Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага мээримдүүлүгү үчүн ыраазыбыз

Жахабага мээримдүүлүгү үчүн ыраазыбыз

«[Жахабанын] мээримдүүлүгү түбөлүктүү» (ЗАБ. 136:1).

108-ЫР: Кудайдын туруктуу сүйүүсү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба бизди эмнеге үндөйт?

ЖАХАБА мээримдүүлүк сапатын аябай жакшы көрөт (Ош. 6:6). Ал кызматчыларын да ушуга үндөйт. Мисалы, Микей пайгамбар аркылуу: «Мээримдүүлүктү жакшы көргүлө»,— деп айткан (Мик. 6:8, шилт.). Анда адегенде мээримдүүлүк деген эмне экенин билип алалы.

2. Мээримдүүлүк өз ичине эмнелерди камтыйт?

2 Мээримдүүлүк деген эмне? «Мээримдүүлүк» деген сөз Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» 230дан ашуун жолу кездешет. Ал китептеги сөздүктө «мээримдүүлүк» деген сөзгө мындай аныктама берилет: «Мэримдүүлүк деп которулган еврей сөзү (хесед) „сүйүү, ишенимдүүлүк, берилгендик, жакшылык, боорукердик, ырайым“ деп да которулат... Ал ишенимдүүлүк, тилектештик, берилгендик менен байланышта болгондуктан, аны „туруктуу сүйүү“ деп да которсо болот». Ал көбүнчө Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсү, ошондой эле адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүн сүрөттөш үчүн колдонулат. Мээримдүүлүк жагынан Жахабага эч ким тең келбейт. Бул макалада Жахабанын адамдарды мээримине кантип бөлөй турганын талкуулайбыз. Кийинки макалада болсо мээримдүү болуу жагынан Жахабадан эмнени үйрөнсөк болору каралат.

ЖАХАБА — МЭЭРИМДҮҮЛҮГҮ ЧЕКСИЗ КУДАЙ

3. Жахаба Муса пайгамбарга өзү жөнүндө эмне деген?

3 Ысрайыл эли Мисир кулчулугунан бошонгондон көп өтпөй, Жахаба өзүнүн ысмы жана өзүнүн кандай Кудай экени жөнүндө Муса пайгамбарга мындай деген: «Жахаба, Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай. Ал — адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган Кудай» (Чыг. 34:6, 7). Бул аяттарда Жахабанын сапаттары кандай сонун сүрөттөлгөн! Бул сөздөрдөн Жахабанын Муса пайгамбарга мээримдүүлүгү жөнүндө өзгөчө бир нерсени айтканын байкасак болот. Эмнени?

4, 5. а) Жахаба өзү жөнүндө эмне деп айткан? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

4 Жахаба өзүнүн мээримдүү экенин эле эмес, «мээримдүүлүгү чексиз» Кудай экенин да айткан. «Мээримдүүлүгү чексиз» деген сөздөр дагы башка алты аятта кездешет (Сан. 14:18; Нек. 9:17; Заб. 86:15; 103:8; Жоел 2:13; Жун. 4:2). Ал аяттарда бул сөздөр адамдарга эмес, Жахабага карата гана айтылган. Жахабанын өзүнүн мээримдүүлүгүн ушинтип баса белгилегени көңүлгө аларлык. Бул анын мээримдүүлүктү канчалык баалаарын көрсөтүп турат *. Ошондуктан Дөөтү падыша: «Оо, Жахаба, сенин мээримдүүлүгүң... булуттарга жетет... Оо, Кудай, сенин мээримдүүлүгүң кандай гана баа жеткис, адам баласы канатыңдын көлөкөсүнө корголойт»,— деп ырдаган (Заб. 36:5, 7). Мындан Дөөтүнүн Жахабанын мээримдүүлүгүн баалаганын билсе болот. Биз да баалайбызбы?

