Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жаңы баш кошкондор, Жахабаныкын биринчи орунга койгула

Жаңы баш кошкондор, Жахабаныкын биринчи орунга койгула

«Жахаба — күч-кубатым,.. жүрөгүм ага таянат» (ЗАБ. 28:7).

131-ЫР: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Жаңы баш кошкондор эмне үчүн Жахабага таянышы керек? (Забур 37:3, 4) б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

БАЛКИМ, силер жаңы эле баш кошкондурсуңар же баш кошкону жаткандырсыңар. Эгер ошондой болсо, жаныңардай жакшы көргөн адамыңар менен эстен кеткис күндөрдү өткөргүңөр келери шексиз. Бирок үй-бүлө кургандан кийин баары эле ойдогудай боло бербейт. Жубайларга маанилүү чечимдерди да чыгарганга туура келет. Жарыңар менен өмүр бою бактылуу жашаарыңар кыйынчылыкка кабылганда эмне кыларыңарга, кандай чечим чыгарарыңарга жараша болот. Эгер Жахабага таянсаңар, туура чечимдерди чыгарасыңар, мамилеңер ого бетер бекемделет жана кубанычтуу күндөрдү өткөрөсүңөр. Ал эми Кудайдын кеңештерине кулак какпасаңар, ортодогу мамилени муздата турган кыйынчылыктарга кабылып, бактысыз болуп калышыңар мүмкүн. (Окугула: Забур 37:3, 4.)

2 Бул макала, негизинен, жаңыдан үй-бүлө кургандарга арналса да, анда бардык эле жубайлар кабылган кыйынчылыктар талкууланат. Ошондой эле Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынан эмнелерге үйрөнсөк болору баса белгиленет. Алардан үйрөнгөндөрүбүздү жашообуздун бардык тармактарында, анын ичинде үй-бүлөдө да, колдоно алабыз. Андан сырткары, бүгүнкү күндөгү айрым жубайлардын үлгүсүнө токтолобуз.

ТУШ БОЛО ТУРГАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Жаңы баш кошкондорго кайсы чечимдери Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга тоскоолдук кылышы мүмкүн? (3, 4-абзацтарды карагыла)

3, 4. Жаңы баш кошкондор кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн?

3 Айрымдар жаңы үй-бүлө кургандарды эл катары жашаганга үндөшү мүмкүн. Мисалы, ата-энеси же тууган-туушкандары «эртерээк балалуу болбойсуңарбы» деп кайра-кайра айта беришет. Же достору, үйүндөгүлөрү жакшы эле ой менен аларды үйлүү-жайлуу болуп, ичин оокатка толтуруп, бардык шарттарды түзүп алганга үндөшөт.

4 Жубайлар сак болушпаса, туура эмес чечимдерди чыгарып, карызга белчесинен батып калышы ыктымал. Анан карыздарын төлөш үчүн экөө тең баш көтөрбөй иштей башташат. Ошонун айынан Ыйык Китепти өз алдынча окуганга, үй-бүлөлүк изилдөө өткөргөнгө, кабар айтканга жетиштүү убактысы болбой калат. Жумушунан айрылып калбаш үчүн же көбүрөөк акча табыш үчүн жумуштан кийин да калып иштегендиктен, атүгүл жыйналыштарды да калтыра башташы мүмкүн. Ошентип, Жахабага көбүрөөк кызмат кылгандар ала турган сонун нерселерден кур калышат.

5. Клаус менен Марисанын жашоосунан эмне айкын көрүнүп турат?

5 Көптөрдүн жашоосунан көрүнүп тургандай, дүнүйө-мүлктүн артынан сая түшкөндөр бактылуу боло алышпайт. Муну Клаус менен Марисанын башынан өткөндөрү ырастап турат *. Алар жаңыдан турмуш курганда эч нерседен кем болбой жашаш үчүн эртеден кечке иштешчү. Ошентсе да көкүрөгүндөгү боштукту толтура алышкан эмес. Клаус мындай дейт: «Бизде баары ашыгы менен болчу. Каалаганыбызды жеп, каалаганыбызды кийчүбүз. Бирок Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу жөнүндө ойлончу деле эмеспиз. Ачыгын айтсам, стресс болуп, аябай кыйналып кеткенбиз». Балким, силер да материалдык нерселердин өзүңөр ойлогондой канааттануу тартуулабай турганын сезип жаткандырсыңар. Эгер ошондой болсо, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Бул макалада талкууланган инсандардын үлгүсү эмнелерди өзгөртсөңөр болорун түшүнгөнгө жардам берет. Адегенде Жошапат падышанын үлгүсүнө токтололу. Күйөөлөр андан эмнеге үйрөнө алышат?

