Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ой жүгүртүүңдү ким калыптап жатат?

Ой жүгүртүүңдү ким калыптап жатат?

«Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле» (РИМ. 12:2).

ЫРЛАР: 88, 45

1, 2. а) Петир: «Мырзам, өзүңдү ая»,— дегенде, Иса эмне деген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Эмне үчүн Иса ошентип жооп берген?

ИСА МАШАЯКТЫН шакирттери уккан кулагына ишене албай турушат. Алар аны Ысрайыл падышалыгын калыбына келтирет деп ойлошкон. Бирок ал жаңы эле өзүнүн жакында азап чегип, өлүмгө кыйыларын айтты. Ошондо элчи Петир адатынча биринчи болуп сөз баштап: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деди. Иса ага: «Кет жанымдан, Шайтан! Сен мага тоскоол болуп жатасың, анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес, адамдыкы»,— деп катуу айтты (Мт. 16:21—23; Элч. 1:6).

2 Исанын бул сөздөрүнөн Кудайдын ойлору Шайтандын бийлиги астында жаткан дүйнөгө мүнөздүү ой жүгүртүүдөн айырмаланарын көрүүгө болот (1 Жкн. 5:19). Петир Мырзасын өзүн аёого үндөп, бул дүйнөдө кеңири тараган көз карашты чагылдырган. Бирок Иса Атасынын ою такыр башкача экенин, анын азап тартууга, өлүмгө даяр болушун каалаарын билген. Ошондуктан ал Петирге дүйнөдөгү адамдардай эмес, Жахабадай ой жүгүртөрүн айкын кылган.

3. Дүйнөдөгү адамдардай эмес, Жахабадай ой жүгүртүү эмне себептен кыйынга турат?

3 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Биздин ойлорубуз Кудайдыкына шайкеш келеби же бул дүйнөнүкүнөбү? Кудайдын кызматчылары катары жүрүм-турумубузду анын талаптарына ылайык келгидей кылып өзгөрткөнүбүз шексиз. Ой жүгүртүүбүздүчү? Жахабадай ой жүгүртүп, аныкындай көз карашта болууга умтулуп жатабызбы? Бул максаттуу түрдө күч-аракет жумшоону талап кылат. Ал эми дүйнөнүкүндөй ой жүгүртө баштоо оңой эле. Анткени дүйнөнүн руху бардык жакка тараган (Эф. 2:2). Андан тышкары, көптөр керт башынын кызыкчылыгын көздөөгө басым жасагандыктан, алардын таасирине каршы туруу оңой болбошу мүмкүн. Ооба, дүйнөдөгү адамдардай ой жүгүртүп калуу бат эле, ал эми Жахабаныкындай ой жүгүртүүнү өрчүтүү үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл.

4. а) Бул дүйнөгө ой жүгүртүүбүздү калыптоого жол берип койсок, натыйжасы кандай болот? б) Бул макалада эмнелер талкууланат?

4 Эгер бул дүйнөгө ой жүгүртүүбүздү калыптоого жол берип койсок, өзүмчүл болуп, адеп-ахлак нормаларын баркка албай калабыз (Мр. 7:21, 22). Ошол себептен адамдардыкындай эмес, Кудайдыкындай ой жүгүртүүнү өрчүткөнүбүз маанилүү. Бул жагынан бизге ушул макалада айтылгандар жардам берет. Макалада Жахабадай ой жүгүртүү эмне үчүн бизди чектебей турганы, тескерисинче, пайда алып келери жөнүндө сөз жүрөт. Ошондой эле бул дүйнөнүн бизди калыпташына каршы туруш үчүн эмне кылсак болору талкууланат. Кийинки макаладан болсо жашообуздун ар кайсы тармагында Жахабанын көз карашын чагылдырууга жана аныкындай ой жүгүртүүгө үйрөнүүгө эмне жардам берерин билебиз.

ЖАХАБАДАЙ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ

5. Эмне үчүн айрымдар эч кимдин аларга таасир этишин каалабайт?

