Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Боорукердик сөз менен да, иш менен да көрсөтүлөт

Боорукердик сөз менен да, иш менен да көрсөтүлөт

КИМДИР БИРӨӨНҮН бизге боорукердик көрсөтүп, жакшылык кылганы жүрөгүбүздү кандай гана жылытат! Анын камкордугуна абдан ыраазы болобуз. Башкалардын боорукердик менен мамиле кылганы баарыбызга эле жагат. Анда ал баа жеткис сапатты кантип өрчүтө алабыз?

Боорукердик өз ичине башкалардын камын чын жүрөктөн ойлоону камтыйт. Ал дем-шык берерлик сөздөрүбүздөн, иштерибизден көрүнөт. Чындап боорукер киши тек гана сылык-сыпаа болуп койбойт. Ал башкаларды чын дилден сүйгөндүктөн, алардын сезимдерин терең түшүнгөндүктөн иш-аракет кылат. Андан сырткары, боорукердик — Кудайдын кызматчылары өрчүтүшү керек болгон жана ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Бул сапатты өрчүтүү ар бирибизден талап кылынат. Андыктан, келгиле, Жахаба менен анын Уулу боорукердикти кантип көрсөтүшөрүн жана биз алардан канткенде үлгү ала аларыбызды карап көрөлү.

ЖАХАБА БААРЫНА БООРУКЕРДИК КӨРСӨТӨТ

Жахаба баарына, анын ичинде «жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да» боорукердик көрсөтүп, аларга кам көрөт (Лк. 6:35). Мисалы, ал «күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Мт. 5:45). Атүгүл Жахабаны Жаратканы катары кабыл албагандар да анын жашоо үчүн берген нерселеринен пайдаланып, ыракат алып жатышат.

Жахабанын канчалык боорукер экенин Адам ата менен Обо энеге кылган жакшылыгынан да билүүгө болот. Күнөө кылгандан кийин алар «анжир дарагынын жалбырактарын бириктирип, белинен ылдый жаап алышкан». Бирок Жахаба Эйден багынын сыртында жашоо үчүн аларга ылайыктуу кийим керек экенин билген. Себеби жер каргышка калып, андан «тикенек менен отоо чөптөр өсүп чыкмак». Ошондуктан ал «териден узун кийим жасап» берип, аларга боорукердик менен кам көргөн (Башт. 3:7, 17, 18, 21).

Жахаба «жаманга да, жакшыга да» боорукердик көрсөтсө да, эң биринчи кезекте ишенимдүү кызматчыларына жакшылык кылууну каалайт. Мисалы, Закарыя пайгамбардын күндөрүндө Иерусалимдеги ибадаткананы кайра куруу иши токтоп калганда, бир периште тынчсызданып, Жахабага сезимдерин айткан. Ал аны кунт коюп уккан да, «жакшы,.. жубатарлык сөздөрдү айтып», соороткон (Зак. 1:12, 13). Ал Илияс пайгамбарга да боорукердик менен мамиле кылган. Бир жолу ушунчалык кыйналгандыктан Илияс Жахабадан жанын алышын өтүнгөн. Жахаба пайгамбарынын сезимдерин түшүнүп, аны бекемдеш үчүн периштесин жөнөткөн. Андан сырткары, аны жалгыз эмес экенине ынандырган. Ошондой күч-кубат берерлик сөздөрдү угуп, керектүү жардам алуунун аркасында Илияс пайгамбар кызматын уланта алган (1 Пад. 19:1—18). Кудайдын кызматчыларынын ичинен ким аныкындай боорукердикти эң сонун чагылдырган?

ИСА АБДАН БООРУКЕР БОЛГОН

Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса боорукердиги, башкаларды түшүнө билгендиги менен белгилүү болгон. Ал эч качан катаал же өктөм болгон эмес. Тескерисинче: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген (Мт. 11:28—30). Анын абдан боорукер экенин түшүнгөн эл, ал каякка барса, ошол жакка барып, артынан ээрчип жүрө берген. «Боору ооругандыктан» Иса аларды тойгузган, ар кандай оору-дарттарын айыктырган жана Атасы жөнүндө «көп нерсеге окуткан» (Мр. 6:34; Мт. 14:14; 15:32—38).

