Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Жахаба эч качан таштаган жок!

Жахаба эч качан таштаган жок!

Мен бир жолу Адольф Гитлер сөз сүйлөгөндөн кийин ага гүл берген төрт кыздын бири болуп тандалгам. Эмне үчүн? Атам нацисттер жүргүзгөн иштерге жигердүү катышчу жана алардын партиясынын жергиликтүү филиалынын башчысынын шопуру болчу. Апам болсо берилген католик эле. Ал менин кечил болушумду каалачу. Бирок ата-энемдин күчтүү таасирине карабай нацист да, кечил да болгон жокмун. Анда мунун себебин айтып берейин.

МЕН Австриянын Грац деген шаарында чоңоюп-өскөм. 7 жашымда диний мектептен билим ала баштадым. Бирок ал жактан дин кызматчылар менен кечилдердин жыныстык адеп-ахлаксыз иштерди кылганын көрүп, төбө чачым тик турду. Ошондуктан апам бир жылга жетпей эле мени ал мектептен алып кетти.

Үй-бүлөбүз; атам аскердик кийимчен турат

Кийинчерээк мектеп-интернатка жиберилдим. Душмандар Грацты бомбалаганы жаткандыктан, бир жолу кечинде атам келип, мени ал жактан коопсуз жерге алып жөнөдү. Биз Шладминг деген шаарга барып баш калкаладык. Ал жакка жетип, көпүрөдөн өтөрүбүз менен эле, көпүрө талкаланып калды. Дагы бир жолу болсо таенем экөөбүз короодо жүрсөк, жапыз учкан учактардан бизди аткылай башташты. Согуш бүткөндөн кийин, чиркөө да, өкмөт да бизди таштап койгондой сезилди.

ДАЙЫМА КОЛДОО КӨРСӨТКӨН КУДАЙ ЖӨНҮНДӨ БИЛИШИМ

1950-жылы бир Жахабанын Күбөсү апама келип, Ыйык Китептеги кабарды айтып бере баштады. Мен алардын сүйлөшкөнүн угуп жүрдүм, атүгүл апам менен чогуу бир нече жолу жыйналышка бардым. Жахабанын Күбөлөрүнүкү чындык экенине көзү жеткенден кийин апам 1952-жылы чөмүлдү.

Ал кезде жергиликтүү жыйналыш мага чоң аялдардын чогулушундай эле сезиле берчү. Бирок кийинчерээк башка жыйналышка барып калдык. Ал жерде жаштар аябай көп экен. Көрсө, жыйналыш чоң аялдардын чогулушу эмес экен! Грацка кайтып баргандан кийин жыйналышты калтырбай бара баштадым. Көп өтпөй мен да окуп-билгендеримдин чындык экенине ынандым. Ошондой эле Жахабанын өзүнүн кызматчыларын дайыма колдоп-коргогон Кудай экенин таанып-билдим. Жарга такалгандай жагдайларда жалгыз калганыбыздай сезилгенде да, ал бизди такыр таштабайт (Заб. 3:5, 6).

Чындыкты башкалар менен бөлүшкүм келчү. Адегенде бир туугандарыман баштадым. Төрт эжем үйдөн кетип, ар кайсы кыштактагы мектептерде мугалим болуп иштеп жатышкан. Аларга барып, Ыйык Китепти изилдегенге үндөдүм. Акыр-аягы, бир туугандарымдын баары изилдеп, Жахабанын Күбөсү болушту.

Үйдөн-үйгө кабар айта баштаганымдын экинчи жумасында 30дардагы бир аялга кезигип, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ал ийгилик кылып, чөмүлдү. Кийинчерээк күйөөсү менен эки уулу да чөмүлдү. Ошол изилдөөнүн аркасында ишенимим аябай бекемделди. Эмне үчүн? Мурун мени менен эч ким Ыйык Китепти изилдеген эмес болчу. Ошол себептен ар бир изилдөөгө жакшы даярданышым керек болду. Мындайча айтканда, кызыгуучумду окута алышым үчүн биринчи өзүмдү окутчумун. Бул чындыкты дагы тереңирээк түшүнүшүмө шарт түздү. Мен өмүрүмдү Жахабага арнап, 1954-жылы апрелде чөмүлдүм.

