Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн «Баланча» деген киши Рутка үйлөнсө, өз мурасына «доо кетирип» алышы мүмкүн эле? (Рут 4:1, 6)

Байыркы убакта кимдир бирөө балалуу боло электе эле өтүп кетсе, мындай суроолор туулмак: Жери эмне болот? Анын үй-бүлөсүнүн аты өчүп калабы? Ушу сыяктуу суроолорго Мусанын мыйзамынан жооп ала алабыз.

Маркумдун жерин же жокчулуктан үлүшүн сатып жиберген кишинин жерин эмне кылышчу? Маркумдукун уялаш бир тууганына же жакын тууганына беришчү. Сатып жибергендикин болсо уялаш бир тууганы же жакын тууганы сатып алып кайтарып берчү. Ушундайча жер ошол үй-бүлөгө таандык бойдон калмак (Леб. 25:23—28; Сан. 27:8—11).

Көзү өтүп кеткен кишинин аты өчүп калбашы үчүн эмне кылышчу? Руттун жагдайындай эле, анын аялын агасы же иниси алчу. Алардан төрөлгөн мураскор көзү өтүп кеткен кишинин атын улачу жана ага тиешелүү мүлктүн баарын мурастачу. Бул чаранын аркасында жесирге да жакшы кам көрүлчү (Мыйз. 25:5—7; Мт. 22:23—28).

Нааминин жагдайына токтололу. Ал Элимелектин аялы болгон. Кийинчерээк күйөөсү, эки уулу каза болуп калгандыктан, Нааминин багар-көрөрү жок болуп калган (Рут 1:1—5). Убакыттын өтүшү менен Наами Жүйүт жерине келген. Анан Рутту Буузга жөнөтүп, алардын жерин сатып алып, кайтарып беришин суранган. Бууз Элимелектин жакын тууганы болгон (Рут 2:1, 19, 20; 3:1—4). Бирок Бууз алардын андан да жакын тууганы бар экенин билген. Ыйык Китепте ал киши «Баланча» деп эле аталган. Элимелектин жерин сатып алуу укугу биринчи кезекте ошого таандык болчу (Рут 3:9, 12, 13).

Башында «Баланча» сатып алганга даяр болгон (Рут 4:1—4). Албетте, ал жерди сатып алыш үчүн акча коротмоктугун түшүнгөн. Нааминин ошол жерди ээлеп кала турган мурасчыны төрөй албай турганын да билген. Мындайча айтканда, жер аныкы болуп калмак. Ошентип, жерине жер кошулуп, анын пайдасын көрмөк.

Бирок «Баланча» Рутту алышы керектигин билгенде оюнан кайткан. Ал: «Мен аны сатып ала албайм, анткени өз мурасыма доо кетирип алышым мүмкүн»,— деген (Рут 4:5, 6). Ал эмне үчүн оюн өзгөрткөн?

Эгер башка бирөө же «Баланча» Рутка үйлөнсө, алардан төрөлгөн эркек бала Элимелектин жерин мурастамак. Бул «Баланчанын» мурасына кандайча доо кетирмек? Ыйык Китепте так айтылбайт, бирок мунун төмөнкүдөй себептери болушу мүмкүн:

  • 1) Элимелектин жери ага эмес, Руттан төрөлгөн уулга тиймек. Ошентип, акчасы талаага кетмек.

  • 2) Өмүрү өтөр-өткүчө Наами менен Рутка кам көрүшү керек болмок.

  • 3) Рут андан балдарды төрөсө, ага мурасын Руттан төрөлгөн балдарына жана өзүнүн башка балдарына бөлүп бериши керек болмок.

  • 4) «Баланчанын» башка балдары жок болгон болсо, Руттан төрөлгөн уул Элимелектин да, анын да жерин мурастамак. Ошентип, көзү өткөндөн кийин жери анын эмес, Элимелектин атын алып жүргөн балага өтмөк. Ошол үчүн ал Наамиге жардам берем деп өз мурасына доо кетирип алгысы келген эмес. Ушул себептен жерди сатып алуу укугун Буузга берген. Бууз болсо буйдалбастан сатып алган. Анткени «маркумдун мурасы өзүнө таандык бойдон калышын» каалаган (Рут 4:10).

«Баланчанын» эси-дарты өз ысмын, мурасын сактап калуу болсо керек. Ал өз көмөчүнө эле күл тарткан. Натыйжада аты тарых барактарында сакталбай эле, андан чийилип, «Баланча» деп эле калып калган. Ошентип, ал Бууз ээ болгон чоң сыймыктан айрылган. Бууз болсо Машаяктын чоң аталарынан болуп, анын санжырасында аты жазылып калган. «Баланчанын» өзүн эле ойлоп, муктаж болуп тургандарга жардам бербей койгону кандай гана кесепеттүү болгон! (Мт. 1:5; Лк. 3:23, 32).