Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Эски табиятты» чече аласың

«Эски табиятты» чече аласың

«Эски табиятты иштери менен кошо чеч» (КОЛ. 3:9).

29-ЫР: Атыбызга жараша жашайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ыйык Китепти изилдегенге чейин жашооң кандай эле?

 ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ менен Ыйык Китепти изилдегенге чейин жашооң кандай эле? Көбүбүз эле ал убакты эстегибиз келбейт. Ал кезде кулк-мүнөзүбүздү, көз карашыбызды бул дүйнө калыптап келген. Тагыраак айтканда, бул дүйнөнүн жаман менен жакшыга байланыштуу көз карашына карманчубуз. Ошондуктан «дүйнөдө үмүтсүз жашап, Кудайды тааный элек болчубуз» (Эф. 2:12). Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганда жашообуз түп-тамыры менен өзгөрдү!

2. Ыйык Китепти изилдеп баштагандан кийин эмнелерди билдиң эле?

2 Ыйык Китепти изилдеп баштагандан кийин асманда сени жакшы көргөн Атаң бар экенин билгенсиң. Ошондой эле Жахабаны кубантыш үчүн жана анын үй-бүлөсүнө кошулуш үчүн жашооңду, көз карашыңды, ой жүгүртүүңдү түп-орду менен өзгөртүшүң керектигин түшүнгөнсүң. Андан тышкары, ага жаккан иштерди кылып, ал жек көргөн нерселерден качышың керектигин аңдагансың (Эф. 5:3—5).

3. Колосалыктар 3:9, 10го ылайык, Жахаба эмне кылышыбызды каалайт жана бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Жаратканыбыз жана асмандагы Атабыз Жахаба үй-бүлөсүндөгүлөрдүн жүрүм-туруму кандай болушу керектигин чечкенге укуктуу. Ошол себептен чөмүлгөнгө чейин эле «эски табиятты иштери менен кошо чечишибизди» талап кылат *. (Оку: Колосалыктар 3:9, 10.) Бул макалада чөмүлгүсү келгендерге жардам берген үч суроону талкуулайбыз: 1) «Эски табият» деген эмне? 2) Эмне үчүн Жахаба аны чечишибизди каалайт? 3) Ан үчүн эмне кылсак болот? Ал эми чөмүлгөндөр болсо эски табиятты кайра кийип албаш үчүн эмне кылса болорун биле алышат.

«ЭСКИ ТАБИЯТ» ДЕГЕН ЭМНЕ?

4. «Эски табиятты» кийип жүргөн киши кандай болот?

4 «Эски табиятты» кийип жүргөн киши күнөөкөр табиятка жараша ой жүгүртүп, ошого жараша иш кылат. Андай киши өзүмчүл, ачуусу чукул, текебер болот, жакшылыкты да билбейт. Ал порнография, ыпыластык же зордук-зомбулук чагылдырылган кинолорду көргөндү жакшы көрүшү мүмкүн. Албетте, андай кишиде жакшы сапаттар деле бар. Ал туура эмес сүйлөп алганына же кылып алганына өкүнүшү да ыктымал. Бирок ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө, оңолгонго каалоосу жок болот (Гал. 5:19—21; 2 Тим. 3:2—5).

«Эски табиятты» чечкенде, жаман ойлор, туура эмес иштер андан ары бизди бийлей албай калат (5-абзацты кара) *

5. Эски табиятты толугу менен чече алабызбы? Түшүндүр (Элчилер 3:19)

5 Баарыбыз күнөөкөр пендебиз. Ошол себептен кан-жаныбызга сиңип калган ойлордон, каалоолордон толук арыла албайбыз. Кээде туура эмес иш кылып же туура эмес сүйлөп бармагыбызды тиштеп калган учурлар болот (Жер. 17:9; Жкп. 3:2). Бирок эски табиятты чечкенде күнөөкөр табиятка жана жаман иштерге кул болбой калабыз. Таптакыр башкача адам болуп өзгөрөбүз. (Ыш. 55:7; оку: Элчилер 3:19.)

6. Жахаба эмне үчүн туура эмес ойлордон жана жаман адаттардан арылышыбызды каалайт?

6 Жахаба бизди туура эмес ойлордон жана жаман адаттардан арылганга үндөйт. Анткени ал бизди жакшы көрөт жана жашоодон рахат алышыбызды каалайт (Ыш. 48:17, 18). Жахаба жаман каалоолорго алдыргандар өзүнө да, тегерегиндегилерге да залакасын тийгизерин жакшы билет. Ошонун айынан өзүбүздүн да, башкалардын да кыйналып жатканын көрүп жүрөгү ооруйт.

7. Римдиктер 12:1, 2ге ылайык, биз эмнени тандай алабыз?

