Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бири-бириңерди сүйсөңөр баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»

«Бири-бириңерди сүйсөңөр баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»

«Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (ЖКН. 13:35).

106-ЫР: Сүйүү өрчүтөлү

БУЛ МАКАЛАДА a

Жахабанын элинин ортосундагы сүйүү көптөргө кандай таасир этип келет? (1-абзацты карагыла)

1. Жыйналышка биринчи жолу келгендер эмнени көрүп таң калышат? (Сүрөттү да карагыла.)

 БИР жубайлардын Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына алгачкы жолу келгенин элестетсеңер. Алар жыйналыштагылардын жылуу тосуп алганын жана бири-бирин жакшы көрөрүн байкап, аябай таасирленишет. Анан үйүнө кетип баратканда аялы күйөөсүнө: «Жахабанын Күбөлөрү башкалардан айырмаланып турат экен, ээ? Мага алар менен убакыт өткөргөн аябай жакты»,— дейт.

2. Эмне үчүн айрымдар Жахабага кызмат кылбай калышат?

2 Исанын жолдоочуларынын ортосундагы сүйүүнү бөтөнчө деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткен менен, Жахабанын Күбөлөрү жеткилең эмес (1 Жкн. 1:8). Андыктан жыйналыштагыларды көбүрөөк билген сайын, алардын кемчиликтерин да көбүрөөк байкай баштайбыз (Рим. 3:23). Өкүнүчтүүсү, ушундан улам айрымдар Жахабага кызмат кылбай калышат.

3. Исанын чыныгы жолдоочуларын эмне айырмалап турат? (Жакан 13:34, 35)

3 Келгиле, бул макаланын негизги аятына дагы бир жолу көңүл буралы. (Окугула: Жакан 13:34, 35.) Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларын эмне айырмалап турат? Жеткилеңдик эмес, сүйүү. Байкасаңар, Иса: «Силер менин шакирттерим экениңерди билесиңер»,— деп айткан эмес. Ал: «Баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген. Кудайдын эли бири-бирин жан аябастык менен жакшы көрөрүн көргөндө жыйналыштагылар эле эмес, башкалар да алардын Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенин аңдашмак. Иса мына ушуну айткысы келген.

4. Айрымдар Исанын чыныгы жолдоочулары жөнүндө эмнелерди билгиси келет?

4 Жахабанын Күбөсү болбогондор мындай деп ойлонушу мүмкүн: «Кандайча сүйүү Исанын чыныгы жолдоочуларын аныктаганга жардам берет? Иса элчилерин жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн? Бүгүнкү күндө Исаны кантип туурасак болот?» Жахабанын кызматчылары да ушул суроолор жөнүндө ойлонуп көргөнү дурус. Бул бизге, айрыкча, башкалар көңүлүбүздү оорутуп койгон учурда аларды андан ары да жакшы көрө бергенге жардам берет (Эф. 5:2).

СҮЙҮҮ — ИСАНЫН ЧЫНЫГЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫН АНЫКТООНУН ӨЗГӨЧӨ ЖОЛУ

5. Исанын Жакан 15:12, 13төгү сөздөрүн түшүндүргүлө.

5 Иса бир нерсени айкын кылган: анын жолдоочуларын бир башкача, бөтөнчө сүйүү айырмалап турмак. (Окугула: Жакан 15:12, 13.) Исанын: «Бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө»,— деп осуят кылганына көңүл бурсаңар. Бул эмнени билдирет? Иса андан ары түшүндүргөндөй, бул жан аябас сүйүүнү билдирет. Башкача айтканда, мындай сүйүү Исанын чыныгы жолдоочуларына, зарыл болсо, өмүрүн бергенге да түрткү берет b.

6. Сүйүүнүн абдан маанилүү экени Кудайдын Сөзүндө кандайча баса белгиленет?

6 Кудайдын Сөзүндө сүйүүнүн абдан маанилүү экени көп баса белгиленет. Мисалы, көптөргө төмөнкү аяттар аябай жагат: «Кудай — сүйүү» (1 Жкн. 4:8). «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Мт. 22:39). «Сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Пет. 4:8). «Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Кор. 13:8). Ушул жана башка аяттардан бул теңдешсиз сапатты өрчүтүү жана чагылдыруу маанилүү экени айкын көрүнүп турат.

7. Эмне үчүн Шайтан ортосунда сүйүү өкүм сүргөн биримдүү уюмду негиздей албайт?