ЖОШАПАТ ПАДЫШАДАЙ БОЛУП, ЖАХАБАГА ТАЯНГЫЛА

6. Жошапаттын кыйынчылыкка кабылганда Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттарда жазылгандарга ылайык иш кылганы эмнеден көрүнүп турат?

6 Күйөөлөр, кээде милдеттериңерди аткаруу кыйындай сезилеби? Эгер ошондой болсо, Жошапат падышанын үлгүсүн карап чыгуу силерге пайдалуу болот. Ал падыша болгондуктан бүтүндөй элдин коопсуздугуна жооптуу болгон. Ушундай чоң жоопкерчилигин кантип аткарган? Ал элин коргош үчүн колунан келгендин баарын кылган. Жүйүт жериндеги шаарларды чыңдап, 1 160 000ден ашуун жоокерден турган күчтүү аскерди чогулткан (2 Жылн. 17:12—19). Кийинчерээк болсо чоң кыйынчылыкка туш болгон. Амондун тукумдары, мааптыктар жана Сеир тоолуу аймагында жашагандар биригип алып, ага каршы согуш ачышкан. Жер жайнаган аскерлер ага да, анын үй-бүлөсүнө да, элине да коркунуч туудурган (2 Жылн. 20:1, 2). Ошондо Жошапат эмне кылган? Ал Жахабага кайрылып, жардам беришин, күч беришин сураган. Анын ошенткени Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттарда жазылгандарга шайкеш келген. (Аяттарды окугула.) Анын Жахабадан эмне деп тиленгени 2 Жылнаама 20:5—12-аяттарда жазылган. Айткан сөздөрүнөн асмандагы Атасына канчалык таянганы көрүнүп турат. Жахаба Жошапаттын өтүнүчүн кантип орундаткан?

7. Жахаба Жошапаттын өтүнүчүн кантип аткарган?

7 Жахаба Жахазиел деген леби аркылуу Жошапатка: «Ордуңарда туруп, Жахабанын силерди кантип куткарарын карап тургула»,— деген (2 Жылн. 20:13—17). Бул согуша тургандарга берилген адаттагыдан башкача көрсөтмө болгон. Бирок аны кайсы бир адам эмес, Жахаба берген болчу. Ошондуктан Жошапат Кудайга толук таянып, ал айткандай кылган. Ал душман менен беттешкени чыкканда алдыңкы катарга дасыккан жоокерлерин эмес, эч кандай куралы жок ырчыларды койгон. Ошондо Жахаба сөзүнө туруп, душмандарды жер менен жексен кылган (2 Жылн. 20:18—23).

Жаңы үйлөнгөндөр Жахабадан дайыма тиленип турса, анын Сөзүн изилдесе Жахабаныкын жашоосунда биринчи орунга коё алышат (8, 10-абзацтарды карагыла)

8. Күйөөлөр Жошапаттан эмнени үйрөнө алышат?

8 Күйөөлөр, Жошапаттан эмнеге үйрөнсөңөр болот? Силер да үй-бүлөңөргө кам көрүп, коргогонго милдеттүүсүңөр. Ошон үчүн буга көп күчүңөрдү жумшап жатасыңар. Кыйынчылыктарга туш болгондо аларды өзүм эле чече алам деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок өзүңөргө таянбагыла. Анын ордуна, өзүнчө отуруп алып, Жахабадан жардам сурап тиленгиле. Ошондой эле жубайыңар менен чогуу да жалындуу тиленгиле. Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылыш үчүн Ыйык Китепти, уюм чыгарган адабияттарды изилдегиле жана билгендериңерди иш жүзүндө колдонгула. Айрымдар Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык чыгарган чечимдериңерди жактырбашы, атүгүл: «Акылыңан айнып калыптырсың»,— деши мүмкүн. Алар: «Акчаң, дүнүйө-мүлкүң көп болсо, үй-бүлөң менен эч нерседен кем болбой жашайсың»,— деши ыктымал. Бирок Жошапаттын үлгүсүн эсиңерден чыгарбагыла. Ал Жахабага таянган жана муну иш жүзүндө көрсөткөн. Жахаба ишенимдүү кызматчысын таштабагандай эле, силерди да таштабайт (Заб. 37:28; Евр. 13:5). Жашоосу маңыздуу болушу үчүн, жубайлар дагы эмне кылса болот?

