Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Баштаган ишиңерди аягына чыгаргыла

Баштаган ишиңерди аягына чыгаргыла

«Баштаган ал ишти... аягына чыгаргыла» (2 КОР. 8:11).

35-ЫР: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдайлы»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба бизге эмне кылууга эркиндик берген?

ЖАХАБА бизге жашоодо кандай жолду тандоого байланыштуу эркиндик берген. Ал бизге жакшы чечимдерди чыгарууну үйрөтөт жана ага жаккандай чечим чыгарганыбызда, аны ишке ашырууга жардам берет (Заб. 119:173). Кудайдын Сөзүндөгү даанышман кеңештерди канчалык көп колдонсок, туура чечим чыгаруу ошончолук оңоюраак болот (Евр. 5:14).

2. Чечим чыгаргандан кийин кандай кыйынчылыкка кабылышыбыз мүмкүн?

2 Туура чечим чыгарган күндө да, аны ишке ашыруу дайыма эле оңой боло бербейт. Буга байланыштуу айрым мисалдарга токтололу. Жаш ишенимдешибиз Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну чечет. Ал бир нече жума ошол чечимине карманат, бирок кийин кайсы бир себептерден улам токтоп калат. Башка бир тууган үзгүлтүксүз пионер болууну максат кылып коёт, бирок аны баштай турган убакты улам кийинкиге жылдыра берет. Аксакалдар кеңеши жыйналыштагыларга көбүрөөк кайтаруучулук жолугууга барууну бир добуштан чечет, анткен менен көп ай өтсө да, ал иш башталбайт. Бул жагдайлар бири-биринен айырмаланса да, окшош жагы бар: чечим чыгарган адамдар көздөгөнүн ишке ашырган эмес. 1-кылымда Исанын Корунттагы жолдоочулары да ушундай жагдайга туш болушкан. Эмесе, алардан кандай сабак алсак болоруна токтололу.

3. Корунттуктар кандай чечим чыгарышкан, бирок эмне кылышкан эмес?

3 Болжол менен б.з. 55-жылы корунттуктар маанилүү бир чечим чыгарышкан. Алар Иерусалимдеги жана Жүйүт жериндеги ишенимдештеринин кыйынчылыктардан, анын ичинде жакырчылыктан жапа чегип жатышканын жана башка жыйналыштардын аларга жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуп жатканын угушкан. Боорукер, берешен болгондуктан корунттуктар муктаж болуп жаткан ал ишенимдештерине жардам катары тартуу жиберүүнү чечишкен. Ошондуктан Пабылдан кеңеш сурашкан. Пабыл ал жыйналыштагыларга буга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип, аларга тартуу чогултууга жардам берүүгө Титти дайындаган (1 Кор. 16:1; 2 Кор. 8:6). Бирок бир нече айдан кийин Пабыл корунттуктардын чыгарган чечимине ылайык иш кылбаганын уккан. Эгер алар тартуу чогултпай жүрө беришсе, башка жыйналыштардын тартуулары Иерусалимге жөнөтүлүп жатканда, алардыкы даяр болбой калмак (2 Кор. 9:4, 5).

4. 2 Корунттуктар 8:7, 10, 11-аяттарда жазылгандай, Пабыл корунттуктарды эмне кылууга үндөгөн?

4 Негизи, корунттуктар жакшы чечим чыгарышкан. Пабыл аларды күчтүү ишеними жана берешендик көрсөтүүгө дилгир болгону үчүн мактаган. Анткен менен ал аларды баштаган ишин аягына чыгарууга үндөшү керек болгон. (Окугула: 2 Корунттуктар 8:7, 10, 11.) Мындан атүгүл Исанын ишенимдүү жолдоочуларына да чыгарган чечимине ылайык иш кылуу кыйын болушу мүмкүн экени көрүнүп турат.

5. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

5 Корунттуктар сыяктуу эле, бизге да чечимибизге ылайык иш кылуу оңойго турбашы мүмкүн. Эмне үчүн? Кээде жеткилеңсиздиктен улам аны кийинкиге калтыра беришибиз ыктымал. Же күтүүсүз жагдайлар пайда болуп, чечимибизди ишке ашырууга тоскоолдук кылышы мүмкүн (Нас. 9:11; Рим. 7:18). Канткенде жакшы чечим чыгара алабыз? Зарыл болгондо, мурда чыгарган чечимдерибизди кантип кайра карап чыксак болот? Баштаган ишибизди канткенде аягына чыгара алабыз?

ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАНГА ЧЕЙИН

6. Кайсы учурларда чечимибизди өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн?

6 Айрым маанилүү чечимдерибизди эч качан өзгөртпөйбүз. Мисалы, биз Жахабага кызмат кылам деген чечимибизге бек карманабыз жана өмүрлүк жарыбызга берилгендик сактоого чечкиндүүбүз (Мт. 16:24; 19:6). Ошентсе да кээде башка чечимдерибизди өзгөртүү зарыл болушу мүмкүн. Эмне себептен? Анткени жагдайыбыз өзгөрүп турат. Жакшы чечимдерди чыгарууга кайсы кадамдар жардам берет?

7. Эмне жөнүндө тиленишибиз керек жана эмне үчүн?

7 Акылмандык сурап тиленгиле. Жахаба ыйык руху аркылуу шакирт Жакыпка: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен... берген Кудайдан сурасын»,— деп жаздырган (Жкп. 1:5). Кайсы бир учурларда баарыбызга эле «акылмандык жетишпей» калат. Ошондуктан чечим чыгарарда жана чыгарган чечимдериңерди кайра карап жатканда Жахабага кайрылгыла. Ошентсеңер, ал силерге туура чечим чыгарууга жардам берет.

8. Чечим чыгарганга чейин кандай изилдөө жүргүзүшүбүз керек?

8 Терең изилдөө жүргүзгүлө. Жахабанын Сөзүн, анын уюму чыгарган адабияттарды окуп-изилдегиле жана өзүңөр ишенген киши менен кеңешкиле (Накыл 20:18). Мындай изилдөө бөлөк жумушка орношууну, башка жерге көчүүнү же кызматыңарды аркалоого көмөк кыла турган билим алууну чечип жатканда өзгөчө маанилүү.

9. Өзүбүзгө карата чынчыл болгонубуздун кандай пайдасы бар?

9 Ниетиңерди текшергиле. Кайсы бир нерсени кандай ниет менен кылып жатканыбыз Жахаба үчүн маанилүү (Накыл 16:2). Ал биздин бардык жактан чынчыл болушубузду каалайт. Андыктан чечим чыгарганда өзүбүздүн да, башкалардын да алдында ниетибиздин таза болушун каалайбыз. Эгер ниетибиз толугу менен таза болбосо, чыгарган чечимибизге кармануу кыйын болуп калышы мүмкүн. Маселен, жаш бир тууган үзгүлтүксүз пионер болууну чечти деп коёлу. Бирок бир нече убакыттан кийин ал саатына жетишпей, кызматтан көп кубаныч албай калат. Балким, ал биринчи кезекте Жахабаны кубантыш үчүн пионер болдум деп ойлойттур. Бирок, чынында, кызматты баштоого ага, негизинен, ата-энесине же өзү сыймыктанган кимдир бирөөгө жагууга болгон каалоосу түрткү бергендир.

10. Өзгөрүүлөрдү кылуу үчүн эмне зарыл?

10 Дагы бир мисалга токтололу. Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам тамекисин таштоону чечет. Ал кыйын болгонуна карабай, бир-эки жума жакшы эле карманат, бирок кайра алсыздыгына алдырып коёт. Акыр-аягы, тамекисин биротоло таштайт. Жахабага болгон сүйүүсү жана ага жагууга болгон каалоосу ага жаман адатын жеңүүгө жардам берет (Кол. 1:10; 3:23).

11. Эмне үчүн айкын максаттарды коюшубуз керек?