5 Анда мээримдүүлүк деген эмне экенин тереңирээк түшүнүш үчүн төмөнкү эки суроого жооп алалы: Жахаба мээримин кимдерге төгөт? Бул алардын жашоосуна кандай таасир этет?

ЖАХАБА МЭЭРИМИН КИМДЕРГЕ ТӨГӨТ?

6. Жахаба кимдерди мээримине бөлөйт?

6 Жогоруда айтылгандай, мээримдүүлүк өз ичине күчтүү сүйүүнү камтыйт. Бирок сүйүү менен мээримдүүлүктүн ортосунда бир айырма бар. Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, адам кайсы бир нерсени, мисалы, дыйканчылыкты, шаан-шөкөттү, акылмандыкты, билимди, акыл-насаатты, азыркы дүйнөнү сүйүшү же жакшы көрүшү мүмкүн (2 Жылн. 26:10; Заб. 119:97; Накыл 12:1; 21:17; 29:3; 1 Жкн. 2:15). Ал эми мээримдүүлүк кайсы бир нерсеге эмес, адамга гана көрсөтүлөт. Бирок Жахаба мээримдүүлүгүн баарына эле көрсөтө бербейт. Ал аны менен ынак мамиледе болгондорду гана мээримине бөлөйт. Ал досторун эч качан таштабайт. Алардын бейиште түбөлүк өмүр сүрүшүн каалайт, аларды дайыма жакшы көрөт.

Жахаба бүт адамзатка, анын ичинде ага сыйынбагандарга да, көп жакшылык кылып келет (7-абзацты карагыла) *

7. Жахаба бүт адамзатты сүйөрүн кантип көрсөткөн?

7 Жахаба бүт адамзатты сүйөт. Бул тууралуу Иса Никедимге: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жкн. 3:1, 16; Мт. 5:44, 45).

Дөөтү падыша менен Даниел пайгамбар айткандай, Жахаба аны билген, андан корккон, аны жакшы көргөн, осуяттарын аткарган адамдарга мээримин төгөт (8, 9-абзацтарды карагыла)

8, 9. а) Жахаба кызматчыларын эмне үчүн мээримине бөлөйт? б) Азыр эмнелерге токтолобуз?

8 Буга чейин кеп кылынгандай, Жахаба өзү менен ынак болгондорду — кызматчыларын — мээримине бөлөйт. Муну Дөөтү падыша менен Даниел пайгамбар айткан сөздөрдөн да көрсөк болот. Дөөтү: «Өзүңдү билгендерди мээримдүүлүгүңдөн... өксүтпө. Жахаба мээримдүүлүгүн Өзүнөн корккондорго... көрсөтөт»,— деген. Ал эми Даниел Жахабага: «Оо, чыныгы Кудай Жахаба,.. өзүңдү сүйгөндөргө жана осуяттарыңды аткаргандарга мээримдүүлүк көрсөткөн улуу Кудай»,— деп кайрылган (Заб. 36:10; 103:17; Дан. 9:4). Бул сөздөргө ылайык, Жахаба кызматчыларын гана мээримине бөлөйт. Себеби алар аны билишет, андан коркушат, аны жакшы көрүшөт жана осуяттарын аткарышат. Ооба, Жахаба ага жаккандай сыйынгандарды гана мээримине бөлөйт.

9 Жахаба башкаларды сүйгөндөй эле бизди да сүйөрүн ага кызмат кыла баштаганыбызга чейин эле көрсөтүп келген (Заб. 104:14). Ал эми ага кызмат кыла баштагандан тартып анын мээримдүүлүгүн да сезе баштаганбыз. Жахаба кызматчыларына: «Мээримдүүлүгүм сенден алыстабайт»,— деп айткан (Ыш. 54:10). Дөөтү өзү туюп-сезип көргөндүктөн: «Жахаба Өзүнө берилген кишиге өзгөчө мамиле кылат»,— деген (Заб. 4:3). Ооба, Жахаба бизге өзгөчө кам көрөт. Бул бизге эмне кылганга түрткү берет? Бир забурчу: «Ким акылдуу болсо, ушуларды байкайт, Жахабанын мээримдүүлүгүн чагылдырган иштерге назар салат»,— деп айткан (Заб. 107:43). Жахаба бизден мына ушуну күтөт. Эмесе, Жахаба мээримдүүлүгүн кайсы үч жол менен көрсөтөрүнө токтололу. Ошондой эле бул анын кызматчыларына кандай таасир этерин карап чыгалы.

