Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Меймандос болуу абдан жагымдуу жана маанилүү!

Меймандос болуу абдан жагымдуу жана маанилүү!

«Бири-бириңерге наалыбай меймандостук көрсөткүлө» (1 ПЕТ. 4:9).

ЫРЛАР: 100, 87

1. 1-кылымдагы бир туугандардын жагдайы кандай эле?

ЭЛЧИ ПЕТИР б.з. 62—64-жылдары «Понт, Галатия, Кападокия, Азия жана Битиния аймактарына чачырап кетип, ал жерлерде убактылуу жашап жаткан» ишенимдештерине кат жазган (1 Пет. 1:1). Кичи Азиядагы маданияты ар кандай адамдардан турган ал жыйналыштар бекемдөөгө, жетекчиликке муктаж болушкан. Себеби куугунтукталып, ар кандай заар сөздөрдү угуп, «оттой кыйынчылыктарга» дуушар болуп жатышкан. Анын үстүнө, алар жашаган убак абдан оор болчу. Элчи Петир: «Бардык нерсенин аягы жакындап калды»,— деп жазган. Ооба, Иерусалимдин талкаланарына 10 жылга жетпеген эле убакыт калган. Ошол кыйын кезеңде Машаяктын жолдоочуларына эмне жардам бермек? (1 Пет. 4:4, 7, 12).

2, 3. Петир эмне үчүн ишенимдештерин меймандос болууга үндөгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

2 Петир аларга көп кеңештерин бергенден тышкары: «Бири-бириңерге... меймандостук көрсөткүлө»,— деп үндөгөн (1 Пет. 4:9). «Меймандостук» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «чоочундарга сүйүү же боорукердик көрсөтүү» дегенди билдирет. Бирок, көңүлгө аларлык нерсе, Петир ишенимдештерин бири-бирине, тагыраак айтканда, өздөрү жакшы билген, дайыма сүйлөшүп, көрүшүп жүргөндөргө меймандостук көрсөтүүгө чакырган. Меймандос болгону аларга кандай пайда алып келмек?

3 Мунун аркасында бири-бирине жакын болуп калышмак. Өзүңөр жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Кимдир бирөөнүкүнө конокко барып, кубаныч алдыңар беле? Ал учурду жагымдуу сезимдер менен эскересиңерби? Же жыйналыштагыларды конокко чакырганда, достугуңар ого бетер бекемделди беле? Меймандостук көрсөткөнүбүздө бир туугандарыбызды башка учурларга караганда жакшыраак таанып-билебиз. Петирдин убагындагы ишенимдештерибиз, жагдай-шарт оордогон сайын, бири-бири менен ынак боло бериши керек эле. Азыркы «акыркы күндөрдө» биз да ошентишибиз зарыл (2 Тим. 3:1).

4. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

4 Бири-бирибизге меймандостук көрсөтүүнүн кандай жолдору бар? Меймандос болууга тоскоолдук кылган нерселерди кантип жеңе алабыз? Жакшы коноктордон болууга эмне жардам берет?

МЕЙМАНДОСТУК КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

5. Жыйналышта кантип меймандостук көрсөтсөк болот?

5 Жыйналышта. Биз жыйналышка келгендердин баарын жылуу тосуп алабыз. Ал рухий тойго бизди Жахаба менен анын уюму чакырууда (Рим. 15:7). Жыйналышка жаңылар келгенде, биз да, мындайча айтканда, конок тосуучу болуп калабыз. Андыктан демилгени колго алып, алардын кийими, сырткы көрүнүшү кандай болбосун, ар бирин кучак жайып тосуп алышыбыз керек (Жкп. 2:1—4). Эгер жаңы келген кишинин жалгыз экенин байкасак, чогуу отурууну сунуштасак болот. Ага жыйналыштын программасын түшүнүүгө, аяттарды табууга көмөк кылсак, ыраазы болушу мүмкүн. Бул — «меймандос болуунун» жакшы жолу (Рим. 12:13).

