Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлгөнгө даярданыш үчүн эмне кылсаң болот?

Чөмүлгөнгө даярданыш үчүн эмне кылсаң болот?

«Чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» (ЭЛЧ. 8:36).

50-ЫР: Арналуу тиленүүсү

БУЛ МАКАЛАДА a

Дүйнө жүзү боюнча жаштар да, карылар да жакшы ийгилик кылып, чөмүлүп жатышат (1—2-абзацтарды карагыла)

1, 2. Эгер чөмүлгөнгө даяр боло элек болсоң, эмне үчүн көңүлүңдү чөгөрбөшүң керек? (Мукабадагы сүрөттү кара.)

 ЭГЕР чөмүлгүң келип жатса, анда алдыңа эң сонун максат койдуң. Сен азыр чөмүлгөнгө даярсыңбы? Эгер чөмүлгөнгө даярмын деп ойлосоң жана аксакалдар да ошентип эсептесе, анда мүмкүнчүлүктү колуңдан чыгарба. Чөмүлгөнүңдөн кийин Жахабага кызмат кылып жүрүп көп бата аласың.

2 Бирок кимдир бирөө сага чөмүлгөнгө чейин эле бир топ ийгиликтерди кылышың керек деп айтты беле? Же балким, муну өзүң туйган чыгарсың. Ошондой болсо, көңүлүңдү чөгөрбө. Жашсыңбы же карысыңбы, бул маанилүү кадамды жасаганга даярдана аласың. Тийиштүү ийгиликтерди кыла аласың.

«КАНДАЙ ТОСКООЛДУК БАР?»

3. Эфиопиялык төрө Филиптен эмне деп сураган жана кандай суроо туулат? (Элчилер 8:36, 38)

3 Окугула: Элчилер 8:36, 38. Эфиопиялык төрө жакшы кабар тараткан Филиптен: «Чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» — деп сураган. Анын чөмүлгүсү келген. Бирок ошол маанилүү кадамды жасаганга даяр беле?

Эфиопиялык төрө Жахаба жөнүндө көбүрөөк билим ала бергенге ынтызар болгон (4-абзацты карагыла)

4. Эфиопиялык киши билим ала бергенге дилгир экенин кантип көрсөткөн?

4 Эфиопиялык киши «Иерусалимге Кудайга сыйынганы келген болчу» (Элч. 8:27). Демек, ал иудаизм динин кабыл алган киши болсо керек. Анын Еврей Жазмаларынан Жахаба жөнүндө окуп-билгени шексиз. Ошентсе да көбүрөөк билгенге ынтызар болгон. Филип жол тартып бараткан ошол төрөгө жолукканда, ал эмне кылып жатты эле? Ышая пайгамбар жазган түрмөктү окуп бараткан (Элч. 8:28). Ал жакта Ыйык Китептеги терең чындыктар камтылган болчу. Төрө Кудайдын Сөзүндөгү бир нече чындыкты билгенине эле ыраазы болуп калган эмес. Ал дагы көбүрөөк билгиси келген.

5. Эфиопиялык төрө билгендерин кантип колдонгон?

5 Ал төрө «кандакинин, эфиопиялыктардын канышасынын, бүт казынасына жооптуу ак сарай кызматчысы» болчу (Элч. 8:27). Демек, ал көп милдеттери бар колу бошобогон киши болсо керек. Ошентсе да Жахабага сыйынганга убакыт бөлгөн. Ал чындыкты билип эле тим болбой, ошого ылайык иш кылган. Ошондуктан Жахабага Иерусалимдеги ибадатканада сыйыныш үчүн ат арытып, жол карытып тээ алыскы Эфиопиядан келген. Жолго көп убакыт, көп каражат кетсе керек. Бирок ал Жахабага сыйыныш үчүн эч нерсесин аяган эмес.

6, 7. Эфиопиялык кишинин Жахабага болгон сүйүүсү кандайча өсө берген?

