Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балаңарга чөмүлүүгө жардам берип жатасыңарбы?

Ата-энелер, балаңарга чөмүлүүгө жардам берип жатасыңарбы?

«Создуктурбай ордуңан тур да, чөмүлтүл» (ЭЛЧ. 22:16).

ЫРЛАР: 51, 135

1. Чындык жолундагы ата-энелер баласы чөмүлгөнгө чейин эмнеге ынангысы келет?

«БИР нече ай бою ата-энеме чөмүлгүм келерин айтып жүрдүм. Чыгарган чечимимдин канчалык олуттуу экенин түшүнүп жатканыма ынангысы келгендиктен алар мени менен чөмүлүү тууралуу көп жолу сүйлөшүштү. Ошентип, 1934-жылдын 31-декабры жашоомдогу эң маанилүү күн болуп калды». Блоссом Брандт бир тууган чөмүлөм деп чечим чыгарганда эмнелер болгонун ушундайча баяндаган. Бүгүнкү күндө да ата-энелер балдарына акылдуулук менен чечим чыгарууга жардам берүүгө аябай кызыкдар. Чөмүлүүнү эч кандай негиз жок эле создуктура берүү рухийликке терс таасир этиши мүмкүн (Жкп. 4:17). Бирок ата-энелер баласынын чөмүлгөнгө чейин Машаяктын жолдоочусунун милдеттерин аткарууга даяр экенине ынангысы келет.

2. а) Айрым райондук көзөмөлчүлөр эмнени байкашкан? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Айрым райондук көзөмөлчүлөр чындык жолунда тарбияланган жана өспүрүм курактан өтүп бараткан же жыйырмадан ашып калган көп жаштардын дагы деле чөмүлбөй жүргөнүн байкашкан. Алардын көбү жыйналышка барышат, кызматка чыгышат, өздөрүн Жахабанын Күбөсү деп эсептешет. Бирок эмнегедир Жахабага арналбай, чөмүлбөй жүрө беришет. Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Кээ бирлерин ата-энеси чөмүлбөй турууга үндөгөн. Бул макалада айрым ата-энелерге балдарына чөмүлүүгө жардам берүүгө кайсы төрт ой тоскоолдук кыларын карап чыгабыз.

БАЛАМ ЧӨМҮЛӨ ТУРГАН КУРАКТАБЫ?

3. Блоссом бир туугандын ата-энеси эмне жөнүндө ойлонгон?

3 1-абзацта айтылган Блоссом бир туугандын ата-энеси анын чөмүлүүнүн олуттуу жана маанилүү кадам экенин түшүнгүдөй куракка жеткен-жетпегени жөнүндө ойлонгон. Ата-энелер баласынын өзүн Кудайга арнай тургандай деңгээлде экенин кантип аныктай алышат?

4. Иса Машаяктын Матай 28:19, 20да жазылган буйругу ата-энелерге балдарын окутууда кандайча жардам берет?

4 Оку: Матай 28:19, 20. Мурунку макалада айтылгандай, Ыйык Китепте канча жашта чөмүлсө болору жөнүндө эч нерсе жазылбайт. Ошентсе да шакирт даярдоо деген эмнени билдирери тууралуу ой жүгүртүү ата-энелер үчүн пайдалуу болот. Матай 28:19да «шакирт даярдагыла» деп берилген сөз айкашы Машаяктын жолдоочусу болууга жардам берүү максатында окутуу деген маанини туюнтат. Шакирт деген Иса Машаяктын окууларын үйрөнгөн, түшүнгөн жана аларга ылайык жашоого чечкиндүү болгон кишини билдирет. Андыктан Кудайга кызмат кылган ата-энелердин баары баласын ымыркай кезинен тартып эле Машаяктын чөмүлгөн шакирти болууга жардам берүү максатында окутуп-үйрөтүшү керек. Албетте, бала ымыркай кезинде чөмүлө албайт. Анткен менен, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, салыштырмалуу жаш балдар да андагы чындыкты түшүнүп, баалай алышат.

5, 6. а) Ыйык Китепте Тиметей жөнүндө жазылгандардан анын чөмүлүүсүнө байланыштуу кандай жыйынтык чыгарсак болот? б) Акылдуу ата-энелер балдарына кантип жакшы жардам бере алышат?