6. Биринчи кезекте кимдерди конокко чакырышыбыз керек?

6 Чайга же тамакка чакыруу. Байыркы убактагылар адатта башкаларды үйүнөн даам сызып кетүүгө чакырышчу (Башт. 18:1—8; Бий. 13:15; Лк. 24:28—30). Бул алардын аны менен достошкусу, жакшы мамиледе болгусу келип жатканын көрсөткөн. Биз биринчи кезекте кимдерди конокко чакырышыбыз керек? Дайыма көрүшүп, сүйлөшкөн адамдарды, тактап айтканда, жыйналышыбыздагы бир туугандарды чакырышыбыз кажет. Анткени оор учурларда бири-бирибизге абдан муктаж болобуз. Андыктан алардын баары менен дос болуп, ынак мамиле өрчүтүүгө умтулушубуз зарыл. Кызыктуусу, 2011-жылы Жетектөөчү Кеңеш Кошмо Штаттардагы Бейтелдин үй-бүлөлүк изилдөөсүнүн убактысын өзгөрткөн. «Күзөт мунарасын» изилдөө мурда 18:45те башталса, эми 18:15те өткөрүлө баштаган. Эмне үчүн? Кулактандырууда жолугушуу эртерээк бүтсө, көптөрдүн бири-бирине меймандостук көрсөтүшүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылган. Башка филиалдар да ошенте башташкан. Мунун аркасында бейтелдиктердин мамилеси ого бетер чыңдалган.

7, 8. Жыйналышыбызга баяндама айтканы келген бир туугандарга кантип меймандостук көрсөтсөк болот?

7 Баяндамачылар, райондук көзөмөлчүлөр жана филиалдын өкүлдөрү жыйналышыбызга келгенде, меймандостук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. (Оку: 3 Жакан 5—8.) Анын бир жакшы жолу — ал бир туугандарды чайга же тамакка чакыруу. Силер ошенте аласыңарбы?

8 Кошмо Штаттардагы бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Көп жылдар бою жолдошум экөөбүз баяндамачылар менен алардын жубайларын үйгө конокко чакырып жүрдүк. Ал учурлардын ар бири кубанычтуу, жагымдуу, баарынан маанилүүсү, рухий жактан сергитерлик болчу. Биз эч качан өкүнбөйбүз».

9, 10. а) Кимдер көп убакыт коноктошубузга муктаж болушу мүмкүн? б) Жупуну тургандар да бул жагынан көмөк көрсөтө алышабы? Мисал келтиргиле.

9 Көп убакыт боло турган коноктор. Байыркы кезде үй ээлери алыс жактан келген конокторду демейде түнөк жай менен да камсыз кылышчу (Аюп 31:32; Флм. 22). Биздин күндөрдө да ушундай учурлар болот. Алсак, райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштарды кыдырууда көп учурда түнөк жайга муктаж болушат. Теократиялык мектептерден билим алгандарга, курулуштагы ыктыярдуу кызматчыларга да жашаганга жай керек болушу мүмкүн. Ошондой эле табигый кырсыктан улам үй-жайсыз калган айрым үй-бүлөлөр, үйү калыбына келтирилгенге чейин, баш калкалар жайга муктаж болушат. Андайда жакшы шартта жашаган бир туугандар гана жардам бере алышат деп ойлобошубуз керек. Себеби алар буга чейин эле көптөргө көмөк көрсөтүшкөндүр. Жупуну турсаңар да, башкаларды үйүңөргө конокко ала аласыңарбы?

10 Түштүк Кореядагы бир ишенимдешибиз теократиялык мектептерде окуган студенттерди үйүнө алган убакты жылуу сезимдер менен эскерип, мындай дейт: «Жаңы эле баш кошуп, чакан үйдө жашап жаткандыктан башында конок алгандан ыңгайсыздангам. Бирок студенттер менен жашоо бизге зор кубаныч тартуулады. Жаңы турмуш курган түгөйлөр катары биз жубайлардын Жахабага чогуу кызмат кылып, рухий максаттарды көздөсө, канчалык бактылуу болорун көрө алдык».

