Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ишенимиңерди азыртадан чыңдагыла

Ишенимиңерди азыртадан чыңдагыла

«Жүрөк заада болбогула. Кудайга ишенгиле» (ЖКН. 14:1).

119-ЫР: Ишенимге ээ бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кээде эмне деп ойлонушубуз мүмкүн?

КЕЛЕЧЕКТЕ боло турган окуялар жөнүндө, мисалы, жалган диндин жок болушу, Магок жеринен чыккан Гоктун Кудайдын элине кол салышы, Армагедон согушу жөнүндө ойлонгондо кээде тынчсызданасыңарбы? «Жүрөк титиреткен ошол окуялар болгондо кынтыксыз бойдон кала аламбы?» — деп ойлонгон учурларыңар болобу? Эгер ошондой болсо, Иса Машаяктын Жакан 14:1де жазылган сөздөрүн карап чыкканыбыз силерге да пайдалуу болот. Иса шакирттерине: «Жүрөк заада болбогула. Кудайга ишенгиле»,— деп айткан (Жкн. 14:1). Эгер ишенимибиз бекем болсо, алдыда боло турган окуялардан коркпойбуз.

2. Ишенимибизди кантип чыңдай алабыз жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Учурда баарыбыз эле ишенимибизди сынаган кыйынчылыктарга кабылып жатабыз. Ошондой учурларда кандай иш-аракет кылып жатканыбыз жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз жакшы. Бул келечектеги сыноолорго туруштук бериш үчүн ишенимибизди дагы кантип чыңдасак болорун билгенге шарт түзөт. Ар бир сыноодон ийгиликтүү өткөн сайын, ишенимибиз чыңдала берет. Бул болсо алдыдагы сыноолорго сынбаганга жардам берет. Бул макалада Исанын шакирттери кабылган төрт жагдайды карап чыгабыз. Ошол жагдайларда алар ишенимин дагы кайсы жагынан чыңдашы керектиги айкын болгон. Андан соң бүгүнкү күндө биз да алардыкындай кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызды жана ошонун аркасында кандайча келечекке даярданып жатканыбызды талкуулайбыз.

КУДАЙДЫН КАМ КӨРӨРҮНӨ БЕКЕМ ИШЕНЕЛИ

Акча жагынан кыйналышыбыз мүмкүн, бирок ишенимибиз Кудайга кызмат кыла бергенге жардам берет (3, 6-абзацтарды карагыла)

3. Матай 6:30, 33тө Иса ишеним жөнүндө эмнени баса белгилеген?

3 Үй-бүлө башчысынын үйүндөгүлөрүн тамак-аш, кийим-кече, баш калкалай турган жай менен камсыз кылгысы келгени — табигый эле нерсе. Бирок азыркы заманда бул дайыма эле оңой боло бербейт. Кээ бир ишенимдештерибиз жумушунан айрылып калат, анан канчалык аракет кылса да, башка жумуш таба албай кыйналат. Башкалары болсо Кудайга жагыш үчүн анын мыйзам-принциптерине каршы келген жумуштардан баш тартышат. Ушундай учурлардын баарында Жахаба үй-бүлөбүздү зарыл нерселер менен камсыз кыларына эч шектенбешибиз керек. Иса тоодо насаат айтып жатканда ушул ойду баса белгилеген (Окугула: Матай 6:30, 33.) Эгер Жахабанын бизди таштабай турганына толук ишенсек, бүт көңүлүбүздү ага кызмат кылганга топтойбуз. Жахабанын бизге кантип кам көрүп жатканын көргөнүбүздө ага ого бетер жакындайбыз, ишенимибиз да бекемделет.

4, 5. Бир үй-бүлө акча жагынан кыйналып, тынчсызданганда эмне жардам берген?

