Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

Адилетсиздикке кабылганда эмне кылсаңар болот?

Адилетсиздикке кабылганда эмне кылсаңар болот?

«Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең» (РИМ. 12:21).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Адилетсиздикке кабылганда жагдайды оордотуп жибербеш үчүн эмне кылсаңар болот?

1, 2. Кимдер адилетсиз мамиле кылышы мүмкүн?

 БИР ЖОЛУ Иса адилеттүүлүктү талап кылып, сотко кайра-кайра барган жесир аял жөнүндө мисал айтып берген. Шакирттеринин көбү мисалдагы аялдын сезимдерин дароо эле түшүнсө керек. Анткени ошол учурда карапайым эл адилетсиздикке көп кабылчу (Лк. 18:1—5). Биз деле бүгүнкү күндө бирде болбосо бирде адилетсиздикке кабылабыз. Андыктан ал аялдын сезимдери бизге да тааныш.

2 Азыркы дүйнөдө адилетсиздик, теңсиздик, кысым сыяктуу нерселер кеңири таралгандыктан, жаман мамилеге туш болгондо таң калбайбыз деле (Нас. 5:8). Бирок ишенимдештерибиз ошондой мамиле кылса, туталанышыбыз ыктымал. Өкүнүчтүүсү, адилетсиздикке Кудайдын элинин арасында жүрүп деле кабылышыбыз мүмкүн. Албетте, бизге каршы чыккандардан айырмаланып, боордошторубуз атайлап жаман мамиле кылбайт. Болгону эле, алар жеткилең эмес. Иса да адилетсиздикке кабылган. Анын эмне кылганын карап чыкканыбыз бизге пайдалуу болот. Эгер душмандарыбыздын жаман мамилесине чыдап жатсак, анда боордошторубуз көңүлүбүздү калтырганда андан бетер чыдашыбыз керек эмеспи?! Ишенимдешибиз же башка бирөө бизге адилетсиз мамиле кылганда, Жахаба буга кандай карайт? Ал көз жумуп коёбу?

3. Жахаба адилетсиздикке кабылганыбызга кандай карайт жана эмне үчүн?

3 Жахаба адилетсиздикке кабылганыбызда көз жумуп койбойт. Анткени ал «адилеттикти сүйөт» (Заб. 37:28). Иса да өз убагы келгенде Жахабанын «адилеттикти орнотууга шашарына» ынандырган (Лк. 18:7, 8). Жакында ал адилетсиздикти жана анын айынан тарткан азаптарыбыздын баарын жок кылат (Заб. 72:1, 2).

4. Жахаба бүгүнкү күндө бизге кандай жолдор менен жардам берет?

4 Азыр бизге «адилдик өкүм сүрө турган» убакты күткөнгө туура келүүдө. Бирок ал учур келгенге чейин Жахаба бизге адилетсиздикке чыдаганга жардам берет (2 Пет. 3:13). Мисалы, ал адилетсиздикке туш болгонубузда акылсыз иш кылып албаганга үйрөтөт. Ошондой эле бизге жардам болсун деп Уулунун жеткилең үлгүсүн Ыйык Китепке жаздыртып койгон жана эмне кылсак болоруна байланыштуу жакшы кеңештерди берген.

АДИЛЕТСИЗДИККЕ КАБЫЛГАНДА АКЫЛСЫЗ ИШ КЫЛГАНДАН САК БОЛОЛУ

5. Адилетсиздикке кабылганда эмнеден сак болушубуз керек?

5 Адилетсиздикке кабылганда жүрөгүбүз жараланары, туталанарыбыз турган иш (Нас. 7:7). Аюп, Хабакук сыяктуу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да ушундай сезимдерди туюшкан (Аюп 6:2, 3; Хаб. 1:1—3). Албетте, бул табигый эле нерсе. Ошентсе да адилетсиздикке туш болгондо сезимдерге алдырып, акылсыз иш кылып алгандан сак болушубуз керек.

6. Абышалом жөнүндөгү окуядан эмнени билсек болот? (Сүрөттү да карагыла.)