Исанын канчалык боорукер экени анын башкаларга кыраакылык, түшүнүү менен мамиле кылганынан көрүнгөн. Өзүнө ыңгайсыз болгон учурларда да ал аны чын дилден издеп келгендерди «жылуу тосуп алган» (Лк. 9:10, 11). Алсак, Мыйзам боюнча таза эмес деп эсептелген аял кан агуусунан айыгыш үчүн анын кийимине колун тийгизгенде, Иса аны айыптаган эмес (Леб. 15:25—28). Анын 12 жылдан бери кыйналып жүргөнүн билгендиктен жана колун тийгизгени үчүн коркуп жатканын көргөндүктөн Иса ага боору ачып: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— деген (Мр. 5:25—34). Ооба, Иса кандай гана боорукер болгон!

БООРУКЕРДИК ЖАКШЫ ИШТЕРДЕН КӨРҮНӨТ

Жогорудагы окуялар көрсөтүп тургандай, чындап боорукер экенибиз иштерибизден айкын болот. Иса муну баса белгилеш үчүн самариялык киши жөнүндө аңгеме айтып берген. Самариялыктар менен жүйүттөр бири-бирин жек көрүшсө да, аңгемедеги самариялык кишинин каракчылар тоноп, сабап, чала жан кылып таштап кеткен жүйүткө боору ооруган. Боорукердиги иш-аракет кылууга түрткү берген. Ошондуктан ал тиги кишинин жарааттарын таңып, аны мейманканага алып барган. Анан мейманкананын ээсине акча төлөп, ага кам көрүп турушун суранган. Атүгүл кошумча чыгымын да төлөп берерин айткан (Лк. 10:29—37).

Боорукердик көбүнчө иштер менен коштолсо да, ал жакшы ойлонуштурулган, дем-күч берерлик сөздөрдөн да көрүнөт. Ыйык Китепте: «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт»,— деп жазылган (Накыл 12:25). Боорукер болуп, жакшылык кылууга умтулсак, башкалардын көңүлүн көтөрө турган сөздөрдү айтабыз *. Мындан аларга кам көрүп жатканыбыз байкалат. Бул аларга жашоосунда туш болуп жаткан кыйынчылыктары менен күрөшүүгө күч берет (Накыл 16:24).

КАНТИП ӨРЧҮТӨ АЛАБЫЗ?

Кудай адамдарды «өзүнө окшош кылып жараткандыктан», боорукердик сапатын баары өрчүтө алат (Башт. 1:27). Мисалы, элчи Пабылды Римге алып барууга жооптуу болгон Улий ага «боорукердик менен мамиле кылган» жана Сидон шаарында «досторуна барып, жардам алышына уруксат берген» (Элч. 27:3). Бир нече күндөн кийин алар бараткан кеме кыйроого учураган. Ошондо Мальта аралынын тургундары Пабыл менен жанындагы башка кишилерге «өзгөчө боорукердик көрсөтүшкөн». Атүгүл алар жылынып алышы үчүн, от жагып беришкен (Элч. 28:1, 2). Албетте, алардын кылгандары мактоого татырлык. Бирок боорукердик анда-санда эле жакшы иш кылып коюуну билдирбейт.

Кудайга толугу менен жагыш үчүн дайыма боорукер болуп, аны иштерибиз менен көрсөтө беришибиз керек. Ушул себептен Жахаба бизди боорукердикти «кийүүгө» үндөйт (Кол. 3:12). Анткен менен Кудайга жаккан ал сапатты чагылдыруу дайыма эле оңойго турбайт. Эмне үчүн? Буга уялчаактыгыбыз, өзүбүздү ишенимсиз сезгенибиз, башкалардын каршылыгы же жүрөгүбүздөн толугу менен кете элек өзүмчүлдүк себеп болушу мүмкүн. Бирок ыйык рухтун жардамы менен, ошондой эле Жахабадай боорукер болууга умтулуу менен мындай кыйынчылыктарды жеңе алабыз (1 Кор. 2:12).

