Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

49-ЫР: Жахабанын жүрөгүн кубанталы

Ага-инилер, кызмат жардамчысы болгонго умтулуп жатасыңарбы?

Ага-инилер, кызмат жардамчысы болгонго умтулуп жатасыңарбы?

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧ. 20:35).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада чөмүлгөн ага-инилер канткенде кызмат жардамчысы боло алам деген каалоосун арттыра алары жана кызмат жардамчысы болуш үчүн эмне кылышы керектиги талкууланат.

1. Элчи Пабыл кызмат жардамчыларына кандай караган?

 КЫЗМАТ ЖАРДАМЧЫЛАРЫ жыйналышта маанилүү иштерди аткарышат. Элчи Пабыл ал ишенимдүү эркектерди жогору баалаган. Мисалы, Филипидеги ишенимдештерине кат жазганда, аксакалдарга эле эмес, кызмат жардамчыларына да салам айткан (Флп. 1:1).

2. Луис деген кызмат жардамчысы эмне деген?

2 Көптөгөн ага-инилерибиз жаш курагына карабай, кызмат жардамчысы болуп, жыйналыштын керегине жарап жатканына абдан кубанышат. Алсак, Дейван 18 жашында кызмат жардамчысы болсо, Луис 50 жаштарында дайындалган. Луис мындай дейт: «Кызмат жардамчысы болуп ишенимдештериме кол кабыш кылып жатканыма аябай сыймыктанам. Алар мага көптөгөн жолдор менен сүйүүсүн көрсөтүп келишти, эми кезек мага келди!» Анын сөздөрүнө көп ага-инилер кошулат.

3. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Чөмүлгөн ага-инилер, кызмат жардамчысы болгонго максат коюп жатасыңарбы? Ушундай максат койгонго эмне түрткү берет? Кызмат жардамчысы болуш үчүн эмне кылышыңар керек? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз. Бирок адегенде кызмат жардамчыларынын жыйналышта кандай иштерди аткарарына токтололу.

КЫЗМАТ ЖАРДАМЧЫЛАРЫНА КАНДАЙ ИШТЕР ТАПШЫРЫЛАТ?

4. Кызмат жардамчылары кандай иштерди аткарышат? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Чөмүлгөн ага-инилер кызмат жардамчысы болуп кызмат кыла алышат. Алар ыйык рухтун жетеги менен дайындалат жана аксакалдарга жыйналыштын көптөгөн иштерин бүтүргөнгө жардам беришет. Айрым кызмат жардамчылары аймактардын, адабияттардын жетиштүү болушуна көз салышат. Башкалары болсо Падышалык залын жууп-тазалап, оңдоп-түзөгөнгө көмөк кылышат. Ошондой эле тескөөчү болушат жана жолугушуу учурунда үн күчөткүчтөрдү иштетип, видеолорду коюп беришет. Ооба, кызмат жардамчылары жыйналыштагыларга көп жагынан кол кабыш кылышат. Анткен менен алар биринчи кезекте Жахабаны сүйүшөт жана анын адил талаптары боюнча жашашат. Боордошторун да чын жүрөктөн жакшы көрүшөт (Мт. 22:37—39). Чөмүлгөн ага-инилер кызмат жардамчысы болуш үчүн эмне кылышы керек?

Кызмат жардамчылары башкаларга жанын аябай кызмат кылып, Исаны туурашат (4-абзацты карагыла)


5. Кызмат жардамчысы болуш үчүн эмне кылыш керек?

5 Ыйык Китепте кызмат жардамчысы болгусу келгендердин кандай талаптарга жооп бериши керектиги жазылган (1 Тим. 3:8—10, 12, 13). Ушул сыймыктуу жоопкерчиликти аркалагыңар келсе, ал талаптар жөнүндө көбүрөөк билип, аларга жооп бергенге аракет кыла бергиле. Бирок ага чейин ниетиңерди текшерип көргөнүңөр жакшы.

НИЕТИҢЕР КАНДАЙ?

6. Ишенимдештериңерге кызмат кылганга эмне түрткү бериши керек? (Матай 20:28; сүрөттү да карагыла.)

6 Иса Машаяк, эмне иш кылбасын, Атасын жана башкаларды жакшы көргөндүктөн кылган. Ошол сүйүүсү ага кара жанын карч уруп эмгектенгенге жана башкалар төмөн деп эсептеген иштерди кылганга түрткү берген. (Окугула: Матай 20:28; Жкн. 13:5, 14, 15). Эгер силерге да сүйүү түрткү берсе, анда кызмат жардамчысы болуш үчүн жумшап жаткан аракетиңерге Жахаба сөзсүз батасын берет (1 Кор. 16:14; 1 Пет. 5:5).

