Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чөмүлүү — Машаяктын жолдоочуларына коюлган талап

Чөмүлүү — Машаяктын жолдоочуларына коюлган талап

«Чөмүлтүлүү да азыр силерди... куткарып жатат» (1 ПЕТ. 3:21).

ЫРЛАР: 52, 41

1, 2. а) Баласы чөмүлгүсү келерин айтканда, айрым ата-энелер эмне кылышат? б) Баяндамачы чөмүлө тургандардан өзүн Жахабага арнаган-арнабаганын эмне үчүн сурайт? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖАШ карындашыбыз, атын Мария деп коёлу, чогуу чөмүлө тургандар менен бирге ордунан турду. Аны ата-энеси карап турат. Ал баяндамачы берген эки суроого так-айкын жооп берди. Анан барып, сууга чөмүлдү.

2 Ата-энеси Мариянын өзүн Жахабага толугу менен арнап, чөмүлгөнүнө аябай кубанып турушат. Бирок буга чейин апасы: «Кызым чөмүлгөнгө өтө эле жаш эмеспи? Ал мунун канчалык олуттуу экенин чындап эле түшүнүп жатабы? Дагы бир аз күтө турганы жакшы эмеспи?» — деп ойлонуп жүргөн. Баласы чөмүлгүсү келерин айтканда, көптөгөн мээримдүү ата-энелер ушул сыяктуу суроолордун үстүнөн ойлонушат (Нас. 5:5). Анткени арналуу жана чөмүлүү — Машаяктын жолдоочуларынын жашоосундагы эң маанилүү кадамдар. (« Өзүңдү Жахабага арнадыңбы?» деген кутучаны кара.)

3, 4. а) Элчи Петир чөмүлүүнүн маанилүү экенин кантип көрсөткөн? б) Чөмүлүүнү эмне үчүн Нух пайгамбардын кеме курганына салыштырууга болот?

3 Чөмүлүү жөнүндө айтып жатканда элчи Петир Нух пайгамбардын кеме курганын сөз кылып: «Ошо сыяктуу эле, чөмүлтүлүү да азыр силерди... куткарып жатат»,— деген. (Оку: 1 Петир 3:20, 21.) Кеме Нухтун өзүн Кудайдын эркин аткарууга арнаганынын төгүндөлгүс далили болгон. Ал Жахаба тапшырган ишти ишенимдүүлүк менен аткарган. Ооба, ишенимин иши менен көрсөткөнүнүн аркасында Нух пайгамбар өзүн да, үй-бүлөсүн да Топон суудан аман алып калган. Петир аны мисал катары келтирүү менен эмнени айткысы келген?

4 Кеме Нух пайгамбардын ишениминин далили болгондой, чөмүлүү да башкалардын алдында далил болуп саналат. Ал эмнени көрсөтөт? Чөмүлүү менен Машаяктын шакирти анын курмандыгына жана тирилгенине ишенгендиктен өзүн Жахабага арнаганын айгинелейт. Кудайга арналгандан кийин, Нух пайгамбарга окшоп, ал тапшырган ишти тил алчаактык менен аткарат. Нух Топон суудан аман калгандай эле, Кудайдын чөмүлгөн ишенимдүү кызматчылары да бул дүйнөнүн акырынан аман өтүшөт (Мр. 13:10; Аян 7:9, 10). Ошондуктан арналуу жана чөмүлүү абдан маанилүү. Эч кандай негиз жок эле чөмүлбөй, создуктуруп жүрө бергендер түбөлүк жашоого болгон мүмкүнчүлүктөн кол жууп калышы мүмкүн.

5. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

5 Чөмүлүү олуттуу кадам болгондуктан, ага байланыштуу төмөнкү үч суроону карап чыгышыбыз керек: Ыйык Китепте чөмүлүү жөнүндө эмне делет? Чөмүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасоо зарыл? Балабыз же дагы башка бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда чөмүлүүнүн маанилүү экенин эмне үчүн дайыма эсибизде бек сакташыбыз керек?

