Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүп жатасыңбы?

Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүп жатасыңбы?

«Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (РИМ. 12:2).

ЫРЛАР: 56, 123

1, 2. Рухий жактан өскөн сайын эмне кылууга үйрөнөбүз? Мисал келтир.

КИЧИНЕКЕЙ балага бирөө белек берет. Ата-энеси ага: «Рахмат айтпайсыңбы»,— дейт. Баласы рахмат айтат. Бирок ал чын жүрөктөн эмес, ата-энеси үйрөткөндүктөн гана ошентет. Ал эми чоңойгон сайын ал ата-энесинин ыраазычылык билдирүүнү эмне үчүн маанилүү деп эсептээрин көбүрөөк түшүнүп, жакшылыкты баалай баштайт. Ыраазы боло билүүгө үйрөнгөндүктөн эми ал башкаларга өзү эле чын дилден рахмат айтат.

2 Ошо сыяктуу эле биз чындыкты жаңыдан таанып-биле баштаганда Жахабанын негизги талаптарына баш ийүү маанилүү экенин билгенбиз. Бирок рухий жактан өскөн сайын анын ой жүгүртүүсүн: ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын жана ар кайсы маселеге карата болгон көз карашын тереңирээк түшүнө баштаганбыз. Жахабанын ой жүгүртүүсүн жакшы түшүнсөк жана кайсы бир ишти кылганда, чечим чыгарганда анын көз карашына жетектелсек, ага окшоп ой жүгүртүүгө үйрөнгөн болобуз.

3. Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүү эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?

3 Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүү кубаныч тартууласа да, бул дайыма эле оңой боло бербейт. Кээде буга жеткилеңсиздигибиз тоскоолдук кылат. Мисалы, Жахабанын адеп-ахлактык тазалыкка, дүнүйөкордукка, кабар айтуу ишине, кан куйдурууга же дагы башка нерселерге болгон көз карашын түшүнүү кээ бирлерибиз үчүн кыйын болушу мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот? Кудайдай ой жүгүртүүгө дагы жакшыраак үйрөнүүгө эмне жардам берет? Ага окшоп ой жүгүрткөнүбүз азыркы жана келечектеги иш-аракеттерибизге кандай таасир этет?

КАНТКЕНДЕ КУДАЙДАЙ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?

4. Канткенде Пабылдын: «Акылыңарды жаңырткыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылабыз?

4 Оку: Римдиктер 12:2. Бул аятта элчи Пабыл Жахабадай ой жүгүртүү өз ичине эмнени камтый турганын айткан. Мурунку макалада «бул дүйнө түзүлүшүнүн» бизди «калыпташына жол бербеш» үчүн дүйнөнүн көз карашын, ой толгоолорун четке кагышыбыз керектиги түшүндүрүлгөн. Бирок Пабыл акылыбызды жаңыртышыбыз керектигин да баса белгилеген. Ан үчүн Ыйык Китепти жөн эле изилдеп койбой, Кудайдын ойлорун түшүнүүгө, алар тууралуу ой жүгүртүүгө жана ойлорубузду аныкына ылайык келтирүүгө аракет кылышыбыз зарыл.

5. Үстүртөн окуу менен изилдөөнүн кандай айырмасы бар?

5 Изилдөө деген үстүртөн эле окуп, берилген суроолордун жообун чийип коюуну билдирбейт. Кайсы бир маалыматты изилдегенде биз андан Жахабанын өзү, жолдору, ойлору жөнүндө эмнени билсек болоруна көңүл бурабыз. Кудайдын эмне үчүн кайсы бир нерсени кылууну талап кыларын, ал эми башкасына тыюу саларын түшүнгөнгө аракет кылабыз. Ошондой эле жашообузда, ой жүгүртүүбүздө кандай өзгөрүүлөрдү кылышыбыз керектигин ойлонобуз. Ар бир изилдөө жүргүзгөн сайын ушунун баары тууралуу ойлонбосок да, балким, изилдөөгө арнаган убактыбыздын жарымын окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө бөлсөк, көп пайда алабыз (Заб. 119:97; 1 Тим. 4:15).