«КУУГУНТУКТАЛЫП ЖАТСАК ДА, ТАШТАЛГАН ЖОКПУЗ»

1955-жылы Германияда, Францияда, Англияда өткөн эл аралык жыйындарга катыштым. Лондондо жүргөндө Алберт Шрёдерге жолугуп калдым. Ал Ыйык китептик Гилат мектебинин нускоочусу эле. Кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп да кызмат кылды. Британ музейине экскурсияга барганыбызда, Алберт бир тууган көңүлүбүздү Ыйык Китептин айрым кол жазмаларына бурду. Аларда еврей тамгалары менен жазылган Кудайдын ысмы кездешет экен. Ал бизге ошол кол жазмалардын канчалык маанилүү экенин түшүндүрүп берди. Ошондо Жахабаны да, чындыкты да ого бетер жакшы көрүп, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты жарыялоого мурдагыдан да чечкиндүү болуп калдым.

Шеригим (оңдо) экөөбүз Мистельбахта атайын пионер болуп жүргөндө

1956-жылдын 1-январынан тартып пионер болуп, толук убакыт кызмат кыла баштадым. Төрт айдан кийин Австрияда атайын пионер катары кызмат кылууга чакырылдым. Ал кезде мен дайындалган Мистельбах шаарында бир да Жахабанын Күбөсү жок болчу. Бирок ал жактан башка кыйынчылыкка кабылдым. Шеригим экөөбүз такыр эки башка элек. Мен 19га чыгайын деп калган шаардык кыз болсом, ал 25 жаштагы айылдык кыз болчу. Мен кеч турганды жакшы көрсөм, ал эрте турганды жакшы көрөр эле. Ал эми кечинде мен жатпай жүрө берчүмүн, шеригим болсо эрте жаткысы келчү. Ошентсе да Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуунун аркасында ортобуздагы түшүнбөстүктөрдү чечип, пионер катары чогуу кызмат кылып, ийгиликке жеттик.

Кийин андан башка да чоң кыйынчылыктарга дуушар болдук. Атүгүл куугунтукталган күндөрүбүз да болду, бирок Кудай бизди эч качан таштаган жок (2 Кор. 4:7—9). Бир жолу айыл жеринде кабар айтып жүрсөк, ал жакта жашагандар иттерин коё беришти. Шеригим экөөбүздү заматта килейген иттер курчап алып, азууларын арсайта ырылдап, үрө башташты. Биз кол кармашып алып турдук. Мен атүгүл: «Жахаба, эгер булар бизге тиш салса, бат эле өлүп калалычы!» — деп тиленип жибердим. Анан иттер бизге жапжакын келип, эмнегедир токтоп калышты да, куйруктарын шыйпаңдатып кетип калышты. Ошондо Жахабанын коргогонун сездик. Анан айылды кыдырып кабар айттык. Кубанычтуусу, эл аябай жакшы укту. Балким, алар иттердин бизге тийбегенине же жүрөктүн үшүн алган ошондой окуядан кийин да кабар айта бергенибизге таң калышкандыр. Алардын айрымдары акыры Жахабанын Күбөсү болушту.