ЖАХАБАНЫН МЭЭРИМДҮҮЛҮГҮ БИЗГЕ КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Жахаба кызматчыларына дагы башка жолдор менен жакшылык кылат (10—16-абзацтарды карагыла) *

10. Жахабанын мээримдүүлүгү түбөлүктүү экенин билгенибиз бизге кандай таасир этет? (Забур 31:7).

10 Жахабанын мээримдүүлүгү түбөлүктүү. Бул тууралуу 136-забурда 26 жолу айтылат. Алгачкы аятында: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы: анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— деп жазылган (Заб. 136:1). 2—26-аяттарда «анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү» деген сөздөр кайра-кайра кайталанат. Ал аяттардан Жахабанын мээримдүүлүгү кайсы иштеринен көрүнүп турарын биле алабыз. Алар тууралуу окуганда таасирленбей койбойбуз. «Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү» деген сөздөрдүн көп жолу кайталанганы Жахабанын өз элине болгон сүйүүсү өчпөс экенин көрсөтүп турат. Ооба, анын сүйүүсү тез эле муздап калбайт! Ушуну билгенибиз жүрөгүбүздү козгойт. Чынында эле, Жахаба кызматчыларына аябай ынак, аларды эч качан таштабайт. Өзгөчө, оор учурларда жанында болуп, колдоп турат. Бул бизге кандай таасир этет? Жахабанын дайыма жаныбызда экенин билгенибиз бизди кубантат, кыйынчылыкка кабылганда күч берет жана өмүр жолунан чыкпаганга жардам берет. (Окугула: Забур 31:7.)

11. Забур 86:5ке ылайык, Жахаба эмне үчүн кечирет?

11 Жахаба мээримдүү болгондуктан күнөөлөрүбүздү кечирет. Кимдир бирөө күнөө кетирип, бирок өкүнүп, жаман жолунан бурулса, Жахаба аны кечирет. Анткени ал мээримдүү. Дөөтү Жахаба жөнүндө: «Бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт, бизге кылмыштарыбызга жараша тиешебизди бербейт»,— деп жазган (Заб. 103:8—11). Күнөө кылган адам канчалык кыйналарын Дөөтү жон териси менен сезип көргөн. Ошол эле учурда Жахабанын «кечирүүгө даяр» экенине да өз тажрыйбасынан ынанган. Эмне үчүн Жахаба бизди кечирет? Мунун жообу Забур 86:5те жазылган. (Аятты окугула.) Ооба, Дөөтүнүн бул аяттагы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахаба кечирим сурагандардан мээримин аябайт, аларды кечиргенге даяр.

12, 13 Мурунку күнөөлөрүбүздү ойлоп жаман болгондо, эмне жардам берет?

12 Күнөө кылганда жаман болуп, кайгырганыбыздын эч жаман жери жок. Атүгүл мунун жакшы жагы бар. Анткени бул өкүнүп, оңолгонго түрткү берет. Бирок Кудайдын кээ бир кызматчылары мурунку күнөөлөрүн кайра-кайра ойлоп, өздөрүн жей беришет. Алар «канчалык өкүнбөйүн, Жахаба мени баары бир кечирбейт» деген ойлордон арыла албай кыйналышат. Силерди да ушундай ойлор басабы? Ошондой болсо, Жахабанын канчалык мээримдүү экенин, кызматчыларын аябай жакшы көрөрүн билгениңер андай ойлор менен күрөшкөнгө жардам берет.