6. Жахабанын ойлору тууралуу дайыма ой жүгүртсөк, натыйжасы кандай болот?

6 Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендерибиз тууралуу дайыма ой жүгүртсөк, натыйжасы биз күткөндөн да ашып түшөт. Башкача айтканда, Жахабанын ой жүгүртүүсү жеткилең экенине көзүбүз жетет. Андан сырткары, бардык нерсеге ал карагандай карай баштайбыз жана анын көз карашынын туура экенине толук ынанабыз. Акылыбызды жаңыртып, жаңыча ой жүгүртө баштайбыз. Ошентип, Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнө беребиз.

ОЙЛОРУБУЗ ИШ-АРАКЕТИБИЗГЕ ТААСИР ЭТЕТ

7, 8. а) Жахаба материалдык нерселерге кандай карайт? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.) б) Аныкындай көз карашта болсок, дайыма эмнени биринчи орунга коёбуз?

7 Ойлорубуз акылыбыз менен гана байланышта деп ойлобошубуз керек. Ой жүгүртүүбүз иш-аракетибизге да таасир этет (Мр. 7:21—23; Жкп. 2:17). Муну түшүнүү үчүн бир нече мисалга токтололу. Алсак, Исанын төрөлгөнү жөнүндөгү билдирүүлөрдө Жахабанын материалдык нерселерге кандай караары айкын чагылдырылган. Ал өзүнүн Уулун чоңойтуп-өстүрүүгө жупуну жашаган жубайларды тандаган (Леб. 12:8; Лк. 2:24). Иса төрөлгөндө, Мариям аны «акырга жаткырган», «анткени конок үйүндө орун жок» болчу (Лк. 2:7). Эгер кааласа, Жахаба Уулунун жакшыраак жерде төрөлүшүнө кам көрө алмак. Бирок ал үчүн Исанын рухийликти баалаган үй-бүлөдө өсүп-чоңоюшу маанилүү болгон.

8 Ыйык Китептеги бул билдирүүдөн Жахабанын дүнүйө-мүлккө кандай караарын көрүүгө болот. Айрым ата-энелер балдарын, атүгүл алардын рухийлигине доо кетерин билсе да, өздөрүн материалдык жактан жакшы камсыз кылууга үндөшөт. Ал эми Жахаба рухий иштерди маанилүү деп эсептейт. Сен да аныкындай көз караштасыңбы? Муну иштериң менен көрсөтүп жатасыңбы? (Оку: Еврейлер 13:5.)

9, 10. Башкаларды мүдүрүлтпөөгө карата Жахабаныкындай көз карашта экенибиз эмнеден көрүнөт?

9 Токтоло турган дагы бир нерсе — Кудайдын башкаларды мүдүрүлткөндөргө карата болгон көз карашы. Иса Машаяк: «Ким мага ишенген ушул кичинелердин бирин мүдүрүлтсө, анын мойнуна эшек айланткан тегирмен ташын байлап, деңизге ыргытып жиберишсе жакшы болмок»,— деген (Мр. 9:42). Кандай гана олуттуу эскертүү! Иса Атасынын касиет-сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Демек, Жахаба да, эгер кимдир бирөө ишенимдешин туура эмес иши менен мүдүрүлтсө, анын кылганына көз жумуп койбойт (Жкн. 14:9).

10 Биз да буга Жахаба менен Иса карагандай карайбызбы? Муну иш жүзүндө көрсөтүп жатабызбы? Маселен, бизге кийимдин же сырткы көрүнүштүн кайсы бир стили жагып калды дейли. Бирок ал кээ бир ишенимдештерибизди оңтойсуз абалга калтырышы же айрымдардын туура эмес каалоолорун ойготушу мүмкүн экенин билсек, эмне кылабыз? Ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздөн улам өзүбүзгө жаккан стилден баш тартабызбы? (1 Тим. 2:9, 10).

