Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Табиятты колдонуп балдарыңарды насааттагыла

Табиятты колдонуп балдарыңарды насааттагыла

«Мунун баарын ким жараткан?» (ЫШ. 40:26).

11-ЫР: Жаратылыш Жахабаны даңктайт

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Ата-энелер эмнени абдан каалашат?

 АТА-ЭНЕЛЕР балдарынын Жахабаны таанып-билип, аны жакшы көрүшүн каалашат. Бирок Кудайды көрө албайбыз. Анда канткенде балдарыңарга Жахабаны көргөнгө, чын эле бар экенине ишенгенге жана аны менен жакын болгонго жардам бере аласыңар? (Жкп. 4:8).

2. Ата-энелер балдарына Жахаба жөнүндө билгенге кантип жардам бере алышат?

2 Балдарга Жахаба менен ынак болгонго жардам берүүнүн маанилүү жолу — алар менен Ыйык Китепти изилдөө (2 Тим. 3:14—17). Ошентсе да Ыйык Китепте балдардын Жахабаны дагы башка жол менен биле алары айтылат. Накыл сөздөр китебинде бир ата баласына Жахабанын сапаттары «көз алдыңан кетпесин» деген. Аларды жаратылыштан байкаса болорун сөз кылган (Накыл 3:19—21). Ата-энелер балдарына жаратылышты колдонуп Жахаба жөнүндө билгенге кантип жардам бере алышат? Мунун бир нече жолун карайлы.

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОЛДОНУП НАСААТТАГЫЛА

3. Ата-энелер балдарына эмне кылганга жардам бериши керек?

3 Ыйык Китепте: «[Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары... дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот»,— деп жазылган (Рим. 1:20). Ата-энелер, силерге балдарыңар менен жаратылышка чыгып эс алган жагат болуш керек. Ошондой учурларда балдарыңарга Жахаба «жараткан нерселер» менен анын кереметтүү сапаттарынын ортосундагы байланышты байкаганга жардам бергиле. Бул жагынан Исадан эмнени үйрөнсөңөр болот?

4. Иса окутуп жатканда жаратылыштагы нерселерди кантип колдонгон? (Лука 12:24, 27—30).

4 Иса окутуп жатканда табияттан эмнелерди мисал кылганына токтололу. Бир жолу ал шакирттерине кузгундар менен лилия гүлдөрүн карагылачы деп айткан. (Окугула: Лука 12:24, 27—30.) Ал башка жаныбарды же өсүмдүктү деле айтса болмок. Бирок шакирттери жакшы билген канаттуу менен гүлдү мисал кылган. Шакирттер төбөсүндө учуп жүргөн кузгундарды, талаадагы лилияларды көрүп эле жүрүшсө керек. Исанын сүйлөп жатканда колун жаңсап, ошолорду көрсөтүп жатканын элестетсеңер. Ал аларды мисал кылган соң эмне кылган? Асмандагы Атасынын канчалык берешен, боорукер экенин баса белгилеген. Ооба, кузгундар менен гүлдөргө кам көргөн Жахаба ишенимдүү кызматчыларын кийинтип-ичинте алат. Шакирттердин мына ушуга көзү жеткен. Бул мисал алардын эсинде ташка тамга баскандай калса керек.

5. Балдарга Жахаба жөнүндө айтып бериш үчүн жаратылыштан эмнелерди мисал кылса болот?

5 Ата-энелер, силер Исаны кантип туурай аласыңар? Балаңарга жаратылыштан жеке силерге эмне жагарын, мисалы, кайсы жаныбар же өсүмдүк жагарын айтсаңар болот. Анан алардан Жахаба жөнүндө эмнени билсе болорун айтып бергиле. Андан соң балаңардан:«Сага кайсы өсүмдүк же жаныбар жагат?» — деп сурап көргүлө. Эгер балаңарга жаккан жаныбар же өсүмдүк жөнүндө сүйлөшсөңөр жана алардан Жахаба жөнүндө эмнелерди билсе болорун айтсаңар, кадимкидей кулак түрүп угушу мүмкүн.