7 Туугандарыбыздын же досторубуздун айрымдары оңолгонго аракет кылып жатканыбызды көрүп башында шылдыңдашы мүмкүн (1 Пет. 4:3, 4). Алар сага: «Өз билгениңди кылганга укуктуусуң, эч ким сага мындай же тигиндей кыл деп айтканга акысы жок»,— деши ыктымал. Бирок Жахабанын нормаларын четке каккандар эркин эмес. Чынында, аларды Шайтан бийлеген дүйнө калыптап жатат. (Оку: Римдиктер 12:1, 2.) Бизде эки жол бар: же Шайтандын дүйнөсү жана күнөөкөр табиятыбыз калыптаган эски табиятты чечпей кийип жүрө беребиз, же Жахабанын бизди жакшы адам кылып өзгөртүшүнө моюн сунабыз (Ыш. 64:8).

ЭСКИ ТАБИЯТТЫ КАНТИП «ЧЕЧЕ» АЛАСЫҢ?

8. Терс ойлордон жана жаман адаттардан арылганга бизге эмне жардам берет?

8 Жахаба терс ойлордон, жаман адаттардан арылыш үчүн убакыт, күч-аракет талап кылынарын жакшы билет (Заб. 103:13, 14). Бирок өзгөрүшүбүз үчүн өзүнүн Сөзү, ыйык руху жана уюму аркылуу акылмандык, күч берип, колдоп-коргойт. Анын сага буга чейин эле жардам берип келгени шексиз. Анда иш жүзүндө колдоно ала турган айрым кеңештерди карап көрөлү. Алар сага эски табиятты чечкенге жана чөмүлгөнгө жардам берет.

9. Кудайдын Сөзү сага эмне кылганга жардам берет?

9 Ыйык Китепти окуп, өзүңдү текшер. Кудайдын Сөзү күзгүгө окшош. Анын жардамы менен ой жүгүртүүбүздү, сөзүбүздү жана ишибизди текшере алабыз (Жкп. 1:22—25). Сени менен Ыйык Китепти изилдеген же рухий жактан жетилген башка Жахабанын Күбөсү сага бул жагынан жакшы кеңеш бере алат. Мисалы, Ыйык Китепти колдонуп, алсыз жана күчтүү жактарыңды аныктаганга жардам берет. Алар жаман адаттарыңды жеңгенге байланыштуу Ыйык Китепке негизделген пайдалуу кеңештерди тапканга да көмөк кылышат. Андан тышкары, Жахаба да сага жардамга келгенге дайым даяр. Ал сага кантип колдоо көрсөтүш керектигин жакшы билет жана жүрөгүңдү көрүп турат (Накыл 14:10; 15:11). Ошондуктан тиленгенди жана анын Сөзүн күндө окуганды адат кылып ал.

10. Илинин окуясынан эмнени үйрөндүң?

10 Жахабанын нормалары эң мыкты экенинен эч шектенбе. Жахаба айткандын баарын кылсак, сөзсүз пайдасын көрөбүз. Мисалы, өз кадырын билген адамдардан болобуз, жашообуз маңызга толот жана чындап бактылуу болобуз (Заб. 19:7—11). Ал эми Жахабанын талаптарына карманбагандар күнөөгө түрткөн иштеринин кесепетин тартышат. Кудайдын мыйзам-принциптерин четке каккандын канчалык залакалуу болорун Или деген ишенимдешибиз өз башынан өткөргөн. Ата-энеси аны Жахабанын жолунда тарбиялаган. Бирок өспүрүм кезинде ал жаман балдарга кошулуп кеткен. Жүрүп отуруп баңгизат колдонуп, адеп-ахлаксыз иштерге барып, атүгүл уурулук кыла баштаган. Ошонун айынан ачуусу чукул, мыкаачы киши болуп калган. «Ошентип отуруп ата-энем кылба деп үйрөтүп келген иштердин баарын кыла баштадым»,— дейт ал. Бирок Или ата-энеси ага бала кезинде үйрөткөн нерселерди унуткан эмес. Акыры, Ыйык Китепти кайрадан изилдей баштаган. Жаман адаттарынан арылганга болгон күчүн жумшаган. 2000-жылы болсо чөмүлгөн. Жахабанын айткандары боюнча жашаганынын пайдасы тууралуу ал мындай дейт: «Азыр жан дүйнөм тынч. Абийирим да таза» *. Бул окуя көрсөтүп тургандай, Жахабанын нормаларын четке каксак, өзүбүз эле жапа чегебиз. Бирок Жахаба ошондой адамдарга да оңолгонго жардам берет.

11. Жахаба эмнелерди жек көрөт?

