбашыбыз керек?

4 Жахабаны чоңойгон кезинде таанып-билгендер жөнүндө да ушуну айтууга болот. Албетте, алар ага чейин эле өздөрүн тарбиялаганга кандайдыр бир деңгээлде үйрөнүшкөн. Бирок рухий жактан алганда, Кудайга жаңыдан кызмат кыла баштагандар али жетиле элек болушат. Ошентсе да алар бара-бара Машаякка окшош болууга, «жаңы табиятты» кийүүгө үйрөнүп, жетиле беришет (Эф. 4:23, 24). Өзүн тарбиялоо «жаңы табияттын» маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Анын аркасында «ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга жана азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого» үйрөнөбүз (Тит 2:12).

5 Тилекке каршы, баарыбыз күнөө кылганга жакын келебиз (Нас. 7:20). Бирок ката кетиргенибиз өзүбүздү тарбиялоого жакшы үйрөнбөгөнүбүздү же ал такыр колубуздан келбей турганын билдирбейт. Накыл сөздөр 24:16да: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат»,— деп жазылган. Ага эмне жардам берет? Ал эрки күчтүү болгондуктан эмес, Кудайдын ыйык руху жардам бергендиктен кайра турат. (Оку: Филипиликтер 4:13.) Ыйык рухтун жемишине өзүн өзү кармай билүү да кирет, ал болсо өзүн тарбиялоо менен тыгыз байланышта.

6. Кудайдын Сөзүн изилдөөнү жакшы көргөнгө кантип үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

6 Өзүбүздү тарбиялоого үйрөнүүгө ыйык рухтан тышкары чын жүрөктөн тиленүү, Ыйык Китепти изилдөө, ой жүгүртүү да көмөк кылат. Бирок Кудайдын Сөзүн изилдөөнү анча жакшы көрбөсөңөрчү? Балким, изилдегенге анча жокмун деп ойлойттурсуңар. Эгер Жахабага жол берсеңер, ал силерге өзүнүн Сөзүнө карата сүйүү өрчүтүүгө көмөк кылат (1 Пет. 2:2). Ан үчүн адегенде Жахабадан Ыйык Китепти изилдөө үчүн өзүңөрдү тарбиялаганга жардам беришин сурап тиленгиле. Анан тиленүүңөргө ылайык иш кылгыла, мисалы, аз-аздан изилдеп тургула. Убакыттын өтүшү менен изилдөө жүргүзүү оңой да, жагымдуу да болуп калат! Жахабанын баа жеткис ойлорун изилдөөгө арнаган убактыңарды абдан баалай баштайсыңар (1 Тим. 4:15).

7. Өзүбүздү тарбиялай билгенибиз рухий максаттарыбызга жетүүгө кандайча жардам берет?

7 Өзүбүздү тарбиялай билгенибиз рухий максаттарыбызга жетүүгө өбөлгө түзөт. Алсак, үй-бүлөлүү бир ишенимдешибиз кызматка болгон ынтасы сууп баратканын байкаган. Ал буга тынчсызданып, үзгүлтүксүз пионер болууну максат кылып койгон да, ага байланыштуу макалаларды окуп чыккан. Ушундай иш-аракет кылганынын жана тиленгенинин аркасында рухий жактан жанданган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү болгон сайын көмөкчү пионер болуп кызмат кылган. Натыйжасы кандай болгон? Ар кандай тоскоолдуктар болсо да, ал үзгүлтүксүз пионер болом деген максатынан кайткан эмес жана акыры ага жеткен.

БАЛАҢАРДЫ ЖАХАБАНЫН АКЫЛ-НАСААТЫ МЕНЕН ТАРБИЯЛАГЫЛА

Балдар эмне туура, эмне туура эмес экенин билип төрөлбөйт, аларды үйрөтүү зарыл (8-абзацты карагыла)

8—10. Чындык жолундагы ата-энелерге балдарын Жахабанын кызматчыларынан кылып тарбиялоого эмне жардам берет? Мисал келтиргиле.