6. Кристофердин апасынан эмнени үйрөнсөк болот?

6 Ата-энелер балдары менен кайсы бир жаныбардан же өсүмдүктөн Жахабанын кайсы сапатын байкаса болот деп сүйлөшкөнү жакшы. Бирок алар жөнүндө изилдегенге өтө көп убакыт жумшашы керекпи? Андай деле эмес. Иса кузгундардын жемин кантип таап жээрин же лилия гүлдөрүнүн кантип өсөрүн майда-чүйдөсүнө чейин айткан эмес. Ооба, кээде балдарыңарга жаратылыштагы нерселер жөнүндө кененирээк айтып бергениңер жагышы мүмкүн. Бирок Жахабанын кайсы бир сапатын баса белгилеш үчүн жөн эле оюңарды айткыла. Же жөнөкөй эле суроо бергиле. Ошол эле жетиштүү болушу мүмкүн. Кристофер деген ишенимдешибиз бала кезин минтип эскерет: «Апам бизди курчап турган жаратылышты баалаганды үйрөтүш үчүн аябай деле татаал нерселерди айтып берчү эмес. Мисалы, жакын жердеги тоого барып калганда: „Карагылачы, бул тоо аябай чоң, кооз экен. Жахаба ушунчалык кереметтүү Кудай!“ — деп айтчу. Же океандын жээгине барганда: „Мобу чоң толкундарды карагылачы! Жахаба кандай гана күчтүү Кудай!“ — деп калар эле. Апамдын ушундай жөнөкөй, бирок ойлондурарлык сөздөрүн укканда аябай таасирленип калчубуз».

7. Балдарыңарга жаратылыш жөнүндө ой жүгүрткөндү кантип үйрөтө аласыңар?

7 Балдарыңар бой тартып калганда жаратылыш жөнүндө терең ой жүгүрткөндү үйрөткүлө. «Мындан Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот?» — деп ойлонгонго, тыянак чыгарганга көмөк кылгыла. Ан үчүн Жахаба жараткан бир эле нерсени мисал кылып: «Сен мындан Жахаба жөнүндө эмнени билсең болот?» — деп сурагыла. Алардын жообун укканда таң калышыңар мүмкүн (Мт. 21:16).

КАЧАН НАСААТТАСАҢАР БОЛОТ?

8. Ысрайылдык ата-энелерде «жолдо баратканда» кандай мүмкүнчүлүк болгон?

8 Ысрайылдык ата-энелер балдарына Жахабанын осуяттарын «жолдо баратканда» да үйрөткөнгө үндөлүшкөн (Мыйз. 11:19). Жолдор шаардын чети менен өткөндүктөн, жолоочулар ар кандай жаныбарларды, канаттууларды, гүлдөрдү көрө алышмак. Андыктан жол жүрүп баратышканда ата-энелер ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, балдарына Жахаба жараткан нерселер жөнүндө айтып бере алмак. Анын сыңарындай, ата-энелер, силерде да табиятты колдонуп балдарыңарды насааттаганга сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Кээ бир ата-энелер муну кантип кылышат?

9. Пунита менен Катядан эмнени үйрөндүңөр?

9 Индиядагы бир чоң шаарда жашаган Пунита деген эне мындай дейт: «Үй-бүлөбүз менен айылга барып турабыз. Муну балдарыбызга Жахабанын колунан бүткөн нерселер жөнүндө айтып бергенге мүмкүнчүлүк катары көрөбүз. Балдарыбыз шаардан жол тыгынын, көчөлөрдөгү жык-жыйма элди көрүп көнүп калышкан. Ошондуктан алар жаратылышка чыкканда Жахабанын сапаттарын көбүрөөк байкашкандай сезилет». Ата-энелер, балдарыңар силердин көз жоосун алган кооз жерде чогуу убакыт өткөргөнүңөрдү эч качан унутпашы мүмкүн. Молдавияда жашаган Катя мындай дейт: «Ата-энем менен айылга барган күндөр такыр эсимден кетпейт. Ошол кезди бала чагымдагы эң сонун күндөр деп эсептейм. Ата-энем кичинекей кезимен эле бир саамга токтоп, жаратылышка байкоо салып: „Андан Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот?“ — деп ой жүгүрткөнгө үйрөтүшкөн. Ушул үчүн аларга аябай ыраазымын».