5 Тиметей Жахаба жөнүндө окуп-билгендеринин чындык экенине жаштайынан өзү ынанган шакирт болгон. Элчи Пабыл анын ыйык жазмаларды ымыркай кезинен үйрөнгөнүн айткан. Тиметейдин атасы Жахабага кызмат кылбаса да, жүйүт элинен болгон апасы менен таенеси аны ыйык жазмаларды баалоого үйрөткөн. Ошонун аркасында анын ишеними күчтүү болгон (2 Тим. 1:5; 3:14, 15). Өспүрүм курактан өтүп калганда же 20дан жаңы ашканда эле Тиметей жыйналышта өзгөчө жоопкерчиликтерди аркалоого даяр болуп калган (Элч. 16:1—3).

6 Албетте, балдар бири-бирине окшош эмес, ар кимиси ар башка куракта өсүп-жетилет. Айрымдары акыл-эс, эмоциялык жактан эрте жетилип, чөмүлгүсү келерин билдирет. Ал эми башкалары чоңойгонго чейин чөмүлүүгө даяр болбошу мүмкүн. Андыктан акылдуу ата-энелер балдарын чөмүлүүгө мажбурлашпайт. Анын ордуна, ар бир баласына деңгээлине жараша рухий жактан ийгилик кылууга жардам беришет. Баласы Накыл сөздөр 27:11де айтылгандарга ылайык иш кылганда, ата-эненин жүрөгү сүйүнөт. (Аятты оку.) Бирок алар максатын — баласына Машаяктын шакирти болууга жардам берүүнү — эсинен чыгарбашы керек. Ошондуктан ата-энелер: «Балам өзүн Кудайга арнап, чөмүлүш үчүн жетиштүү билим алдыбы?» — деп ойлонуп көрүшү зарыл.

БАЛАМ ЖЕТИШТҮҮ БИЛИМ АЛДЫБЫ?

7. Чөмүлүш үчүн Ыйык Китепте жазылгандарды майда-чүйдөсүнө чейин билүү зарылбы? Түшүндүргүлө.

7 Ата-энелер балдарын окутууда Ыйык Китептен жетиштүү билим алышына жардам берүүгө умтулушат. Андай билим балдарга өздөрүн Кудайга арноого көмөк кылат. Бирок Кудайга арналып, чөмүлүш үчүн Ыйык Китепте жазылгандарды майда-чүйдөсүнө чейин билүү талап кылынбайт. Анткени чөмүлгөндөн кийин ар бир шакирт билимин тереңдете бериши керек болот. (Оку: Колосалыктар 1:9, 10.) Анда чөмүлгөнгө чейин канча билим алыш керек?

8, 9. Пабыл менен түрмө сакчысы жөнүндөгү окуядан эмнени билүүгө болот?

8 1-кылымдагы бир үй-бүлөнүн окуясынан бул суроого жооп табууга болот (Элч. 16:25—33). Экинчи миссионердик сапарында, б.з. 50-жылдары, элчи Пабыл Филипи шаарына барган. Ал жактан шериги Сылас экөөнү жалган айып менен түрмөгө камап коюшкан. Түн ичинде түрмөнү пайдубалынан бери солкулдаткан катуу жер титирөө болуп, бүт эшиктер ачылып калган. Түрмөдө отургандар качып кетти деп ойлоп, түрмө сакчысы өзүн өлтүрмөкчү болгондо, Пабыл аны токтотуп калган. Анан Сылас экөө ага жана анын үй-бүлөсүнө Иса жөнүндө эң сонун күбөлөндүрүшкөн. Иса тууралуу билгендери жүрөгүн козгогондуктан, алар эмне кылууга түрткү алышкан? Баары дароо чөмүлүшкөн. Бул окуядан эмнени биле алабыз?

9 Түрмө сакчысы ардактуу эс алууга чыккан римдик жоокер болсо керек. Демек, ал Ыйык Жазманы билчү эмес. Андыктан Машаяктын жолдоочусу болуш үчүн ал Ыйык Жазмадагы негизги окууларды билиши, Кудайдын кызматчысы болуу деген эмнени билдирерин түшүнүшү жана Исанын окууларына ылайык жашоого чечкиндүү болушу зарыл эле. Ыйык Жазмадан кыска убакыттын ичинде билгендери жана аларды баалаганы ага чөмүлүүгө түрткү берген. Анын чөмүлгөндөн кийин да билим ала бергени шексиз. Эгер балаңар Ыйык Китептеги негизги окууларды чын жүрөктөн бааласа, Кудайга арналуунун жана чөмүлүүнүн олуттуу кадам экенин, анын эмнени билдирерин түшүнсө, жогорудагы окуяны эске алып, эмне кылсаңар болот? Балким, балаңардын чөмүлүүгө даяр же даяр эмес экенин билиш үчүн жыйналыштын аксакалдары менен сүйлөшүп көрүшүн каалайттырсыңар *. Чөмүлгөн башка шакирттердей эле, балаңар Жахабанын ой-ниети жөнүндө өмүр бою, атүгүл түбөлүккө билим ала берет (Рим. 11:33, 34).