11 Жахаба жек көргөндү жек көр (Заб. 97:10). Ыйык Китепте Жахабанын «менменсинген көздөрдү», «жалган тилди», «жазыксыз кишинин канын төккөн колду» жек көрөрү жазылган (Накыл 6:16, 17). Ошондой эле ал «кан төккөн, митаам кишиден... жийиркенет» (Заб. 5:6). Жахаба жогоруда саналып өткөндөрдү ушунчалык жек көргөндүктөн Нухтун күндөрүндө ошондой иштерди кылган ыймансыз адамдарды кырып таштаган. Себеби ошол кезде алардын айынан жер бети зордук-зомбулукка толуп кеткен (Башт. 6:13). Дагы бир окуяга токтололу. Жахаба Малаки пайгамбар аркылуу ажырашууну да жек көрөрүн айткан. Ошол убакта адамдар арамзалык кылып, эч кандай себеп жок болсо да, жары менен ажырашкандын жолун издешкен. Ошон үчүн Кудай алардын сыйынуусун кабыл албай турганын, кылган иши үчүн жоопко тартарын айткан (Мал. 2:13—16; Евр. 13:4).

Жахабага жакпаган иштерден бузулган тамактан жийиркенгендей жийиркенишибиз керек (11, 12-абзацтарды кара)

12. «Жамандыктан жийиркенүү» деген эмнени билдирет?

12 Жахаба «жамандыктан жийиркенишибизди» каалайт (Рим. 12:9). «Жийиркенүү» — аябай күчтүү сезим. Ал бир нерсени жек көрүүнү, андан иренжүүнү билдирет. Кимдир бирөө алдыңа бузулуп кеткен бир табак тамак койсо, өзүңдү кандай сезет элең? Коймок турсун, ошол жөнүндө ойлогондо эле жүрөгүң айланып кетет. Ошол сыяктуу эле, Жахаба тыюу салган иштерди кылып жатканыбызды ойлогондо эле иренжип кетишибиз керек.

13. Акылыбызды жаман ойлордон эмне үчүн коргошубуз керек?

13 Акылыңды жаман ойлордон корго. Ойлорубуз иш-аракетибизге сөзсүз таасир этет. Ошол себептен Иса күнөөгө түрткөн ойлорду акылыбызга жакын жуутпашыбыз керектигин айткан (Мт. 5:21, 22, 28, 29). Баарыбыз эле асмандагы Атабызга жаккыбыз келет, чынбы? Андыктан жаман ойлор келгенде аларды акылыбыздан дароо жок кылганыбыз кандай гана маанилүү!

14. Сөздөрүбүз эмнени айкын кылат жана кайсы суроолор тууралуу ойлонуп көргөнүбүз жакшы?

14 Сүйлөгөн сөзүңө көңүл бур. Иса: «Ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат»,— деген (Мт. 15:18). Ооба, сүйлөгөн сөзүбүз ички дүйнөбүздүн кандай экенин айкын кылат. Ошон үчүн өзүңдү мындай деп текшерип көр: «Өзүм зыян тартып кала турган болсом да, чындыкты айтамбы? Өмүрлүк жарым бар болсо, башка бирөөгө орунсуз мамиле кылып, тийишпеймби? Ыпылас сөздөрдөн жугуштуу оорудан качкандай жаа бою качамбы? Кимдир бирөө кыжырыма тийгенде, өзүмдү кармай билемби?» Ушулар жөнүндө кылдат ойлонуп көргөнүң жакшы. Сөздөрүбүздү кийимибиздеги топчуларга салыштырып койсок болот. Топчуну чечкенден кийин кийимди чечкен оңой болгондой эле, уят, калп, кемсинткен сөздөрдөн арылсаң, эски табиятты чечип салган оңоюраак болот.

15. Эски табиятты «устунга кадоо» деген эмнени билдирет?

15 Чечкиндүү иш-аракет кыл. Жашообузду өзгөрткөнгө канчалык олуттуу карашыбыз керектигин түшүндүрүш үчүн элчи Пабыл таасирдүү мисал колдонгон. Ал «эски табиятыбызды» «устунга кадашыбыз» керектигин жазган (Рим. 6:6). Башкача айтканда, биз Исаны туурашыбыз керек. Ал Жахабага жагыш үчүн устунга кадалганга даяр болгон. Биз да Жахабага жагыш үчүн ал жек көргөн иштерди, ойлорду өлтүргөнгө даяр болушубуз керек. Ошенткенде гана абийирибиз таза болот жана келечекте түбөлүккө рахаттанып жашайбыз (Жкн. 17:3; 1 Пет. 3:21). Жахаба бизге карап өзүнүн талаптарын өзгөртпөй турганын унутпа. Анын талаптарына ылайык жашаш үчүн өзүбүз өзгөрүшүбүз керек (Ыш. 1:16—18; 55:9).

16. Жаман каалоолор менен күрөшө бергенибиз эмне үчүн маанилүү?