ЫШАЯ МЕНЕН АНЫН ЖУБАЙЫНДАЙ БОЛУП, ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛУУНУ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

9. Ышая пайгамбар менен анын жубайы жөнүндө эмнелерди билебиз?

9 Ышая менен анын жубайы Жахабага кызмат кылууну жашоосунда негизги орунга коюшкан. Ышая пайгамбар болгон. Анын аялынын «пайгамбар аял» деп аталганына караганда, ал да пайгамбар болсо керек (Ыш. 8:1—4). Экөө тең бүт көңүлүн Жахабага кызмат кылганга топтошкон. Алар бүгүнкү күндөгү жубайларга кандай сонун үлгү калтырышкан!

10. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандарды изилдегени жубайларга Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга кандайча түрткү берет?

10 Жубайлар Жахабага кызмат кылганга бүт күчүн жумшап, Ышая пайгамбар менен анын аялынан үлгү алышат. Алар Ыйык Китепте алдын ала айтылгандарды жана алардын кантип аткарылганын чогуу изилдешсе, Жахабага көбүрөөк таянганды үйрөнө алышат * (Тит 1:2). Ошондой эле Ыйык Китептеги айрым пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылышына кантип салым кошо алары жөнүндө да ойлонуп көрсө болот. Мисалы, алар Иса алдын ала айткан сөздөрдүн аткарылышына салым кошо алышат. Иса жакшы кабардын дүйнөнүн акыры келгенге чейин бүт жер жүзүнө таратылары жөнүндө алдын ала айткан (Мт. 24:14). Алар Ыйык Китепте айтылгандардын аткарылып жатканына канчалык бекем ишенишсе, Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылганга ошончолук аракет кылышат.

ПРИСКИЛА МЕНЕН АКИЛАДАЙ БОЛУП, КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫН АЛДЫҢКЫ ОРУНГА КОЙГУЛА

11. Прискила менен Акила эмнелерди кылышкан жана эмне үчүн?

11 Жаш жубайлар Прискила менен Акиладан да үлгү ала алышат. Жүйүт элинен болгон ал түгөйлөр Римде жашашчу. Алар Иса жөнүндөгү жакшы кабарды угуп, анын жолдоочусу болушкан. Ал экөөнүн колунда болгонуна ыраазы болуп жашашканы шексиз. Бирок алардын жашоосу күтүүсүздөн өзгөрүп кеткен. Император Клавдий жүйүттөрдүн баарына Римден чыгып кеткиле деп буйрук кылган. Ошондо Акила менен Прискилага канчалык оор болгонун элестетип көрсөңөр. Алар көнгөн жерин таштап кеткенге, жаңы жерге баргандан кийин жашаганга үй, иштегенге жумуш тапканга аргасыз болушкан. Бирок ушундай кыйынчылыктардан улам Жахабанын ишин экинчи орунга коюп коюшканбы? Силер мунун жообун билериңер күмөнсүз. Корунтка көчүп баргандан кийин Акила менен Прискила ал жактагы жыйналышка бат эле аралашып кетишкен. Ошондой эле элчи Пабыл менен чогуу ал жыйналыштагы бир туугандарынын ишенимин бекемдеш үчүн колунан келгендин баарын кыла беришкен. Ал эми кийинчерээк жарчылар жетишпеген башка шаарларга да көчүп барышкан (Элч. 18:18—21; Рим. 16:3—5). Экөө чогуу Кудайга жан-дилинен кызмат кылып, эстен кеткис күндөрдү өткөрүшкөнүнө шек жок.

12. Эмне үчүн жубайлар Жахабага көбүрөөк кызмат кыла алышы үчүн рухий максаттарды коюшу керек?

