Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оңдоп-түзөө — Кудайдын сүйүүсүнүн далили

Оңдоп-түзөө — Кудайдын сүйүүсүнүн далили

«Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт» (НАКЫЛ 3:12).

ЫРЛАР: 123, 86

1. Ыйык Китепте «оңдоп-түзөө» деген сөз көп учурда кандай мааниде колдонулат?

«ОҢДОП-ТҮЗӨӨ» деген сөздү укканда эсиңерге дароо эле эмне келет? Балким, шак эле жаза жөнүндө ойлоноттурсуңар. Бирок бул сөз андан да көптү камтыйт. Ыйык Китепте оңдоп-түзөөнүн өзүбүз үчүн эле жакшы экени жазылат жана ал айрым учурларда билим, акылмандык, сүйүү, өмүр менен чогуу айтылат (Накыл 1:2—7; 4:11—13). Себеби Кудайдын оңдоп-түзөгөнү бизди сүйөрүн жана өмүр алышыбызды каалаарын айгинелеп турат (Евр. 12:6). Албетте, Кудай кээде бизди жазалашы мүмкүн, анткен менен ал эч качан чектен чыкпайт же ырайымсыздык кылбайт. Чынында, «оңдоп-түзөө» деген сөздүн негизги мааниси билимди, мисалы, ата-эненин сүйүктүү баласына берген таалимин билдирет.

2, 3. Оңдоп-түзөө кандайча акыл-насаат айтууну да, жазалоону да камтышы мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

2 Мындай жагдайды элестетип көрсөңөр: кичинекей Арсен үйдүн ичинде топ ойноп жатат. Апасы ага: «Арсен, үйдүн ичинде топ ойнобо! Бир нерсени сындырып аласың!» — деп эскертет. Бирок ал апасын укпай, топ ойной берет да, бир маалда вазаны сындырып алат. Ошондо апасы эмне кылат? Баласын оңдоп-түзөш үчүн акыл-насаат айтышы да, жазалашы да мүмкүн. Ага анын кылганы эмне үчүн туура эмес болгонун айтышы ыктымал. Ата-энесине баш ийгени өзүнө эле пайда алып келерин түшүнүшүн каалагандыктан ага алар бекиткен эрежелердин зарыл экенин жана акылга сыярлык экенин түшүндүрүп берет. Ошондой эле баласы муну унутпашы үчүн, аны жазалоону туура көрүшү, маселен, кайсы бир убакытка чейин тобун алып коюшу мүмкүн. Мунун аркасында Арсен тил албастыктын арты кесепеттүү болорун түшүнөт.

3 Жыйналыштын мүчөлөрү катары баарыбыз Кудайдын үй-бүлөсүнө киребиз (1 Тим. 3:15). Андыктан Жахабанын биз үчүн нормаларды бекитүүгө жана аларды бузганыбызда мээримдүүлүк менен оңдоп-түзөөгө укуктуу экенин түшүнүп, ал укугун сыйлашыбыз керек. Андан тышкары, туура эмес ишибиздин кесепетин тартканыбызда, асмандагы Атабызга баш ийгенибиз канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Жахаба бизди ушундайча да оңдоп-түзөйт (Гал. 6:7). Ал камыбызды ойлогондуктан бизди азапка сала турган нерселерден коргогусу келет (1 Пет. 5:6, 7).

4. а) Канткенде Жахаба иш-аракетибизге батасын берет? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

4 Ыйык Китептин негизинде оңдоп-түзөө менен балабызга же Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге максатына жетүүгө, тагыраак айтканда, Машаяктын жолдоочусу болууга жардам беребиз. Окутуп-үйрөтүүдөгү негизги куралыбыз болгон Кудай Сөзү бизге башкаларды «адилдик жолунда тарбиялоого» көмөк кылат. Ушундай жол менен балабызга же Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга Иса буйругандын баарын түшүнүүгө, аларды аткарууга жардам бере алабыз (2 Тим. 3:16; Мт. 28:19, 20). Ошенткенибизде, Жахаба аракетибизге батасын берип, алар да башкаларга Машаяктын шакирти болууга жардам бере алышат. (Оку: Тит 2:11—14.) Эмесе, төмөнкү үч маанилүү суроого жооп алалы: 1) Кудайдын бизди оңдоп-түзөгөнүнөн сүйүүсү кандайча көрүнүп турат? 2) Ал оңдоп-түзөгөн адамдардан эмнеге үйрөнө алабыз? 3) Башкаларды оңдоп-түзөөдө Жахаба менен анын Уулун кантип туурасак болот?

