Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Чындыкты... сатып ал,.. кайра сатпа»

«Чындыкты... сатып ал,.. кайра сатпа»

«Чындыкты, ошондой эле акылмандыкты, акыл-насаатты жана түшүнүктү сатып ал, аларды кайра сатпа» (НАКЫЛ 23:23).

ЫРЛАР: 94, 96

1, 2. а) Биз үчүн баарынан эмне баалуу? б) Кайсы чындыктарды баалайбыз жана эмне үчүн? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

СЕН үчүн баарынан эмне баалуу? Аны анча баалуу эмес нерсеге алмаштырат белең? Жахабанын арналган кызматчыларына бул суроолорго жооп берүү кыйынга деле турбайт. Биз үчүн Жахаба менен болгон мамилебиз баарынан кымбат. Аны эч нерсеге алмаштыргыбыз келбейт. Биз асмандагы Атабыз менен ушундай ынак мамиле өрчүтүүгө өбөлгө түзгөн Ыйык Китептеги чындыкты да жогору баалайбыз (Кол. 1:9, 10).

2 Ыйык Китеп аркылуу Улуу Насаатчыбыз Жахабанын бизди кандай гана сонун нерселерге үйрөтүп жатканы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Мисалы, ал терең мааниге ээ ысымы, кереметтүү сапаттары, Машаяк башкара турган Падышалык тууралуу ачып берген. Ыйык Китептен анын адамзатка болгон сүйүүсүнөн улам Уулу Иса Машаякты кун катары бергенин, ошондой эле келечекте майлангандардын асманда, ал эми «башка койлордун» Бейишке айланган жерде жашоого үмүтү бар экенин да билдик (Жкн. 10:16). Андан тышкары, Жахаба бизге өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керектигин үйрөтүүдө. Биз бул чындыктарды абдан баалайбыз. Анткени аларды таанып-билүүнүн аркасында Жаратканыбызга жакындап, жашообуз маңызга толууда.

3. Чындыкты сатып алуу деген эмнени билдирбейт?

3 Жахаба — берешен Кудай. Ал чындыкты издегендерден жакшы нерсесин аябайт. Атүгүл сүйүктүү Уулунун өмүрүн бизге белек катары берген. Жахаба чындыктарды ачып бергени үчүн бизден акы талап кылбайт. Бир жолу Симон деген киши: «Мен колумду койгон кишилер да ыйык рух алышы үчүн, мага да ушундай бийлик бергилечи» — деп, элчи Петирге акча сунуш кылганда, ал: «Күмүшүң өзүң менен кошо жок болсун, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң»,— деп аны ашкерелеген (Элч. 8:18—20). Анда Ыйык Китептеги: «Чындыкты... сатып ал»,— деген сөздөр эмнени билдирет?

ЧЫНДЫКТЫ «САТЫП АЛУУ» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4. Бул макаладан чындык жөнүндө эмнени билебиз?

4 Оку: Накыл сөздөр 23:23. Күч жумшабай туруп Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты билүү мүмкүн эмес. Аны таанып-билиш үчүн курмандыктарга барууга даяр болушубуз керек. Накыл сөздөрдү жазган даанышман киши белгилегендей, «чындыкты... сатып алган» соң, башкача айтканда, ага ээ болгон соң, аны «кайра сатуудан» — жоготуп алуудан — сак болушубуз зарыл. Чындыкты «сатып алуу» деген эмнени билдирет? Ал канча турат? Бул суроолорго жооп табуунун аркасында чындыкты баалоого, аны эч качан кайра сатпоого ого бетер чечкиндүү болуп калабыз. Ошондой эле чындыктын эмне үчүн башка нерсенин баарынан баалуу экенин түшүнөбүз.

5, 6. а) Кандай мааниде чындыкты акы төлөбөй сатып ала алабыз? Мисал келтир. б) Чындыкты таанып-билгенибиз кандай пайда алып келет?