6 Кимдир бирөө бизге же жакыныбызга жаман мамиле кылганда баарын колго алып, көйгөйдү өзүбүз чечкибиз келиши мүмкүн. Бирок бул жагдайды ого бетер оордотуп жибериши ыктымал. Дөөтү падышанын уулу Абышаломдун окуясына токтололу. Аталаш бир тууганы Амнон анын энелеш карындашы Тамарды зордуктап койгон. Ошондо Абышаломдун күйбөгөн жери күл болгон. Кудайдын Муса аркылуу берген Мыйзамына ылайык, Амнон өлүм жазасына тартылышы керек болчу (Леб. 20:17). Абышаломдун ачууланганы жөндүү болсо да, Амнонду өлтүрүп, укугу жок нерсени кылганы туура эмес болгон (2 Шем. 13:20—23, 28, 29).

Абышалом карындашы Тамардын зордукталганын укканда ачууга алдырып, акыры, жаман иш кылган (6-абзацты карагыла)


7. Адилетсиздикке өтө эле кейигени забурчуга кандай таасир эткен?

7 Жаман иш кылгандар жазаланбай жүргөндөй көрүнгөндө түз жүргөндөн эмне пайда деген ойлор келе башташы мүмкүн. Бир забурчу ушинтип бушайман болгон. Ал адил адамдардын эмгегин жегендердин гүлдөп-өсүп жатканын көргөндө: «Ыймансыздар ушинтип бейкапар жашайт»,— деп айткан (Заб. 73:12). Адилетсиздикке ушунчалык кейигендиктен Жахабага кызмат кылгандан пайда жок деп ойлой баштаган. Ал ушулар тууралуу ойлонуп, аябай кыйналган (Заб. 73:14, 16). Анан: «Мен жолдон чыгып кете жаздадым, бутум тайып кете жаздады»,— деген (Заб. 73:2). Альберто деген ишенимдешибиз да ушу сыяктуу жагдайга кабылган.

8. Бир ишенимдешибиз адилетсиздикке кабылганда эмне кылган?

8 Альбертого айрым ишенимдештери жыйналыштын акчасын уурдап алды деп жалаа жабышкан. Анын айынан ал аксакал болуп кызмат кылбай калган. Башка көптөгөн жарчылар да аны сыйлабай калган. «Ошондо жаным кашайып, ачууланып, баарынан көңүлүм калган»,— дейт ал. Ушунчалык жаман болгондуктан жыйналыштарга барбай, атүгүл беш жыл бою жигерсиз болуп калган. Бул окуя адилетсиздикке кабылганда өтө эле ызаланып, сезимдерге алдырсак, арты эмне болорун көрсөтүп турат.

ИСАДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

9. Башкалар Исага кандай мамиле кылышкан? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Иса адилетсиздикке кабылганда кантип жооп кайтарыш керектигине байланыштуу жеткилең үлгү калтырган. Ага башка адамдар да, атүгүл өз үйүндөгүлөрү да кандай мамиле кылганына көңүл буралы. Ага ишенбеген туугандары аны акылынан айнып калды десе, диний жетекчилер кереметтерди жиндердин жардамы менен кылат деп айыпташкан. Рим жоокерлери болсо аны мазактап, уруп-сабап, акыры, өлтүрүшкөн (Мр. 3:21, 22; 14:55; 15:16—20, 35—37). Исаны ушунчалык кордошсо да, ал баарына чыдаган, өч алганга умтулган эмес. Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

Иса адилетсиздикке чыдап, бизге мыкты үлгү калтырган (9, 10-абзацтарды карагыла)


10. Адилетсиздикке кабылганда Иса эмне кылган? (1 Петир 2:21—23).

10 Окугула: 1 Петир 2:21—23 a. Адилетсиздикке кабылганда эмне кылыш керектигин Исадан үйрөнсөк болот. Ал качан сүйлөп, качан унчукпай эле коюш керектигин билген (Мт. 26:62—64). Жалаа жабышканда кээде унчукпай эле койчу (Мт. 11:19). Бирок айтыш керек болгондо, айтчу. Ошентсе да аны куугунтуктагандарды басынтып же коркутуп-үркүткөн эмес. Ал баарын «адилеттүү Сотко тапшыргандыктан» өзүн кармаган. Эң негизгиси, Иса ага адилетсиздик кылып жаткандарды Жахабанын көрүп турарына, өз учуру келгенде кийлигишерине бекем ишенген.

