Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү элчи Пабылды таз же бир аз эле чачы бар кылып тартышат?

Чынын айтканда, бүгүнкү күндө эч ким Пабылдын сырткы көрүнүшү кандай болгонун так билбейт. Анын биздин адабияттардагы сүрөттөрү археологиялык табылгаларга негизделген эмес. Аларды сүрөтчүлөр өздөрүнүн элестетүүсү менен тартышкан.

Анткен менен Пабылдын сырткы көрүнүшүнө байланыштуу айрым маалыматтар бар. Мисалы, «Сион күзөт мунарасынын» 1902-жылдын 1-мартындагы санында мындай делген: «Пабылдын сырткы көрүнүшү жөнүндө айта турган болсок,.. анын келбети б.з. 150-жылдары жазылган „Пабыл менен Фёкланын иштери“ деген эмгекте, кыязы, туура сүрөттөлгөн жана ал чындыкка коошот. Анда Пабыл бою жапалдаш, чачы жок, буту кыйшык, денеси чымыр, каштары кошулган, мурду узун киши катары сүрөттөлөт».

«Христиан чиркөөсүнүн оксфорддук сөздүгүнүн» 1997-жылдагы басылышында ошол байыркы эмгек тууралуу: «„Пабыл менен Фёкланын иштеринде“ анча-мынча болсо да тарыхый чындык камтылышы толук мүмкүн»,— деп жазылган. «Пабыл менен Фёкланын иштери» жазылып бүткөндөн кийин ал бир нече кылым бою жогору бааланып келген. Муну анын грек тилинде 80 кол жазмасы бар экени, ошондой эле башка тилдерге да которулганы ырастап турат. Демек, элчи Пабылдын көрүнүшү жөнүндөгү элестетүүлөрүбүз байыркы билдирүүлөрдүн кээ бирлерине шайкеш келет.

Бирок Пабылдын көрүнүшүнөн да маанилүү нерселер бар экенин унутпашыбыз керек. Ал кызмат кылып жүргөндө, айрым кишилер аны «өзү алсыз, сөзү супсак» деп сындашкан (2 Кор. 10:10). Анткен менен аны Иса Машаяк өзү керемет жолу менен шакирт кылганын эстен чыгарбайлы. Ошондой эле анын Машаяктын ысмын «башка элдерге... жарыялаш» үчүн тандалган «идиш» катары эмнелерди кылганы жөнүндө ойлонуп көрсөк болот (Элч. 9:3—5, 15; 22:6—8). Андан сырткары, Жахабанын өзүнүн ыйык руху аркылуу ага жаздырган китептерден канчалык көп пайда алып жатканыбыз тууралуу да ойлонгонубуз жакшы.

Пабыл Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин жеткен ийгиликтерине мактанган эмес жана өзүнүн сырткы көрүнүшү жөнүндө сөз кылган эмес (Элч. 26:4, 5; Флп. 3:4—6). Ал: «Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын»,— деген (1 Кор. 15:9). Ошондой эле кийинчерээк: «Бул ырайым мага, ыйыктардын эң кичинесине, башка элдерге Машаяктын изилденгис байлыктары тууралуу жакшы кабар жарыялашым үчүн [көрсөтүлдү]»,— деп жазган (Эф. 3:8). Ооба, Пабыл жарыялаган кабар анын сырткы көрүнүшүнүн кандай болгонуна караганда алда канча маанилүү.