Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Эмне үчүн чөмүлүш керек?

Эмне үчүн чөмүлүш керек?

«Ар бириңер... чөмүлтүлгүлө» (ЭЛЧ. 2:38).

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Кимдир бирөө чөмүлгөндө эмне болот жана бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

 МЫНА-МЫНА чөмүлөйүн деп жаткандарды көрдүң беле? Чөмүлөрдүн алдында алардын эки суроого үнүн бийик чыгара ишенимдүү түрдө жооп бергенин уккансың. Үйүндөгүлөрү, достору кубанычы койнуна батпай сыймыктанып турганына да күбө болгонсуң. Алардын суудан чыгып келатканда кубанганынан жүзүнөн нур жанганын көрүп, колдогону келгендердин да шатырата кол чапканын уккандырсың. Ооба, орто эсеп менен жума сайын миңдегендер өмүрүн Жахаба Кудайга арнап чөмүлүп, анын күбөсү болуп жатышат.

2 Ал эми сенчи? Эгер чөмүлүүнү ойлонуштуруп жүрсөң, ыймансыздыкка толгон бул дүйнөдө сен өзгөчө адамсың. Анткени сен «Жахабаны издеп» жатасың (Заб. 14:1, 2). Жашсыңбы, карысыңбы, бул макала атайын сен үчүн жазылган. Ошондой эле бул макала мурун чөмүлгөндөргө да Жахабага түбөлүктөн түбөлүккө кызмат кылам деген оюнан кайтпаганга жардам берет. Жахабага кызмат кылганга бизде көптөгөн себептер бар. Бул макалада ошолордун үчөөнө токтолобуз.

ЧЫНДЫК МЕНЕН АДИЛДИКТИ ЖАКШЫ КӨРӨСҮҢ

Шайтан Жахабанын ыйык ысымын миңдеген жылдардан бери каралап келатат (3, 4-абзацтарды карагыла)

3. Жахабанын кызматчылары эмне үчүн чындык менен адилдикти жакшы көрүшөт? (Забур 119:128, 163)

3 Жахаба элине: «Чындыкты... сүйгүлө»,— деп буйруган (Зак. 8:19). Ал эми Иса өзүнүн жолдоочуларын адилдикке умтулганга үндөгөн (Мт. 5:6). Бул Кудайдын көз алдында эмне адил, эмне таза болсо, ошону кылганга абдан куштар болууну билдирет. Сен чындык менен адилдикти жакшы көрөсүңбү? Жакшы көрөрүңөн түк да шектенбейбиз. Андан тышкары, сен жалгандыкты, дегеле жамандыкка, ыймансыздыкка жаткан нерселердин баарын жек көрөсүң. (Окугула: Забур 119:128, 163.) Анткени жалган айткандар Шайтанды, бул дүйнөнүн башкаруучусун, туураган болушат (Жкн. 8:44; 12:31). Шайтандын көздөгөн максаттарынын бири — Жахаба Кудайдын ыйык ысмын каралоо. Ал Эйденде козголоң чыккандан бери эле Кудайыбызды жамандап келет. Мисалы, Жахабаны өзүмчүл, адам баласынан жакшы нерсени жашырган, калпычы Башкаруучу катары көрсөтүүнү каалайт (Башт. 3:1, 4, 5). Шайтандын Жахаба жөнүндө айткан калпы көптөрдүн акылы менен жүрөгүн ууландырып келет. Эгер адамдар чындыкты сүйбөсө, анда Шайтан аларды ыймансыздыкка жана ар кандай жаман иштерге белчесинен батырат (Рим. 1:25—31).