Шеригим экөөбүз үрөй учурган дагы бир окуяга туш болдук. Күндөрдүн биринде биз жашаган үйдүн ээси катуу мас болуп келди да, бизди кошуна-колоңдордун тынчын алып жатат деп каралап, өлтүрөм деп кыйкыра баштады. Аялы аны тынчтандырганга канча аракет кылбасын, эч майнап чыккан жок. Мунун баарын үстүнкү кабаттагы бөлмөбүздөн угуп жаттык. Экөөбүз эшикти отургучтар менен тирей салып, чемодандарыбызды салыштыра баштадык. Бир убакта эшикти ачсак, ал колуна чоң бычак кармап тепкичтин баш жагында туруптур. Биз арткы эшиктен чыгып, болгон буюмубузду көтөрүп алып, бакты аралап өткөн узун жол менен качып жөнөдүк. Ошол боюнча ал жакка кайтып барган жокпуз.

Бир мейманканага барып, жашаганга бөлмө сурадык. Ал жакта дээрлик бир жылдай туруп калдык. Бул кызматыбыздын ийгиликтүү болушуна өбөлгө түздү. Кандайча? Мейманкана шаардын борборунда жайгашкандыктан, Ыйык Китепти изилдегендердин айрымдары ошол жактан изилдегиси келчү. Көп узабай мейманканадагы бөлмөбүздө китеп изилдөөнү жана жума сайын «Күзөт муранасын» изилдөөнү өткөрө баштадык. Ага 15 чакты киши катышчу.

Мистельбахта бир жылдан ашык кызмат кылдык. Анан мен Грацтын түштүк-чыгышындагы Фельдбах деген шаарга дайындалып, жаңы шеригим менен кызмат кыла баштадым. Ал жакта да жыйналыш жок болчу. Биз жыгач үйдүн экинчи кабатындагы кичинекей бөлмөдө жашачубуз. Жыгачтардын арасынан шамал аркырап кирип тургандыктан, жылчыктарды гезит менен бүтөп чыкканбыз. Сууну болсо кудуктан алып келчүбүз. Бирок ушунун баарынын акыбети кайтты. Себеби бир нече айдын ичинде эле топ түзүлдү. Биз Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген үй-бүлөдөн 30дай киши чындык жолуна түштү!

Ушундай окуялардан улам Падышалыктын кызыкчылыгын көздөгөндөрдү дайыма колдогон Жахабага болгон ыраазычылыгым артты. Жаныбызда жардам берер бир да киши жок болсо да, Жахаба ар убак жардамга келет (Заб. 121:1—3).

КУДАЙ «АДИЛДИК БОЮНЧА ОҢ КОЛУ» МЕНЕН КОЛДОДУ

1958-жылы Нью-Йорктогу «Янки» жана «Поло Граундс» стадиондорунда эл аралык жыйын өтө турган болду. Ага катышуу үчүн арыз толтурдум. Ошол учурда Австриядагы филиал менден Гилат мектебинин 32-классында окугум келер-келбесин сурады. Андай сыймыктан кантип баш тартмак элем?! Дароо эле: «Ооба!» — дедим.

Гилат мектебинен Мартин Пётцингердин жанына отуруп калдым. Нацисттик концлагерлерде анын тартпаган азабы калган эмес. Кийинчерээк ал да Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган. Сабак учурунда кээде менден: «Эрика, бул немисче эмнени билдирет?» — деп шыбырап сурап калчу.

Мектеп ортолоп калганда, Нейтан Норр кимибиздин каякка дайындалганыбызды кулактандырды. Мен Парагвайга дайындалдым. Ошол убакта аябай жаш болгондуктан ал өлкөгө барыш үчүн атаман уруксат алышым керек болду. Уруксат алгандан кийин 1959-жылы мартта Парагвайга барып, Асунсьон шаарындагы миссионерлер үйүндө жаңы шеригим менен жашап калдым.

Көп өтпөй Гилат мектебинин 30-классын бүтүргөн Уолтер Брайт деген миссионер менен тааныштым. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз баш кошуп, турмуштун ысык-суугун чогуу көтөрө баштадык. Оор сыноолорго кабылган сайын Жахабанын Ышая 41:10догу: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем»,— деген убадасын окучубуз. Бул бизди Кудайга ишенимдүү бойдон калууга жана Падышалыкты биринчи орунга коюуга умтула берсек, анын эч качан калтырбай турганына ынандырчу.