Иса элчилерине көрүнүктүү абалды ээлегенге эмес, өзүн төмөн коюп, башкаларга кызмат кылуу жагынан жакшы үлгү калтырган (6-абзацты карагыла)


7. Эл оозуна алыныш үчүн эле кызмат жардамчысы болгонго умтулуу эмне үчүн туура эмес?

7 Азыркы дүйнөдө көптөр элдин көзүнө көрүнүп, оозуна алынгандарга суктанышат. Бирок Жахабанын уюмунда андай эмес. Исага окшоп, кызмат кылганга сүйүү түрткү берген ага-ини башкалардын үстүнөн бийликке ээ болгонго же атак-даңкка умтулбайт. Эгер эл оозуна алынгысы келгендер кызмат жардамчысы же аксакал болуп дайындалып калса, Жахабанын койлоруна кам көрүш үчүн төмөн деп эсептелген иштерди кылбай коюшу мүмкүн. Анткени андай иштер анын кадырын түшүрөт деп ойлойт (Жкн. 10:12). Жахаба ушундай өзүмчүл, текебер кишилерге эч качан батасын бербейт (1 Кор. 10:24, 33; 13:4, 5).

8. Иса элчилерине эмне деп кеңеш берген?

8 Кээде атүгүл Исанын жакын достору да сыймыктуу жоопкерчиликтерге туура эмес ниет менен умтулган. Буга Исанын Жакып менен Жакан деген эки элчисин мисал кылса болот. Алар Исадан Падышалыкта өзгөчө орундарды беришин суранышкан. Ошенткени үчүн Иса аларды мактаган эмес. Тескерисинче, он эки элчисине мындай деп түшүндүргөн: «Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун» (Мр. 10:35—37, 43, 44). Туура ниет менен, тагыраак айтканда, ишенимдештеримдин керегине жарайын деп кызмат жардамчысы болгонго умтулгандар жыйналыш үчүн чоң бата болушат (1 Тес. 2:8).

КААЛООҢОРДУ ЭМНЕ АРТТЫРАТ?

9. Канткенде каалооңорду арттыра аласыңар?

9 Силердин Жахабаны жакшы көрөрүңөргө жана боордошторуңарга кызмат кылгыңар келерине шек жок. Ошентсе да кызмат жардамчысы болуп кошумча милдеттерди аткарганга каалооңор жок болуп жатсачы? Анда эмне кылсаңар болот? Ишенимдештериңерге кызмат кылып, андан кандай кубаныч аларыңар жөнүндө ойлонгула. Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айткан (Элч. 20:35). Ал өзү да ушул сөздөрүнө ылайык жашаган. Ал башкаларга кызмат кылгандан чындап кубаныч алган. Силер да ошенте аласыңар!

10. Иса башкаларга кызмат кылуу кубаныч тартуулаарын кантип көрсөткөн? (Мр. 6:31—34).

10 Башкаларга кызмат кылганда Иса кубанычка бөлөнгөн. Буга байланыштуу бир мисал карайлы. (Окугула: Марк 6:31—34.) Бир жолу Иса менен элчилери аябай чарчашкан. Ошондуктан бир аз эс алып алыш үчүн эл жок жакка баратышкан. Бирок эл Исадан насаат угуш үчүн ошол жакка алардан мурун барып калган. Иса менен шакирттеринин атүгүл «тамак ичкенге да убактысы болбой» жаткан болчу. Ошондуктан ал элге эмкиде келгиле деп койсо деле болмок же бир аз эле окутуп туруп, таратып жиберсе деле болмок. Бирок Иса аларды жакшы көргөндүктөн, «көп нерсеге окута баштаган». Жадагалса «кеч киргенге» чейин окуткан (Мр. 6:35). Иса муну милдеттүү болгон үчүн эмес, «аларга боор ооруган» үчүн кылган. Ал элди жакшы көргөндүктөн окуткусу келген. Башкаларды жакшы көргөнү Исага зор кубаныч тартуулаган.

11. Иса угуучуларына кантип иш жүзүндө жардам берген? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Иса элди окутуп эле койбостон, аларга иш жүзүндө жардам бергенге да дилгир болгон. Мисалы, балык менен нанды керемет жолу менен көбөйтүп, шакирттерине аларды таратып берүүнү айткан (Мр. 6:41). Ушундайча ал шакирттерине башкаларга кантип кызмат кылса болорун үйрөткөн. Ошондой эле боордошторубузга иш жүзүндө жардам берүүнүн, азыр кызмат жардамчылары аткарган иштин, канчалык маанилүү экенин көрсөткөн. Шакирттердин балык менен нанды элдин «баары тоё жегенге» чейин таратып бергенге жардамдашканда канчалык кубанганын элестетсеңер! (Мр. 6:42). Бул Исанын өзгөнүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюп, жардам берген учурларынын бири гана. Ал жердеги бүтүндөй жашоосун башкаларга кызмат кылганга арнаган (Мт. 4:23; 8:16). Иса башкаларды окутуп, жардам бергенде өзүн аябай бактылуу сезген. Эгер силер да кызмат жардамчысы болгонго таза ниет менен умтулсаңар, чоң кубанычка бөлөнөрүңөр шексиз!