8 Баласына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен тарбиялоо» — чындык жолундагы ата-эне үчүн зор сыймык (Эф. 6:4). Бирок бул, өзгөчө, азыркы убакта оңой-олтоң иштерден эмес (2 Тим. 3:1—5). Балдар эмне туура, эмне туура эмес экенин билип төрөлбөйт. Албетте, аларда төрөлгөнүнөн тартып эле абийири болот, бирок аны туура тарбиялоо зарыл (Рим. 2:14, 15). Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгекте «оңдоп-түзөө» деп берилген грек сөзү баланы жоопкерчиликтүү кылып тарбиялоону да билдирери айтылган.

9 Ата-энеси мээримдүүлүк менен оңдоп-түзөп турса, балдар алардын кам көрүп жатканын сезишет. Андай балдар эркиндиктин чеги болорун, чыгарган чечимдери менен жүрүм-турумунун же жакшы, же жаман натыйжасы болорун билишет. Андыктан Жахабага кызмат кылган ата-энелердин бала тарбиялоодо андан жетекчилик издегени абдан маанилүү. Бала тарбиялоого байланыштуу кеп-кеңештер, ыкмалар маданиятка, заманга жараша ар кандай болорун унутпашыбыз керек. Эгер ата-эне Кудайды укса, баласына кантип жакшы тарбия берерин билбей башы маң болбойт жана өз тажрыйбасына же адамдык ой толгоолорго таянуунун зарылдыгы болбойт.

10 Мисалга Нух пайгамбарды алалы. Жахаба ага кеме курууну буйрук кылганда, ал өзүнүн тажрыйбасына таяна алмак эмес. Анткени ал эч качан кеме куруп көргөн эмес болчу. Андыктан Жахаба кандай айтса, «так ошондой кылып», ага таянышы керек эле (Башт. 6:22). Анын жыйынтыгы кандай болгон? Нух пайгамбар өмүрүндө биринчи жолу кеме курса да, аны эң сонун кылып кура алган. Ал үй-бүлө башчысы катары да ийгиликке жеткен. Мунун негизги себеби дагы эле Кудайдын акылмандыгына таянганында болгон. Ошондуктан ал, Топон суунун алдындагы бузулган дүйнөдө оор болгонуна карабай, балдарын жакшы тарбиялап, аларга мыкты үлгү көрсөтө алган (Башт. 6:5).

11. Баласын тарбиялоодо ата-эненин үлгү көрсөткөнү канчалык маанилүү?

11 Эгер ата-эне болсоңор, Кудай кандай айтса, «так ошондой кылыш» үчүн эмне кылсаңар болот? Жахабаны уккула. Балаңарды тарбиялоодо силерге өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу жетекчилик беришине жол бергиле. Ушундай кылганыңар үчүн кийин балаңар силерге ыракмат айтары шексиз. Бир ишенимдешибиз: «Ата-энемдин мага ушундай тарбия бергенине аябай ыраазымын. Алар жүрөгүмдү козгош үчүн колунан келгендин баарын кылышчу. Рухий жактан кылган ийгиликтеримдин көбүнө алардын жардамы менен жеттим»,— деп жазган. Бирок, өкүнүчтүүсү, ата-энеси канчалык аракет кылбасын, кээ бир балдар Жахабаны таштап кетишет. Анткен менен чындыкты баласынын жүрөгүнө жеткирүүгө бүт күчүн жумшаган ата-энелердин абийири таза болот. Ошондой эле алар туура жолдон чыгып кеткен баласынын бир күнү Жахабага кайтып келерине үмүттөнө алышат.

12, 13. а) Баласы жыйналыштан чыгарылганда, ата-эне Кудайга баш иерин кантип көрсөтө алат? б) Бир үй-бүлө Жахабага баш ийүүнүн аркасында кандай пайда алган?

12 Баласы жыйналыштан чыгарылганда, айрым ата-энелердин Кудайга канчалык баш иери аябай сыналат. Жыйналыштан чыгарылган кызы өзүнчө жашай баштаганда, апасынын эмне кылганын карап көрөлү. Ал: «Биздин адабияттардан кызым жана неберем менен байланышууга шылтоо боло турган бир нерсе тапканга аракет кылчумун»,— дейт. Бирок жолдошу ага эми кызы үчүн экөө жооптуу эмес экенин, Жахабага берилгендик сакташы керектигин сылыктык менен түшүндүрүп берген.