7 Көптөр: «Бардык эле диндер чындыкка окутабыз дешет. Бирок Кудай жөнүндө ар кимиси ар кайсыны айтышат. Анда кайсынысы чыныгы дин экенин кантип билем?» — деп ойлонушат. Шайтан биздин чыныгы динди табышыбызды каалабайт. Ошондуктан көптөгөн жалган диндерди ойлоп таап, жайылтып келет. Бирок ал эч качан Жахабанын Күбөлөрүндөй бири-бирин сүйгөн уюмду негиздей албайт. Эмне үчүн? Анткени муну Жахаба гана кыла алат. Биз сүйүү Жахаба Кудайдан экенин билебиз. Ушундай чыныгы сүйүүнү Жахабанын ыйык рухуна жана батасына ээ болгондор гана чагылдыра алышат (1 Жкн. 4:7). Мына ушул себептен Иса анын жолдоочулары гана бири-бирин чындап жакшы көрөрүн айткан.

8, 9. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирин чындап жакшы көргөнү айрымдарга кандай таасир эткен?

8 Иса алдын ала айткандай эле, көптөр анын чыныгы жолдоочуларын бири-бирине көрсөткөн күчтүү сүйүүсүнөн айырмалап билип жатышат. Мисалы, биринчи жолу региондук жыйынга барганы Ян деген ишенимдешибиздин эсинен кеткис болгон. Жыйын анын үйүнөн анча алыс эмес жердеги спорт стадионунда өтүптүр. Ян так ошол стадионго бир нече ай мурун спорт мелдешин көргөнү барыптыр. Ал мындай дейт: «Ошол стадиондо өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына баргандар менен ал мелдешти көргөнү баргандардын айырмасы асман менен жердей экен. Жахабанын Күбөлөрү сылык, таза-тыкан кийинген, балдары адептүү тарбияланган кишилер экен. Алар жүрөгүндө бейкуттук орногон, жашоодон канааттануу алып жашаган адамдардай көрүндү. Мен так ошону эңсеп келгем. Ошол күнү жыйында эмнелер айтылганы эсимде жок, бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-туруму эстен кеткис таасир калтырды» c. Биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Ошондуктан жүрүм-турумубуз ушундай. Ишенимдештерибизге жумшак, сый мамиле кылганыбыздын да себеби ушунда.

9 Жон деген ишенимдешибиз да биринчи жолу жыйналышка барганда так эле Яндыкындай сезимде болгон. Ал мындай дейт: «Жыйналыштагылардын меймандостугун... көргөндө аябай таасирлендим. Мага алар ыйык кишилердей көрүнгөн. Алардын бири-бирине сүйүү менен мамиле кылганын көрүп, чыныгы дин ушул экенине көзүм жетти» d. Ушул сыяктуу окуялар Жахабанын элинин Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенин кайра-кайра далилдеп келет.

10. Өзгөчө кайсы учурларда ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү далилдегенге мүмкүнчүлүк болот? (Шилтемени да карагыла.)

10 Макаланын башында айтылгандай, ишенимдештерибиздин эч кимиси жеткилең эмес. Ошондуктан кээде алар көңүлүбүздү ооруткан сөздөрдү айтышы же иштерди кылып алышы мүмкүн e (Жкп. 3:2). Андай учурларды эң сонун мүмкүнчүлүк катары көрсөк болот. Анткени ошондо кылган мамилебиз менен аларды канчалык жакшы көрөрүбүздү көрсөтө алабыз. Кимдир бирөө бизди таарынтып алганда, Исаны кантип туурасак болот? (Жкн. 13:15).

ИСА ЭЛЧИЛЕРИН ЖАКШЫ КӨРӨРҮН КӨРСӨТКӨН

Элчилери жаңылып-жазса да, Иса аларды жакшы көрө берген (11—13-абзацтарды карагыла)

11. Жакып менен Жакандын кандай жаман сапаттары болгон? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Иса шакирттеринен жеткилеңдикти күткөн эмес. Кайта, аларга жумшактык менен оңолгонго, өзгөргөнгө, Жахабага жаккан кишилерден болгонго жардам берген. Бир жолу Исанын эки элчиси, Жакып менен Жакан, апасын Исага жиберишкен. Апасы Исадан уулдарын анын Падышалыгында жогорку орундарга отургузушун суранган (Мт. 20:20, 21). Ошондо экөөнүн текебер, көрүнүктүү абалга умтулган кишилер экени айкын болуп калган (Накыл 16:18).

12. Жакып менен Жакандын эле жаман сапаттары бар беле? Түшүндүргүлө.