16 Жаман каалоолор менен күрөшө бер. Атүгүл чөмүлгөндөн кийин да туура эмес каалоолор менен күрөшө беришиң керек болот. Маурисионун окуясына токтололу. Жаш кезинде ал гомосексуал болчу. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китепти изилдей баштаган. Бара-бара жашоосун өзгөртүп, 2002-жылы чөмүлгөн. Жахабага көптөгөн жылдардан бери кызмат кылып келатса да, Маурисио: «Ачыгын айтсам, кээде туура эмес каалоолорум менен күрөшкөнгө туура келет»,— дейт. Ошентсе да ал багынбай келет. «Каалоолорумду ооздуктоо менен Жахаба Кудайды кубанта аларымды билүү күч берет»,— дейт Маурисио *.

17. Набиханын окуясы сага эмнеси менен түрткү берерлик болду?

17 Жахабадан тиленип жардам сура жана өзүңдүн эмес, Кудайдын күчүнө таян (Гал. 5:22; Флп. 4:6). Эски табиятты чечип, кайра кийип албаш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Набиха деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Атасы үй-бүлөсүн таштап кеткенде ал алты эле жашта болчу. Набиха: «Атамдын бизди таштап кеткени жүрөгүмө кеткис так калтырды»,— деген. Ошонун айынан катаал, ачуусу чукул болуп чоңойгон. Ал баңгизат сатып жүрүп кармалып, бир нече жылга кесилип кеткен. Ал отурган түрмөгө бир жолу Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып барышкан. Ошондо Набиха алар менен Ыйык Китепти изилдегенге киришкен. Ошондон тартып көп жактан өзгөрө баштаган. Ал: «Айрым жаман адаттарымды таштоо кыйын деле болгон жок. Ал эми тамекини көпкө чейин таштай албай жүрүп, бир жылдан көп убакыт өткөндөн кийин араң таштадым»,— деген. Ушунча өзгөргөнгө ага эмне жардам берген? «Баарынан маанилүүсү, дайыма Кудайдан жардам сурап тиленгенимдин аркасында аны таштай алдым»,— дейт ал. Набиха башкаларга мындай демекчи: «Өзүм ушунчалык өзгөргөндүктөн Жахаба Кудайга жаккысы келген ар бир адам да оңоло алат деп ишенимдүү түрдө айта алам»! *

ӨЗГӨРҮЛҮП, ЧӨМҮЛӨ АЛАСЫҢ!

18. 1 Корунттуктар 6:9—11-аяттарга ылайык, Кудайдын көптөгөн кызматчылары эмне кыла алышкан?

18 1-кылымда Машаяк менен асманда чогуу башкарганга тандалган айрым эркек-аялдар бир кезде жаман иштерге белчесинен баткан адамдардан болушкан. Алсак, ойноштук кылышкан, гомосексуалдардан болушкан жана уурулукка барышкан. Бирок Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен өзгөрө алышкан. (Оку: 1 Корунттуктар 6:9—11.) Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да Ыйык Китепти изилдегендин аркасында миллиондогондор жашоосун өзгөртүп жатышат *. Алар кан-жанына жедеп сиңип калган жаман адаттарынан арыла алышкан. Эгер алардын колунан келип жатса, сен да оңолуп, чөмүлө аласың!

19. Кийинки макалада эмнелерди талкуулайбыз?

19 Эски табиятты чечкенден тышкары, чөмүлгүсү келгендер жаңы табиятты да кийиши керек. Кийинки макалада канткенде ошенте аларыбызды жана бул жагынан башкалар бизге кантип жардам бере аларын талкуулайбыз.

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

^ 5-абз. Чөмүлүш үчүн кулк-мүнөзүбүздү өзгөрткөнгө даяр болушубуз керек. Бул макалада «эски табият» деген эмне экенин, аны эмне үчүн чечишибиз керектигин жана аны чечиш үчүн эмне кылсак болорун карап чыгабыз. Кийинки макалада болсо атүгүл чөмүлгөндөн кийин да жаңы табиятты чечпеш үчүн эмне кыла беришибиз керектигин талкуулайбыз.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. «Эски табятты чечүү» деген Жахабага жакпаган көз караштардан, каалоолордон арылууну билдирет. Аны чөмүлгөнгө чейин кылыш керек (Эф. 4:22).

^ 10-абз. Көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат. „Жахабага кайрылып келүүнү чечтим“» деген макаланы кара («Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-апр.).

^ 16-абз. Көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат. „Алар мага аябай жакшы мамиле кылышты“» деген макаланы кара («Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-май).

^ 17-абз. Көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат. „Ачуусу чукул кыз болчумун“» деген макаланы кара («Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-окт.).

^ 64-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жаман ойлордон, туура эмес иштерден арылуу эски кийимди чечкенге окшош.