КУДАЙ СҮЙҮҮ МЕНЕН ОҢДОП-ТҮЗӨЙТ

5. Жахабанын оңдоп-түзөгөнү кандайча анын сүйүүсүн чагылдырып турат?

5 Жахабанын сүйүүсүнөн айрылбашыбыз жана өмүргө алып бара турган жолдон чыкпашыбыз үчүн, ал сүйүүсүнөн улам бизди оңдоп-түзөйт, акыл-насаат айтат, окутуп-үйрөтөт (1 Жкн. 4:16). Бирок бизди басынтып, өзүбүздү эч нерсеге жараксыз сезгидей абалга жеткирбейт (Накыл 12:18). Тескерисинче, жакшы сапаттарыбызга көңүл буруп, чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлап, кадыр-баркыбызды көтөрөт. Жахабанын өзүнүн Сөзү, ага негизделген адабияттар, чындык жолундагы ата-энелерибиз же жыйналыштагы аксакалдар аркылуу оңдоп-түзөгөнүн анын сүйүүсү катары кабыл алабызбы? Билбестиктен «туура эмес иш кылып алганыбызда», аксакалдардын жумшактык, мээримдүүлүк менен кеңеш бергени, чынында, Жахабанын бизге болгон сүйүүсүн айгинелеп турат (Гал. 6:1).

6. Адамдын сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылганы эмне үчүн Кудайдын сүйүүсүнүн далили болуп саналат?

6 Айрым учурларда оңдоп-түзөш үчүн кеңеш берүүдөн же акыл-насаат айтуудан да көп нерсе талап кылынышы мүмкүн. Айталы, олуттуу күнөө кылган бир тууган жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылышы ыктымал. Бирок бул да Кудайдын сүйүүсүнүн далили болуп саналат. Себеби жоопкерчиликтеринен айрылганы ага өздүк изилдөөсүнө, ой жүгүртүүгө жана тиленүүгө көбүрөөк көңүл топтогону канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет. Мунун аркасында ал рухий жактан бекемделет (Заб. 19:7). Убакыттын өтүшү менен сыймыктуу жоопкерчиликтерине кайрадан ээ болушу мүмкүн. Атүгүл жыйналыштан чыгаруу чарасы да Жахабанын сүйүүсүн чагылдырат, анткени бул жыйналыштын таза сакталышына шарт түзөт (1 Кор. 5:6, 7, 11). Ошондой эле Жахаба чеги менен жазалагандыктан, жыйналыштан чыгарылган киши кылган күнөөсүнүн канчалык олуттуу экенин түшүнүп, өкүнүүгө түрткү алат (Элч. 3:19).

АЛ ЖАХАБАНЫН АКЫЛ-НАСААТЫН КАБЫЛ АЛЫП, БАТА АЛГАН

7. Шебна деген ким болгон жана ал кандай жаман сапатты өрчүткөн?

7 Оңдоп-түзөөнүн маанилүү экенин түшүнүү үчүн Жахаба оңдоп-түзөгөн эки кишинин окуясына токтололу. Алардын бири — Хиския падышанын убагында жашаган Шебна, экинчиси — Грейм деген ишенимдешибиз. Хиския падышанын «үйүнүн үстүнөн коюлган... башкаруучу» катары Шебна жогорку абалды ээлеген (Ыш. 22:15). Өкүнүчтүүсү, ал текеберденип, атак-даңкты көздөй баштаган. Атүгүл өзүнө абдан кымбат мүрзө даярдаган, «эң сонун арабаларды» айдаган (Ыш. 22:16—18).