12 Бирок ошол жагдайда башка элчилердин да жаман жактары булк этип чыгып калган. Алардын эмне кылганына көңүл бурсаңар. Ыйык Китепте: «Муну укканда берки он шакирт ал экөөнө ачууланышты»,— делет (Мт. 20:24). Ошондо Жакып, Жакан жана башка элчилердин жаман-жакшы айтыша кеткенин элестетсеңер. Балким, алардын айрымдары мындай дегендир: «Падышалыкта жогорку орундарды сурагыдай, силер эмне, бизден да кыйын болуп кеттиңерби? Биз деле Иса менен чогуу кара жаныбызды карч уруп кызмат кылып жатабыз. Биздин силерден эмнебиз кем экен?» Ошондо алар эмне деп айтпасын же ойлонбосун, бири-бирин жакшы көрүп, жумшак мамиле кылышы керектигин бир саамга унутуп коюшкан.

13. Иса элчилеринин мүчүлүштүктөрүнө кандай караган? (Матай 20:25—28)

13 Ошондо Иса эмне кылган? Ал ачууланган эмес. Ал силерден да момунураак, бири-бирин дайыма жакшы көргөн башка элчилерди таап алам деп айткан эмес. Анын ордуна, Иса сабыр сактап, ичинде кири жок элчилери менен жумшак сүйлөшкөн. (Окугула: Матай 20:25—28.) Элчилердин ушинтип талашканы биринчи да, акыркы да жолкусу эмес болчу. Ошентсе да Иса аларга дайыма жакшы мамиле кыла берген (Мр. 9:34; Лк. 22:24).

14. Исанын элчилери кандай чөйрөдө чоңоюп-өскөн?

14 Иса элчилерине таасир эткен маданиятты да эске алган (Жкн. 2:24, 25). Алар жогорку даражага ээ болбогондорду киши ордунда көрбөгөн диний жетекчилердин таасири күч болгон чөйрөдө чоңоюп-өскөн. (Мт. 23:6; салыштыргыла: «Синагога. Иса жана анын шакирттери кабар айткан сыйынуу жайы». «Күзөт мунарасы», 2010-ж., 1-апр., 16—18-б.) Жүйүт диний жетекчилери өздөрүн башкалардан жакшыраакпыз деп да эсептешчү f (Лк. 18:9—12). Иса мунун элчилеринин өздөрүнө жана башкаларга болгон көз карашына таасир этиши мүмкүн экенин жакшы түшүнгөн (Накыл 19:11). Ал шакирттери эч качан жаңылып-жазбайт деп күткөн эмес жана алар ката кетиргенде ачууланган эмес. Иса алардын жүрөгү таза экенин билген. Ошондуктан ал аларга дайыма жогорку даражага умтулгандын ордуна, момун болуп, бири-бирине сүйүү менен мамиле кылганга сабырдуулук менен жардам бере берген.

ИСАНЫ КАНТИП ТУУРАСАК БОЛОТ?

15. Жакып менен Жакандын окуясынан эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Жакып менен Жакандын окуясынан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Алар Падышалыкта жогорку орундарды сурап туура эмес кылышкан. Башка элчилер да биримдикти бузуп, туура эмес кылышкан. Ошого карабай Иса 12 элчисин жакшы көрө берген жана аларга боорукердик менен мамиле кылган. Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Башкалардын эмне кылганы эмес, баарынан да биздин алардын ката-кемчиликтерине кандай жооп кайтарганыбыз маанилүү. Ушинткенге эмне жардам берет? Кимдир бирөө көңүлүбүзгө тийгенде минтип ойлонуп көрсөк болот: «Анын кылганына эмне үчүн мынча жаман болуп жатам? Бул менин иштешим керек болгон жактарымды көрсөтүп жаткан жокпу? Мени капаланткан киши өзү кыйынчылыктар менен алпурушуп келаткан жокпу? Таарынганга акым бар болгон күндө да, жан аябастык сүйүү көрсөтүп, көз жумуп коё аламбы?» Бири-бирибизди канчалык жакшы көрсөк, Исанын чыныгы жолдоочулары экенибиз ошончолук айкын болот.

16. Исанын үлгүсүнөн дагы эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Исанын үлгүсүнөн дагы бир нерсеге үйрөнсөк болот. Биз ишенимдештерибизди түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек (Накыл 20:5). Албетте, Иса алардын жүрөктөрүн көрө алган. Биз болсо анте албайбыз. Бирок ишенимдештерибиздин кемчиликтерине маани бербей коё алабыз (Эф. 4:2; 1 Пет. 3:8). Эгер алар менен жакыныраак таанышсак, мындай кылуу оңоюраак болот. Анда бир мисалга токтололу.