11 Айкын максаттарды койгула. Максатыңар канчалык айкын болсо, ага жетүү ошончолук оңой болот. Алсак, Ыйык Китепти көбүрөөк окууну чечтиңер деп коёлу. Бирок Ыйык Китепти окуунун белгилүү бир графигине карманбасаңар, максатыңарга жетишиңер күмөн *. Же дагы бир жагдайды алалы. Аксакалдар жыйналыштагыларга көбүрөөк кайтаруучулук жолугууга барууну чечишет. Анткен менен бир нече убакыт өтсө да, чечимине ылайык иш кылышпайт. Бул жагынан ийгиликке жетиш үчүн, балким, алар: «Кайтаруучулук жолугууга муктаж бир туугандардын тизмесин түздүкпү? Аларга барууга атайын убакыт белгилеп алдыкпы?» — деп ойлонуп көрсө болоттур.

12. Эмне кылышыбыз керек болушу мүмкүн жана эмне себептен?

12 Өзүңөрдөн көптү талап кылбагыла. Ойлогон нерсебиздин баарын аткарууга убактыбыз, каражатыбыз же күчүбүз дайыма эле жете бербейт. Андыктан өзүбүздөн өтө көптү талап кылбай, эстүү болушубуз керек. Эгер чыгарган чечимиңерге ылайык иш кылуу колуңардан келбей турганын байкасаңар, аны өзгөртүүнү ойлонуп көрөттүрсүңөр (Нас. 3:6). Чечимиңерди карап чыгып, зарыл өзгөрүүлөрдү кылгандан кийин аны ишке ашыра аларыңарга көбүрөөк ишенимдүү болуп калаттырсыңар. Андайда баштаган ишиңерди аягына чыгарууга эмне жардам берет? Анда буга байланыштуу беш кадамды карап чыгалы.

ЧЕЧИМДИ ИШКЕ АШЫРУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН КАДАМДАР

13. Чечимиңерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон күчтү кантип ала аласыңар?

13 Иш-аракет кылууга күч сурап тиленгиле. Кудай силерге «иш-аракет кылып», чечимиңерди ишке ашырууга күч бере алат (Флп. 2:13). Ошондуктан андан ыйык руху аркылуу күч беришин сурангыла. Атүгүл тиленүүңөр жоопсуз калып жаткандай сезилсе да, тилене бергиле. Анткени Иса: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге [ыйык рух] берилет»,— деген (Лк. 11:9, 13).

14. Накыл сөздөр 21:5теги принцип чыгарган чечимибизди ишке ашырууга кантип жардам берет?

14 План түзүп алгыла. (Окугула: Накыл сөздөр 21:5.) Кандай иш баштабайлы, аны аягына чыгаруу үчүн план түзүп алуу маанилүү. Анан ошого ылайык иш кылуу керек. Ошо сыңары, чечим чыгарганда аны ишке ашыруу үчүн жасашыңар керек болгон кадамдарды жазып алгыла. Чоңураак иштерди бир нечеге бөлүп алгыла. Ошондо алардын ар бирин жүзөгө ашырган сайын, эмнелерге жеткениңерди көрө аласыңар. Пабыл корунттуктарга: «Акчаны мен барганда чогулта баштабашыңар үчүн, ар бириңер акчаңарды жуманын биринчи күнүндө... бөлүп коюп жүргүлө»,— деп кеңеш берген (1 Кор. 16:2). Чоң ишти майда иштерге бөлүп алуу аны бүтүрө албай калам деп тынчсыздана берүүдөн да сактайт.

15. План түзгөндөн кийин эмне кылышыбыз керек?

15 Эмнелерди пландаштырганыңарды так-айкын жазып алуу чыгарган чечимиңерди ишке ашырууга көмөк кылат (1 Кор. 14:40). Мисалы, аксакалдар кеңештерине алар чыгарган ар бир чечимди, аны аткаруу кимге тапшырылганын жана аны качан бүтүрүшү керектигин жазып турууга кайсы бир аксакалды дайындоо сунуш кылынат. Бул көрсөтмөгө ылайык иш кылган аксакалдарга чыгарган чечимдерин ишке ашыруу оңоюраак (1 Кор. 9:26). Силер да жеке иштериңерди кылууда ушинтсеңер болот. Алсак, күнүгө жасашыңар керек болгон иштериңерди тизмелеп алгыла. Биринчи кезекте кылгыңар келген иштерди тизменин башына жазгыла. Бул баштаган ишиңерди аягына чыгарганга эле эмес, кыска убакыттын ичинде көп иш бүтүрүүгө да шарт түзөт.