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЧӨМҮЛҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

6, 7. а) Жаканга келген кишилердин чөмүлүүсү эмнени билдирген? б) Жакан чөмүлдүргөн адамдардын арасынан кимдин чөмүлүүсү өзгөчө болгон жана эмне үчүн?

6 Ыйык Китепте чөмүлүү тууралуу биринчи жолу Чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндөгү билдирүүдө айтылат (Мт. 3:1—6). Жаканга келген кишилер чөмүлүү менен Мусанын Мыйзамына каршы жасаган күнөөлөрү үчүн өкүнүп жатканын көрсөтүшкөн. Бирок алардын ичинен бирөөнүн чөмүлүүсү абдан маанилүү болгон жана анын өкүнүү менен эч кандай байланышы болгон эмес. Жакан Кудайдын жеткилең Уулу Исаны чөмүлдүрүү сыймыгына ээ болгон (Мт. 3:13—17). Иса эч кандай күнөө кылбагандыктан ага өкүнүүнүн зарылдыгы жок болчу (1 Пет. 2:22). Ал чөмүлүү менен өзүн Кудайдын эркин аткарууга арнаганын айкын кылган (Евр. 10:7).

7 Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө, анын шакирттери да башкаларды чөмүлдүргөн (Жкн. 3:22; 4:1, 2). Жакан чөмүлдүргөн кишилердей эле, алар чөмүлдүргөндөр да ал кадамды жасоо менен Мыйзамга каршы кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүшөрүн көрсөтүшкөн. Ал эми Иса өлүп, кайра тирилгенден кийин, анын жолдоочуларынын чөмүлүүсү башка мааниге ээ болуп калган.

8. а) Тирилгенден кийин Иса жолдоочуларына кандай буйрук берген? б) Чөмүлүүнүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүп бер.

8 Б.з. 33-жылы Иса Машаяк тирилгенден кийин 500дөн ашуун кишиге көрүнгөн. Алардын арасында эркектер, аялдар, кыязы, балдар да болгон. Иса: «Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген сөздөрдү, сыягы, ошол учурда айтса керек (Мт. 28:19, 20; 1 Кор. 15:6). Мындан анын шакирт даярдоого буйрук бергенин жүздөгөн жолдоочулары уккан деп жыйынтык чыгарууга болот. Ошондойчо Иса чөмүлүүнүн анын «моюнтуругун» алгысы келгендерге коюлган талап экенин көрсөткөн (Мт. 11:29, 30). Кудайга жаккандай кызмат кылууну каалаган ар бир адам анын ой-ниетинин аткарылышында Исанын кандай роль аткарарын билиши жана аны кабыл алышы керек. Ошондон кийин гана ал сууга чөмүлө алат. Ушундай чөмүлүү Кудайга жагат. Ыйык Китептеги көптөгөн билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, 1-кылымда Машаяктын жаңы шакирттери чөмүлүүнүн канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан жөнү жок эле создуктуруп, чөмүлбөй жүрө беришкен эмес (Элч. 2:41; 9:18; 16:14, 15, 32, 33).

СОЗУП ЖҮРӨ БЕРБЕ

9, 10. Эфиопиялык төрөнүн жана элчи Пабылдын окуясынан чөмүлүү жөнүндө эмнени биле алабыз?

9 Оку: Элчилер 8:35, 36. Жүйүттөрдүн динин кабыл алган эфиопиялык төрөнү мисалга алалы. Ал Кудайга сыйыныш үчүн Иерусалимге келип, кайра үйүнө кетип бараткан. Жахабанын периштеси түрткү бергендиктен, Филип деген шакирт ага барып, «Иса тууралуу жакшы кабарды айтып берген». Ошондо төрө эмне кылган? Ал Филиптен уккан чындыктарды түшүнүп, Жахабанын талабына ылайык иш кылгысы келгендиктен дароо чөмүлгөн.