Шаарда жашасаңар да, балдарга Жахаба жөнүндө айтып бергенге мүмкүнчүлүк тапсаңар болот (10-абзацты карагыла)

10. Жаратылышка чыкканга шарты жок ата-энелер эмне кылса болот? (« Ата-энелерге жардам» деген кутучаны карагыла.)

10 Эгер айыл жергесине барганга шарт жок болсо, эмне кылсаңар болот? Амол дагы Индияда жашайт. Ал мындай дейт: «Биз жашаган жакта ата-энелерге бир күн кечке иштегенге туура келет. Анын үстүнө, айыл жергесине баруу кымбатка турат. Бирок чакан сейил бактарга барып же балконго чыгып, табиятка байкоо салып, Жахабанын сапаттары жөнүндө сүйлөшө алабыз». Айлана-тегерегиңерге жакшылап көз чаптырсаңар, балдарыңар менен Жахаба жөнүндө сүйлөшкөнгө көп нерселерди табышыңар мүмкүн (Заб. 104:24). Мисалы, канаттууларды, курт-кумурскаларды, өсүмдүктөрдү жана башка көп нерселерди байкашыңар ыктымал. Германиялык Карина: «Апам гүлдөрдү аябай жакшы көрөт. Бала кезимде экөөбүз бир жакка баратканда жолдон гүл көрүп калсак, сөзсүз токтоп, ал жөнүндө сүйлөшчүбүз»,— дейт. Ата-энелер, балдарыңарга Жахаба тууралуу насаат айтыш үчүн биздин уюм чыгарган жаратылыш жөнүндөгү видеолорду, адабияттарды колдонсоңор болот. Ооба, каякта жашабагыла, балдарыңарга Кудай жараткан нерселерге баам салганга жардам бере аласыңар. Анда балдарыңарга Жахабанын кайсы сапаттары жөнүндө айтып берсеңер болорун карайлы.

ЖАХАБАНЫН «КӨЗГӨ КӨРҮНБӨГӨН САПАТТАРЫ... АЙКЫН КӨРҮНҮП ТУРАТ»

11. Ата-энелер балдарына Жахабанын сүйүүсүн туйганга кантип жардам бере алат?

11 Балдарыңарга Жахабанын сүйүүсүн туйганга жардам бергиле. Ан үчүн алардын көңүлүн балдарына назиктик менен кам көргөн жаныбарларга бурсаңар болот (Мт. 23:37). Бизге рахат тартуулаган табияттагы укмуштуудай түрдүү нерселерди да баса белгилегиле. Мурунураак сөз кылынган Карина мындай дейт: «Апам экөөбүз кетип баратканда, ал: „Карачы, бир гүл экинчисине окшошпойт. Ар биринин кооздугуна көңүл бур. Бул Жахабанын сүйүүсүн кандайча көрсөтүп турары жөнүндө ойлон“,— деп айтар эле. Андан бери канча жыл өтсө да, дагы деле гүлдөрдүн түрдүүлүгүнө, түзүлүшүнө, түсүнө көңүл бурам. Көргөн сайын, Жахабанын бизди канчалык жакшы көрөрүн эстейм».

Балдарыңарга Жахабанын акылман экенин түшүндүрүш үчүн укмуштуудай жаратылганыбызды айтып берсеңер болот (12-абзацты карагыла)

12. Ата-энелер балдарына Кудайдын акылман экенин баамдаганга кантип көмөк көрсөтө алышат? (Забур 139:14; сүрөттү да карагыла).