4 Венесуэлада жашаган бир үй-бүлө кабылган окуяга токтололу. Алар акча жагынан катуу кыйналып жатканда Жахабанын кантип жардам бергенин сезишкен. Жан багыш үчүн алар жер иштетчү. Күндөрдүн биринде куралчан топ киши келип, алардын жерин ээлеп алышкан да, өздөрүн кууп жиберишкен. Үй-бүлө башчысы Мигел: «Биз азыр бирөөнүн жеринин бир кичинекей бурчунда жашап, ошол жерди иштетип күн көрүп жатабыз. Ар бир күнүмдү Жахабадан тиленип баштайм. Андан ушул күнгө керектүү нерсебизди бере көр деп суранам»,— дейт. Чынында эле, алардын үй-бүлөсүнүн жагдайы абдан оор. Бирок алар асмандагы мээримдүү Атабыздын жашоого зарыл нерселерден өксүтпөй турганына толук ишенишет. Ошон үчүн жыйналышка, кабар айтуу ишине үзбөй катышышат. Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коюшкандыктан, ал аларды керектүү нерселер менен камсыз кылып келатат.

5 Ушундай кыйын кезеңде Мигел менен жубайы Юрай Жахабанын аларга кам көргөнүнө далай жолу ынанышты. Мисалы, Жахаба кызматчыларын колдонуп, кээде аларга материалдык жактан көмөк көрсөтчү же Мигелге ылайыктуу жумуш тапканга жардам берчү. Кээде болсо айрым муктаждыктарына филиал аркылуу кам көрүп койчу. Кандай болбосун, Жахаба аларды такыр таштаган эмес. Мунун аркасында алардын үй-бүлөсүнүн ишеними мурдагыдан да бекемделген. Улуу кызы Йоселин Жахабанын аларга бир жолу кантип кам көргөнүн айтып бергенден кийин: «Жахабанын жардам берип жатканын айкын көргөндө жүрөгүң козголбой койбойт. Ал — менин досум. Мага дайыма кам көрөрүнө такыр шектенбейм»,— деген. Анан: «Башыбыздан өткөн кыйынчылыктар бизди келечектеги оор сыноолорго даярдады»,— деген.

6. Акча жагынан кыйналганда ишенимиңерди кантип бекемдесеңер болот?

6 Силер да тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жатасыңарбы? Бул оңой болбосо да, ушул убакты ишенимиңерди чыңдаганга колдонгула. Мисалы, Кудайдан тиленип алып, Исанын Матай 6:25—34-аяттардагы сөздөрүн окуп көргүлө. Анан алар жөнүндө ой жүгүрткүлө. Бүгүнкү күндө Жахабанын бүт убактысын анын ишине арнаган кызматчыларына кантип кам көргөнү жөнүндөгү окуялар тууралуу да ойлонуп көргүлө (1 Кор. 15:58). Бул анын силердикиндей жагдайга кабылган башка кызматчыларына кандай кам көрсө, силерге да ошондой кам көрөрүнө бекем ишенгенге жардам берет. Ал силерге эмне керек экенин, аны кантип беришти эң сонун билет. Жахабанын жардам берип жатканын сезгениңерде, ишенимиңер ого бетер өсөт. Мунун аркасында келечектеги оор сыноолорго туруштук бере аласыңар (Хаб. 3:17, 18).

ТУРМУШТУН БОРООН-ЧАПКЫНЫНА КАБЫЛГАНДА

Ишенимибиз күчтүү болсо, табигый кырсыкка же турмуштун бороон-чапкынына кабылганда багынбайбыз (7, 11-абзацтарды карагыла)

7. Матай 8:23—26-аяттарда жазылгандай, шакирттердин ишеними кантип сыналган?

7 Бир жолу Иса шакирттери менен кайыкта кетип баратканда, капысынан катуу шамал башталат. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Иса шакирттерине ишенимин дагы бекемдеши керектигин түшүнгөнгө жардам берет. (Окугула: Матай 8:23—26.) Толкун күчөп, кайыкты суу каптай баштаганда, Иса эч нерседен бейкапар уктап жаткан болчу. Шакирттеринин үрөйү учуп: «Мырзам, бизди куткар»,— деп аны ойготушат. Иса алардан: «Эмнеге мынча корктуңар, ишеними аздар?» — деп жылуу-жумшак сурайт. Шакирттери Жахабанын Иса менен анын жанында бараткандарды оңой эле сактап кала аларын түшүнүшү керек болчу. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Күчтүү ишеним табигый кырсык болгондо же жашообуздагы «бороон-чапкында» туруштук бергенге жардам берет.

8, 9. Анелдин ишеними кантип сыналган жана ага эмне жардам берген?