11. Башка жыйналыштан которулуп келгендер меймандостук көрсөтүшүбүзгө эмне үчүн муктаж болушу мүмкүн?

11 Башка жыйналыштан которулуп келгендер. Кайсы бир ишенимдешибиз же үй-бүлө силер жашаган аймакка көчүп келиши мүмкүн. Айрымдар жарчылар керек болгондуктан көчүп келиши же пионерлер жыйналышыңарга жардам берүүгө жиберилиши ыктымал. Алар үчүн жер да, жыйналыш да, балким, тил да же маданият да жаңы болгондуктан, башында өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде чоочун сезишет. Андай бир туугандарды чайга, тамакка же жаратылышка эс алып келүүгө чакырсак, аларга досторду табууга, жаңы жагдай-шартка көнүүгө жардам бере алабыз.

12. Меймандостук көрсөтүү үчүн көп нерсенин деле кереги жок экенин кайсы окуя көрсөтүп турат?

12 Меймандостук көрсөтүү үчүн көп нерсенин деле кереги жок. (Оку: Лука 10:41, 42.) Миссионердик кызматын баштаган алгачкы күндөрүн эскерип, бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жубайым экөөбүз жаш, тажрыйбасыз элек, үйүбүздү сагынып куса болуп да жүргөнбүз. Бир күнү кечинде жубайым үйдү сагынып өзгөчө жаман болду, аны сооротууга аракет кылганыман эч майнап чыккан жок. Анан 19:30дарда эшик тыкылдап калды. Эшиктин алдында колуна үч апельсин кармаган бир кызыгуучу туруптур. Ал биз менен учурашканы келиптир. Аны үйгө киргизип, бир стакан суу бердик. Анан чай даярдап, ысык шоколад жасап бердик. Биз суахили тилин билчү эмеспиз, ал болсо англис тилин билчү эмес. Бирок ошондон тартып жубайым экөөбүз жергиликтүү бир туугандар менен дос болууга умтулуп, зор кубаныч ала баштадык».

ТОСКООЛДУК КЫЛГАН НЕРСЕЛЕРДИ ЖЕҢҮҮ

13. Меймандос болуунун кандай пайдасы бар?

13 Меймандостук көрсөтүүдөн тартынган же анча көңүлдөнбөгөн учуруңар болду беле? Эгер ошондой болсо, жагымдуу убакыт өткөрүүгө, узакка созулган достук мамилелерди өрчүтүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаргансыңар. Меймандос болуу — жалгызсыроону жеңүүнүн эң мыкты жолдорунун бири. Балким, силер: «Меймандостук көрсөтүүгө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?» — деп ойлоноттурсуңар. Анда алардын айрымдарын карап көрөлү.

14. Конокко барууга же конок чакырууга убактыбыз, күчүбүз жок болуп жатса, эмне кылсак болот?

14 Убактыбыз жана күчүбүз. Жахабанын кызматчыларынын аткарган иши, милдеттери көп. Ошондуктан айрымдары меймандостук көрсөтүүгө убактым же күчүм жок деп ойлошу мүмкүн. Эгер силердин жагдайыңар да ошондой болсо, балким, күн тартибиңерди текшерип көрөттүрсүңөр. Конокко барууга же бирөөлөрдү конокко чакырууга убактыңар, күчүңөр болушу үчүн айрым нерселерди өзгөртө аласыңарбы? Ыйык Китеп бизди меймандос болууга үндөйт (Евр. 13:2). Буга убакыт бөлүүнүн эч жаман жери жок, тескерисинче, бул туура иш кылууга жатат. Ан үчүн, албетте, анча маанилүү эмес иштерди азайтышыңар керек болушу ыктымал.

15. Меймандостук көрсөтүүгө айрымдарга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн?