12 Жубайлар Кудайдын Падышалыгын жашоосунда биринчи орунга коюп, Прискила менен Акиладан үлгү ала алышат. Алар максаттары тууралуу кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезинде талкуулашканы эң туура болот. Эгер Жахабага кызмат кылыш үчүн чогуу максаттарды коюп, аларга жеткенге чогуу аракет кылышса, Жахабанын кантип жардам берип жатканын көбүрөөк көрүп-сезе алышат (Нас. 4:9, 12). Мисалга Рассел менен Элизабетти алалы. Рассел: «Сүйлөшүп жүргөн кезибизде максаттарыбыз жөнүндө талкуулаш үчүн атайын убакыт бөлчүбүз»,— дейт. Элизабет болсо: «Максаттарыбыз жөнүндө сүйлөшүп алганыбыздын себеби кийин ар кандай чечимдерди чыгарганга туура келгенде ошол максаттарыбызга жеткенге эч нерсе тоскоолдук болбошун каалачубуз»,— дейт. Ушунун аркасында Рассел менен Элизабет Микронезияга көчүп барып, жарчылар жетишпеген жерде кызмат кыла алышкан.

Жаңы үйлөнгөндөр рухий максаттарды койсо Жахабаныкын жашоосунда биринчи орунга коё алышат (13-абзацты карагыла)

13. Забур 28:7де жазылгандай, Жахабага таянсак, натыйжасы кандай болот?

13 Рассел менен Элизабетке окшоп, көптөгөн жубайлар башка нерселерге алаксыбай, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк катышабыз деп чечип алышкан. Эгер жубайлар Жахабага кызмат кылыш үчүн чогуу максаттарды коюп, аларга жеткенге чогуу аракет кылышса, натыйжасы эң сонун болот. Алсак, Жахабанын аларга кантип кам көрүп жатканын көрө алышат. Ага көбүрөөк таянганды үйрөнүшөт, экөө бактылуу өмүр сүрүшөт. (Окугула: Забур 28:7.)

ЭЛЧИ ПЕТИР МЕНЕН АНЫН ЖУБАЙЫНА ОКШОП, ЖАХАБАНЫН УБАДАЛАРЫНА ИШЕНГИЛЕ

14. Петир менен жубайы Матай 6:25, 31—34-аяттарда жазылган убадага бекем ишенерин кантип көрсөтүшкөн?

14 Элчи Петир менен анын жубайы да жакшы үлгү калтырышкан. Иса Машаяк менен биринчи жолу жолукканынан алты айдай өткөндөн кийин, Петирге маанилүү чечим чыгарганга туура келген. Петир үй-бүлөсүн багыш үчүн балык уулачу. Ошон үчүн Иса аны жолдоочусу болгонго чакырганда, Петир чечим чыгарардан мурун аялынын да оюн эске алышы керек болгон (Лк. 5:1—11). Анан Петир Иса менен чогуу кабар айтып, кызматка бүт убактысын арноону чечкен. Бул эң туура чечим болгон. Петирдин жубайы анын чечимин колдогон деп айтсак болот. Себеби ал, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Иса тирилгенден кийин кээде Петирди коштоп, аны менен чогуу кызмат кылган (1 Кор. 9:5). Анын Исанын жолун жолдогон үлгүлүү аялдардан болгонуна да шек жок. Ошон үчүн Петир жыйналыштагы күйөөлөр менен аялдарга кеп-кеңештерин бере алган (1 Пет. 3:1—7). Ооба, Петир да, жубайы да, эгер Падышалыкты жашоосунда биринчи орунга коюшса, Жахаба убадасына туруп, аларга кам көрөрүнө бекем ишенишкен. (Окугула: Матай 6:25, 31—34.)

15. Тияго менен Эстердин айткандарынан эмнени билдиңер?

15 Эгер турмуш курганыңарга бир канча жыл болуп калган болсо, Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга болгон каалооңорду дагы кантип арттырсаңар болот? Мунун бир жолу — башка түгөйлөрдүн жашоосу тууралуу окуп көрүү. Алсак, «Жан аябас кызматчылар» деген рубрикага чыккан макалаларды окусаңар болот. Бразилиялык Тияго менен анын жубайы Эстер ошондой макалаларды окуп-изилдешкен. Мунун аркасында алар жарчылар көбүрөөк керек болгон жерге кызмат кылганга түрткү алышкан. Тияго: «Жахабанын азыркы күндөгү кызматчыларына кантип жардам берип жатканы жөнүндө окуганыбызда биз да Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылып, анын жардамын сезип көргүбүз келди»,— дейт. Акыры, алар Парагвайга көчүп барышкан. 2014-жылдан бери португал тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтып жатышат. Эстер: «Экөөбүздүн тең жакшы көргөн аятыбыз — Эфестиктер 3:20. Жахабага кызмат кылып жатып анда жазылган сөздөрдүн туура экенине далай жолу ынандык»,— дейт. Ал аятта Пабыл Жахабанын биз сурагандан алда канча көптү кыларын жазган. Бул сөздөрдүн чындык экени далай жолу далилденген.