5 Кээ бирөөлөр эч кимдин аларга таасир этишин каалабайт. Алар өзү кандай кааласа, ошондой ой жүгүртүүнү туура көрүшөт. Андай адамдар: «Кантип ой жүгүртүштү өзүм билем»,— дешет. Муну менен алар, мындайча айтканда, эмнени кандай кылышты өзүм чечем, буга укугум бар дегендей эле болушат. Алар эч кимдин аларды көзөмөлдөбөй, өзүнө жаккандай жашап, өзүнө жаккандай жүрүүнү каалашат *.

6. а) Жахаба бизге кандай эркиндик берген? б) Ал эркиндигибиз чексизби?

6 Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнүү деген жеке ой-пикирибиз болбошу керек же өз алдыбызча ой жүгүртүүдөн таптакыр качышыбыз керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, 2 Корунттуктар 3:17де айтылгандай, «Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар». Ал биздин өзүбүз каалагандай инсан болушубузга тыюу салган эмес. Маселен, ар бирибиздин өзүбүзгө жаккан же кызыккан нерселерибиз бар. Жахаба бизди ошондой кылып жараткан. Бирок эркиндигибиз чексиз эмес. (Оку: 1 Петир 2:16.) Жахаба биздин эмне туура, эмне туура эмес экенин чечүүдө анын Сөзү аркылуу ачып берген көз карашына карманышыбызды каалайт. Бул эркиндигибизди өтө эле чектеп коёбу же бизге пайда алып келеби?

7, 8. Жахабадай ой жүгүртүү эркиндигибизди өтө эле чектейби? Мисал келтир.

7 Бир мисалга токтололу. Ата-эне балдарына жакшы тарбия берүүгө умтулат. Айталы, аларды чынчыл, эмгекчил болууга, башкалардын сезимин эске ала билүүгө үйрөтүшү мүмкүн. Бул балдардын эркиндигин чектейби? Албетте, жок. Мындай тарбиянын аркасында ата-эне балдарынын жакшы адам болуп чоңоюп, бактылуу болушуна шарт түзөт. Бойго жетип, өзүнчө түтүн булатып кеткенден кийин балдары өз алдынча чечим чыгарышат. Эгер алар ата-энесинин үйрөткөнү боюнча иш кылууну тандаса, акылдуулук менен чечим чыгара алышат. Натыйжада көптөгөн кыйынчылыктардан, тынчсыздануулардан алыс болушат.

8 Жакшы атадай болуп, Жахаба Кудай да балдарынын маңыздуу, бактылуу өмүр сүрүшүн каалайт (Ыш. 48:17, 18). Ошол себептен жүрүм-турумга, башкалар менен болгон мамилеге байланыштуу негизги принциптерди бекиткен. Ушул сыяктуу маселелерде Жахаба бизди ага окшоп ой жүгүртүүгө, анын норма-принциптерине карманууга чакырат. Бул биздин эркиндигибизди кымындай да чектебейт, кайра ой жүгүртүү жөндөмүбүздү өрчүтөт, жакшыртат жана көз карашыбызды кеңейтет (Заб. 92:5; Накыл 2:1—5; Ыш. 55:9). Ошондой эле бактылуу болууга өбөлгө түзгөн чечимдерди чыгарууга жардам берет, ошол эле учурда инсандык өзгөчөлүктөрүбүздү өрчүткөнгө бөгөт койбойт (Заб. 1:2, 3). Ырас, Жахабадай ой жүгүртүү ары пайдалуу, ары жагымдуу!

ЖАХАБАНЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮ БУЛ ДҮЙНӨНҮКҮНӨН АЛДА КАНЧА ЖОГОРУ

9, 10. Жахабанын ой жүгүртүүсү дүйнөнүкүнөн жогору экени эмнеден көрүнүүдө?