15 Өзүңөр жөнүндөгү оюңар. Меймандостук көрсөткүңөр келип, бирок анте албайм деп ойлогон учуруңар болду беле? Кээ бирлер тартынчаак болгондуктан: «Эч ким сүйлөбөй, тымтырс болуп отуруп калсачы же коноктор тажап, жакшы көңүл ача албай калсачы»,— деп тынчсызданышат. Дагы бирөөлөр болсо чөнтөгү жука болгондуктан жыйналыштагы башка бир туугандар бергенди бере албайм деп ойлошот. Ал эми үйүбүздөн уялсак, анын укмуш жасалгаланганы эмес, таза, тыкан, жагымдуу болгону маанилүү экенин эстен чыгарбайлы.

16, 17. Конок тосордо тынчсыздансак, эмне кылсак болот?

16 Конок тоскондо тынчсыздансаңар, жалгыз эмессиңер. Британиялык бир аксакал мындай деп бөлүшөт: «Конок тосконго даярданып жатканда тынчсызданбай койбойсуң. Бирок Жахабанын кызматы менен байланышкан башка нерселердей эле, меймандостук көрсөтүүнүн аркасында алчу пайда менен кубаныч тынчсыздануунун баарын жаап кетет. Коноктор менен чогуу отуруп кофе ичүүнүн, сүйлөшүүнүн өзү эле мага чоң кубаныч тартуулайт». Башкаларга чын дилден көңүл буруу жакшы натыйжа берерин унутпагыла (Флп. 2:4). Башынан өткөн окуяларын айтып бергенди ар бир эле киши жакшы көрөт. Андай мүмкүнчүлүк бир туугандарыбыз менен чогулганда гана түзүлүшү мүмкүн. Дагы бир аксакал: «Жыйналыштагыларды конокко чакыруу мага аларды жакшыраак түшүнүүгө, жакыныраак таанып-билүүгө, өзгөчө, чындыкка кантип келгенин билүүгө жардам берет»,— дейт. Ырас, башкаларга мээримдүүлүк менен көңүл буруу ар бир учурду жагымдуу кылат.

17 Теократиялык мектептерден билим алган студенттерди конокко алган бир пионер мындай деген: «Үйүм жөнөкөй болгондуктан жана эски эмеректерди колдонгондуктан башында тынчсыздангам. Бирок студенттерге сабак берген бир туугандардын биринин жубайы өзүмдү андай сезбегенге жардам берди. Ал жолдошу экөө жыйналыштарды кыдырганда материалдык жактан көп деле нерсеси жок, бирок аларга окшоп Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга койгон, жөнөкөй жашаган рухий бир туугандар менен өткөргөн жумалар баарынан жагымдуу болорун айтты. Ошондо апам айткан сөздөрдү эстедим. Ал бизге: „Сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык“,— деп көп айтар эле (Накыл 15:17)». Демек, конокторубузга сүйүү көрсөткөнүбүз алда канча маанилүү болгондуктан, тынчсызданбай эле койсок болот.

18, 19. Меймандос болгонубуз башкалар жөнүндөгү терс ойлорубузду жеңүүгө кандайча жардам берет?

18 Башкалар жөнүндөгү оюбуз. Жыйналышыңарда кыжырыңарга тийген кимдир бирөө барбы? Эгер мамилеңерди жакшыртуу үчүн бир нерсе кылбасаңар, ал адам жөнүндөгү терс көз карашыңар өрчүп кете бериши мүмкүн. Ошондон улам аны конокко чакыргыңар келбеши ыктымал. Же балким, мурда кимдир бирөө көңүлүңөрдү ооруткандыктан, дагы деле унута албай жүргөндүрсүңөр.