10 Эми бир кездерде Машаяктын жолдоочуларын куугунтуктап жүргөн жүйүт кишинин окуясына токтололу. Ал Кудайга арналган элдин мүчөсү болгон. Бирок жүйүттөр Жахаба менен болгон мамилесинен кол жууп калышкан. Ал киши жүйүттөрдүн каада-салттарын ынталуулук менен жактап келген. Анткен менен кийинчерээк андан алда канча жакшы нерсени уккан. Ага тирилип, даңкка бөлөнгөн Иса Машаяк өзү сүйлөгөн. Ошондо ал эмне кылган? Машаяктын Анания деген шакиртинин жардамын кабыл алган. Ошондой эле Ыйык Китепте: «Анан ал туруп, чөмүлтүлдү»,— деп айтылат (Элч. 9:17, 18; Гал. 1:14). Сен анын кийинчерээк элчи Пабыл деп белгилүү болуп калган Шабыл экенин дароо эле билдиң болуш керек. Исанын Кудайдын ой-ниетинде аткарган ролу жөнүндөгү чындыкты түшүнгөндүктөн Пабыл создуктурбай иш-аракет кылган, тактап айтканда, чөмүлгөн. (Оку: Элчилер 22:12—16.)

11. а) Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга чөмүлүүгө эмне түрткү берет? б) Кимдир бирөөнүн чөмүлгөнүн көргөндө кандай сезимде болобуз?

11 Жашпы, карыбы, бүгүнкү күндө Ыйык Китепти изилдеп жаткандар да ошондой иш-аракет кылышат. Ыйык Китепте жазылгандарга ишенгендер жана аларды чындап баалагандар өздөрүн Кудайга арнап, чөмүлүүгө ынтызар. Чөмүлүүнү каалагандарга арналган баяндама ар бир жыйындын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Ыйык Китепти изилдеген киши чындыкты кабыл алып, ийгилик кылып, чөмүлгөндө, Жахабанын Күбөлөрү абдан кубанышат. Чөмүлгөнү жаткандардын арасынан өздөрүнүн баласын көргөндө чындык жолундагы ата-энелердин жүрөгү толкуп-ташары шексиз. 2017-кызмат жылында дүйнө жүзү боюнча «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгон» 284 000ден ашуун киши Жахабага өзүн арнап, сууга чөмүлдү (Элч. 13:48). Муну менен алар чөмүлүүнүн Машаяктын жолдоочуларына коюлган талап экенин түшүнөрүн көрсөтүштү. Бирок чөмүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасашты?

12. Чөмүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасоо керек?

12 Адам чөмүлгөнгө чейин Кудай, анын ой-ниети жана куткаруу үчүн көргөн чарасы жөнүндө так билим алып, ишеним өрчүтүшү керек (1 Тим. 2:3—6). Андай ишеним ага Кудайга жакпаган жүрүм-турумду четке кагып, анын адил мыйзам-принциптерине ылайык жашаганга түрткү берет (Элч. 3:19). Эгер ал Кудайдын Падышалыгына кирүүгө тоскоолдук кылган иштердин кайсы бирин кылып жүрсө, өзүн Жахабага арнай албайт (1 Кор. 6:9, 10). Бирок Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларына карманып коюу эле жетишсиз. Адилдикке умтулган киши жыйналыш жолугушууларына барышы, өмүр куткара турган кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине толук кандуу катышышы зарыл. Иса пайгамбар ал ишти өзүнүн чыныгы жолдоочулары аткарарын айткан (Элч. 1:8). Ушул кадамдарды жасагандан кийин гана адам эч ким тоскоолдук кылбаган жерде тиленүү аркылуу өзүн Жахабага арнайт. Андан соң күбөлөрдүн көзүнчө сууга чөмүлөт.

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕГЕНДЕР КОЁ ТУРГАН МАКСАТ

Башкаларды окутууда чөмүлүүнүн маанилүү экенин түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк издейсиңби? (13-абзацты кара)

13. Башкаларды окутууда чөмүлүүнүн Исанын жолдоочуларына коюлган талап экенин эмне үчүн унутпашыбыз зарыл?