Жахабаны сүйсөңөр жана башкаларга кызмат кылганга дилгир болсоңор, жыйналышыңардагыларга жардам берүүнүн жолдорун таба аласыңар (11-абзацты карагыла) a


12. Эмне үчүн эч кимибиз: «Жыйналыштын керегине жарай албайм»,— деп ойлобошубуз керек?

12 «Жыйналышка пайдам тие турган эч кандай жөндөмүм жок»,— деп ойлоп жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анткени силерде жакшы сапаттарыңар бар экени турган иш. Балким, Пабылдын 1 Корунттуктар 12:12—30-аяттарда айткан сөздөрү жөнүндө тиленип алып, окуп чыгаттырсыңар. Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахабанын ар бир кызматчысындай эле, силердин жыйналышта баалуу ордуңар бар жана боордошторуңарга керексиңер. Эгер азырынча кызмат жардамчыларына коюлган талаптарга жооп бере албай жатсаңар, багынбагыла. Жахабанын жана ишенимдештериңердин керегине жараш үчүн колуңардан келишинче аракет кыла бергиле. Аксакалдар силерге тапшырмаларды, кызмат жардамчысы болгонго чейин эле, жөндөмүңөрдү, күчүңөрдү эске алып берерин унутпагыла (Рим. 12:4—8).

13. Эмне үчүн кызмат жардамчысы болууга умтулуп жаткандар аларга коюлган талаптарга жооп бере алат деп айтса болот?

13 Бул жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: кызмат жардамчылары чагылдырышы керек болгон Ыйык Китепте саналып өткөн сапаттарды Машаяктын ар бир жолдоочусу чагылдырышы зарыл. Баарыбыз тең Жахабага жакындаганга, башкаларга чын жүрөктөн жакшылык кылганга жана Кудайга жакканга умтулушубуз керек. Силердин буга чейин эле ошол сапаттарды чагылдырып келатканыңар шексиз. Анда кызмат жардамчысы болгусу келгендерге кандай талаптар коюлат?

КАНДАЙ ТАЛАПТАР КОЮЛАТ?

14. «Салабаттуу» деген эмнени билдирет? (1 Тиметей 3:8—10, 12).

14 Келгиле анда, 1 Тиметей 3:8—10 жана 12-аяттарда жазылган айрым талаптарга токтололу. (Аяттарды окугула.) Кызмат жардамчысы «салабаттуу» болушу керек. Бул сөздү баарына «олуттуу караган», «токтоо», «жоопкерчиликтүү» деп да которсо болот. Бирок бул такыр эле күлбөшүңөр же тамашалабашыңар керектигин билдирбейт (Нас. 3:1, 4). Бул тапшырылган ишке олуттуу караш керектигин билдирет. Эгер тапшырган ишти дайыма аягына чейин, майын чыгара аткарсаңар, жыйналыштагылар силерди ишеничтүү киши деп эсептеп, сыйлап калат.

15. «Эки жүздүү эмес», «арам жол менен пайда көрүүгө умтулбайт» деген эмнени билдирет?

15 «Эки жүздүү эмес» деген ак ниет, чынчыл дегенди билдирет. Андай киши сөзүнө турат жана башкаларды алдабайт (Накыл 3:32). «Арам жол менен пайда көрүүгө умтулбайт» деген аласа-бересеге так, башкалар менен иштешкенде чынчыл болуш керектигин билдирет. Бул өз ичине пайда көрүш үчүн же көбүрөөк акча табыш үчүн ишенимдештерибизди колдонбошубуз керектигин да камтыйт.

16. а) «Шарапка жакын эмес» деген эмнени билдирет? б) «Таза абийирге» ээ болуу деген эмнени билдирет?

16 «Шарапка жакын эмес» деген бул ичимдикти чени менен ичүүнү же көп ичкен адам катары таанымал болбош керектигин билдирет. Ал эми «таза абийирге» ээ болуу деген бул Жахабанын талаптарына ылайык жашоону билдирет. Албетте, аларга жеткилең түрдө жооп бере албасак да, Жахаба менен ынак болгондуктан, абийирибиз таза, жүрөгүбүз тынч болот.

17. «Канчалык жарактуу экени сыналсын» деген сөздөр эмнени билдирет? (1 Тиметей 3:10; сүрөттү да карагыла.)