11, 12. Ыймансыздыкка карата Жахабаныкындай көз караш өрчүтүү жана өзүн өзү кармай билүү сапаты ыпылас иштерден кандайча коргойт?

11 Көңүл бура турган үчүнчү нерсе — Жахабанын ыймансыздыкты жек көрөрү (Ыш. 61:8). Ал тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен улам кээде бизде туура эмес каалоолор болорун билсе да, бизди ага окшоп ыймансыздыкты жек көрүүгө үндөйт. (Оку: Забур 97:10.) Жахабанын жамандыкты эмне үчүн жек көрөрү жөнүндө ой жүгүртүү аныкындай көз караш өрчүтүп, ага жакпаган иштерден жаа бою качууга жардам берет.

12 Ыймансыздыкка Жахаба карагандай кароого үйрөнсөк, Ыйык Китепте айкын-так айтылбаган туура эмес иштерди да айырмалай билебиз. Алсак, бул дүйнөдө уятсыз жүрүм-турумдун бир түрү — кимдир бирөөнүн тизесине отуруп алып бийлөө — кеңири жайылууда. Кээ бирлер: «Жыныстык мамиледе болбогондуктан, мунун жаман деле жери жок»,— деши мүмкүн *. Бирок андай бийди бийлөө жамандыктын бардык түрүн жек көргөн Кудайдын көз карашына туура келеби? Келгиле, өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүтүп, Жахаба жек көргөн нерсенин баарын жек көрүп, ыймансыздыкты толугу менен четке кагалы (Рим. 12:9).

АЛДЫН АЛА ОЙЛОНУП, ЧЕЧИП АЛ

13. Жахабанын көз карашы жөнүндө азыртадан ой жүгүрткөнүбүз келечектеги чечимдерибизге кандай таасир этет?

13 Ыйык Китепти изилдеп жатканда Жахабанын көз карашы келечекте кабылышыбыз мүмкүн болгон жагдайларда кандайча жардам берери жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз да жакшы. Ошентсек, кийин шашылыш учурларда туура чечим чыгаруу оңоюраак болот (Накыл 22:3). Буга байланыштуу Ыйык Китептен бир нече мисал карап көрөлү.

14. Жусуптун Потипардын аялынын азгырыгын четке какканынан эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Жусуп Потипардын аялынын азгырыгын буйдалбастан четке каккан. Мындан анын жубайлардын бири-бирине берилгендик сакташына Жахабанын кандай караары жөнүндө ой жүгүрткөнү көрүнүп турат. (Оку: Башталыш 39:8, 9.) Ошондой эле ал Потипардын аялына: «Кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген. Бул анын Жахабаныкындай көз караш өрчүткөнүн айгинелеп турат. Биз тууралуу эмне айтууга болот? Мисалы, чогуу иштеген бирөө бизге тийишип, көңүл бура баштады дейли. Же болбосо чөнтөк телефонубузга жыныстык адеп-ахлаксыздык чагылдырылган сүрөт же билдирүү келди дейли *. Эгер андай нерселерге Жахабанын кандай караары жөнүндө ой жүгүртүп, аныкындай көз караш өрчүткөн болсок жана эмне кылууну алдын ала чечип алсак, азгырыкты дароо четке кагуу оңоюраак болот.

15. Жахабага болгон берилгендигибиз сыналганда, үч еврей жигиттей иш кылууга эмне жардам берет?