13 Балабызга же Ыйык Китепти изилдегендерге маанилүү кадамдарды жасоого жардам берип жатканда алардын Исанын чыныгы жолдоочусу болуш үчүн чөмүлүшү керектигин эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Муну унутпасак, ылайыктуу учурларда алар менен чөмүлүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшкөндөн коркпойбуз. Ооба, биз балдарыбыздын же Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын ийгилик кылып, чөмүлүшүн каалайбыз.

14. Эмне үчүн эч кимге чөмүлүүгө кысым көрсөтпөшүбүз керек?

14 Анткен менен эч кимге ата-энеси, аны менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан жарчы же жыйналыштагы кайсы бир бир тууган чөмүлүүгө кысым көрсөтпөшү керек. Бул Жахабага жакпайт (1 Жкн. 4:8). Тескерисинче, изилдөө өткөрүп жатканда анын Жахаба менен жекече мамиле өрчүткөнү абдан маанилүү экенин баса белгилешибиз зарыл. Ага чөмүлүүгө Кудай жөнүндөгү чындыкты чын жүрөктөн баалаганы жана Машаяктын моюнтуругун кийүүгө болгон каалоосу түрткү бериши керек (2 Кор. 5:14, 15).

15, 16. а) Чөмүлүш үчүн белгилүү бир куракта болуу талаппы? Түшүндүр. б) Мурун башка диндин мүчөсү катары чөмүлгөндөр Жахабанын Күбөсү болуш үчүн эмне үчүн кайра чөмүлүшү талап?

15 Кайсы куракта чөмүлсө болоруна байланыштуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Рухий жактан ар ким ар кандай убакта өсүп-жетилет. Көптөр жаш кезинде чөмүлүп, Жахабага ишенимдүү кызмат кылышат. Башкалар Ыйык Китептеги чындыкты кечирээк уккандыктан жашы өтүп калган убакта, айрымдары атүгүл 100дөн ашканда чөмүлүшөт.

16 Бир апа бир нече жыл мурун башка диндин мүчөсү катары чөмүлгөндүктөн ага Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берип жаткан бир туугандан кайрадан чөмүлгөнү канчалык зарыл экенин сураган. Экөө Ыйык Китептеги ылайыктуу аяттарды карап чыгышкан. Апа мунун Кудайдын Сөзүндө талап кылынарын түшүнүп, көп өтпөй чөмүлгөн. 80ге таяп калса да, ал чөмүлгөнүм маанилүү эмес деп ойлогон эмес. Ооба, Жахабанын ой-ниети жөнүндө так билим алгандан кийин гана чөмүлгөнүбүз туура. Ошондуктан мурун башка динди тутуп жүргөндө чөмүлгөндөр да Жахабанын Күбөсү болуш үчүн сөзсүз кайра чөмүлүшү керек. (Оку: Элчилер 19:3—5.)

17. Адам чөмүлгөн күнү эмне жөнүндө ойлонушу керек?

17 Ар бир эле адам чөмүлгөн күнү аябай кубанат. Бирок ал убак — терең ой жүгүртө турган да убак. Чөмүлгөнүнө ылайык жашоо көп күч-аракетти талап кылат. Ошондуктан Иса Машаяк анын жолдоочусу болууну моюнтурукка салыштырган. Анын шакирттери «өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы» зарыл (2 Кор. 5:15; Мт. 16:24).

18. Кийинки макалада эмнелерди карайбыз?

18 Мариянын апасы муну жакшы түшүнгөндүктөн макаланын башында айтылган суроолор тууралуу ойлонгон. Эгер силер ата-эне болсоңор: «Балам чөмүлүүгө чындап эле даярбы? Өзүн Кудайга арнаш үчүн жетиштүү билим алдыбы? Чөмүлгөнгө чейин кайсы бир окуу жайынан билим алып, жумуш таап алганы жакшы эмеспи? Чөмүлгөндөн кийин олуттуу күнөө кылып алсачы?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Кийинки макалада ушул суроолорго жооп алабыз жана ата-энелер чөмүлүүгө карата канткенде тең салмактуу көз карашта боло аларын билебиз.