8 Пуэрто-риколук Анел деген бойдок ишенимдешибиз оор сыноого кабылганда ишеними кандайча бекемделгенин карап көрөлү. 2017-жылы «Мария» куюнунан улам анын үйү талкаланып калган. Анысы аз келгенсип, жумушунан да айрылып калган. «Ошондо тынчсызданбай койгон жокмун,— дейт Анел.— Бирок Жахабадан тиленип, ага таянганды үйрөндүм. Тынчымды алган ойлордун мени тушап алышына жол берген жокмун».

9 Анелге биздин уюмдун көрсөтмөлөрүнө баш ийгени да жардам берген. Ал мындай дейт: «Жахабанын уюму берген көрсөтмөлөргө баш ийгендиктен, жан дүйнөм тынч болду. Ишенимдештерим жылуу сөзүн айтып, жөлөп-таяп, керектүү нерселерди берип жатышты. Жахабанын ушинтип колдоп жатканын сезип жаттым... Жахаба мен сурагандан алда канча көптү берди. Ишенимим мурункудан да бекемделди».

10. Оор сыноого кабылганда эмне кылсаңар болот?

10 Силер да турмуштун бороон-чапкынына кабылып жатасыңарбы? Балким, табигый кырсык болуп, кыйналып жаткандырсыңар. Же катуу ооруп, ошондон улам көңүлүңөр чөгүп, эмне кылышты билбей жаткандырсыңар. Албетте, кээде тынчсызданасыңар, бирок ошонун айынан Жахабага таянбай калбагыла. Андан жардам сурап жалындуу тилене бергиле. Жахабанын мурун силерге кантип жардам бергени жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ошентип ишенимиңерди бекемдегиле (Заб. 77:11, 12). Анын силерди азыр да, келечекте да таштабай турганына толук ишенгиле.

11. Жетекчиликти колго алгандарга баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?

11 Кыйынчылыктарды көтөргөнгө дагы эмне жардам берет? Жогоруда Анел айткандай, баш ийүү жардам берет. Жахаба менен Иса ишенген адамдарга ишенгенди үйрөнгүлө. Жетекчиликти колго алган бир туугандарыбыздын көрсөтмөлөрү кээде бир кызыктай сезилиши мүмкүн. Бирок аларга баш ийсек, Жахаба батасын берет. Ыйык Китептен жана Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын жашоосунан көрүнүп тургандай, баш ийүү өмүрдү сактап калат (Чыг. 14:1—4; 2 Жылн. 20:17). Ошондой окуялар жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ошондо Жахабанын уюму берген көрсөтмөлөргө азыр да, келечекте да баш ийгенге чечкиндүү болосуңар (Евр. 13:17). Мунун аркасында жакында боло турган улуу алааматтан коркпой каласыңар (Накыл 3:25).

АДИЛЕТСИЗДИККЕ ТУШ БОЛГОНДО

Жахабадан дайыма тиленсек, ишенимибиз чыңдалат (12-абзацты карагыла)

12. Лука 18:1—8-аяттардан көрүнгөндөй, адилетсиздикке кабылганда ишеним кандайча жардам берет?

12 Иса шакирттеринин адилетсиздикке кабылып, ишеними сыналарын билген. Ошон үчүн аларга андайда эмне кылса болорун түшүнгөнгө жардам бериш үчүн бир мисал келтирген. Ал Лука китебинде жазылган. Мисалдагы жесир аял адилетсиз сотко арыз-муңун айтып кайра-кайра бара берген. Ал багынбай бара берсе, максатына жетерине ишенген. Анан ошондой болгон. Сот акыры анын арыз-муңун уккан. Мындан эмнени билсек болот? Албетте, ал соттон айырмаланып, Жахаба адилеттүү. Иса: «Кудай өзүнө күнү-түнү жалынган тандалгандар үчүн адилеттикти орнотпой коёбу?» — деген. (Окугула: Лука 18:1—8.) Анан: «Бирок адам Уулу келгенде жер бетинен ишеним табар бекен?» — деп сураган. Адилетсиздикке кабылганда сабырдуу болушубуз, багынбашыбыз керек. Ошондо ишенимибиз жесир аялдыкындай экенин көрсөтөбүз. Эгер ишенимибиз күчтүү болсо, Жахабанын бизге эртеби же кечпи, жардам берерине такыр шектенбейбиз. Биз тиленүүнүн да зор күчкө ээ экенине бекем ишенишибиз керек. Кээде Жахаба тилегибизди биз ойлобогондой жол менен орундатып коёт.