13 Кийинчерээк кызы жыйналышка кайра кабыл алынган. «Азыр кызым мага дээрлик күн сайын чалып же жазып турат. Ал мени да, атасын да Кудайга баш ийгенибиз үчүн аябай сыйлайт. Кызыбыз менен ушунчалык ынакпыз»,— дейт апасы. Силердин балаңар да жыйналыштан чыгарылган болсо, Ыйык Китептеги: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа»,— деген кеңешке ылайык иш кыласыңарбы? (Накыл 3:5, 6). Жахабанын оңдоп-түзөгөнү анын чексиз акылмандыгын, сүйүүсүн чагылдырып турарын эсиңерден чыгарбагыла. Анын өз Уулун бардык адамдар, анын ичинде силердин балаңар үчүн да бергенин эч качан унутпагыла. Кудай эч кимдин өлүшүн каалабайт. (Оку: 2 Петир 3:9.) Андыктан Жахабанын оңдоп-түзөгөнү, берген жетекчилиги дайыма туура экенине бекем ишенгиле. Атүгүл жүрөгүңөр сыздап, кыйналып жатсаңар да, Жахаба айткандай кыла бергиле. Анын оңдоп-түзөгөнүнө каршы чыкпагыла, тескерисинче, колдогула.

ЖЫЙНАЛЫШТА

14. Канткенде Жахабанын «ишенимдүү... башкаруучу» аркылуу берген көрсөтмөлөрүнөн пайда алабыз?

14 Жахаба жыйналышка кам көрөрүн, аны коргоп, жетектеп турарын убада кылган. Ал ошол убадасын ар түрдүү жолдор менен аткарууда. Алсак, жыйналышты Уулуна тапшырган, ал болсо рухий тамакты өз убагында берип турууга «ишенимдүү... башкаруучуну» дайындаган (Лк. 12:42). Ар кандай жол менен берилип жаткан ошол рухий тамак аркылуу баа жеткис көрсөтмөлөрдү, акыл-насааттарды алып турабыз. Андыктан: «Баяндамада же кайсы бир макалада айтылгандар ой жүгүртүүмдү же жүрүм-турумумду өзгөртүүгө түрткү берген учурлар канчалык көп болот?» — деп ойлонуп көргүлө. Эгер ал жакта айтылгандарга ылайык иш кылган болсоңор, кубангыла! Себеби ошентүү менен Жахабага силерди оңдоп-түзөп, калыптоого жол берип жатасыңар (Накыл 2:1—5).

15, 16. а) «Адам түрүндөгү белектердин» кызматы пайда алып келиши үчүн эмне кылсак болот? б) Канткенде аксакалдардын кубаныч менен кызмат кылышына өбөлгө түзөбүз?

15 Машаяк жыйналыштарга «адам түрүндөгү белектерди» — Кудайдын оторун кайтара турган аксакалдарды — да берген (Эф. 4:8, 11—13). Алардын кызматы бизге пайда алып келиши үчүн эмне кылсак болот? Мунун бир жолу — аксакалдардан үлгү алып, алардыкындай ишеним өрчүтүү. Дагы бир жолу — Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин кабыл алуу. (Оку: Еврейлер 13:7, 17.) Аксакалдардын бизди жакшы көрөрүн, рухий жактан өсүшүбүздү каалаарын унутпайлы. Маселен, алар жыйналыштарды калтырып жатканыбызды же кызматка жигердүү катышпай калганыбызды байкаса, дароо жардамга келишет. Бизди кунт коюп угуп, жылуу сөздөрү менен бекемдешет жана Ыйык Китептин негизинде ылайыктуу кеңештерди беришет. Муну Жахабанын сүйүүсүнүн далили катары кабыл аласыңарбы?

