Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага кандай белек бере алабыз?

Жахабага кандай белек бере алабыз?

БИР жолу Иса Машаяк: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элч. 20:35). Бул сөздөрдүн Жахаба менен болгон мамилебизге да тиешеси бар. Кандайча? Жахаба бизге бактылуу болушубузга өбөлгө түзгөн көп нерселерди берген. Бирок ага белек берсек, мындан да бактылуу болобуз. Анда Жахабага кандай белек бере алабыз? Накыл сөздөр 3:9да: «Жахабага баалуу нерселериң менен... урмат көрсөт»,— деп жазылган. «Баалуу нерселерибизге» убактыбыз, шык-жөндөмүбүз, күчүбүз, каражатыбыз кирет. Аларды таза сыйынууга байланышкан иштерге колдонсок, Жахабага белек берген болобуз. Бул болсо зор кубаныч тартуулайт.

Жахабага материалдык нерселерибизди да тартуу кыла аларыбызды унутпашыбыз керек. Ан үчүн элчи Пабылдын кеңешине ылайык иш кылганыбыз маанилүү. Ал Корунттагы ишенимдештерин тартууга бере турган акчасын «бөлүп коюп жүрүүгө» үндөгөн (1 Кор. 16:2). Жашаган жериңерде тартуу кылуунун кандай жолдору бар экенин билиш үчүн төмөндөгү кутучаны карагыла.

Онлайн тартуу кылуу кээ бир өлкөлөрдө мүмкүн эмес. Бирок тартуулар жөнүндөгү веб-баракта тартуу кылуунун башка жолдору тууралуу айтылат. Айрым өлкөлөрдө ал барактагы документте тартуу кылууга байланыштуу көптөр берген суроолордун жообу камтылат.