АДЕГЕНДЕ ОКУУ ЖАЙЫНАН БИЛИМ АЛЫШЫ КЕРЕКПИ?

10, 11. а) Айрым ата-энелер эмне деп ойлошот? б) Ата-энелер биринчи кезекте эмнени ойлошу керек?

10 Айрым ата-энелер балам же кызым адегенде чоң окуу жайынан билим алып, бутуна туруп алышы үчүн чөмүлбөй коё турганы жакшы деп ойлошот. Алар жакшы эле ниет менен ошентсе да, бул баласынын чыныгы ийгиликке жетишине өбөлгө түзөбү? Андан да маанилүүсү, Ыйык Китепке ылайык келеби? Жахабанын Сөзү бизди эмнеге үндөйт? (Оку: Насаатчы 12:1.)

11 Бул дүйнө да, аны түзгөн нерселер да Жахабанын каалоосуна, ой жүгүртүүсүнө карама-каршы келерин эстен чыгарбаганыбыз маанилүү (Жкп. 4:7, 8; 1 Жкн. 2:15—17; 5:19). Жахаба менен болгон ынак мамилеси баланы Шайтандан, анын дүйнөсүнөн жана дүйнөнүн Кудайга жакпаган ой жүгүртүүсүнөн коргойт. Эгер ата-эне жогорку билим менен жакшы жумушка көбүрөөк басым жасаса, баласынын башы маң болушу, рухийлигине доо кетиши мүмкүн. Кудайга кызмат кылган мээримдүү ата-эне баласынын ийгиликке болгон көз карашы бул дүйнөгө ылайык калыптанышын каалайбы? Баарыбыз жакшы билгендей, Жахабаны жашообузда биринчи орунга койгондо гана чындап кубаныч алып, ийгиликке жетебиз. (Оку: Забур 1:2, 3.)

КҮНӨӨ КЫЛЫП АЛСАЧЫ?

12. Эмне үчүн айрым ата-энелер баласынын чөмүлбөй турушун каалашат?

12 Жахабага кызмат кылган бир эне эмне үчүн кызын чөмүлбөй турууга үндөгөнүн түшүндүрүп: «Жыйналыштан чыгаруу чарасынан коркконум эң чоң себеп болгон. Азыр муну айткандан да уялам»,— деген. Ошо эжеге окшоп, айрым ата-энелер баласы олуттуу күнөө кылып албашы үчүн бир аз чоңойгуча чөмүлбөй турганы жакшы деп ойлошот (Башт. 8:21; Накыл 22:15). Алар: «Балам чөмүлө элек болсо, кылган күнөөсү үчүн жыйналыштан чыгарылбайт»,— деп ой жүгүртүшөт. Бирок бул өзүн өзү алдагандыкка жатат. Эмне үчүн минтип айтууга болот? (Жкп. 1:22).

13. Чөмүлө электер Жахабанын алдында жооптуу эмеспи? Түшүндүргүлө.

13 Албетте, чындык жолундагы ата-эне баласынын маанилүү чечим чыгара алгыдай деңгээлге жеткиче чөмүлбөй турушун каалайт. Бирок бала чөмүлө элек болсо, Жахабанын алдында жооптуу болбойт деп ойлоо жаңылыштык болуп калат. Эмне үчүн? Бала чөмүлгөндөн кийин эмес, Жахабанын көз алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин билгенден тартып эле анын алдында жооптуу болот. (Оку: Жакып 4:17.) Ошондуктан акылдуу ата-энелер баласын чөмүлбөй турууга үндөгөндөн көрө, ага жакшы үлгү көрсөткөнгө бүт күчүн жумшашат. Алар баласын ымыркай кезинен эле Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларын чын жүрөктөн баалаганга үйрөтүүнү көздөшөт (Лк. 6:40). Анын нормаларын баалаганы балаңарды олуттуу күнөө кылуудан сактайт, себеби ал дайыма Жахабанын көз алдында туура иш кылууга умтулат (Ыш. 35:8).

БАШКАЛАРДЫН ЖАРДАМЫ

14. Аксакалдар баласына чөмүлүүгө жардам берип жаткан ата-энени кантип колдой алышат?

