Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнени изилдесе болот?

Эмнени изилдесе болот?

«Жаңылар» деген бөлүктү кантип колдонсо болот?

JW Library® тиркемесиндеги жана jw.org сайтындагы «Жаңылар» деген бөлүктө акыркы чыккан маалыматтар камтылат. Алардан кабардар болуп туруш үчүн эмне кылсаңар болот?

JW Library

  • «Макалалар жыйнагына» жаңы темалар кошулуп турат. Алар кайсы «Макалалар жыйнагына» тиешелүү болсо, ошол жерге кошулат. Ошондуктан «Жаңылар» деген жерге «Макалалар жыйнагы» чыгып калса, анын жаңыртылганын көчүрүп алсаңар болот. Жаңы кошулган макала тизменин эң үстүнө чыгып калат (күнү боюнча тандалган болсо).

  • Журналдарды же башка ошол сыяктуу чоңураак адабияттарды бир отуруп эле окуй албашыбыз мүмкүн. Аларды токтогон жерден улап кете алыш үчүн «Тандалмалар» деген жерге кошуп алса болот. Толук окуп бүткөн соң ал жактан өчүрүп салса да болот.

JW.ORG

Айрым жаңылыктар жана кулактандыруулар JW Library тиркемесине чыкпайт. Алар jw.org сайтына гана чыгат. Ошондуктан сайтыбыздагы «Жаңылар» деген жерге дайыма көз чаптырып турганды унутпаган жакшы.