Жаңы үйлөнгөндөр рухий жактан жетилгендердин кеңешине кулак какса Жахабаныкын жашоосунда биринчи орунга коё алышат (16-абзацты карагыла)

16. Максаттарын таразалап көрүш үчүн жаш жубайлар кимдерден кеңеш сураса болот?

16 Жаш түгөйлөр Жахабага таянганды үйрөнгөн жубайлардан көп нерсени үйрөнө алышат. Айрымдар өмүрлүк жары менен чогуу Жахабага ондогон жылдардан бери толук убакыт кызмат кылып келатышат. Алдыңарга койгон максаттарыңарды таразалап көрүш үчүн алардан кеңеш сурасаңар болот. Бул да силердин Жахабага таянарыңарды көрсөтөт (Накыл 22:17, 19). Жаш жубайларга алдына жакшы максаттарды коюп, аларга жеткенге аксакалдар да жардам бере алышат.

17. Клаус менен Марисанын жашоосунда кандай окуя болгон жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

17 Кээде биз Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн кандайдыр бир максаттарды коюшубуз, бирок ал бизди башкача жол менен колдонушу мүмкүн. Буга макаланын баш жагында айтылган Клаус менен Марисанын окуясы мисал боло алат. Үйлөнүшкөнүнө үч жыл болгондон кийин алар Финляндиядагы филиалды куруу ишине жардам бериш үчүн ошол жакка көчүп кетишкен. Бирок аларга ал жакта алты ай эле кызмат кыла алары айтылган. Башында буга аябай жаман болушкан. Бирок көп өтпөй эле араб тилин үйрөнүү боюнча курска чакырылышкан. Азыр алар башка өлкөдө араб тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтып, кубанып кызмат кылып жатышат. Мариса мындай дейт: «Бул мен үчүн таптакыр жаңы нерсе болгондуктан, башында аябай коркком. Жахабага толугу менен таянышым керек болду. Бирок Жахабанын бизге өзүбүз ойлобогондой жолдор менен жардам берип, дайыма колдоп жатканын көп жолу сездим. Ошонун аркасында Жахабага мурдагыдан да көбүрөөк таянып калдым». Мындан көрүнүп тургандай, эгер Жахабага толугу менен таянсаңар, ал сөзсүз батасын берет.

18. Жубайлар Жахабага таяна бериш үчүн эмне кылышы керек?

18 Ооба, нике — бул Жахабанын белеги (Мт. 19:5, 6). Жахаба ал белектин жубайларга кубаныч тартуулашын каалайт (Накыл 5:18). Жаш жубайлар, жашооңорду эмнеге арнап жатканыңар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Жахабага белеги үчүн канчалык ыраазы экениңерди көрсөтүш үчүн колуңардан келгендин баарын кылып жатасыңарбы? Бул тууралуу Жахабага айтып тиленгиле. Жагдайыңарга ылайык келе турган кеңештерди табыш үчүн анын Сөзүн изилдегиле. Анан Жахаба берген кеңештерди колдонгула. Эгер жашооңордо Жахабаны биринчи орунга койсоңор, андан мол бата алып, бактылуу өмүр сүрөсүңөр.

132-ЫР: Эми биз бир денебиз

^ 5-абз. Жахабага кызмат кылганга канча убактыбызды, күчүбүздү жумшаарыбыз айрым чечимдерибизден көз каранды болот. Өзгөчө, жаңыдан түтүн булаткан жубайларга көп чечимдерди чыгарганга туура келет. Ал чечимдери бүт жашоосуна таасир этиши мүмкүн. Бул макалада айтылган кеңештер аларга туура чечимдерди чыгарып, бактылуу өмүр сүргөнгө жардам берет.

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.