Кийин Бразилиянын чек арасына жакын жерге дайындалдык. Ал жактан бир диний жетекчи жаштарды ансыз деле араң турган миссионердик үйүбүздү таш менен урганга тукурду. Ошол убактарда Уолтер полициянын чоңу менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Ал полиция кызматкерлеринин үйүбүздү бир жума бою кайтарып турушуна кам көргөндүктөн, куугунтуктагандар бизге тийишпей калышты. Ошондон көп узабай эле Бразилиянын чек арасынын ары жагындагы ыңгайлуу жерге көчүп кеттик. Бул аябай жакшы болду, себеби Парагвайда да, Бразилияда да жолугушууларды өткөрө алчубуз. Ал жактан кеткенибизге чейин, эки чакан жыйналыш уюштурулду.

Жолдошум Уолтер экөөбүз Асунсьондо (Парагвай) миссионер болуп жүргөндө

ЖАХАБА МЕНИ ДАГЫ ДЕЛЕ КОЛДОП КЕЛЕТ

Доктурлар мага балалуу боло албайсың дешкен болчу. Ошондуктан 1962-жылы боюмда бар экенин билгенде аябай таң калдык. Кийинчерээк Флорида штатындагы Голливуд шаарына, Уолтердин үй-бүлөсүнө жакын жерге, отурукташтык. Үй-бүлөбүзгө кам көрүш керек болгондуктан Уолтер экөөбүз бир канча жыл пионер болуп кызмат кыла алган жокпуз. Анткен менен Падышалыктын ишин дайыма биринчи орунга койчубуз (Мт. 6:33).

1962-жылы ноябрда Флоридага көчүп барганыбызда жергиликтүү элдин кара түстөгүлөр менен ак түстөгүлөр жолугушууларын эки бөлөк жерде өткөрүшү, эки башка аймакта кабар айтышы керек деген көз карашка карманарын билип таң калдык. Бирок Жахаба адамдарды расасына карап бөлбөйт. Андыктан көп өтпөй эле жыйналыштар аралашып, ар кайсы расадагы адамдар чогуу сыйына баштады. Жахабанын бул чараны колдоп жатканы айкын көрүндү. Азыр ал жакта көп жыйналыш бар.

Кейиштүүсү, Уолтер 2015-жылы мээнин рагынан көз жумду. Мага 55 жыл бою эң мыкты күйөө болду. Ал Жахабаны сүйчү, көптөгөн бир туугандарга жардам берчү. Анын тирилип, кайрадан ден соолугу чың боло турган күндү көрүүнү эңсеп келем (Элч. 24:15).

Толук убакыт кызматты 40 жылдан ашуун убакыттан бери аркалап, көптөгөн кубанычтуу күндөрдү өткөрүп, мол бата алып жатканыма аябай ыраазымын. Мисалы, Уолтер экөөбүз 136 кишиге чөмүлүүгө жардам бердик. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок биз аларды ишенимдүү Кудайыбызга кылган кызматыбызды токтотууга себеп катары көрчү эмеспиз. Анын ордуна, ага ого бетер жакындап, анын бардык нерсени өз убагында, өзү каалагандай жол менен чечип берерине ишенчүбүз. Ал так ошондой кылып келет! (2 Тим. 4:16, 17).

Уолтерди ушунчалык сагынам, бирок пионердик кызмат чыдаганга күч берип жатат. Башкаларды окутуп-үйрөтүү, өзгөчө, аларга тирилүүгө болгон үмүт жөнүндө айтып берүү абдан жардам берет. Ооба, Жахаба мени эч качан таштабай, санап бүткүс жолдор менен жөлөп-таяп келатат. Ал сөзүнө туруп, мага кам көрүп, күч берип, «адилдик боюнча оң колу» менен колдоп келүүдө (Ыш. 41:10).