4. Жахаба «чындыктын Кудайы» экенин кантип көрсөтүп келет? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Жахаба — «чындыктын Кудайы». Ошондуктан ал аны жакшы көргөндөрдөн чындыкты жашырбай ачып берип келет (Заб. 31:5). Ушундайча бизге Шайтандын калпына алданып калбаганга жардам берип, жонубуздагы оор жүктү алып салган. Андан тышкары, Жахаба кызматчыларына чынчыл, адил болгонго да көмөк кылууда. Ошонун аркасында алардын жүзү жарык болгон үчүн жүрөгү да тынч, өзүн-өзү да сыйлашат (Накыл 13:5, 6). Балким, Ыйык Китепти изилдеп жатканда Жахаба сага ушул жактардан жардам бергендир. Ушундан улам бүт адамзат үчүн да, жеке сен үчүн да Жахабанын жолунда жүргөндөн өтөр эч нерсе жок экенин түшүнгөндүрсүң (Заб. 77:13). Ошондуктан сен Кудай туура деп эсептеген нерселерди кылганга бел байлагансың (Мт. 6:33). Ошондой эле чындыкты жактагың жана Шайтандын Жахаба жөнүндө тараткан калпын төгүнгө чыгаргың келет. Муну кантип кылсаң болот?

5. Чындык менен адилдикти кантип жактасаң болот?

5 Сен Кудайдын жолуна түшсөң болот. Ошентсең, «мен Шайтандын калпын четке кагам, чындыкка бекем карманам. Жахаба менин Эгедерим. Мен ал туура деп эсептеген нерселерди кылгым келет» деп айткандай эле болосуң. Анда Кудайдын жолуна түшүш үчүн эмне кылыш керек? Ан үчүн Жахабадан тиленип, ага өмүрүңдү арнашың керек. Муну чөмүлүп, эл алдында көрсөтүшүң зарыл. Ооба, чөмүлгөнгө түрткү берген орчундуу себептердин бири — чындыкты жана адилдикти сүйүү.

СЕН ИСА МАШАЯКТЫ ЖАКШЫ КӨРӨСҮҢ

6. Забур 45:4кө ылайык, Исаны жакшы көргөнгө бизде кандай себептер бар?

6 Сен Иса Машаякты эмне үчүн жакшы көрөсүң? Мунун жүйөлүү себептери Забур 45:4тө жазылган. (Аятты окугула.) Иса чындыкты, момундукту жана адилдикти жакшы көрөт. Эгер сен чындыкты жана адилдикти жакшы көрсөң, анда Иса Машаякты да жакшы көрөрүң айтпаса да түшүнүктүү. Исанын эр жүрөк болуп, эмне чындык, эмне туура болсо, ошону жактаганы жөнүндө ойлонуп көрсөң (Жкн. 18:37). Ал момундуктун маанилүү экенин да көрсөткөн. Кантип?

7. Исанын момундугу эмнеси менен өзүнө тартып турат?

7 Иса үлгүсү аркылуу момундуктун маанилүү экенин көрсөткөн. Мисалы, ал даңктын баарын өзүнө эмес, Атасына ыйгарат (Мр. 10:17, 18; Жкн. 5:19). Исанын ушунчалык момун экенин билгенде кандай сезимде болдуң? Бул Кудайдын Уулун сүйүп, анын жолун жолдоого түрткү бербейби? Сөзсүз түрткү берет. Иса эмне үчүн момун? Анткени ал Атасын жакшы көрөт жана андан үлгү алат. Ал эми Жахаба — момундуктун мыкты үлгүсү (Заб. 18:35; Евр. 1:3). Ооба, кудум эле Атасындай болгон Исага тартылбай койбойбуз.

8. Исаны Падышабыз катары эмне үчүн жакшы көрөбүз?

8 Биз Исаны Падышабыз катары да жакшы көрөбүз. Анткени ал — эң мыкты Башкаруучу. Жахаба аны өзү окутуп-үйрөтүп, башкарганга бийлик берген (Ыш. 50:4, 5). Исанын бизге жанын аябай сүйүү көрсөткөнү жөнүндө да ойлонуп көрсөң (Жкн. 13:1). Андыктан Падышаң катары Иса аны жакшы көрүшүңө чындап эле татыктуу. Ал аны чын жүрөктөн жакшы көргөндөрдү досторум деп атаган. Достору аны сүйөрүн осуяттарын аткарып көрсөтөрүн түшүндүргөн (Жкн. 14:15; 15:14, 15). Жахабанын Уулунун досу болуу биз үчүн кандай гана чоң сыймык!