Боорукердик көрсөтүү жагынан дагы кантип жакшырсак болот? Ан үчүн: «Башкаларды кунт коюп угуп, сезимдерин түшүнгөнгө аракет кыламбы? Алардын эмнеге муктаж болуп жатканын байкаймбы? Үйдөгүлөрүмдөн же жакын досторумдан башка адамдарга акыркы жолу качан боорукердик көрсөттүм?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Андан соң айланабыздагыларды, өзгөчө, жыйналыштагы ишенимдештерибизди жакшыраак билүүгө максат койсок болот. Мунун аркасында алардын жагдайын, эмнеге муктаж болуп жатканын биле алабыз. Ошондой эле өзүбүздү башкалардын ордуна коюп, эмне кылганда аларга жагымдуу болорун ойлонуп көрүшүбүз жана ошого ылайык иш кылышыбыз зарыл (Мт. 7:12). Андан сырткары, Жахабага кайрылып, бул баалуу сапатты өрчүтүүгө жардам сурасак, ал бизге батасын берери шексиз (Лк. 11:13).

БАШКАЛАРГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Элчи Пабыл өзүн Кудайдын кызматчысы катары айырмалап турган нерселер жөнүндө сөз кылганда «боорукердикти» да санап өткөн (2 Кор. 6:3—6). Ал башкаларга жылуу-жумшак сүйлөп, жакшылык кылып, чын дилден көңүл бургандыктан, көптөр ага тартылып турган (Элч. 28:30, 31). Ошо сыңары, биз да жакшылык кыла берсек, айрымдар чындыкка тартылышы мүмкүн. Эгер баарына, анын ичинде бизге каршы болгондорго да боорукердик менен мамиле кылсак, алардын жүрөгү жылып, мурункудай каршылык көрсөтпөй калышы ыктымал (Рим. 12:20). Атүгүл Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин айтышы мүмкүн.

Жер бети бейишке айланганда, өлүм уйкусунан ойгонгон көп сандаган адамдар чыныгы боорукердик деген эмне экенин сезип, зор кубаныч алышат. Балким, кээ бирлери муну өмүрүндө биринчи жолу татып көрүшү мүмкүн. Жүрөгү ыраазычылыкка толгондуктан алар да башкаларга ошондой мамиле кылууга түрткү алышат. Ал эми башкаларга боорукердик көрсөтүүнү, жардам берүүнү каалабагандарга Бейиште орун болбойт. Кудайдын ырайымына ээ болуп, түбөлүк өмүр сыйлыгын алгандар болсо бири-бирине мээримдүүлүк, боорукердик менен мамиле кылышат (Заб. 37:9—11). Ошондо кандай гана коопсуз, бейпил жашоо болот! Бирок ал кереметтүү убак келгиче, канткенде боорукер болуудан азыртадан эле пайда ала алабыз?

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?

«Мээримдүү адам өз жанына жакшылык кылат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл 11:17). Адамдар боорукер кишиге тартылып турат жана ага да боорукердик менен мамиле кылышат. Иса Машаяк: «Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет»,— деп айткан (Лк. 6:38). Ошондуктан боорукер кишиге жакшы досторду табуу жана достугун бек сактоо көп деле кыйынга турбайт.

Элчи Пабыл Эфестеги ишенимдештерин: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп үндөгөн (Эф. 4:32). Эгер баары бири-бирине жардам берүүгө дилгир, боорукер, кайрымдуу болсо, жыйналыш бекем, ынтымактуу болот. Андай бир туугандар эч качан жүрөк ооруткан сөздөрдү айтпайт, сындабайт, какшыктабайт же ушак таратпайт. Анын ордуна, ишенимдештерин бекемдей турган сөздөрдү айтууга умтулушат (Накыл 12:18). Натыйжада жыйналыш рухий жактан гүлдөп-өсөт.

Ооба, боорукердик — сөз менен да, иш менен да көрсөтүлүүчү сапат. Боорукер болсок, мээримдүү, берешен Жахаба Кудайыбызды туураган болобуз (Эф. 5:1). Мунун аркасында жыйналыштын бекем болушуна салым кошуп, башкалардын чындыкка тартылышына көмөк кыла алабыз. Анда эмесе, мындан ары да боорукердигибиз башкаларга айкын боло берсин!

^ 13-абз. Жакшылык жөнүндө ыйык рухтун жемишине кирген сапаттар талкууланып турган бул рубриканын кийинки макалаларынын биринде сөз кылабыз.