5 Мээнет кылбасаң, бекер нерсени да ала албайсың. Накыл сөздөр 23:23төгү «сатып алуу» деп которулган еврей сөзү «ээ болуу» деген да маанини туюнтат. Ал экөө тең күч-аракет жумшоону же баалуу нерсенин ордуна кайсы бир нерсени берүүнү билдирет. Чындыкты сатып алуу жөнүндөгү ойду түшүнүш үчүн мындай жагдайды элестетип көрөлү. Бир дүкөндө банандардын бекер берилери кулактандырылды дейли. Ал банандар керемет жолу менен үйүбүзгө келип калабы? Жок. Биз күч-аракет жумшап, дүкөнгө барып, аларды алып келишибиз керек. Банандар бекер болгону менен, күчүбүздү, убактыбызды жумшамайын аларды ала албайбыз. Ошол сыяктуу эле чындыкты сатып алыш үчүн акча талап кылынбайт, бирок күч-аракет жумшашыбыз керек болот.

6 Оку: Ышая 55:1—3. Жахабанын Ышая пайгамбарга жаздырган сөздөрү чындыкты сатып алуу деген эмнени билдирерин дагы кененирээк түшүнүүгө жардам берет. Бул аяттарда Жахаба өзүнүн сөзүн сууга, сүткө жана шарапка салыштырган. Таза, муздак суу сыяктуу Кудайдын Сөзү жан сергитет. Ал эми сүт күч-кубат берип, балдардын жакшы өсүп-чоңоюшуна шарт түзгөндөй эле, Жахабанын сөзү бизди кубаттандырып, рухий жактан өсүүгө көмөк кылат. Жахабанын сөздөрү шарапка да окшош. Кандайча? Ыйык Китепте шараптын көңүлдү көтөрөрү айтылат (Заб. 104:15). Андыктан Жахаба бизди «шарап... алууга» үндөө менен, анын сөзү боюнча жашасак, кубаныч аларыбызга ынандырууда (Заб. 19:8). Ооба, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты таанып-билип, ага ылайык жашагандар кандай гана сонун пайдаларды алышат! Жумшаган күч-аракетибизди чындыкты сатып алыш үчүн төлөгөн акыга салыштырууга болот. Анда келгиле, ал акыга кирген нерселердин бешөөнө токтололу.

ЧЫНДЫКТЫ САТЫП АЛЫШ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛДЫҢ?

7, 8. а) Чындыкты сатып алыш үчүн эмне себептен убактыбызды жумшашыбыз керек? б) Жапониялык бир кыз чындык үчүн эмнелерден баш тарткан жана анын натыйжасы кандай болгон?

7 Убакыт. Бул — чындыкты сатып алгысы келгендердин баары төлөшү керек болгон акы. Падышалык жөнүндөгү кабарды угуу, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуу, өздүк изилдөө жүргүзүү, жыйналышка даярдануу, ага катышуу убакытты талап кылат. Бул иштер үчүн анча маанилүү эмес иштердин эсебинен убакыт сатып алганыбыз зарыл. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16, шилт.) Ыйык Китептеги негизги окуулар жөнүндө так билим алууга канча убакыт бөлүшүбүз керек? Бул жагдай-шартыбыздан көз каранды. Биз Жахабанын акылмандыгын, жолдорун, иштерин эч качан изилдеп бүтө албайбыз (Рим. 11:33). «Күзөт мунарасы» журналынын эң алгачкы санында чындык «кичинекей, жөнөкөй гүлгө» окшоштурулган. Андан ары ал макалада: «Чындыктын бир гүлүнө эле ыраазы болуп калба. Эгер бирөө эле жетиштүү болсо, Кудай ушунча көп чындыкты ачып бербейт болчу. Ошондуктан чогулта бер, издей бер»,— деп жазылган. Андыктан: «Мен чогулткан гүлдесте канчалык чоң?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Биз түбөлүк жашасак да, Жахаба жөнүндө дайыма жаңы нерселерди биле беребиз. Ал эми азыр жагдай-шартыбызга жараша чындыкты мүмкүн болушунча көбүрөөк сатып алыш үчүн убактыбызды туура колдонгонубуз маанилүү. Ушундай иш-аракет кылган бир кыздын мисалына токтололу.