9. Исанын жолдоочуларынын чөмүлүүсү Исаныкына эмнеси менен окшош?

9 Иса өзүнүн жолдоочуларына буйруган осуяттардын бири — чөмүлүү (Мт. 28:19, 20). Ал өзү да чөмүлүп, үлгү көрсөткөн. Бирок Исанын чөмүлгөнү анын жолдоочуларынын чөмүлүүсүнөн бир нече жактан айырмаланат. (« Исанын чөмүлгөнү жолдоочуларыныкынан эмнеси менен айырмаланат?» деген кутучаны карагыла.) Бирок окшош жактары да бар. Мисалы, чөмүлгөндө Иса өмүрүн Атасынын эркин аткарганга арнаган (Евр. 10:7). Ошол сыяктуу эле, Машаяктын жолдоочулары чөмүлгөндө өмүрүн Жахаба Кудайга арнаганын эл алдында көрсөтүшөт. Ошондон тартып алар өздөрү үчүн жашабай, Кудайдын эркин аткарыш үчүн жашап калышат. Ушундайча Мырзасын туураган болушат.

10. Исаны жакшы көргөнгө кандай себептер бар жана бул сага эмне кылганга түрткү бериши керек?

10 Сен Исанын Кудайдын жалгыз Уулу экенине жана Кудай аны бизди башкарсын деп Падыша кылып дайындаганына ишенесиң. Исанын момун экенин жана Атасын мыкты түрдө туурай турганын да жакшы билесиң. Андан тышкары, Ыйык Китептен анын ачкаларды тойгузганын, көңүлү чөккөндөрдү сооротконун, атүгүл оорулууларды айыктырганын билгенсиң (Мт. 14:14—21). Ошондой эле бүгүнкү күндө жыйналыштарды кантип жетектеп келатканына да күбө болуп жатасың (Мт. 23:10). Анын келечекте Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары эмнелерди кыларын да билесиң. Анда аны жакшы көрөрүңдү кантип көрсөтсөң болот? Анын үлгүсүнө карман (Жкн. 14:21). Эгер өмүрүңдү Жахабага арнап чөмүлсөң, так ошенткен болосуң.

СЕН ЖАХАБА КУДАЙДЫ ЖАКШЫ КӨРӨСҮҢ

11. Чөмүлүшүбүз керектигинин эң маанилүү себеби кайсы?

11 Эмне үчүн чөмүлүшүбүз керектигинин эң маанилүү себеби кайсы? Бул суроонун жообу Кудайдын эң негизги осуятында камтылган. Ал жерде Иса: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй»,— деген (Мр. 12:30). Сен дагы Кудайды ушунчалык жакшы көрөсүңбү?

Азыр көрүп жаткан жана келечекте көрө турган жакшылыктын баары Жахабадан (12, 13-абзацтарды карагыла)

12. Сен Жахабаны эмне үчүн жакшы көрөсүң? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Жахабаны эмне үчүн жакшы көрүшүбүз керектигинин себептерин санай берсек, сан жетпейт. Мисалы, анын «өмүрдүн булагы» экенин жана «жакшы, жеткилең белектердин баарын» ал берерин билесиң (Заб. 36:9; Жкп. 1:17). Ооба, жашоодогу сага кубаныч тартуулаган бардык жакшы нерселер берешен, мээримдүү Кудайыбыздан.

13. Эмне үчүн кун Кудайдын бизге берген эң баалуу белеги?