12 Балдарыңарга Кудайдын акылмандыгын баамдаганга көмөк көрсөткүлө. Ал бизден алда канча акылман! (Рим. 11:33). Мисалы, балдарыңарга суунун кандайча бууланып, булутка айланарын айтып береттирсиңер. Суудан турган ошол булуттардын бир жерден экинчи жерге оңой эле жыларын да айтаттырсыңар (Аюп 38:36, 37). Мындан тышкары, денебиздин таң каларлык жаратылганын баса көрсөтөттүрсүңөр. (Окугула: Забур 139:14.) Владимир деген бир атанын муну кантип кылганын карап көрөлү. Ал мындай дейт: «Бир күнү уулубуз велосипедден жыгылып, тизесин сыйрып алды. Жараат бир-эки күндөн кийин эле айыкты. Ошондо апасы экөөбүз ага Жахабанын клеткаларды өзүнөн-өзү калыбына келгидей кылып жаратканын түшүндүрүп бердик. Анан адамдар жасаган бир да нерсе өзүн-өзү калыбына келтире албай турганын айтып бердик. Машиненин мыйрыйган жери өзү эле оңолуп калбаарын мисал кылдык. Ошондон кийин балабыз Жахабанын канчалык акылман экенин көбүрөөк түшүнүп калды».

13. Ата-энелер балдарына Кудайдын абдан күчтүү экенин түшүнгөнгө кантип жардам бере алышат? (Ышая 40:26).

13 Жахабанын кубаты эбегейсиз. Ошондуктан ааламдагы ар бир нерсе өз ордунда турат. Ал бизди башыбызды көтөрүп асманды караганга, анын кубаты тууралуу ой жүгүрткөнгө чакырат. (Окугула: Ышая 40:26.) Андыктан балдарыңарды көктү карап, ой жүгүрткөнгө үндөсөңөр болот. Тайвандык Тиңтиң деген бир ишенимдешибиз бала кезин мындай деп эскерет: «Бир жолу апам экөөбүз жаратылышка чыгып, ошол жерде түнөгөнбүз. Ал жер шаардан алыс болгондуктан, жылдыздар тим эле жыбырап көрүндү. Ошол маалда мектептегилер кысымга алып, жаман болуп жүргөм. Ошонун айынан Жахабага ишенимдүү кызмат кыла аламбы деп ойлонуп жүргөн болчумун. Апам ушунчалык көп жылдыздарды жараткан Жахабанын күчү жөнүндө ойлонгонго түрткү берди. Анын ошол күчүн колдонуп, мага бардык сыноолорго туруштук бергенге жардам бере аларын эсиме салды. Ал жакка барып келгенден кийин Жахабаны көбүрөөк билгим келип калган. Ага кызмат кылганга да чечкиндүү болуп калгам».

14. Ата-энелер балдарына Жахабанын бактылуу Кудай экенин түшүнгөнгө кантип жардам берсе болот?

14 Табияттан Жахабанын бактылуу, тамашакөй Кудай экенин билсек болот. Окумуштуулар көптөгөн жаныбарлардын, алсак, канаттуулардын, балыктардын оюн саларын байкашкан (Аюп 40:20). Балдарыңар жаныбарлардын ойноп жатканын көрүп, кыткылыктап күлгөн учурлары болду беле? Балким, алар мыймыйдын түймөк жипти тоголотуп ойноп жатканын же күчүктөрдүн кубалашып жүргөнүн көрсө керек. Эмкиде алар жаныбарлардын кылык-жоруктарын көрүп күлүп калганда, бактылуу Кудайга кызмат кыларыбызды эстетсеңер болот (1 Тим. 1:11).

ҮЙ-БҮЛӨҢӨР МЕНЕН ТАБИЯТКА СУКТАНГЫЛА

Жаратылышта жүргөндө балдарыңар өзүн эркин сезип, ичиндегисин оңоюраак айтышы мүмкүн (15-абзацты карагыла)

15. Балдардын жүрөгүндөгү ойлорун кантип сузуп алса болот? (Накыл сөздөр 20:5; сүрөттү да карагыла).