8 Марико * деген жапониялык кыз Нью-Йорктогу (АКШ) окуу жайына тапшырган. Ал ошол маалда Жапонияда 1950-жылдардын аяк ченинде пайда болгон бир диний агымдын мүчөсү болчу. Бир пионер үймө-үй кабар айтып жүрүп Марикого жолугуп калган. Ыйык Китептеги чындыктар тууралуу биле баштаганда ал ушунчалык кубанып, пионерден аны менен Ыйык Китепти жумасына эки жолу изилдөөнү суранган. Окуусунан, жумушунан улам убактысы аябай тар болсо да, ал жыйналыш жолугушууларына бара баштаган. Ошондой эле чындыкты таанып-билүүгө убакыт «сатып алыш» үчүн курбу-курдаштары менен өткөргөн убактысын кыскарткан. Ушундай нерселерден баш тарткандын аркасында ал рухий жактан тез ийгилик кылып, бир жылдын ичинде эле чөмүлгөн. 2006-жылы, чөмүлгөнүнөн алты ай өткөндөн кийин, пионер болуп кызмат кыла баштаган. Ал ошондон бери пионердик кызматын улантууда.

9, 10. а) Чындыкты сатып алганыбыз материалдык нерселерге болгон көз карашыбызга кандай таасир этет? б) Бир кыз эмнеден баш тарткан жана ал ошол чечими жөнүндө кандай ойдо?

9 Материалдык нерселер. Чындыкты сатып алыш үчүн маянасы жакшы жумуштан же мансаптан баш тартууга туура келиши мүмкүн. Иса Машаяк балык уулоо иши менен алек болуп жүргөн Петир менен Андрести «адам уулоочу» болууга чакырганда, алар ошол замат «торлорун таштап», анын артынан жөнөшкөн (Мт. 4:18—20). Албетте, бүгүнкү күндө чындыкты тааныгандардын көбү жумушун таштап, басып кете албайт. Анткени алар, Ыйык Китепте айтылгандай, үй-бүлөсүнө кам көрүүгө милдеттүү (1 Тим. 5:8). Бирок чындыкты таанып-билгендер дүнүйө-мүлккө болгон көз карашын өзгөртүп, жашоосунда эмне биринчи орунда турарын чечип алышы керек. Бул туурасында Иса: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула... Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула»,— деп ачык эле айткан (Мт. 6:19, 20). Ушул сөздөргө ылайык иш кылган бир кыздын мисалын карап көрөлү.

10 Мария мектепте окуй электе эле гольф боюнча ийримге бара баштаган. Мектепте окуп жүргөндө да спорттун ошол түрү менен машыга берген. Гольфту жакшы ойногондуктан, ага университеттен акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал гольфко баш-оту менен берилип кеткен жана мыкты оюнчу деген даражага жетип, байлыкка тунуп жашоону эңсечү. Кийинчерээк Мария Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ага окуп-билгендери аябай жаккан. Ыйык Китептеги билимди колдонгондун аркасында жашоосу өзгөргөн. Мария: «Ой жүгүртүүмдү, жашоо мүнөзүмдү Ыйык Китептеги принциптерге ылайык өзгөрткөн сайын өзүмдү бактылуураак сезе баштадым»,— деген. Ал бир эле учурда рухий максаттарга да, байлык топтоого да умтулуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөн (Мт. 6:24). Чындыкты сатып алыш үчүн Мария атагы алыска кеткен, байлыкка тунуп жашаган мыкты оюнчу болом деген максатынан баш тарткан. Учурда ал пионер болуп кызмат кылып, өзү айткандай, «бактылуу жана абдан маңыздуу жашоо өткөрүп», кубаныч алып жатат.

11. Чындыкты сатып алганыбыз жакын адамдарыбыз менен болгон мамилебизге кандай таасир этиши мүмкүн?