15 Шадрах, Мешах, Абетнего деген үч еврей жигит да бизге жакшы үлгү калтырган. Алар Небухаданасар падыша орноткон алтын айкелге табынуудан баш тартышкан. Мындан жана падышага чечкиндүү жооп беришкенинен алардын Жахабага ишенимдүү бойдон калуу деген эмнени билдирери жөнүндө терең ой жүгүртүшкөнү көрүнүп турат (Чыг. 20:4, 5; Дан. 3:4—6, 12, 16—18). Жумуш берүүчүң сага жалган динге байланышы бар кайсы бир майрамга акча кош деп айтса, эмне кыласың? Андай жагдай пайда болгуча күтүп жүрө бербей, Жахабанын ага кандай караары жөнүндө азыртадан ой жүгүрткөнүң маанилүү. Мунун аркасында кийин ошондой жагдайга кабылганда, үч еврей жигитке окшоп туура иш кылып, туура жооп берүү оңой болот.

Изилдөө жүргүзүп, медициналык документиңди толтуруп, доктуруң менен сүйлөшүп койдуңбу? (16-абзацты кара)

16. Жахабанын ой жүгүртүүсүн айкын түшүнгөнүбүз күтүүсүздөн медициналык жардамга муктаж болгонубузда кандайча көмөк кылат?

16 Жахабанын көз карашы тууралуу алдын ала ой жүгүрткөнүбүз күтүүсүздөн медициналык жардамга муктаж болгонубузда да ага болгон берилгендигибизден жазбаганга жардам берет. Албетте, биз накта канды жана анын курамындагы негизги төрт затты куйдурбоого чечкиндүүбүз. Бирок кандын курамдык бөлүктөрүн камтыган кээ бир процедураларга макул болууну же болбоону Жахабанын Ыйык Китептеги принциптерде чагылдырылган көз карашын эске алып, ар ким өзү чечиши керек болот (Элч. 15:28, 29). Андай олуттуу маселе тууралуу ооруканада жатканда ойлонгонубуз акылдуулукка жатпай калат. Себеби жаның кыйналып турганда же башкалар шаштырып, кысым көрсөтүп жатканда, туура эмес чечим чыгарып алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ал тууралуу азыр изилдөө жүргүзүп, медициналык документибизди тийиштүү түрдө толтуруп, доктурубуз менен сүйлөшүп койгонубуз жакшы *.

17—19. Жахабанын көз карашы тууралуу азыртадан ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү? Мисал келтир.

17 Эми Иса Машаяктын үлгүсүнө токтололу. Петир: «Мырзам, өзүңдү ая»,— дегенде, Иса анын сунушун дароо четке каккан. Ал биринчи кезекте Жахабанын ага карата болгон эрки жана өзүнүн жердеги жашоосуна, өлүмүнө байланышкан пайгамбарлыктар тууралуу ой жүгүрткөн. Бул ага аягына чейин жан аябас болууга, Жахабага ишенимдүү бойдон калууга күч берген. (Оку: Матай 16:21—23.)

18 Бүгүнкү күндө Кудайдын өзүнүн элине карата кандай эрки бар? Ал биздин аны менен дос болуп, жакшы кабар таратуу ишине мүмкүн болушунча жигердүү катышышыбызды каалайт (Мт. 6:33; 28:19, 20; Жкп. 4:8). Петир Исаны өзүн аёого чакыргандай эле, кээ бирлер жакшы эле ой менен бизге ал иштен алаксыта турган сунуштарды айтышы ыктымал. Айталы, жумуш берүүчүң маянасы көбүрөөк жумушту сунуш кылышы мүмкүн. Бирок ал жумуш рухий иштерге катышууга тоскоолдук кылсачы? Же мектепте окусаң, мугалимдериң кошумча билим алууну сунушташы ыктымал. Эгер ан үчүн башка жакка көчүп барышың керек болсочу? Андайда кандай чечим чыгарганың туура болорун алдын ала ойлонуштуруп койдуңбу? Ошондой жагдайлар пайда болгондон кийин гана тиленип, изилдөө жүргүзүп, үйүңдөгүлөр же аксакалдар менен кеңешкендин ордуна, азыртадан Жахабаныкындай көз караш өрчүткөнүң маанилүү. Мунун аркасында кийин ошо сыяктуу азгырыкка кабылганда оңой эле туруштук бере аласың. Рухий максаттарыңды жакшы билгендиктен жана эмне кылууну жүрөгүңдө чечип алгандыктан, чечимиңе ылайык иш кылуу кыйынга турбайт.