13. Веронун үй-бүлөсү адилетсиздикке кабылганда, кызынын Кудайдан тиленгени кандайча жардам берген?

13 Конго Демократиялык Республикасында жашаган Веро деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Куралчан аскерлер алар жашаган айылга кол салганда, Веро күйөөсү, 15 жаштагы кызы болуп качканга аргасыз болушкан. Анын күйөөсү Жахабага кызмат кылчу эмес. Качып баратышканда, жолду тосуп турган аскерлер аларды токтотуп, өлтүрөбүз деп коркута башташкан. Ошондо Веро ыйлап кирген. Кызы аны сооротуш үчүн Жахабанын атын кайра-кайра айтып, үнүн катуу чыгарып тиленген. Ал тиленип бүткөндө, ошол топтун башчысы: «Сага тиленгенди ким үйрөткөн?» — деп сураган. Ал: «Апам үйрөткөн. Апам мага Матай 6:9—13-аяттарда жазылгандагыдай кылып тиленгенди үйрөткөн»,— деп жооп берген. Ошондо тиги киши: «Биз силерге тийбейбиз, кете берсеңер болот. Силерди Жахаба Кудайыңар сактасын!» — деген.

14. Эмнеден улам ишенимибиз сыналышы мүмкүн? Андайда эмне жардам берет?

14 Мындай окуялардан Кудайдан тиленүү канчалык маанилүү экенин билсек болот. Бирок Кудай тилегибизге дайыма эле дароо же өзгөчө жол менен жооп бере бербейт. Андайда эмне кылыш керек? Иса мисал кылган жесир аялдай болуп, багынбай тилене бергиле. Кудайдын силерди эч качан таштабай турганына жана өз убагы келгенде тилегиңерди сөзсүз орундатарына эч шектенбегиле. Ага ыйык рухун сурап жалына бергиле (Флп. 4:13). Жахабанын жакында силерге мол батасын берерин, ошондо башыңардан өткөн азап-кайгынын баарын унутарыңарды эсиңерден чыгарбагыла. Кыйынчылыктарга Жахабанын жардамы менен туруштук бере берсеңер, күчкө толуп, келечектеги сыноолорго даяр болуп каласыңар (1 Пет. 1:6, 7).

ТООДОЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ДУУШАР БОЛГОНДО

15. Матай 17:19, 20да жазылгандай, Исанын шакирттери кандай кыйынчылыктарга кабылган?

15 Иса шакирттерине ишеним тоодой кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берерин айткан. (Окугула: Матай 17:19, 20.) Шакирттер адамдардын ичине кирип алган жиндерди далай жолу кууп чыгарышкан. Бирок бир жолу бир баланын ичинен жинди кууп чыгара албай коюшкан. Эмне үчүн? Иса аларга ишенимин дагы да чыңдашы керектигин түшүндүргөн. Эгер ишеними күчтүү болсо, опол тоодой болгон кыйынчылыктарды да жеңе алышарын айткан. Биз да ошондой кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн.

Жакыныбыздан айрылып, күйүт тартышыбыз мүмкүн, бирок ишенимибиз Жахабага кызмат кыла бергенге жардам берет (16-абзацты карагыла)

16. Гейдиге оор жоготууну көтөрүп кеткенге ишеними кандайча жардам берген?

16 Мисалга Гватемалада жашаган Гейди деген ишенимдешибизди алалы. Бир жолу жыйналыштан үйүнө кайтып келатышканда, күйөөсү Эдини өлтүрүп кетишкен. Ошондой оор жоготууну көтөргөнгө Гейдиге ишеними кандайча жардам берген? Ал мындай деп бөлүшөт: «Жүгүмдү Жахабага артыш үчүн андан тиленчүмүн. Ошондо жан дүйнөм тынчтанып калчу. Жахаба мага үй-бүлөм, жыйналыштагы досторум аркылуу кам көрүп жатты. Жахабага көбүрөөк кызмат кылганым күйүтүмдү басаңдатканга, эртеңки күндү ойлоп өтө эле тынчсыздана бербегенге жардам берди. Башыман өткөн ушул окуядан келечекте кандай кыйынчылыкка кабылбайын, Жахабанын, Исанын, уюмубуздун жардамы менен баарын көтөрүп кете аларыма ынандым».