Момун болуп, көз карашыбызды өзгөртсөк, Кудайдын батасын алабыз (8—10-абзацтарды карагыла)

8. Жахаба Шебнаны кантип оңдоп-түзөгөн жана натыйжасы кандай болгон?

8 Шебна атак-даңкка умтулгандыктан, Кудай аны ээлеген абалынан ажыратып, ордуна Элиакимди дайындаган (Ыш. 22:19—21). Бул Ашур падышасы Сенхейрип Иерусалимге кол салганы жаткан убакта болгон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Сенхейрип жүйүттөрдүн ындынын өчүрүп, Хискияны багындыруу үчүн аны коркутуп-үркүтүүгө өзүнүн жогорку даражалуу кишилери менен кошо чоң аскерин Иерусалимге жиберген (2 Пад. 18:17—25). Ошондо Хиския падыша алар менен сүйлөшүүгө Элиакимди жөнөткөн, бирок ал жалгыз эмес эле. Аны эки киши коштоп барган. Алардын бири ошол учурда катчы болуп кызмат кылып жаткан Шебна болчу. Мындан Шебнанын, Жахаба оңдоп-түзөгөндө, таарынычка алдырбай, мурунку кызматынан төмөнүрөөк турган жоопкерчиликти момундук менен кабыл алганы көрүнүп турган жокпу? Эгер ошондой болсо, ал жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз? Келгиле, буга байланыштуу үч нерсени карап чыгалы.

9—11. а) Шебна жөнүндөгү билдирүүдөн кандай маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз? б) Жахабанын Шебнага жасаган мамилеси силерге кандай таасир этти?

9 Биринчиден, Шебна ээлеген абалынан ажыраган. Бул Ыйык Китептеги: «Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет, кулаардын алдында менменсингендик келет»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин эскертип турат (Накыл 16:18). Эгер жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болсоңор, балким, кандайдыр бир деңгээлде көптөргө белгилүүдүрсүңөр. Андайда өзүңөр жөнүндө жогору ойдо болбой, момун бойдон каласыңарбы? Жахаба берген шык-жөндөмдүүлүктөрүңөр же жетишкендиктериңер үчүн аны даңктайсыңарбы? (1 Кор. 4:7). Элчи Пабыл: «Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап,.. өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула»,— деп жазган (Рим. 12:3).

10 Экинчиден, Жахабанын Шебнага катуу кеңеш бергени, сыягы, анын оңолоруна ишенгенин көрсөтүп турат (Накыл 3:11, 12). Жыйналыштагы жоопкерчиликтеринен айрылып калгандарга Шебна кандай сонун үлгү калтырган! Алардын ачуулангандын же таарынгандын ордуна, Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн анын сүйүүсүнүн белгиси катары көрүп, ага андан ары да колунан келишинче кызмат кыла бергени жакшы. Атабыздын алдында момун болсок, ал бизди оңолгус деп эсептеп, үмүтүн үзүп койбой турганын эсибизден чыгарбайлы. (Оку: 1 Петир 5:6, 7.) Жахаба бизди калыпташ үчүн мээримдүүлүк менен оңдоп-түзөйт. Андыктан анын колунда жумшак чопо бололу.

11 Үчүнчүдөн, Жахабанын Шебнага жасаган мамилеси башкаларды оңдоп-түзөөгө бийлиги барлар үчүн, мисалы, ата-энелер менен аксакалдар үчүн эң мыкты үлгү болуп эсептелет. Алар андан эмнеге үйрөнө алышат? Албетте, Жахаба күнөөнү жек көрөт, бирок күнөө кылган кишиге сүйүү көрсөтө берет. Эгер ата-эне же аксакал болсоңор, андан үлгү аласыңарбы, тагыраак айтканда, күнөөнү жек көрүп, ошол эле учурда балаңардын же ишенимдешиңердин жакшы жактарын көрө билесиңерби? (Жүй. 22, 23).