15 Кээде балдарды бушайман кылган нерселерди билиш үчүн аларды сөзгө тартуу кыйынга турат. Эгер силерде да ушундай болсо, анда балдарыңардын жүрөгүндөгү ойлорун сузуп алышыңар керек болот. (Окугула: Накыл сөздөр 20:5.) Кээ бир ата-энелер мындай кылуу балдары менен жаратылыштын койнунда жүргөндө оңоюраак болорун байкашкан. Эмне үчүн? Мунун бир себеби жаратылышта балдарды да, ата-энелерди да алаксыткан нерселер аз болот. Дагы бир себеби тууралуу тайвандык Масахико деген ата мындай дейт: «Аялым экөөбүз балдар менен тоого чыкканда же жээкти бойлой басканда, балдарыбыз көбүнчө өздөрүн эркинирээк сезишет. Ошондо аларды сөзгө тартып, жүрөгүндөгүсүн сузуп алуу оңойго турарын байкаганбыз». Ал эми жогоруда айтылган Катя мындай дейт: «Мектептен кийин апам мени көбүнчө кооз сейил бакка алпарчу. Ошондой тыптынч жерде жүргөндө апама мектепте эмнелер болгонун, эмнеге сарсанаа болуп жатканымды оңой эле айтып берчүмүн».

16. Үй-бүлөлөр эс алып, көңүл ачыш үчүн эмнелерди кылса болот?

16 Үй-бүлөлөр Жахаба жараткан нерселерге суктанып, чогуу жагымдуу убакыт өткөрө алышат. Бул бири-бири менен ого бетер ынак болгонго өбөлгө түзөт. Ыйык Китепте: «Күлө турган убак бар,.. бийлей турган убак бар»,— деп жазылган (Нас. 3:1, 4). Жахаба көз кумарын алган кооз жерлерди жараткан. Биз андай жерлерден жакшы көргөн нерселерибизди кылсак болот. Мисалы, көптөгөн үй-бүлөлөргө коруктарга, айыл жергесине барган, тоого чыккан же көл жээкке барган жагат. Кээ бир балдар сейил багында ойногонду, жаныбарларды көргөндү же дарыяда, көлдө, деңизде сүзгөндү жакшы көрүшөт. Ооба, жаратылыштын кучагында эс алганга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

17. Ата-энелер балдарына табиятка баам салып, рахат алганга эмне үчүн жардам бериши керек?

17 Жаңы заманда ата-энелер да, балдар да Жахабанын колунан бүткөн табиятка тамшанып, чексиз кубанычка бөлөнүшөт. Ал учурда, бүгүнкүдөй болуп, жаныбарлардан коркпойбуз. Алар да бизден коркпойт (Ыш. 11:6—9). Жахаба жараткан нерселерге баам салып, түбөлүккө рахаттанып жашайбыз (Заб. 22:26). Бирок балдарыңарга ал кез келгенге чейин эле жаратылышка көз чаптырып, андан рахат алганга көмөк кыла бергиле. Эгер табиятты колдонуп, балдарыңарга Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам бере берсеңер, алар Дөөтүнүн сөздөрүнө ортоктош болору шексиз. Ал: «Оо, Жахаба,.. сеникиндей иштер... жок»,— деп айткан (Заб. 86:8).

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

a Көптөгөн ишенимдештерибиз ата-энеси менен табият койнунда чогуу убакыт өткөрүшкөн. Алар ошол кезин жылуу сезимдер менен эскеришет. Ата-энелери ошол мүмкүнчүлүктөрдү жакшы пайдаланышкан. Балдарына Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө айтып беришкен. Балдары аны азыркыга чейин эстеп жүрүшөт. Ата-энелер, балдарыңарга жаратылышты колдонуп канткенде Жахабанын сапаттары тууралуу айтып бере аласыңар? Бул макалада ошол тууралуу сүйлөшөбүз.