13 Бул бизге кандай таасир этет? Жеткилең эмес болсок да, Жахабанын алдында абийирибиз таза болуп, ага кубанып кызмат кылабыз. Себеби «Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт» (1 Жкн. 1:7). Кайсы бир ката-кемчилигиңерден улам көңүлүңөр чөккөндө Жахабанын өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кечиргенге даяр экенин эстегиле. Дөөтүнүн мээримдүүлүк менен кечиримдүүлүктү кантип байланыштырганына көңүл бурсаңар. Ал мындай деген: «Асман жерден канчалык бийик болсо, анын өзүнөн корккондорго көрсөткөн мээримдүүлүгү ошончолук улуу. Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо, ал бизден кылмыштарыбызды ошончолук алыстатты» (Заб. 103:11, 12). Чынында эле, Жахаба «айкөлдүк менен кечирет» (Ыш. 55:7).

14. Дөөтүнүн сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын мээримдүүлүгү бизди кандайча коргойт?

14 Жахабанын мээримдүүлүгү аны менен болгон мамилебизди сактап-коргойт. Бир жолу Жахабадан тиленип жатып Дөөтү: «Сен баш маанамсың, мени азап-кайгыдан сактайсың, куткарып, шаттыкка бөлөйсүң... Жахабага таянганды мээримдүүлүк курчап турат»,— деген (Заб. 32:7, 10). Байыркы убакта шаарды курчап турган дубал тургундарды душмандардан коргоп турчу. Анын сыңарындай, Жахабанын мээримдүүлүгү бизди аны менен болгон мамилебизди буза турган нерселердин баарынан коргоп турат. Ошондой эле бизди ага жакындатат (Жер. 31:3).

15. Жахабанын мээримдүүлүгүн эмне үчүн чепке, сепилге салыштырса болот?

15 Дөөтү Кудайдын өз элин кантип коргоорун сүрөттөш үчүн дагы бир салыштырууну колдонгон. Ал: «Кудай — коопсуз чебим, мага мээримдүүлүк көрсөткөн Кудайым»,— деген. «Мага мээримдүүлүгүн көрсөтөт; ал — менин сепилим, коопсуз чебим, Куткаруучум, калканым, баш маанам»,— деп да айткан (Заб. 59:17; 144:2). Эмне үчүн Дөөтү Жахабанын мээримдүүлүгүн чепке, сепилге салыштырган? Каякта жашабайлы, эгер Жахабага кызмат кыла берсек, ал бизди аны менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселердин баарынан коргойт. Буга бизди 91-забурда жазылган сөздөр да ынандырат. Ал забурду, сыягы, Муса пайгамбар жазган. Ал: «Мен Жахабага: „Сен баш маанамсың, сепилимсиң... дейм“»,— деген (Заб. 91:1—3, 9, 14). Муса пайгамбар 90-забурда да Жахаба «турак жайыбыз» экенин айткан (Заб. 90:1). Өмүрүнүн аягында ал жүрөк жылыткан дагы бир салыштырууну колдонгон. Ал: «Сенин баш маанаң — байыркы Кудай, анын түбөлүктүү колдору сени колдойт»,— деп жазган (Мыйз. 33:27). Бул аяттагы «анын түбөлүктүү колдору сени колдойт» деген сөздөрдөн Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

16. Кайсы эки нерсени эстен чыгарбашыбыз керек? (Забур 136:23).

16 Жахабанын чептей болуп бизди коргой турганына ишенсек, өзүбүздү коопсуз сезебиз. Бирок кээде көңүлүбүз чөгүп, бүк түшкөн учурларыбыз болот. Андайда Жахаба бизге кантип жардам берет? (Окугула: Забур 136:23.) Ал каймана мааниде колун сунуп, бизди акырын жөлөп-таяп, турганга жардам берет (Заб. 28:9; 94:18). Бул бизге кандай таасир этет? Биз Жахабага дайыма таянсак болорун билебиз. Бул эки нерсени эстен чыгарбаганга жардам берет. Биринчиден, каякта жашабайлы, каймана мааниде баш калкалай турган коопсуз жайыбыз бар. Экинчиден, асмандагы мээримдүү Атабыз бизге көз кырын салып, дайыма кам көрөт.