12—14. а) Жахаба оңдоп-түзөгөндө, айрымдар кандай кабыл алышат? б) Кудайдын Сөзү бир ишенимдешибизге көз карашын өзгөртүүгө кандайча жардам берген жана натыйжасы кандай болгон?

12 Кейиштүүсү, оңдоп-түзөгөндөн кийин айрымдар таарынып, атүгүл Кудайдан да, анын элинен да алыстап кетишет (Евр. 3:12, 13). Бирок бул аларга эч ким жардам бере албайт дегенди билдиреби? Албетте, жок. Мисалга Греймди алалы. Ал жыйналыштан чыгарылып, убакыттын өтүшү менен кайра кабыл алынган, бирок кийин кайрадан жигердүү эмес болуп калган. Бир нече жыл өткөн соң ал аны менен дос болгон аксакалдан ага изилдөө өтүшүн суранган.

13 Ал аксакал мындай деп эскерет: «Греймдин бир көйгөйү бар болчу, ал текебер эле. Аны жыйналыштан чыгарууга катышкан аксакалдарды сындай берчү. Ошол себептен бир нече жолу изилдөө учурунда текебердик жана анын кандай таасир этери жөнүндө жазылган аяттарды талкууладык. Бара-бара Грейм күзгү болгон Кудайдын Сөзүнөн өзүнүн чынында кандай экенин көрө баштады. Көргөндөрү ага жаккан жок. Мунун таасири кереметтүү болду! Көзүндөгү дөңгөчтөн, текебердиктен, улам сокур болуп келгенин жана сын көз карашта болгону анын өзүнүн көйгөйү экенин түшүнгөндөн кийин ал дароо жакшы жакка өзгөрө баштады. Жыйналышка калтырбай барып, Кудайдын Сөзүн ынтызарлык менен изилдеп, дайыма тиленип турууну адат кылып алды. Ошондой эле башчылык милдетин аткарып, үй-бүлөсүнө рухий жактан кам көрө баштады. Буга жубайы да, балдары да абдан сүйүнүштү» (Лк. 6:41, 42; Жкп. 1:23—25).

14 Аксакал сөзүн мындай деп улайт: «Бир күнү Грейм жүрөгүмдү козгогон бир нерсе айтты. Ал: „Чындыкты көп жылдан бери билем. Атүгүл пионер да болуп кызмат кылгам. Бирок Жахабаны сүйөм деп азыр чындап айта алам“,— деди. Көп өтпөй ага Падышалык залында микрофон ташуу сыймыгы берилди. Муну ал жогору баалайт. Анын окуясынан Кудайдын алдында момун болуп, оңдоп-түзөгөнүн кабыл алгандардын мол бата аларын түшүндүм».

БАШКАЛАРДЫ ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨ КУДАЙ МЕНЕН МАШАЯКТАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

15. Оңдоп-түзөгөндө башкалардын жүрөгүн козгош үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Жакшы окутуучулардан болуш үчүн адегенде өзүбүз жакшы окуучу болушубуз керек (1 Тим. 4:15, 16). Анын сыңарындай, башкаларды оңдоп-түзөөгө бийлиги барлар биринчи кезекте өздөрү Жахабанын жетекчилигине момундук менен баш ие бериши зарыл. Ошондо башкалардын урмат-сыйына жана окутууда же оңдоп-түзөөдө сөз эркиндигине ээ болушат. Эмесе, Исанын үлгүсүнө көңүл буралы.

16. Башкаларды оңдоп-түзөө, натыйжалуу окутуу жагынан Исадан эмнеге үйрөнөбүз?