9 Ой жүгүртүүбүздү Кудайдыкына дал келтирүүгө умтулганыбыздын дагы бир себеби бар: Кудайдын ойлору бул дүйнөнүкүнөн алда канча жогору турат. Бул дүйнөдөгү адистер адеп-ахлактуулукка, үй-бүлө түйүнүнө, жумушка жана жашоонун башка тармактарына байланыштуу ар кандай кеңештерди берип келет. Ал кеңештердин көбү Жахабанын ойлоруна төп келбейт. Алсак, бул дүйнө адамдарды жеке кызыкчылыгын гана көздөөгө, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка көз жумду мамиле кылууга үндөйт. Ал эми үй-бүлөдө анча-мынча эле көйгөй болгондо, көптөр жубайларга бактылуу болуу үчүн эки бөлөк жашаганы же ажырашып кеткени туура болорун айтышат. Мындай кеңештер Ыйык Китепте жазылгандарга таптакыр карама-каршы келет. Бирок кээ бирөөлөргө алардын айрымдары азыркы учурга көбүрөөк ылайыктуудай көрүнүп жатсачы?

10 Иса Машаяк: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деп айткан (Мт. 11:19). Бүгүнкү күндө техника укмуштуудай өнүксө да, адам баласынын бактысына жолтоо болгон согуш, улутчулдук, кылмыштуулук сыяктуу тоодой кыйынчылыктар дагы деле жоюлбай келет. Адеп-ахлак нормаларын баркка албоо жөнүндө эмне десе болот? Көптөр мунун айынан үй-бүлө түйүнү бекемделбей эле, тескерисинче, ажырашуулардын, ар кандай оорулардын жана башка көйгөйлөрдүн өсүп жатканын белгилешет. Ал эми Кудайдын кызматчыларынын адеп-ахлактыкка карата аныкындай көз карашта болгону ден соолугуна, үй-бүлөсүндөгүлөр жана дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери менен болгон мамилесине жакшы таасир этүүдө (Ыш. 2:4; Элч. 10:34, 35; 1 Кор. 6:9—11). Мунун баары Жахабанын ой жүгүртүүсү дүйнөнүкүнөн алда канча жогору экенин далилдеп жаткан жокпу?

11. Муса кимдин ой жүгүртүүсүнө ылайык иш кылган жана анын натыйжасы кандай болгон?

11 Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары да анын ой жүгүртүүсү дүйнөнүкүнөн жогору турарын жакшы билишкен. Алсак, Муса пайгамбар «мисирликтердин бүт акылмандыгына үйрөтүлсө» да, «акылдуу жүрөккө ээ болуш» үчүн Жахабага кайрылган (Элч. 7:22; Заб. 90:12). Ошондой эле андан: «Мага өз жолдоруңду ачып берчи»,— деп суранган (Чыг. 33:13). Муса Жахабанын ой жүгүртүүсүнө ылайык иш кылгандыктан анын ой-ниетинин ишке ашышына чоң салым кошо алган жана Ыйык Китепке ишеними күчтүү инсан катары жазылып калган (Евр. 11:24—27).

12. Пабыл эмнеге жетектелген?

12 Элчи Пабыл акылдуу, билимдүү киши болгон. Ал, бери дегенде эле, эки тил билген (Элч. 5:34; 21:37, 39; 22:2, 3). Бирок эмне туура, эмне туура эмес экенин чечиш керек болгондо дүйнөнүн акылмандыгына эмес, Ыйык Жазмага жетектелген. (Оку: Элчилер 17:2; 1 Корунттуктар 2:6, 7, 13.) Анын аркасында Пабыл жемиштүү кызмат кылып, келечекте түбөлүктүү сыйлык аларына үмүттөнгөн (2 Тим. 4:8).

13. Ой жүгүртүүбүздү Жахабаныкына шайкеш келтирүүгө ким милдеттүү?

13 Ооба, Кудайдын ой жүгүртүүсү бул дүйнөнүкүнөн алда канча жогору турат. Жахабанын көз карашына карманып жашасак, ийгиликке жетип, бактылуу адамдардан болобуз. Бирок Жахаба бизге өзүнүн ой жүгүртүүсүн эч убакта таңуулабайт. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» да, аксакалдар да ишенимдештеринин эмне деп ой жүгүртүп жатканын текшерип, көзөмөлдөй бербейт (Мт. 24:45; 2 Кор. 1:24). Ой жүгүртүүбүздү Кудайдыкына шайкеш келтирүүгө ар бирибиз өзүбүз милдеттүүбүз. Ан үчүн эмне кылсак болот?