16. Чечимиңерди ишке ашырыш үчүн дагы эмне кылганыңар маанилүү жана Римдиктер 12:11деги сөздөр муну кандайча бышыктап турат?

16 Бүт күчүңөрдү жумшагыла. Түзгөн план боюнча иш кылып, баштаган ишти аягына чыгарыш үчүн күч-аракет талап кылынат. (Окугула: Римдиктер 12:11.) Пабыл Тиметейге жакшы окутуучу болууга талыкпай аракет кыла бериши керектигин айткан. Анын кеңешин башка рухий максаттарга карата да колдонсок болот (1 Тим. 4:13, 16).

17. Эфестиктер 5:15, 16да жазылгандарды чечимибизди ишке ашырууда кантип колдонсок болот?

17 Убактыңарды акылдуулук менен колдонгула. (Окугула: Эфестиктер 5:15, 16.) Пландаштырган ишиңерди аткарууга атайын убакыт белгилеп койгула жана ошого бек кармангыла. Иш-аракет кылууга эң ылайыктуу боло турган учурду күтүп отура бербегиле. Андай учур эч качан болбошу мүмкүн (Нас. 11:4). Маанилүү иштерди бүтүрүүгө зарыл болгон убактыңарды, күчүңөрдү анча маанилүү эмес нерселердин уурдап алышына жол бербегиле (Флп. 1:10). Мүмкүн болсо, көп алаксыбай турган учурду тандагыла. Көңүл топтоого убакыт керек болуп жатканын башкаларга билдирип койгула. Балким, телефонуңарды өчүрүп койгонуңар жана текст түрүндөгү же социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү кийинчерээк окуганыңар жакшы болоттур *.

18, 19. Чечимиңерди тоскоолдуктарга карабай ишке ашырууга умтула бергенге эмне жардам берет?

18 Жыйынтыгына көңүл топтогула. Адатта, саякатка чыкканда белгилүү бир жерге жетүүнү көздөйбүз. Чыгарган чечимибиздин жыйынтыгын ошондой жерге окшоштурууга болот. Эгер көздөгөн жерибизге жетүүнү чындап кааласак, ал жакка барчу жол жабылып калып, башка жол менен барууга туура келсе да, сапарыбызды уланта беребиз. Анын сыңарындай, чыгарган чечимибиздин жыйынтыгына көңүл топтосок, кыйынчылыктар же тоскоолдуктар болсо да, бат эле багынып калбай, аны ишке ашырууга аракет кыла беребиз (Гал. 6:9).

19 Жакшы чечим чыгаруу жана ага ылайык иш кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок Жахаба баштаган ишиңерди аягына чыгарууга зарыл акылмандык да, күч да бере алат.

65-ЫР: Алгалай бер!

^ 5-абз. Чыгарган чечимиңерге өкүнгөн учурларыңар болду беле? Же кээде жакшы чечим чыгаруу жана аны ишке ашыруу кыйынга турабы? Бул макала силерге ошондой кыйынчылыктарды жеңүүгө жана баштаган ишиңерди аягына чыгарууга көмөк кылат.

^ 11-абз. Ыйык Китепти өз алдынча окууда jw.org® сайтындагы «Ыйык Китепти окуунун графигин» колдонсоңор болот.

^ 17-абз. Убакытты туура колдонууга байланыштуу көбүрөөк билиш үчүн төмөнкү макалаларды карагыла: «Ойгонгула!», 2014-жыл, февраль, «Убакытты туура пайдаланасыңарбы?»; 2010-жыл, апрель, «Убакыт табуунун 20 жолу», ор.