16 Иса Атасына дайыма, атүгүл оор учурларда да баш ийген (Мт. 26:39). Окуулары, акылмандыгы Жахабадан экенин айтып, аны даңктаган (Жкн. 5:19, 30). Анын момундугу, тил алчаактыгы жүрөгү таза адамдарды ага тартып турган жана боорукер, мээримдүү окутуучу болууга жардам берген. (Оку: Матай 11:29.) Исанын жылуу сөздөрү чала сынган камыштай же бүлбүлдөп күйгөн биликтей болгон адамдарды бекемдеген (Мт. 12:20). Чыдамдуулугу сыналган жагдайларда да ал боорукердигинен, мээримдүүлүгүнөн жазган эмес. Муну элчилери өз кызыкчылыгын көздөгөндө, атакка умтулганда аларды кантип оңдоп-түзөгөнүнөн көрүүгө болот (Мр. 9:33—37; Лк. 22:24—27).

17. Кудайдын оторун жакшы кайтарууга аксакалдарга кайсы сапаттар жардам берет?

17 Башкаларды Ыйык Китептин негизинде оңдоп-түзөгөндө аксакалдардын Исадан үлгү алганы маанилүү. Муну менен алар Кудайдын жана анын Уулунун жетекчилигине ылайык калыптанууну каалаарын көрсөтүшөт. Элчи Петир: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла; аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес, чын көңүлдөн, Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылбай, оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла»,— деп жазган (1 Пет. 5:2—4). Аксакалдар Кудайга жана жыйналыштын башчысы болгон Машаякка даярдуулук менен баш ийсе, өздөрү да, отордогулар да сөзсүз пайда алышат (Ыш. 32:1, 2, 17, 18).

18. а) Жахаба ата-энелерден эмнени талап кылат? б) Кудай ата-энелерге милдеттерин аткарганга кантип жардам берет?

18 Үй-бүлөдө да ушул эле принциптерди колдонууга болот. Ыйык Китепте үй-бүлө башчыларына: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деген кеңеш берилет (Эф. 6:4). Бул канчалык маанилүү? Накыл сөздөр 19:18де: «Үмүт барда уулуңду жазала, жаның анын өлүмүн тилебесин»,— деп жазылган. Ооба, ата-энелер баласын зарыл учурда оңдоп-түзөбөсө, Жахаба муну баланын өлүмүн тилегенге барабар деп эсептеп, аларды жоопко тартат (1 Шем. 3:12—14). Анткен менен ата-энелер Жахабага момундук менен кайрылып, тиленсе, анын Сөзүнөн жетекчилик издесе, ыйык рух сураса, ал аларга зарыл акылмандык жана күч берет. (Оку: Жакып 1:5.)

ТҮБӨЛҮККӨ ТЫНЧТЫКТА ЖАШООГО ҮЙРӨНӨБҮЗ

19, 20. а) Кудайдын оңдоп-түзөгөнүн кабыл алуунун аркасында кандай бата алабыз? б) Кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

19 Жахаба оңдоп-түзөгөндө туура кабыл алуунун жана башкаларды оңдоп-түзөөдө андан, Исадан үлгү алуунун аркасында сан жеткис баталарды алабыз. Мисалы, үйүбүз жана жыйналыш бейкуттук өкүм сүргөн жай болот. Ошондой эле үй-бүлөбүздөгүлөрдүн, жыйналыштагылардын ар бири өзүн керектүү, сүйүктүү жана коопсуз сезип, мындайча айтканда, келечектеги баталардын даамын тата алат (Заб. 72:7). Ырас, Жахабанын оңдоп-түзөгөнү бизди анын камкордугу алдында бир үй-бүлө катары түбөлүккө тынчтыкта, ынтымакта жашаганга үйрөтөт деп айтуу аша чапкандыкка жатпайт. (Оку: Ышая 11:9.) Эгер Кудайдын оңдоп-түзөгөнүнө ушундай көз карашта болсок, мунун чынында эмненин белгиси экенин, тагыраак айтканда, бизге болгон чексиз сүйүүсүнүн белгиси экенин түшүнөбүз.

20 Кийинки макаладан үй-бүлөдө жана жыйналышта оңдоп-түзөө жөнүндө дагы кененирээк билебиз. Ошондой эле өзүбүздү канткенде тарбиялай аларыбызды жана оңдоп-түзөөнүн өзүнөн да көбүрөөк азап тарттыра турган нерсе тууралуу талкуулайбыз.