19 Балким, сен күтүүсүздөн пайда боло турган дагы башка жагдайлар жөнүндө да ойлонгондурсуң. Албетте, алардын ар бирине алдын ала даярдануу мүмкүн эмес. Анткен менен өздүк изилдөө учурунда Жахабанын ойлору, көз карашы тууралуу ой жүгүртүүгө дайыма убакыт бөлсөк, кайсы бир жагдайга кабылганда, окуп-билгендерибизди эстеп, иш жүзүндө колдоно алабыз. Анда эмесе, Жахабанын кайсы нерсеге кандай караарын баамдай билип, аныкындай көз караш өрчүтүүгө, ошондой эле бул азыркы жана келечектеги чечимдерибизге кандай таасир этери жөнүндө ой жүгүртүүгө умтула берели.

ЖАХАБАДАЙ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПАЙДАСЫ

20, 21. а) Жаңы заманда кандай эркиндикке ээ болобуз? б) Канткенде азыртадан эле келечектеги кубанычтын даамын тата алабыз?

20 Баарыбыз жаңы заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Көбүбүз жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүнү эңсеп келебиз. Кудайдын Падышалыгынын башкаруусунун убагында адамзат азыркы азап-кайгынын баарынан арылып, эркиндикке чыгат. Ошондой эле ал убакта да ар бирибиз чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонуп, өзүбүзгө жаккан, өзүбүз каалаган нерселерди тандай алабыз.

21 Бирок, албетте, эркиндигибиз чектелүү болот. Эмне туура, эмне туура эмес экенин чечүүдө момун адамдар Жахабанын мыйзамдарына, ой жүгүртүүсүнө жетектелет. Анын натыйжасында кубанычыбыз артып, мол тынчтыкка ырахаттанабыз (Заб. 37:11). Ал убак келгенге чейин, Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүп, азыртадан эле келечектеги кубанычтын даамын тата берели.

^ 12-абз. Бийдин мындай түрүндө адатта жарым-жартылай жылаңач болуп алган бийчи кардардын тизесине отуруп алып, адепсиз кыймыл-аракеттерди кылат. Жагдайга тиешеси бар фактылар иликтенгенден кийин, бийдин учурунда кылынган иш-аракеттер жыныстык адеп-ахлаксыздык деп эсептелиши жана укуктук комитет түзүү талап кылынышы мүмкүн. Андай бийге катышкан Кудайдын кызматчысы аксакалдардан жардам издеши керек (Жкп. 5:14, 15).

^ 14-абз. Кимдир бирөөгө чөнтөк телефон аркылуу жыныстык мамилеге байланыштуу сөздөрдү, сүрөттөрдү же видеолорду жөнөтүү «секстинг» деп аталат. Жагдайга жараша, андай иш кылган бир тууганга укуктук комитет түзүлүшү мүмкүн. Айрым учурларда секстингге жаткан иштерди кылган өспүрүмдөр да жыныстык кылмыш кылган кылмышкер катары жоопко тартылат. Секстинг тууралуу көбүрөөк билүү үчүн jw.org/ky сайтына кирип, «Жаштардын суроолору. Секстингдин эмнеси жаман?» деген макаланы окусаң болот. (Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР). Же 2013-жылы ноябрда чыккан «Ойгонгула!» журналындагы «Секстинг тууралуу балаңар менен кантип сүйлөшсөңөр болот?» деген макаланы окуп көр.

^ 16-абз. Буга байланышы бар ыйык китептик принциптер биздин адабияттарда талкууланып турат. Мисалы, аларды «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» деген китептин 246—249-беттеринен табууга болот.