13 Кудайдын бизге берген эң баалуу белеги — бул кун. Эмне үчүн ушинтип айтсак болот? Жахаба менен анын Уулунун канчалык ынак экени жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң. Иса: «Атам мени жакшы көрөт»,— деген. Андан ары өзү жөнүндө: «Атамды жакшы көрөм»,— деген (Жкн. 10:17; 14:31). Алардын ортосундагы мамиле миллиарддаган жылдар бою чыңдалып, бекемделе берген (Накыл 8:22, 23, 30). Эми Уулунун азап тартып өлгөнүн көргөндө Кудайдын жүрөгү канчалык сыздаганын элестетип көрсөң. Демек, Жахаба адамзатты, анын ичинде сени абдан жакшы көрөт. Себеби сен жана башкалар түбөлүк өмүр сүрсүн деп биздин кунубузга өзүнүн сүйүктүү Уулун бергенге даяр болгон (Жкн. 3:16; Гал. 2:20). Кудайды сүйгөнгө мындан өтөр орчундуу себеп барбы?

14. Жашоодо эң мыкты чечим кайсы?

14 Жахаба жөнүндө билген сайын сенин ага болгон сүйүүң өсө берген. Сенин аны менен азыр да, түбөлүккө да ынак болгуң келери шексиз. Бул колуңдан келет. Жахаба сенин анын жүрөгүн кубантышыңды каалайт (Накыл 23:15, 16). Муну сөздөрүң менен эле эмес, иштериң менен да көрсөтө аласың. Жашооңду эмнеге арнаганыңдан Жахабаны канчалык жакшы көрөрүң көрүнөт (1 Жкн. 5:3). Ага жаккандай жашайм деп чечкениң — жашооңдогу эң мыкты чечимиң.

15. Жахабаны жакшы көрөрүңдү кантип көрсөтө аласың?

15 Жахабаны жакшы көрөрүңдү кантип көрсөтө аласың? Биринчиден, тиленип, жалгыз чыныгы Кудайга өмүрүңдү арнаарыңды айтасың. Бул — өзгөчө тиленүү (Заб. 40:8). Андан соң арналганыңды чөмүлүп, эл алдында көрсөтөсүң. Жанараак талкуулаганыбыздай, бул — жашооңду түп-тамыры менен өзгөртө турган эң эле маанилүү, эң эле бактылуу учур. Ошондон тартып сен жаңы жашоо баштайсың. Өзүң үчүн эмес, Жахаба үчүн жашайсың (Рим. 14:8; 1 Пет. 4:1, 2). Эми жашооң 180 градуска бурулат. Ошентсе да бул чечимиң кубанычтуу, бактылуу күндөргө толгон жашоого жол ачат. Кандайча?

16. Забур 41:12ге ылайык, Жахаба өмүрүн ага кызмат кылганга арнагандарга кандай сыйлык ыйгарат?

16 Берешендик жагынан ааламда Жахабага тең келерлик эч ким жок. Сен ага эмне бербе, ал сага дайыма ашыгы менен кайтарып берет (Мр. 10:29, 30). Ага кызмат кылсаң, атүгүл азыркы күнү бүтүп бараткан Шайтандын дүйнөсүндө да жашооң ары кызыктуу, ары баталуу, ары маңыздуу болот. Бирок бул батага толгон жашоонун башталышы гана. Чөмүлгөндө аттанган өмүр сапарың эч качан соңуна чыкпайт. Сен асмандагы сүйүктүү Атаңа түбөлүктөн түбөлүккө кызмат кыла аласың! Экөөңөрдүн ортоңордогу сүйүү барган сайын күч ала берет. Сен Жахаба канча жашаса, ошончо жашайсың! Тактап айтканда, чексиз өмүр сүрөсүң. (Окугула: Забур 41:12.)

17. Жахабага анда жок эмнени бере аласың?