11. Канткенде Исадан үлгү алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Адилетсиздикке кабылганда, Исадай болуп, кайсы учурда сүйлөп, кайсы учурда унчукпашыбыз керектигин билишибиз керек. Мисалы, майда-чүйдө нерселерге көз жумуп койсок болот. Же көйгөй ырбап кетиши мүмкүн экенин билсек, унчукпай эле койгонубуз жакшы (Нас. 3:7; Жкп. 1:19, 20). Ал эми кимдир бирөөнүн адилетсиздикке туш болуп жатканын көрсөк же чындыкты коргош керек болсо, унчукпай койбошубуз керек (Элч. 6:1, 2). Ошол эле учурда өзүбүздү кармап, урмат-сый менен сүйлөшүбүз зарыл (1 Пет. 3:15) b.

Адилетсиздикке туш болгондо, Исаны туурап, качан жана кантип сүйлөш керектигин кылдат ойлонушубуз керек (11, 12-абзацтарды карагыла)


12. Өзүбүздү «адилеттүү Сотко» канткенде тапшыра алабыз?

12 Өзүбүздү «адилеттүү Сотко тапшырсак» да Исаны туураган болобуз. Башкалар бизди катуу сынга алса же жаман мамиле кылса, Жахабанын баарын көрүп турарын эсибизде сактайлы. Анын баарын өз ордуна келтирерин билгенибиз бизге адилетсиздикке чыдаганга жардам берет. Жахабага таянсак жана аны күтсөк, ызанын же таарынычтын жүрөгүбүздү ууландырышына жол бербейбиз. Ушул сыяктуу терс сезимдердин айынан аша чаап кетишибиз, кубанычыбызды жоготушубуз, баарынан жаманы, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп алышыбыз мүмкүн (Заб. 37:8).

13. Адилетсиздикке чыдаганга эмне жардам берет?

13 Албетте, биз Исаны жеткилең түрдө туурай албайбыз. Кээде кийин өкүнүп кала турган иштерди кылып же сөздөрдү айтып алабыз (Жкп. 3:2). Же айрымдар жүрөгүбүзгө өчпөй турган так калтырышы мүмкүн. Ошонун айынан ушул дүйнөнүн акырына чейин кыйналышыбыз ыктымал. Эгер силердин жагдайыңар ушундай болсо, Жахабанын башыңардан эмнелерди кечирип жатканыңарды көрүп турарынан шектенбегиле. Иса да силерди аябай жакшы түшүнөт. Анткени ал да адилетсиз мамиледен азап чеккен (Евр. 4:15, 16). Жахаба Сөзүнө Исанын жеткилең үлгүсүнөн тышкары, адилетсиздиктен улам чөгүп кетпегенге жардам берген кеңештерди да жаздырып койгон. Анда ушуга байланыштуу Римдиктер китебиндеги эки аятка токтололу.

«КУДАЙДЫН КААРЫНА ОРУН БЕРГИЛЕ»

14. «Кудайдын каарына орун бергиле» деген эмнени билдирет? (Римдиктер 12:19).

14 Окугула: Римдиктер 12:19. Элчи Пабыл ишенимдештерин «Кудайдын каарына орун бергенге» үндөгөн. Эгер Жахабага өзү туура көргөн учурда, өзү туура көргөндөй жол менен адилеттикти орнотконго жол берсек, «Кудайдын каарына орун берген» болобуз. Адилетсиздикке кабылган Жон мындай деген: «Кээде өзүм туура көргөндөй кылгым келчү. Бул оңойго турбаса да, өзүмдү кармачумун. Ушинткенге жана Жахабаны күткөнгө Римдиктер 12:19дагы сөздөр жардам берди».

15. Жахабаны күткөнүбүз эмне үчүн жакшы?