17. Тоодой болгон кыйынчылыктарга кабылганда эмне кылсак болот?

17 Балким, силер да жакыныңарды жоготуп, күйүт тартып жаткандырсыңар. Эгер ошондой болсо, Ыйык Китептен тирилген адамдар жөнүндө окуп, өлгөндөрдүн тирилерине болгон ишенимиңерди чыңдай бергиле. Же мүмкүн, үй-бүлөңөрдөн кимдир бирөө жыйналыштан чыгарылып калып, кайгырып жаткандырсыңар. Анда Кудайдын дайыма туура жол менен тартипке саларына шектенбеш үчүн изилдөө жүргүзүп көргүлө. Кандай кыйынчылыкка кабылбагыла, аны ишенимиңерди чыңдаганга мүмкүнчүлүк катары көргүлө. Ан үчүн жүрөгүңөрдөгүнүн баарын Жахабага айтып тиленгиле. Башкалардан обочолонбой, дайыма ишенимдештериңер менен ынак болгула (Накыл 18:1). Кээде өткөндү эстеп ыйласаңар да, кайгыга чөгүп кетпегенге жардам берген иштерди кыла бергиле (Заб. 126:5, 6). Жыйналышка, кабар айтуу ишине дайыма катышкыла. Ыйык Китепти үзбөй окугула. Келечекте Жахабадан ала турган баталарыңар жөнүндө ой жүгүрткүлө. Жахабанын кантип жардам берип жатканын көргөн сайын, ага болгон ишенимиңер арта берет.

«ИШЕНИМИБИЗДИ АРТТЫРА КӨР»

18. Ишенимиңерди чыңдашыңар керектигин байкасаңар, эмне кылсаңар болот?

18 Кыйынчылыктарга кабылганда ишенимиңердин алсыз экенин байкаган болсоңор, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анын ордуна, ишенимиңерди чыңдаганга аракет кылгыла. Исанын элчилериндей болуп, Кудайдан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп тиленгиле (Лк. 17:5). Ошондой эле бул макалада талкууланган ишенимдештерибиздин үлгүсү жөнүндө ой жүгүрткүлө. Мигел менен Юрайга окшоп, Жахаба жардам берген учурлардын баарын эстеп жүргүлө. Веронун кызындай жана Анелдей болуп, дайыма, өзгөчө, оор кыйынчылыкка кабылганда Жахабадан жалындуу тиленгиле. Гейдиге окшоп, Жахабанын үй-бүлөңөр же досторуңар аркылуу жардам берип жатканын сезе билгиле. Эгер азыр кыйынчылыкка кабылганда Жахабанын жардамын кабыл алсаңар, ишенимиңер өсүп, келечекте кандай сыноого туш болбогула, анын сөзсүз жардам береринен түк да шектенбейсиңер.

19. Иса эмнеге толук ишенген жана силер эмнеден шектенбесеңер болот?

19 Иса шакирттерине ишенимин кайсы жагынан чыңдашы керектигин түшүнгөнгө жардам берген. Бирок алардын Жахабанын жардамы менен алдыдагы сыноолорду көтөрүп кете аларынан эч күмөн санаган эмес (Жкн. 14:1; 16:33). Ал эбегейсиз көп адамдардын күчтүү ишениминин аркасында улуу алааматтан аман өтөрүнө да толук ишенген (Аян 7:9, 14). Алардын арасында силер да болосуңарбы? Ан үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп ишенимиңерди бекемдей бергиле. Ошондо ырайымдуу Кудайыбыздын жардамы менен улуу алааматтан аман өтө аласыңар! (Евр. 10:39).

118-ЫР: «Ишенимибизди арттыра көр»

^ 5-абз. Баарыбыз тең Шайтан башкарган азыркы дүйнөнүн жок болушун эңсеп күтүп жатабыз. Бирок кээде: «Ишенимим ошол убакта туш боло турган сыноолорго туруштук бергенчелик бекемби?» — деп ойлонот болушубуз керек. Бул макалада айрым ишенимдештерибиздин башынан өткөн окуяларды жана алардан эмнелерди үйрөнсөк болорун карап чыгабыз. Бул ишенимибизди чыңдаганга жардам берет.