17 Өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөнгө кадам таштаганда асмандагы Атаңа өзгөчө бир баалуу нерсени тартуулай аласың. Ал сага жашооңдогу эң эле жакшы нерселерди, эң эле жагымдуу учурларды тартуулап келет. Сен болсо бүтүндөй ааламдын ээсине анда жок нерсени бере аласың. Бул — сенин чын жүрөктөн, берилип кылган кызматың (Аюп 1:8; 41:11; Накыл 27:11). Жашоодо мындан өткөн арзырлык эч нерсе жок. Ырас, Жахабага болгон сүйүү — чөмүлгөнгө түрткү берген эң эле орчундуу себеп.

СОЗДУКТУРУП ЖҮРӨ БЕРҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ БАРБЫ?

18. Кандай суроолор жөнүндө ойлонуп көргөнүң жакшы?

18 Буга сен гана жооп бере аласың. Балким: «Эмне үчүн чөмүлбөй создуктуруп жүрөм?» — деп ойлонуп көрөттүрсүң (Элч. 8:36). Жогоруда карап өткөн үч себепти эстесек. 1) Сен чындыкты жана адилдикти сүйөсүң. «Баары тең туура иш кыла турган заманда жашагым келеби?» — деп ой калчап көр. 2) Сен Исаны жакшы көрөсүң. «Мен Кудайдын Уулунун Падышам болушун каалаймбы жана андан үлгү алгым келеби?» — деп ойлонуп көр. 3) Баарынан маанилүүсү, сен Жахабаны жакшы көрөсүң. «Жахаба Кудайыма кызмат кылып, анын жүрөгүн кубанткым келеби?» — деп да ойлон. Эгер ушул суроолордун баарына «ооба» деп жооп берсең, анда чөмүлгөнгө эмне үчүн болбосун? Создуктуруп жүрө берүүнүн зарылдыгы барбы? (Элч. 16:33).

19. Чөмүлгөндөн эмне үчүн коркпошуң керек? Мисал менен түшүндүр (Жакан 4:34)

19 Эгер чөмүлгөндөн коркуп жатсаң, анда Исанын бир мисалы жөнүндө ойлонуп көрсөң болот. (Окугула: Жакан 4:34.) Көңүл бурсаң, Иса Атасынын эркин аткарууну тамакка салыштырган. Эмне үчүн? Тамак биздин организмибиз үчүн абдан пайдалуу. Ошондуктан Иса Жахаба бизден эмнени күтсө, ошонун баары пайдалуу болорун билген. Жахаба бизден залакасын тийгизе турган нерселерди кылышыбызды эч качан талап кылбайт. Жахаба сенин чөмүлүшүңдү каалайбы? Ооба (Элч. 2:38). Мына ушул себептен анын ушул осуятын аткарып чөмүлсөң, өзүңө эле жакшы болорунан эч шектенбе. Сен эң даамдуу тамакты жан деп эле жемек болушуң керек. Анда эмне үчүн чөмүлбөй жүрө беришиң керек?

20. Кийинки макалада эмнеге токтолобуз?

20 Эмне үчүн айрымдар чөмүлбөй создуктуруп жүрө беришет? Анткени алар: «Мен дагы деле даяр эмесмин»,— деп ойлошу мүмкүн. Ооба, өмүрдү Жахабага арнап чөмүлүү жашоодогу эң маанилүү чечим экени чын. Андыктан ушундай чечим чыгарардын алдында убакыт бөлүп, кылдат ойлонушуң керек. Талаптарга жооп бериш үчүн да көп күч жумшаш керек болот. Эгер чөмүлүүнү чын ыкластан каалап жатсаң, анда азыртадан кантип даярдансаң болот? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

a Чөмүлүү — Ыйык Китепти изилдеген ар бир киши кылышы керек болгон маанилүү кадам. Ошол кадамды кылганга эмне түрткү берет? Бир сөз менен айтканда, сүйүү. Эмнеге жана кимге болгон сүйүү? Бул макалада чөмүлгөндөн кийин жашообуз кандай болоруна байланыштуу суроолорду талкуулап, ошолорго жооп алабыз.