17. Бир кыдыруучу көзөмөлчүнүн ишенимдеши менен жакыныраак таанышканынын натыйжасы кандай болгон?

17 Чыгыш Африкада кызмат кылган бир кыдыруучу көзөмөлчү бир ишенимдешибиз тууралуу айтып берген. Ага анын мүнөзү корстой сезилчү. Ал эмне кылган? Ал мындай деп эскерет: «Андан оолактабай, аны менен жакыныраак таанышууну чечтим». Мунун аркасында райондук көзөмөлчү тиги бир туугандын бала чагы жөнүндө көбүрөөк билип, эмне үчүн ушундай киши болуп калганын жакшыраак түшүнгөн. Ал сөзүн мындай деп улаган: «Калыптанып калган мүнөзү менен аябай күрөшүп келатканын жана бул жагынан кандай ийгиликтерди кылганын түшүнгөнүмдө, ал бир тууганга баа бердим. Биз жакшы достордон болуп калдык». Ушу сыңары, биз да ишенимдештерибизди түшүнгөнгө аракет кылсак, аларды жакшы көрүү оңойго турат.

18. Эгер ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутуп алса, кандай суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз жакшы? (Накыл сөздөр 26:20)

18 Кээ бир учурларда көңүлүбүздү оорутуп койгон ишенимдешибиз менен сүйлөшпөсөм болбойт деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок ага чейин минтип ой калчап көргөнүбүз дурус: «Эмне үчүн ушундай болгонун толук түшүнүп жатамбы? (Накыл 18:13). Балким, ал мени таарынтам деп ойлогон да эместир (Нас. 7:20). Менин да башкалардын көңүлүн оорутуп алган учурум болду беле? (Нас. 7:21, 22). Эгер сүйлөшкөнү барсам, арадай жерге чарадай чыр салбаймбы?» (Окугула: Накыл сөздөр 26:20.) Эгер бир азга токтоп ушундай суроолордун үстүнөн ой жүгүртсөк, биздин сүйүүбүз алардын ката-кемчиликтерине көз жумуп койгонго түрткү бериши мүмкүн.

19. Эмне кылганга чечкиндүүсүңөр?

19 Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин жакшы көрүшөт. Ушундайча Исанын чыныгы жолдоочулары экенин далилдеп келатышат. Ал эми жеке ар бирибиз Исанын чыныгы жолдоочусу экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Ишенимдештерибиздин кемчиликтерине карабай, жан аябас сүйүү көрсөтүү менен. Эгер ушундай кылсак, башкаларга чыныгы динди тапканга жана бизге кошулуп, Жахабага — сүйүүнүн Кудайына — кызмат кылганга жардам бере алабыз. Келгиле анда, Машаяктын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган сүйүүнү мындан ары да чагылдыра берели!

17-ЫР: «Каалайм»

a Көптөр биздин бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү көргөндө Жахаба жана анын Сөзү жөнүндө көбүрөөк билгиси келип калат. Бирок биз пенде болгондуктан айрым учурда ишенимдештерибизге сүйүү менен мамиле кылуу кыйын болушу мүмкүн. Сүйүү эмне үчүн абдан маанилүү? Башкалардын ката-кемчиликтерин көргөндө Исаны кантип туурай алабыз? Бул макалада ушул суроолорго токтолобуз.

c Карагыла: «Акыры, жашоонун маңызын таптым!» «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-нояб., 13, 14-б.

d Карагыла: «Жашоом ойдогудай деп ойлочумун». «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-май, 18, 19-б.

e Бул макалада аксакалдар карашы керек болгон олуттуу күнөөлөр жөнүндө сөз жүргөн жок. Андай олуттуу күнөөлөрдүн айрымдары 1 Корунттуктар 6:9, 10до айтылган.

f Кийинчерээк бир рабби мындай деп айткан: «Дүйнөдө Ыбрайымдай, бери дегенде, отуздай адил киши бар. Эгер алар отуз болсо, алардын экөө уулум экөөбүзбүз. Эгер оноо болсо, алардын экөө уулум экөөбүзбүз. Эгер бешөө болсо, уулум экөөбүз алардын экөөсүбүз. Эгер алар экөө болсо, анда алар уулум экөөбүзбүз. Ал эми бирөө эле боло турган болсо, анда ошол киши менмин».