15 Өзүбүзгө эле жакшы болсун десек, Жахаба көйгөйүбүздү чечип бергенге чейин күткөнүбүз оң. Эгер антпесек, көйгөйүбүздү көбөйтүп алышыбыз, ашыкча стресс болушубуз ыктымал. Жахаба бизге жардам бергиси келет. Мындайча айтканда, ал: «Муну мага кой, мен чечип берем»,— дегендей болот. Анын: «Тиешесин мен берем»,— деген убадасына ишенсек, көйгөйдү ойлоп бушайман боло бербешибиз керек. Анткени Жахаба ошол маселени эң жакшы жол менен чечип берет. Жогоруда сөз кылынган Жонго да так ушу нерсе жардам берген. Ал: «Эгер Жахабаны күтсөм, ал көйгөйүмдү өзүм чечкенден жүз эсе жакшы чечип бере алат»,— деген.

ЖАМАНДЫКТЫ «ДАЙЫМА ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН ЖЕҢГИЛЕ»

16, 17. Жамандыкты «дайыма жакшылык менен жеңгенге» тиленгенибиз кандайча жардам берет? (Римдиктер 12:21).

16 Окугула: Римдиктер 12:21. Элчи Пабыл ишенимдештерин жамандыкты «дайыма жакшылык менен жеңгенге» да үндөгөн. Иса тоодогу насаатында: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген (Мт. 5:44). Ал өзү да ушундай кылган. Рим жоокерлери аны устунга кадап жатканда Исанын канчалык кыйналганын эстесеңер. Алар Исаны басынтып, аёосуз кыйнаган. Ошондо анын сай сөөгү канчалык сыздаганын эч качан толугу менен элестете албайбыз.

17 Адилетсиздикке кабылса да, Иса Жахабага ишенимдүү бойдон калып, башкаларга жакшылык кыла берген. Жоокерлерди каргабай, кайра: «Ата, буларды кечире көр, анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп тиленген (Лк. 23:34). Бизге жаман мамиле кылгандар үчүн тиленсек, көп туталанбай, ачуубуз тарап, атүгүл бизди таарынткан кишиге башкача карап калабыз.

18. Альберто менен Жонго тиленгени эмне кылганга жардам берген?

18 Ушул макалада сөз кылынган эки ишенимдешибизге тиленгени адилетсиздикке чыдаганга жардам берген. Альберто мындай дейт: «Адилетсиз мамиле кылган ишенимдештерим үчүн көп жолу тиленгем. Жахабадан: „Аларга ачуулана бербегенге жардам берчи“,— деп далай ирет сурангам». Бактыга жараша, Альберто азыр Жахабага кайрадан ишенимдүү кызмат кылып жатат. Жон болсо мындай дейт: «Көңүлүмдү ооруткан ишенимдешим жөнүндө Жахабага айтып көп жолу тилендим. Бул мага ошол ишенимдешимди айыптап, ага ачуулана бербегенге жардам берди. Тиленгендин аркасында акылыма, жүрөгүмө тынчтык орноду».

19. Дүйнөнүн акырына чейин эмне кыла беришибиз керек?

19 Ыйманы кеткен дүйнөнүн акыры келгенге чейин адилетсиздикке туш болорубуз турган иш. Бирок, кандай жагдайга кабылбайлы, Жахабадан жардам сурап тиленгенибизди такыр токтотпойлу. Адилетсиздикке кабылганда Исаны туурайлы жана Жахабанын Сөзүндөгү кеңештерди колдоно берели. Ошентсек, Жахабадан сөзсүз бата алабыз. (Окугула: 1 Петир 3:8, 9.)

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

a Элчи Петирдин 1-катынын 2 жана 3-бөлүмдөрүндө Исанын 1-кылымдагы көптөгөн жолдоочулары кандай жагдайларга туш болгону жөнүндө жазылат. Айрымдар катаал кожоюнунун же Машаякты жолдобогон күйөөсүнүн айынан азап чеккен (1 Пет. 2:18—20; 3:1—6, 8, 9).

b jw.org сайтынан: «Канткенде сүйүү чыныгы тынчтыкка жеткирет?» деген видеону көргүлө.