6 Филип эфиопиялык төрөгө ал үчүн жаңы болгон маанилүү чындыктарды ачып берген. Алсак, ал ага Исанын Машаяк экенин кантип аныктаса болорун айткан (Элч. 8:34, 35). Исанын ал үчүн эмнелерди кылганын билгенде төрөнүн жүрөгү козголгону күмөнсүз. Ошондо ал эмне кылган? Албетте, жүйүттөрдүн динин кабыл алган, урмат-сыйга ээ киши бойдон кала алмак. Бирок төрөнүн Жахабага жана анын Уулуна болгон сүйүүсү жалындаган. Ал жашоосунун нугун өзгөртө турган чечим чыгарып, Иса Машаяктын жолдоочусу болуп чөмүлгөнгө бел байлаган. Филип анын даяр экенин көргөндүктөн аны чөмүлткөн.

7 Эгер эфиопиялык кишиден үлгү алсаң, сен да чөмүлгөнгө даяр боло аласың. Андай болуп чечкиндүү түрдө: «Чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» — деп айта аласың. Кел анда, эфиопиялык төрөнү кантип туурасаң болорун карап көрөлү. Ал билим ала берген. Окуп-билгендерине ылайык иш кылган жана Кудайга болгон сүйүүсүн өстүрө берген.

БИЛИМ АЛА БЕР

8. Жакан 17:3төн эмнени билсе болот?

8 Окугула: Жакан 17:3. Исанын ушул сөздөрү сага Ыйык Китепти изилдей баштаганга жардам берди беле? Көптөргө жардам берген. Бирок ушул эле сөздөрдөн мындан ары да билим ала беришиң керектиги көрүнүп турган жокпу? Биз «жалгыз чыныгы Кудайды... таанып-билгенибизди» эч качан токтотпойбуз (Нас. 3:11). Аны түбөлүктөн-түбөлүккө таанып-биле беребиз. Жахабаны канчалык көбүрөөк билген сайын, ага ошончолук жакыныраак боло беребиз (Заб. 73:28).

9. Негизги чындыктарды билгенден кийин андан ары эмне кылышыбыз керек?

9 Жахабаны таанып-билүү Ыйык Китептеги негизги чындыктарды билүүдөн башталат. Элчи Пабыл Еврейлерге жазган катында аларды «баштапкы окуулар» деп атаган. Муну менен ал «баштапкы окуулар» анча маанилүү эмес деп айткысы келген эмес. Тескерисинче, аларды ымыркайдын өсүп-жетилишине өбөлгө түзгөн сүткө салыштырган (Евр. 5:12; 6:1). Ал Машаяктын жолдоочуларынын баарын баштапкы окуулар менен эле чектелбей, Кудайдын Сөзүндөгү терең чындыктарды изилдегенге үндөгөн. Сенин да Ыйык Китептеги терең окууларга табитиң артып жатабы? Рухий жактан өсө бергенге, Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билгенге куштарсыңбы?

10. Эмне үчүн айрымдарга окуп-изилдөө оңойго турбайт?

10 Көптөрүбүз үчүн окуп-изилдөө оңойго турбайт. Сен үчүнчү? Мектептен жакшы окуганды үйрөндүң беле? Сага изилдеген жагабы? Көп нерсени билдим деп канааттанасыңбы? Же китеп окуганга жокмун деп ойлойсуңбу? Эгер ушинтип ойлосоң, анда жалгыз эмессиң. Жахаба сага жардам бере алат. Ал — жеткилең жана эң мыкты Мугалим.

11. Жахаба «Улуу Насаатчы» экенин кантип көрсөтүп келет?