14 Аксакалдар рухий максаттар жөнүндө оң маанайда сүйлөө менен ата-энелердин аракетин колдогон болушат. Бир ишенимдешибиз 6 жашында аны менен Чарлз Расселл бир тууган сүйлөшкөнүн эскерип: «Ал мага 15 мүнөтүн бөлүп, рухий максаттарым жөнүндө сүйлөштү»,— деген. Бул ушунчалык таасир эткендиктен, кийин ал апа 70 жылдан ашуун пионер болуп кызмат кылган. Ооба, жылуу сөз, кубаттап-бекемдөө адамдын бүт өмүрүнө таасир этет (Накыл 25:11). Аксакалдар ата-энелер менен алардын балдарын Падышалык залына байланыштуу иштерге да катыштырып, балдарга жашына, жөндөмдүүлүгүнө жараша ар кандай иштерди тапшырса болот.

15. Жыйналыштагылар жаштарды кантип бекемдесе болот?

15 Жыйналыштагылар жаштарга чын ниеттен көңүл бөлүү менен аларга жардам бере алышат. Алардын рухий жактан ийгилик кылып жатканын көрсөткөн нерселерге байкоо салсак болот. Мисалы, кээ бир жаштар жыйналыштан жакшы ойлонуштурулган жоопторду берип же иш күндөрү өткөрүлгөн жолугушуулардан тапшырма менен чыгып жаткандыр. Айрымдары кыйынчылыктарга карабай кынтыксыздыгын сактап же мектепте мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кабар айтып жаткандыр. Алардын ийгилигин көрөр замат чын жүрөктөн мактагыла. Жыйналышка чейин же андан кийин алар менен сүйлөшүп, чын дилден көңүл бурганды максат кылып койсок болот. Ушундайча жана башка жолдор менен жаштарга өздөрүнүн «чоң жыйналыштын» мүчөсү экенин сезүүгө жардам бере алабыз (Заб. 35:18).

ЧӨМҮЛҮҮ ҮЧҮН ИЙГИЛИК КЫЛУУГА ЖАРДАМ БЕРЕ БЕРГИЛЕ

16, 17. а) Адамдын чөмүлгөнү келечегине кандай таасир этет? б) Жахабага кызмат кылган ата-энелердин баары кандай кубанычты сезип көргүсү келет? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

16 Балдарына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоо» — чындык жолундагы ата-энелер үчүн зор сыймык (Эф. 6:4; Заб. 127:3). Байыркы ысрайыл элинде балдар төрөлгөнүнөн тартып эле Жахабага арналган элдин мүчөсү болгон. Ал эми бүгүнкү күндө андай эмес. Андан сырткары, Жахабага жана чындыкка болгон сүйүү ата-энеден балага мурас катары өтпөйт. Баласы жарык дүйнөгө келгенден тартып эле, ата-эне ага Машаяктын шакирти болууга, өзүн Жахабага арнап, чөмүлүүгө жардам берүүнү максат кылып коюшу керек. Бул эмне үчүн абдан маанилүү? Анткени адам өзүн Кудайга арнап, чөмүлүп, ага берилгендик менен кызмат кылуунун аркасында улуу алааматтан аман өтө алат (Мт. 24:13).

Ата-энелер баласына Машаяктын шакирти болууга жардам берүүнү көздөшү керек (16, 17-абзацтарды карагыла)

17 Блоссом Брандт бир тууган чөмүлгүсү келерин айтканда, Кудайдан корккон ата-энеси анын өмүрүндөгү ошол маанилүү кадамды жасаганга даяр же даяр эмес экенин билгиси келген. Кызынын даяр экенине көздөрү жеткенде анын чечимин кош колдоп колдошкон. Ал чөмүлөрдөн мурунку кечте атасы эсте каларлык бир нерсе кылган. Ошол тууралуу Блоссом бир тууган: «Атам баарыбызды тизелеп отурууга чакырды да, тилене баштады. Ал Жахабага кичинекей кызынын ага өз өмүрүн арноону чечкенине ушунчалык кубанып жатканын айтты»,— деген. Ошондон 60 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ал: «Ошол кечти эч качан унутпайм!» — деп айткан. Ата-энелер, силердин да балдарыңардын Жахабанын арналган, чөмүлгөн кызматчысы болгонун көрүп, ошондой кубанычты, канааттанууну сезишиңерге тилектешпиз.

^ 9-абз. «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 304—310-беттериндеги маалыматты балаңар менен чогуу карап чыксаңар болот. Ошондой эле 2011-жылы апрелде чыккан «Падышалык кызматыбыздын» 2-бетиндеги «Суроолор кутусун» да карагыла.