17 «Канчалык жарактуу экени сыналсын» деген сөздөр аксакалдарын силердин жоопкерчиликтүү, ишеничтүү экениңерге кызмат жардамчысы болгонуңарга чейин эле көзү жетиши керектигин билдирет. Андыктан аксакалдар силерге кандайдыр бир иш тапшырса, аны алардын кеңешине жана уюм берген көрсөтмөлөргө ылайык так аткарганга аракет кылгыла. Эмне кылышыңар керектигин жана качан бүтүрүшүңөр керектигин тактап алгыла. Кандай иш тапшырылбасын, аны жакшы, ынталуу аткарсаңар, жыйналыштагылар муну байкап, силерге көбүрөөк ишене баштайт. Аксакалдар, чөмүлгөн ага-инилерди окутуп-үйрөткөнгө дилгир болгула! (Окугула: 1 Тиметей 3:10.) Жыйналышыңарда 10—14 жашка чейинки же андан да кичирээк чөмүлгөн эркек балдар барбы? Алар өздүк изилдөөсүн жакшы өткөрөбү? Жыйналышка жакшы даярданып келеби? Дайыма жооп береби? Кызматка чыгабы? Ошондой болсо, аларга жаш-курагына ылайык келген тапшырмаларды берсеңер болот. Мунун аркасында алардын көбүрөөк тапшырмаларды аткарганга «канчалык жарактуу экени сыналат». Анан 17лерден ашканда ал уландар кызмат жардамчысы болгонго жарап калышы мүмкүн.

Аксакалдар чөмүлгөн ага-инилерге тапшырмаларды берип, алардын канчалык жарактуу экенин сынай алышат (17-абзацты карагыла)


18. «Башкалар айыптай албагыдай болушсун» деген сөздөр эмнени билдирет?

18 «Башкалар айыптай албагыдай болушсун» деген сөздөр бул силерди эч ким: «Ал тигиндей же мындай жаман иштерди кылып жүрөт»,— деп айта албагыдай болушу керектигин билдирет. Албетте, Машаяктын жолдоочуларына жалаа жабылышы мүмкүн. Исага деле ошентишкен жана ал өзүнүн жолдоочуларынын да ушундай мамилеге кабыларын алдын ала айткан (Жкн. 15:20). Анткен менен, Исадай болуп, жүрүм-турумуңар таза болсо, жыйналыштагылардын алдында жакшы атка ээ боло аласыңар (Мт. 11:19).

19. «Бир эле аялы бар» деген сөздөр өз ичине эмнени камтыйт?

19 «Бир эле аялы бар». Эгер кызмат жардамчысы үйлөнгөн болсо, ал Жахабанын никеге койгон баштапкы талабына — бир эркектин бир эле аялы болушу керек деген талабына — карманышы керек (Мт. 19:3—9). Машаякты жолдогон эркек эч качан ойноштукка барбашы кажет (Евр. 13:4). Бирок бул өз ичине андан да көптү камтыйт. Ал жубайына берилгендик сактап, башка кыз-келиндерге эч качан орунсуз мамиле кылбайт жана тийишпейт (Аюп 31:1).

20. Үй-бүлө башчысынын «үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билери» эмнеден көрүнөт?

20 «Балдары менен үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билген адам болсун». Эгер үй-бүлө башчысы болсоңор, милдеттериңерге олуттуу карагыла. Үй-бүлө менен сыйынууну дайыма өткөргүлө. Үйүңөрдөгүлөрдүн баары менен кызматка колуңардан келишинче бат-баттан чыгып тургула. Балдарыңарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам бергиле (Эф. 6:4). Үй-бүлөсүнө жакшы кам көргөн эркек жыйналышка да жакшы кам көрө алат. (Салыштыргыла: 1 Тиметей 3:5.)

21. Эгер кызмат жардамчысы боло элек болсоңор, эмне кылсаңар болот?

21 Ага-инилер, эгер кызмат жардамчысы боло элек болсоңор, анда бул макаланы тиленип алып, дагы бир сыйра окуп чыгышыңарды суранабыз. Кызмат жардамчыларына коюлган талаптарды тереңирээк изилдегиле жана аларга жооп бергенге бүт күчүңөрдү жумшагыла. Жахабаны жана ишенимдештериңерди канчалык жакшы көрөрүңөр жөнүндө ой жүгүрткүлө. Аларга кызмат кылам деген каалооңорду мындан ары да тереңдете бергиле (1 Пет. 4:8, 10). Жыйналышыңарга жаныңарды аябай кызмат кылып, анын кубанычын татып көрө бергиле. Жахаба кызмат жардамчысы болоюн деп кылып жаткан аракетиңерге батасын мол төксүн! (Флп. 2:13).

17-ЫР: «Каалайм»

a СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Сол жактагы сүрөттө Иса шакирттерине кызмат кылып жатат. Оң жактагы сүрөттө болсо, кызмат жардамчысы жыйналышындагы бир атага жардам берип жатат.