11 Жакын адамдарыбыз менен болгон мамиле. Чындык жолуна түшүүнү чечкенден тартып, досторубуз жана туугандарыбыз менен болгон мамилебиз өзгөрүшү мүмкүн. Эмне үчүн? Иса өзүнүн жолдоочулары жөнүндө Кудайдан: «Аларды чындык аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң — чындык»,— деп тиленген (Жкн. 17:17). «Аларды... ыйыкта» деген сөздөр «аларды өзүнчө бөлүп кой» дегенди да билдирет. Чындыкты таанып-билгенибизде биз бул дүйнөдөн бөлүнөбүз, себеби анын нормаларына эмес, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашай баштайбыз. Ошондуктан көптөрдүн бизге карата болгон көз карашы өзгөрөт. Биз жакшы мамиледе болгубуз келсе да, кээ бир досторубуз жана жакын туугандарыбыз бизден алысташы, атүгүл чындык жолунда жүрүшүбүзгө каршы чыгышы мүмкүн. Бирок буга таң калбайбыз. Анткени Иса: «Адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот»,— деген (Мт. 10:36). Ошондой эле ал, чындыкты сатып алыш үчүн кандай курмандыктарга барбайлы, ала турган сыйлыгыбыз алардан алда канча ашып түшөрүн айткан. (Оку: Марк 10:28—30.)

12. Арун чындык үчүн кандай акы төлөгөн?

12 Жүйүт улутунан болгон Арун деген бир ишкер киши бала кезинен тартып эле Кудайдын ысмын айтпаш керек деп үйрөтүлүп келген. Бирок ал чындыкты издей берчү. Жахабанын Күбөсү ага Кудайдын ысмын түзгөн еврей тилиндеги төрт үнсүз тамгага үндүү тамгаларды кошуп айтканда «Жахаба» деп айтыларын түшүндүрүп бергенде, Арун абдан сүйүнгөн. Кубанычы койнуна батпай, ал синагогага барып, жаңы билген чындыкты раввиндер менен бөлүшкөн. Бирок алар муну Арун ойлогондой кабыл алган эмес. Тескерисинче, анын бетине түкүрүп, кууп чыгышкан. Үйүндөгүлөрү да ага жаман мамиле кыла баштаган. Ошого карабай ал Ыйык Китептен билим ала берген жана өмүрүнүн акырына чейин Жахабага кайраттуулук менен кызмат кылган. Чындык жолунда жүргөнүбүз коомдо ээлеген абалыбызга же үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон мамилебизге кандай таасир этпесин, биз да, Арундай болуп, баарына даярбыз.

13, 14. Чындыкты сатып алыш үчүн ой жүгүртүүбүзгө жана жүрүм-турумубузга байланыштуу кандай өзгөрүүлөрдү кылышыбыз керек? Мисал келтир.

13 Кудайга жакпаган ой жүгүртүү жана жүрүм-турум. Чындыкты кабыл алып, Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормалары боюнча жашаш үчүн ой жүгүртүүбүздү жана жүрүм-турумубузду өзгөртүүгө даяр болушубуз керек. Буга байланыштуу элчи Петир: «Тил алчаак балдардай болуп, мындан ары билбестиктен аткарып келген мурунку каалоолоруңарга жетеленбегиле... Бардык жагынан ыйык болгула»,— деген (1 Пет. 1:14, 15). Адеп-ахлаксыздык күч алган байыркы Корунт шаарынын айрым тургундарына чындыкты сатып алыш үчүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү кылууга туура келген (1 Кор. 6:9—11). Ошо сыңары, бүгүнкү күндө да көптөр чындык жолуна түшүш үчүн Кудайга жакпаган иштерин таштоодо. Элчи Петир ишенимдештерине андан ары: «Мурун уятсыз жүрүм-турумга, кумарларга, шарапкорлукка, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине, жийиркеничтүү бурканга табынуучулукка берилип, дүйнө адамдарынын эрки боюнча жашап келгениңер жетишет»,— деп жазган (1 Пет. 4:3).