БУЛ ДҮЙНӨНҮН СЕНИ КАЛЫПТАШЫНА ЖОЛ БЕРБЕ

14, 15. а) Жахабаныкындай көз карашка ээ болуш үчүн эмне тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек? б) Римдиктер 12:2ге ылайык, эмне себептен бул дүйнөнүн ой толгоолорунан алыс болушубуз талап? Мисал келтир.

14 Римдиктер 12:2де: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билишиңер үчүн, акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»,— деген кеңеш берилген. Бул аяттан көрүнүп тургандай, чындыкты таанып-билгенге чейин ой жүгүртүүбүз эмненин негизинде калыптанбасын, аны мүмкүн болушунча Кудайдыкына ылайык келтирүүгө болот. Албетте, тукум кууп өткөн нерселер, башыбыздан кечирген окуялар ой жүгүртүүбүзгө кандайдыр бир деңгээлде таасир этет. Бирок адамдын мээси дайыма өзгөрүп турат. Ой жүгүртүүбүздүн кайсы жакка өзгөрөрү көп учурда акылыбызды эмнеге толтуруп, эмне тууралуу ойлонгонубуздан көз каранды. Жахабанын көз карашы жөнүндө терең ой жүгүртсөк, анын дайыма туура экенине ынанабыз. Мунун аркасында бардык нерсеге ал карагандай кароого умтула баштайбыз.

15 Бирок, эске алчу нерсе, ой жүгүртүүбүздү Жахабаныкына ылайык келтириш үчүн мындан ары аны «бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербешибиз» керек. Тактап айтканда, акылыбызды Кудайдыкына каршы келген ойлор же көз караш менен сугарганды токтотушубуз зарыл. Муну түшүнүш үчүн төмөнкү мисалга токтололу. Ден соолугун чыңдаш үчүн кимдир бирөө пайдалуу тамак-аш менен азыктана баштайт дейли. Бирок ал ошол эле учурда зыяндуу, бузулган нерселерди жей берсе, максатына жетеби? Ошол сыяктуу эле акылыбызды дүйнөнүн ой толгоолоруна толтуруп, ууландыра берсек, аны Жахабаныкына ылайык келтирүү үчүн кылган аракетибиз текке кетет.

16. Өзүбүздү эмнеден коргошубуз керек?

16 Бул дүйнөнүн ой жүгүртүүсүнөн толугу менен кача алабызбы? Жок. Бул дүйнөдө жашап жаткандыктан, кээде анын ой жүгүртүүсү менен кагылышууга туура келет (1 Кор. 5:9, 10). Мисалы, кабар айтып жүргөнүбүздө кээ бирөөлөр туура эмес ойлорду, жалган окууларды айтышат. Ыйык Китепке каршы келген андай ойлорду укпай коюу мүмкүн эмес болгондо алар тууралуу ойлоно берүүдөн же аларды кабыл алуудан сак болушубуз керек. Шайтан өз максатына жетүү үчүн колдоно турган ойлорду, Исадай болуп, дароо четке какканыбыз маанилүү. Андан сырткары, дүйнө менен зарылдыгы жок эле байланыша бербесек, өзүбүздү анын терс таасиринен коргой алабыз. (Оку: Накыл сөздөр 4:23.)

17. Дүйнөнүн таасиринен мүмкүн болушунча коргонуш үчүн эмне кылсак болот?

17 Маселен, ким менен жакын дос болушту тандай билгенибиз зарыл. Жахабага кызмат кылбагандар менен жакын мамиледе болсок, Ыйык Китепте эскертилгендей, алардын ой жүгүртүүсү бизге таасир этери турган иш (Накыл 13:20; 1 Кор. 15:12, 32, 33). Ошондой эле көңүл ачууну тандоодо да сак болушубуз керек. Акылыбыз «Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган» ой толгоолорго ууланып калбашы үчүн, эволюция теориясын жактаган, зордук-зомбулукту же адеп-ахлаксыздыкты даңазалаган көңүл ачуунун баарын четке какканыбыз кажет (2 Кор. 10:5).