11 Жахаба Ыйык Китепте: «[Сенин] Улуу Насаатчыңмын»,— деп айткан (Ыш. 30:20, 21). Ал — сабырдуу, боорукер, түшүнүктүү Мугалим. Өзүнөн билим алып жаткандардын — окуучуларынын — жакшы жактарына гана көңүл топтойт (Заб. 130:3). Колубуздан келбеген нерсени эч качан талап кылбайт. Ал сенин мээңди жараткан. Аны кереметтүү белек десек болот. Муну эч качан унутпа (Заб. 139:14). Ошон үчүн билимге умтулуп турганыбыз табигый нерсе. Жаратканыбыз түбөлүккө билим ала беришибизди жана андан рахат алышыбызды каалайт. Андыктан Ыйык Китептеги чындыктарга болгон сүйүүңдү азыртадан өрчүткөнүң акылдуулукка жатат (1 Пет. 2:2). Жете ала турган максаттарды кой. Ыйык Китепти дайыма окуп-изилдеп, күн тартибиңе тыгыз карман (Жаш. 1:8). Жахабанын жардамы менен ал жөнүндө окуп-билгенди жакшы көрө бересиң.

12. Өздүк изилдөөбүздө эмне үчүн Иса жана анын кызматы жөнүндө изилдешибиз керек?

12 Исанын жашоосу жана кызматы жөнүндө ой жүгүрткөнгө дайыма убакыт бөлүп тур. Азыркы оор убакта Жахабага жаккандай кызмат кылуунун ачкычы — Исанын изи менен жазбай басуу (1 Пет. 2:21). Иса анын жолдоочулары кыйынчылыктарга туш болорун ачык эле айткан (Лк. 14:27, 28). Бирок алардын, өзүндөй болуп, Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаарынан такыр шектенген эмес (Жкн. 16:33). Исанын жашоосун майда-чүйдөсүнө чейин изилде. Ошондой эле аны туурап жашаганга максат кой.

13. Жахабадан эмнени сурап тилене беришиң керек жана эмне үчүн?

13 Бирок билим алып койгондун өзү эле жетишсиз. Жахаба жөнүндө көбүрөөк билип, ага болгон сүйүүңдү арттырып жана ишенимиңди бекемдегениң маанилүү. Мына, биз билимди ушул максатта алабыз (1 Кор. 8:1—3). Билим алып жатканда Жахабадан «ишенимимди арттыра көр» деп тилене бер (Лк. 17:5). Ал тилегиңди сөзсүз кабыл кылат. Кудайыбыз жөнүндөгү так билимге негизделген чыныгы ишеним андан ары да ийгилик кыла бергенге жардам берет (Жкп. 2:26).

БИЛГЕНДЕРИҢЕ ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛА БЕР

Топон сууга чейин Нух жана анын үй-бүлөсү ишенимдүүлүк менен билгендерине ылайык иш кылышкан (14-абзацты карагыла)

14. Элчи Петир билгендерибизге ылайык иш кылуунун канчалык маанилүү экенин кантип баса белгилеген? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Машаяктын жолдоочуларынын билгендерине ылайык иш кылганы абдан маанилүү. Муну элчи Петир да баса белгилеген. Мисал катары Нух жөнүндөгү окуяны сөз кылган. Жахаба ага ошол учурдагы ыймансыз кишилерди жок кылыш үчүн Топон суу каптатарын айткан. Нух жана анын үй-бүлөсү аман калышы үчүн Топон суу болорун билип эле койгону жетишсиз болчу. Петирдин Топон сууга чейинки жана «кеме курулуп жаткан» убак жөнүндө айтканы көңүлгө аларлык (1 Пет. 3:20). Нух жана анын үй-бүлөсү Кудайдын айткандарына ылайык иш кылып чоң кеме курушкан (Евр. 11:7). Андан соң Петир Нухтун кылгандарын чөмүлүүгө салыштырып: «Ошо сыяктуу эле, чөмүлтүлүү да азыр силерди... куткарып жатат»,— деген (1 Пет. 3:21). Анын сыңарындай, сенин чөмүлгөнгө даярданыш үчүн кылып жаткан иш-аракеттериңди Нух менен үй-бүлөсүнүн жылдар бою кеме курганына салыштырсак болот. Анда чөмүлгөнгө даяр болуш үчүн эмне кылышың керек?

15. Чын жүрөктөн өкүнүү деген эмне?

