Окурмандардын суроолору
2 Шемуел 21:7—9-аяттарда Дөөтүнүн «Мепибешетти аяганы» жазылган. Бирок эмне үчүн аны кайра өлүм жазасына тартканга жол берген?
Ыйык Китептеги бул аяттарды үстүртөдөн окуп кеткендерде ушундай суроо туулушу мүмкүн. Бирок ал аяттарда Мепибешет деген ат менен белгилүү болгон эки киши жөнүндө айтылат. Бул билдирүүнү карап чыгуунун аркасында маанилүү бир нерсени билебиз.
Ысрайылдын падышасы Шабулдун жети уулу, эки кызы бар эле. Тун уулунун аты Жонатан болчу. Кийинчерээк Шабулга күңү Риспа уул төрөп берип, атын Мепибешет коюшкан. Кызыктуусу, Жонатандын да Мепибешет деген уулу болгон. Демек, Шабул падышанын уулунун да, небересинин да аты Мепибешет болчу.
Бир жолу Шабул падыша ысрайылдыктар менен жашаган гибондуктарга каршы чыгып, аларды тукум курут кылгысы келген. Сыягы, алардын көбү өлтүрүлгөн. Анын ошенткени туура эмес болчу. Эмне үчүн? Себеби Жашыянын күндөрүндө Ысрайылдын жамаат башчылары гибондуктар менен тынчтык келишимин түзүшкөн (Жаш. 9:3—27).
Шабул падышанын башкаруусунун тушунда ал келишим дагы деле күчүндө эле. Бирок Шабул ошол келишимди бузуп, гибондуктарды жер менен жексен кылгысы келген. Ошонун айынан «Шабул менен анын үйү канга забын болуп калган» (2 Шемуел 21:1). Кийин болсо падышалык такка Дөөтү келген. Ошондо аман калган гибондуктар Дөөтүгө Шабулдун аларга кылган жамандыгы жөнүндө айтышкан. Дөөтү алардан Шабулдун төбө чачты тик тургузган ошол иши кечирилиши үчүн жана Жахаба Ысрайыл жерине батасын бериши үчүн эмне кылып берели деп сураган. Гибондуктар алтын менен күмүш сурабастан, аларды «жок кылгысы келген» адамдын жети уулун сурашкан. Аларды өлүмгө кыйышмак (Сан. 35:30, 31). Дөөтү буга макул болгон (2 Шем. 21:2—6).
Негизи, ошол убакта Шабул менен Жонатандын согушта курман болгонуна көп болуп калган. Бирок Жонатандын уулу Мепибешет тирүү болчу. Ал кичинекей кезинде кырсыктап, бутунан аксап калган. Чоң атасы Шабулдун гибондуктарга жасаган чабуулуна анын катыштыгы жок болчу. Дөөтү менен Мепибешеттин атасы Жонатан түбөлүккө дос болобуз деп шерттешкен эле. Ал антка ылайык, Дөөтү Жонатандын уулдары менен, анын ичинде Мепибешет менен да, дос болмок (1 Шем. 18:1; 20:42). Бул туурасында Ыйык Китепте мындай делет: «Шабулдун уулу Жонатан экөө бири-бирине Жахабанын ысмын оозанып ант беришкендиктен, Дөөтү падыша Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти аяды» (2 Шем. 21:7).
Анда Дөөтү гибондуктардын өтүнүчүн кантип орундаткан? Ал аларга Шабулдун эки уулун берген. Алардын биринин аты Мепибешет болгон. Алар менен бирге Шабулдун беш небересин да берген (2 Шем. 21:8, 9). Ошонун аркасында Ысрайыл жери канга забын болбой калган.
Бул окуя тек гана тарых эмес. Ал Кудайдын мыйзамынын туура экенин тастыктап турат. Мыйзамда: «Аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын»,— делген (Мыйз. 24:16). Демек, эгер Шабулдун эки уулу менен беш небереси күнөөсүз болсо, Жахаба алардын өлүм жазасына тартылышына жол бермек эмес. Себеби жогорудагы мыйзамда: «Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылышы керек»,— деп кошумчаланган. Кыязы, Шабулдун эки уулу менен беш небереси аны менен бирге гибондуктарды кырганга катышса керек. Ошондуктан алар өз күнөөсү үчүн жоопко тартылышкан.
Мындан көрүнүп тургандай, өз башы менен ойлонбой, бирөөнүн айтканы боюнча иш кылганы үчүн эч ким актана албайт. Ар бир киши өз колу менен кылганды мойну менен тартат. Ыйык Китептеги накыл сөздө мындай делет: «Бутуң баскан жолду түздө, бардык жолдоруң туруктуу болсун. Оңго да, солго да бурулба. Бутуңду жамандыктан алыс кыл» (Накыл 4:24—27; Эф. 5:15)