Балдарыбызды зыяндуу көңүл ачууларды четке кагууга үйрөтөбүзбү? (18, 19-абзацтарды кара)

18, 19. а) Бул дүйнөнүн анча байкала бербеген жолдор менен чагылдырылган ой жүгүртүүсүнөн эмне үчүн өзгөчө сак болушубуз зарыл? б) Кандай суроолор тууралуу ой жүгүртүп көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

18 Кээде дүйнөнүн ой жүгүртүүсү көп байкала бербеген жолдор менен таасир этет. Ошондой учурда да аны баамдай билип, четке кагышыбыз керек. Айта кетсек, айрым жаңылыктар кайсы бир саясатчылардын көз карашын жактагыдай кылып даярдалышы ыктымал. Кимдир бирөөлөр жөнүндөгү кызыктуу окуялар максаттарга, жетишкендиктерге карата дүйнөнүкүндөй көз карашта болууга түрткү берип коюшу мүмкүн. Кээ бир тасмалар менен китептер «биринчи кезекте өзүм» же «баарынан мурда үй-бүлөм» деген түшүнүктү жайылтып, аны акылга сыярлыктай, жагымдуудай, атүгүл туурадай кылып көрсөтөт. Мындай көз караштар Ыйык Китепке дал келбейт. Себеби Жахаба Кудайды жашообузда биринчи орунга койгондо гана өзүбүз да, үй-бүлөбүз да чындап бактылуу болот (Мт. 22:36—39). Кичинекей балдарга арналган айрым китептер, тасмалар же мультфильмдер көпчүлүккө эч жаман жери жоктой көрүнсө да, аларда адеп-ахлаксыз иштер байкалбаган жолдор менен чагылдырылып, балдарга терс таасир этиши мүмкүн.

19 Албетте, бул таптакыр көңүл ачпаш керек дегенди билдирбейт. Анткен менен ар бирибиз мындай деп ойлонуп көргөнүбүз оң: «Ачыктан-ачык байкалбаса да, дүйнө таңуулаган ойлорду баамдай билемби? Балдарымды же өзүмдү коргош үчүн эмнени окуп, эмнени көрүп жатканыма маани беремби? Балдарыма уккан же көргөн нерсеси аркылуу дүйнөнүн ой жүгүртүүсү таасир этпеши үчүн, аларга Жахабанын көз карашын үйрөтөмбү?» Кудайдын ой жүгүртүүсү менен бул дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн так айырмалай билсек, «бул дүйнө түзүлүшүнүн» бизди «калыпташына жол бербейбиз».

СЕНИ КИМ КАЛЫПТООДО?

20. Бизди ким же эмне калыптаары эмнеден көз каранды болот?

20 Маалымат негизги эки булактан берилерин унутпа. Алардын бири — Жахаба, ал эми экинчиси — Шайтандын бийлиги астында жаткан дүйнө. Сени кайсынысы калыптап жатат? Мунун жообу маалыматты кайсы булактан алып жатканыңа жараша болот. Эгер дүйнөнүн көз карашын кабыл алсак, ошого ылайык калыптанып, ой жүгүртүүбүз, жүрүм-турумубуз дүйнөдөгү адамдардыкындай боло баштайт. Ошол себептүү көргөн, окуган, уккан нерселерибизге, эмнелер жөнүндө көп ойлонорубузга көңүл бурганыбыз маанилүү.

21. Эмки макалада кайсы маанилүү нерсе талкууланат?

21 Буга чейин айтылгандай, Жахабадай ой жүгүртүш үчүн акыл-оюбузду терс таасирлерден коргогонубуз жетишсиз. Ан үчүн Кудайдын ойлору менен дайыма азыктанып, аларды кан-жаныбызга сиңирип алышыбыз керек. Аны кантип кылса болору кийинки макалада талкууланат.

^ 5-абз. Чынында, эч кимдин оюн эске алгысы келбегендер да башкалардын таасиринен толугу менен кача албайт. Мисалы, тиричиликтин пайда болушу сыяктуу олуттуу нерселер болобу, же кийим тандоо сыяктуу жөнөкөй эле иштерби, адамдар кандайдыр бир деңгээлде кимдир бирөөнүн таасирине алдырышат. Анткен менен кимдин таасир этишине жол берүүнү өзүбүз тандай алабыз.