15 Эң алгач, күнөөлөрүбүз үчүн чын жүрөктөн өкүнүшүбүз керек (Элч. 2:37, 38). Чындап өкүнсөң, чындап өзгөрө аласың. Жахабага жакпаган жаман адаттарыңдан арылдыңбы? Аларга адеп-ахлаксыздык, чылым чегүү, жаман сөздөрдү сүйлөө, башкаларга тил тийгизүү сыяктуу иштер кирет (1 Кор. 6:9, 10; 2 Кор. 7:1; Эф. 4:29). Эгер муну кыла элек болсоң, анда өзгөргөнгө аракет кылып тырмыша бер. Сага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткан киши же жыйналыштагы аксакалдар көмөк кыла алат. Алардан: «Эмне кылсам болот?» — деп кеңеш сура. Эгер жаш болсоң жана ата-энең менен жашасаң, алардан: «Чөмүлүшүмө тоскоол боло турган жаман адаттардан кантип арылсам болот?» — деп сурап тур.

16. Жакшы рухий күн тартипке кармануу өз ичине эмнени камтыйт?

16 Жакшы күн тартипке кармануу да маанилүү. Буга жыйналышка баруу жана ага катышуу кирет (Евр. 10:24, 25). Кабар айтууга жарактуу болгондон кийин кызматка дайыма чыгып тур. Өмүрдү сактап кала турган бул ишке канчалык көп катышсаң, ошончолук көп кубанасың (2 Тим. 4:5). Эгер жаш болсоң жана ата-энең менен жашасаң, минтип ойлонуп көр: «Ата-энем „жыйналышка бар, кызматка чык“ деп айтып турабы? Же айттырбай эле буларды өзүм кыламбы?» Эгер айттырбай эле кылсаң, анда Жахабага ишенериңди, аны жакшы көрөрүңдү, ага ыраазы экениңди көрсөтөсүң. «Кудайга берилген адам» экениңди көрсөткөн ушундай иштерди ага берген белекке салыштырса болот (2 Пет. 3:11; Евр. 13:15). Жахабага бирөө бер деген үчүн эмес, чын жүрөгүбүздөн чыккан белектер жагат. (Салыштыр: 2 Корунттуктар 9:7.) Ушундай кылганыбыздын себеби Жахабага эң жакшысын бергенде өзүбүз да кубанабыз.

КУДАЙГА БОЛГОН СҮЙҮҮҢДҮ ӨСТҮРӨ БЕР

17, 18. Чөмүлгөнгө даяр болушуң үчүн кайсы маанилүү сапатты өрчүтүшүң керек жана эмне үчүн? (Матай 22:37)

17 Чөмүлгөнгө талпынып, ийгиликтерди кылып жатканда кыйынчылыктарга туш болосуң. Айрымдар башка динге кирип алдың деп шылдыңдашы, атүгүл куугунтукташы мүмкүн (2 Тим. 3:12). Жаман адатыңды ташташың үчүн канчалык аракет кылсаң да, кээде аны кайталап алышың ыктымал. Же болбосо максаттарың кол жеткистей сезилгендиктен чыдамың кетип, көңүлүң чөгүшү мүмкүн. Анда сага туруктуу болгонго эмне жардам берет? Баалуу бир сапат — Жахабага болгон сүйүүң.

18 Жахабага болгон сүйүү — сен өрчүтө ала турган эң сонун сапат. (Окугула: Матай 22:37.) Ушундай күчтүү сүйүү кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет. Ыйык Китепте Жахабанын өзүнүн кызматчыларына мээримдүүлүгүн, башкача айтканда, туруктуу сүйүүсүн көрсөтөрү көп эле айтылат. Ушундай күчтүү сезимди туйгандыктан, Жахаба кызматчыларын дайыма жакшы көрө берет жана эч качан таштабайт (Заб. 100:5). Сен Кудайга окшош болуп жаратылгансың (Башт. 1:26). Анда туруктуу сүйүүнү кантип чагылдыра аласың?