16 Аксакалдар үчүн бизге кеңеш берүү оңой болбошу мүмкүн экенин эсибизден чыгарбайлы. Дөөтү падыша олуттуу күнөө кылып, аны жашырганга аракет кылганда, Натан пайгамбарга аны менен сүйлөшүү канчалык кыйын болгонун элестетип көрсөңөр (2 Шем. 12:1—14). Ошондой эле элчи Пабыл да 12 элчинин бири болгон Петирге жүйүт ишенимдештерине эки жүздүүлүк кылганын айтып, ашкерелөө үчүн кайраттуу болушу керек эле (Гал. 2:11—14). Анда аксакалдардын жүгүн кантип жеңилдетсеңер болот? Момун, башкалар оңой кайрыла алгыдай болгула жана ыраазы боло билгиле. Алардын жардамын Кудайдын сүйүүсүнүн белгиси катары кабыл алгыла. Бул өзүңөргө пайда алып келгенден сырткары, алардын кубаныч менен кызмат кылышына өбөлгө түзөт.

17. Бир ишенимдешибизге аксакалдар кантип мээримдүүлүк менен жардам берген?

17 Башынан өткөндөрдөн улам бир ишенимдешибизге Жахабаны сүйүү кыйынга турган. Ал мындай деп бөлүшөт: «Мурун башыман кечирген окуялардан жана башка себептерден улам жан дүйнөм кыйналып, күчүм калбай калгандай сезилгенде, аксакалдар менен сүйлөшчүмүн. Алар мени жемелебей же сындабай, бекемдеп, дем-күч беришчү. Ар бир жыйналыштан кийин, иши канчалык көп болбосун, жок дегенде, бири ал-жайымды сурап турчу. Жашоомдо болгон мурунку нерселерден улам өзүмдү Жахабанын сүйүүсүнө татыксыз сезе берчүмүн. Бирок Жахаба жыйналыш менен аксакалдарды колдонуп, мени жакшы көрөрүнө кайра-кайра ынандырып келет. Андан эч качан алыстабасам экен деп тиленем».

ЭМНЕ КӨБҮРӨӨК АЗАП ТАРТТЫРАТ?

18, 19. Оңдоп-түзөөнүн өзүнөн да эмне катуу азап тарттырат? Мисал келтиргиле.

18 Кудай оңдоп-түзөгөндө, кайгырышыбыз мүмкүн, бирок аны кабыл албай койсок, андан да көбүрөөк азап тартабыз (Евр. 12:11). Буга Кабыл менен Ситкия падышанын окуясы мисал боло алат. Кабыл иниси Абылга кек сактап, көзүн тазалагысы келгенде, Жахаба ага: «Эмнеге ачууландың? Эмне үчүн өңүң кумсарып кетти? Эгер жакшы иш кылсаң, сени жактырбай коёмбу? Жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө аңдып жатат. Ал сени кармап алгысы келип жатат, сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деген (Башт. 4:6, 7). Бирок Кабыл укпай койгон. Натыйжада күнөө ага үстөмдүк кылып кеткен. Ооба, Кабыл жок жерден эле өзүн азапка салган (Башт. 4:11, 12). Эгер Кудайдын кеңешин кабыл алса, анчалык кыйналбайт болчу.

19 Чечкинсиз, ыймансыз Ситкия падыша Иерусалимди кара булут каптап турган кезде бийлик кылган. Жеремия пайгамбар аны жаман жолунан кайтууга кайра-кайра үндөсө да, ал кулак салбай койгон. Мунун арты да каргашалуу болуп бүткөн (Жер. 52:8—11). Жахаба биздин ушундай ашыкча азап-кайгыдан алыс болушубузду аябай каалайт. (Оку: Ышая 48:17, 18.)

20. Оңдоп-түзөөнү кабыл алгандарды эмне күтүп турат, ал эми кабыл албагандардычы?

20 Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү оңдоп-түзөөнү жактырышпайт, ошондой эле өздөрүн тарбиялагысы келбейт. Бирок андай маанайдагы адамдар жакында ыймансыздар менен бирге жок болот (Накыл 1:24—31). Андыктан «акыл-насаатты угуп, акылдуу бололу». Накыл сөздөр 4:13төгү: «Акыл-насаатты бекем карма, коё бербе. Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң»,— деген сөздөргө ылайык иш кылалы.