19 Ыйык Китепте башкалар менен, атүгүл душмандарыбыз менен болгон мамилебизди жакшыртуу үчүн меймандостук көрсөтүшүбүз керектиги айтылат. (Оку: Накыл сөздөр 25:21, 22.) Себеби мунун аркасында ортодогу муз эрип, ынтымакка жол ачылат. Ошондой эле коногубуздун жакшы жактарын байкай алабыз, тагыраак айтканда, Жахабанын аны кайсы сапаттары үчүн өзүнө жакындатканын түшүнөбүз (Жкн. 6:44). Сүйүүбүздөн улам кимдир бирөөгө ал күтпөгөн учурда меймандостук көрсөтсөк, аны менен ынак мамиле өрчүтүүгө шарт түзүлүшү мүмкүн. Меймандос болууга сүйүү түрткү бериши үчүн эмне кылсаңар болот? Мунун бир жолу — Филипиликтер 2:3төгү: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деген кеңешти колдонуу. Бир туугандарыбыздын бизден жогору турарын көрсөткөн нерселерди: ишенимин, туруктуулугун, кайраттуулугун же дагы башка сапаттарын көрө билсек, аларга болгон сүйүүбүз тереңдеп, чын дилден меймандостук көрсөтөбүз.

ЖАКШЫ КОНОКТОРДОН БОЛОЛУ

Конок чакыргандар адатта аябай даярданышат (20-абзацты карагыла)

20. Бизди конокко чакырган кишини сыйлаарыбызды кантип көрсөтө алабыз жана бул эмне үчүн маанилүү?

20 Забурчу Дөөтү: «Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат?» — деп сураган (Заб. 15:1). Анан Жахабанын өзүнүн конокторунан көргүсү келген сапаттар тууралуу сөз кылган. Алардын бири — убадабызга бек туруу. Бул тууралуу забурчу: «Өзү зыян тартса да, берген антын бузбайт»,— деген (Заб. 15:4). Эгер кимдир бирөөнүкүнө барабыз деп убада берсек, эч кандай себеп жок эле кайра баш тартып койбошубуз керек. Анткени ал аябай даярданып алышы, барбай койсок, эмгегинин баары текке кетиши мүмкүн (Мт. 5:37). Кээде айрымдар аларды чакырган кишиникинен жакшыраак көрүнгөн жерге барыш үчүн аныкына барбай коюшат. Бирок бул аны сүйүүгө, сыйлагандыкка жатабы? Конокко чакырган киши бизге кандай сый көрсөтпөсүн, аны чын жүрөктөн баалашыбыз керек (Лк. 10:7). Ал эми аныкына барууга жагдайыбыз чындап эле жол бербей жатса, мүмкүн болушунча эртерээк билдирип койсок, аны сүйөрүбүздү, камын ойлоорубузду айгинелейбиз.

21. Жергиликтүү маданиятты сыйлоо жакшы коноктордон болууга кандайча шарт түзөт?

21 Жергиликтүү маданиятты сыйлаганыбыз да маанилүү. Айрым маданияттарда күтүлбөгөн конокторду да жылуу тосуп алышса, башкаларында алдын ала айтып коюуну туура көрүшөт. Кээ бир жерлерде үйүндөгүлөрүнө эмес, биринчи кезекте конокторго эң жакшысын берип сыйлашат, ал эми башка жактарда баары бирдей каралат. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө коноктор барган жерине адатта бир нерсе көтөрө барышат, башкаларында болсо үй ээлери конокторунун антип убара болушун каалашпайт. Кээ бир маданияттарда конокко чакырганда дароо макул болбой, сылыктык менен бир-эки жолу баш тартышат, башка жерлерде болсо, бул, тескерисинче, сыйлабастыкка жатат. Кандай болбосун, бизди конокко чакырган киши кубаныч алышы үчүн, колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек.

22. Бири-бирибизге меймандостук көрсөткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

22 Биз «бардык нерсенин аягына» мурункудан да аз калган убакта жашап жатабыз (1 Пет. 4:7). Жакында адамзат тарыхындагы эң улуу алаамат болот. Жашоо оордогон сайын, бир туугандарыбызга болгон сүйүүбүздү арттыра беришибиз керек. Азыркы учурда элчи Петирдин: «Бири-бириңерге... меймандостук көрсөткүлө»,— деген кеңешине ылайык иш кылганыбыз болуп көрбөгөндөй маанилүү (1 Пет. 4:9).