Жахабага болгон ыраазычылыгыңды күн сайын көрсөтө аласың (19-абзацты карагыла) b

19. Жахабанын сен үчүн кылган бардык жакшылыктарына болгон ыраазычылыгыңды кантип арттыра аласың? (Галатиялыктар 2:20)

19 Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдир (1 Тес. 5:18). Ан үчүн күн сайын: «Жахаба мени жакшы көрөрүн кантип көрсөтүп жатат?» — деп ойлон. Анан Жахабанын атайын сен үчүн кылган жакшылыктарын айтып ыраазычылык билдир. Жахаба сени жакшы көргөндүктөн жеке сен үчүн кандай жакшылыктарды кылып жатканын баамда. Элчи Пабыл да так ушундай кылган. (Окугула: Галатиялыктар 2:20.) Анан: «Мен да Жахабаны жакшы көрөрүмдү көрсөткүм келеби?» — деп ой калча. Жахабага болгон сүйүүң азгырыктарга алдырбаганга жана кыйынчылыктарга тике караганга жардам берет. Ошондой эле рухий күн тартибиңе карманганга, асмандагы Атаңды жакшы көрөрүңдү күн сайын көрсөткөнгө көмөк кылат.

20. Жахабага өмүрүңдү арнаш үчүн эмне кылышың керек жана бул чечим эмне үчүн маанилүү?

20 Ошентип, убакыттын өтүшү менен Жахабага болгон сүйүүң сага өзгөчө бир нерсе кылганга түрткү берет, тагыраак айтканда, сен андан тиленип, өмүрүңдү ага арнайсың. Ошондон кийин сен теңдешсиз бир сыймыкка ээ болосуң. Түбөлүккө ага таандык боло аласың. Ушуну эсиңден чыгарба! Өмүрүңдү Жахабага арнап жатканда: «Турмуштун оош-кыйыштарында да сага кызмат кыла берем»,— деп убада берген болосуң. Бул — өмүрүңдө бир эле жолу бериле турган убада. Өмүрүбүздү Кудайга арнаганыбыз — олуттуу кадам таштаганыбыз. Бир саамга токтоп, ойлонуп көрсөң. Сен жашоодо далай чечимдерди чыгарасың. Алардын кээ бирлери абдан жакшы болушу мүмкүн. Бирок өмүрүңдү Кудайга арнаганыңдан артык жакшы чечим болбойт! (Заб. 50:14). Шайтан кынтыксыздыгынан тайдыра аламбы деген үмүттө асмандагы Атаңа болгон сүйүүңдү суутканга аракет кылат. Бул кармашта Шайтанга жеңилбе! (Аюп 27:5). Асмандагы Жахаба Атаңа болгон күчтүү сүйүү өмүрүңдү ага арнап жатканда берген убадаңа бек туруп, ага барган сайын жакындай бергенге жардам берет.

21. Чөмүлүүнү эмне үчүн сапардын аягы эмес башы деп айтсак болот?

21 Өмүрүңдү Жахабага арнаганыңдан кийин жыйналышыңдагы аксакалдарыңа кийинки кадамды таштаганы жатканыңды айт. Чөмүлүү сапарыңдын аягы эмес, башталышы экенин эч качан эсиңден чыгарба! Чөмүлгөндөн кийин Жахабага түбөлүккө кызмат кылганга өбөлгө түзгөн жолго түшөсүң. Атаңа болгон сүйүүңдү азыртадан алоолонто бер. Ал сүйүүң күн сайын күч ала бериши үчүн ошого өбөлгө түзгөн максаттарды кой. Бул сага чөмүлгөнгө түрткү берет. Ал күн жашооңдогу кайталангыс күн болот. Бирок бул башталышы эле. Тилегибиз — Жахабага жана анын Уулуна болгон сүйүүң түбөлүккө жалбырттай берсин!

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

a Чөмүлгөнгө даяр болуш үчүн ниетибиз туура болушу керек. Туура иштерди да кылышыбыз зарыл. Бул макалада эфиопиялык төрөнүн үлгүсүнө токтолобуз. Анын үлгүсүн карап жатканда Ыйык Китепти изилдеп жаткандар чөмүлгөнгө даяр болушу үчүн кандай кадамдарды жасашы керектигин талкуулайбыз.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Карындашыбыз Жахабага камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип тиленип жатат.