14 Девин менен Жасмин көп жылдар бою көзү ачылбай ичип жүрүшкөн. Девин кыйын бухгалтер болсо да, ичкиликтин айынан жумушунан бат эле айрылып калчу. Жасмин болсо кыялы чатак, ачуусу чукул аял эле. Бир күнү ал мас болуп көчөдө келатканда, миссионер болуп кызмат кылган жубайлар ага кабар айтышкан. Ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Бирок миссионерлер кийинки жумада изилдөө өткөнү барса, Девин экөө тең мас экен. Девин менен Жасмин миссионерлер аларды киши катары көрүп, үйүнө келет деп күткөн эмес. Кийинки жолу барганда жагдай башкача болгон. Биринчи изилдөөдөн тартып эле Жасмин менен Девин Ыйык Китепти бүт ынтасын коюп изилдеп, билгендерин колдоно башташкан. Үч айдын ичинде ичимдикти таштап, кийинчерээк никесин каттатышкан. Айылдаштары алардын өзгөргөнүн байкап, көптөрү Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү алышкан.

15. Чындыкты сатып алууга тоскоолдук кылган чоң нерселердин бири кайсы жана эмне үчүн ошентип айтууга болот?

15 Кудайга жакпаган үрп-адаттар, каада-салттар. Чындыкты сатып алууга тоскоолдук кылган чоң нерселердин бири — Ыйык Китепке каршы келген каада-салттар менен үрп-адаттар. Алардан баш тартуу айрымдар үчүн оңой болсо, кээ бирөөлөр үчүн аябай кыйын. Анткени аларга үйүндөгүлөрү, чогуу иштешкендери, жакын достору кысым көрсөтөт. Өзгөчө, көзү өтүп кеткен жакындарына байланыштуу каада-салттарга келгенде кысымга туруштук берүү оңойго турбайт (Мыйз. 14:1). Бирок башкалардын кайраттуулугу жөнүндө окуп-билүү бул жагынан зарыл өзгөрүүлөрдү кылууга жардам берет. Анда эмесе, 1-кылымда Эфесте жашаган кээ бир кишилердин эр жүрөктүк менен кандай иш кылганын карап көрөлү.

16. Чындыкты сатып алыш үчүн эфестиктердин айрымдары эмне кылган?

16 Эфес сыйкырчылыгы менен атагы чыккан шаар болгон. Мурда сыйкырчылык менен алек болуп, кийин Машаяктын жолдоочусу болгондор Кудайга жакпаган ошол иштерин ташташ үчүн эмне кылышкан? Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Сыйкырчылык кылгандардын бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти. Алардын жалпы баасын эсептегенде, 50 000 күмүш тыйын болду. Жахабанын сөзү кеңири жайылып, барган сайын күч ала берди» (Элч. 19:19, 20). Кудайдын ал ишенимдүү кызматчылары ошондой чоң курмандыкка барып, мол батага ээ болушкан.

17. а) Чындык үчүн төлөнө турган акыга эмнелер кириши мүмкүн? б) Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

17 Чындыкты сатып алыш үчүн сен кандай акы төлөдүң эле? Баарыбыз тең «чындыктын гүлдөрүн» чогултууга убактыбызды арнап жатабыз. Андан сырткары, айрымдар байлык топтоодон баш тартышса, башкалары туугандары менен досторунун жаман мамилесине чыдап жатышат. Көптөргө ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун өзгөртүп, Кудайга жакпаган үрп-адаттардан баш тартууга туура келүүдө. Кандай акы төлөбөйлү, Ыйык Китептеги чындыктын ошого арзый турганына толук ишенебиз. Чындык жолуна түшкөнүбүздүн аркасында алып жаткан баталарыбыз тууралуу ой жүгүрткөндө анын эч нерсеге алмаштырылгыс экенине ынанабыз. Ошондуктан кимдир бирөөнүн чындыкты «кайра саткысы» келерин түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Эмне себептен айрымдар ошондой чоң ката кетиришет? Биз канткенде андан кача алабыз? Кийинки макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 8-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.