ЖАХАБА БИЗДИ МЭЭРИМИНЕН ЭЧ КАЧАН ӨКСҮТПӨЙТ

17. Жахаба мээримдүү болгондуктан, эмнеден шектенбесек болот? (Забур 33:18—22).

17 Жогоруда талкуулаганыбыздай, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, Жахабанын бизди колдоп, аны менен болгон мамилебизди бекем сактаганга жардам береринен шектенбесек болот (2 Кор. 4:7—9). Жеремия пайгамбар: «Жахабанын мээримдүүлүгүнөн улам биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени анын кайрымдуулугу түгөнбөйт»,— деген (Ый. 3:22). Ооба, Жахабанын бизди мээриминен эч качан өксүтпөй турганына бекем ишенсек болот. Анткени Ыйык Китепте: «Жахабанын көзү андан корккондорду, мээримдүүлүгүн күткөндөрдү карап турат»,— деп жазылган. (Окугула: Забур 33:18—22.)

18, 19 а) Бул макаладагы кайсы ойлорду эстеп калгыбыз келет? б) Кийинки макалада эмне тууралуу сөз жүрөт?

18 Бул макаладагы кайсы ойлорду эстеп калгыбыз келет? Жахаба башкаларды сүйгөндөй эле бизди да сүйөрүн ага кызмат кыла баштаганыбызга чейин эле көрсөтүп келген. Ал эми ага кызмат кыла баштагандан тартып анын мээримдүүлүгүн да сезе баштаганбыз. Жахаба мээримдүү болгондуктан бизди каймана мааниде кучактап, коргоп турат. Ал дайыма жаныбызда болуп, андан алыстабаганга, түбөлүк өмүргө жеткенге жардам берет. Аны менен түбөлүккө дос болушубузду каалайт (Заб. 46:1, 2, 7). Ошондуктан башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, Жахаба ага болгон берилгендигибизден жазбаганга күч берип турат.

19 Бул макаладан Жахаба өзүнүн кызматчыларына кандай жолдор менен мээримдүүлүк көрсөтөрүн билдик. Ал биздин да бири-бирибизге мээримдүү болушубузду күтөт. Ал үчүн эмне кылсак болот? Кийинки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.

136-ЫР: Жахаба берген сыйлык

^ 5-абз. Мээримдүүлүк деген эмне? Жахаба мээримдүүлүгүн кимдерге көрсөтөт? Бул алардын жашоосуна кандай таасир этет? Ушул жана кийинки макалада бул суроолорго жооп берилет жана Жахабанын ушул теңдешсиз сапаты талкууланат.

^ 4-абз. Жахабанын улуу мээримдүүлүгү жөнүндө башка аяттарда да айтылат. (Карагыла: Некемия 13:22; Забур 69:13; 106:7; Жеремиянын ыйы 3:32.)

^ 54-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахаба сүйүүсүн бүт адамзатка, анын ичинде өзүнүн кызматчыларына да, көрсөтүп келет. Топ элдин үстү жагындагы сүрөттөрдө Жахаба сүйүүсүн кандай жолдор менен көрсөтүп жатканы чагылдырылган. Анын сүйүүсүнүн эң күчтүү далили — Уулун курмандыкка чалганы.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахабага кызмат кылган, Иса төлөгөн кунга ишенген адамдарга Жахаба өзгөчө мамиле кылат. Алар анын жалпы адамзатка көрсөткөн сүйүүсүн да, кызматчыларына гана көрсөтө турган мээримдүүлүгүн да сезишет. Жахабанын мээримдүү экенин көрсөткөн айрым нерселер топ адамдардын үстү жагындагы сүрөттөрдө чагылдырылган.