Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Жахаба согуш маалында да, тынч кезде да бизге күч берип келген

Жахаба согуш маалында да, тынч кезде да бизге күч берип келген

Пол: 1985-жыл, ноябрь. Биз миссионер болуп дайындалып, Батыш Африкадагы Либерияга баратканбыз. Жүрөгүбүз толкуп-ташып жатты. Бирок учак Сенегалдан токтоп калды. Энн: «Бир сааттан кийин эле Либерияда болуп калабыз»,— деди. Бир убакта: «Либерияга бараткандар учактан түшүп калгыла»,— дегенди уктук. Либерияда төңкөрүш болуп жаткандыктан, ал жакка уча албай калдык. Сенегалда миссионерлер менен он күн жашадык. Жаңылыктардан Либерияда чоң машинелердин толтура өлүктөрдү ташып жатканын, өкмөт коменданттык саат киргизгенин жана ага баш ийбегендер атыларын угуп жаттык.

Энн: Биз тынч жашаганды жакшы көрчүбүз. Бала чагыман мени «Санаачыл Энни» дешчү. Жолдон өтүп баратканда да коркуп өтчүмүн. Кыйын болсо да, Либерияга барганга даяр элек.

Пол: Энн экөөбүз тең Англиянын батышында төрөлгөнбүз. Биз бири-бирибизден 8 чакырымдай алыс жашачубуз. Мен да, Энн да мектепти бүтөрүбүз менен эле пионердик кызматты баштаганбыз. Ата-энем менен Энндин апасы буга дайыма үндөшчү. Муну сүйүнчүлөгөнүбүздө, аябай кубанышкан. 19умда Бейтелге чакырылдым. 1982-жылы Энн экөөбүз баш коштук, ал дагы Бейтелге келди.

Гилат мектебинин бүтүрүү аземи, 1985-жыл, 8-сентябрь

Энн: Бейтелдик кызмат жакса да, жарчылар аябай керек болгон жерде кызмат кылгыбыз келчү. Мурун миссионер болгондор менен Бейтелде кызмат кылып жатып ушул каалообуз күчөгөн. Бул тууралуу 3 жыл бою күндө кечинде тиленгенбиз. Анан 1985-жылы Гилат мектебинин 79-классына чакырылганда ушунчалык сүйүнгөнбүз. Ошентип, Либерияга дайындалдык.

ДЕМ-КҮЧКӨ ТОЛТУРГАН СҮЙҮҮ

Пол: Либерияга кетчү биринчи эле учакка отурдук. Ал жакта элдин үрөйү учуп, коменданттык саат дагы эле алына элек экен. Капысынан машинеден кулак тундурган үн чыкканда, калың эл дүрбөлөңгө түшүп, качып жөнөчү. Өзүбүздү тынчтандырыш үчүн күндө кечинде Забурду окучубуз. Оор абалга карабай кызматыбызды жаныбыздай жакшы көрчүбүз. Энн күндө кабар айтчу. Мен болсо Бейтелде Жон Черук a менен кызматташчумун. Либерияда жашаганына бир топ болгондуктан ал бир туугандардын жагдайын, кыйынчылыктарын жакшы билчү. Мен андан көп нерсени үйрөндүм.

Энн: Эмне үчүн Либерияны бат эле жакшы көрүп калдык? Анткени алардын сүйүүсү да, ишеними да күчтүү болчу. Алар менен ынак болуп, бир үй-бүлөдөй эле болуп калганбыз. Бизге жакшы кеңештерин берип, рухий жактан да кубаттап турушчу. Кызматыбыз кыялыбыздагыдай эле болчу. Эгер үй ээлери менен шашып сүйлөшүп кетип калсаң, таарынар эле. Көчөгө чыксаң, туш тараптан Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшүп жаткандарды көрчүсүң. Оңой эле сөзгө аралашып кетчүбүз. Көп киши менен изилдегендиктен, баарына убакыт жетпей калчу. Ошол кез сонун эле!

КОРКУП ЖАТСАК ДА, КУБАТТАНЫП ЖАТТЫК

Либериядагы Бейтелде качкындарга кам көрүлүп жаткан учур, 1990-жыл

Пол: 4 жыл тынчтык өкүм сүргөндөн кийин, 1989-жылы, жүрөктүн үшүн алган жарандык согуш башталды. 1990-жылы 2-июлда козголоңчулар Бейтелдин тегерегиндеги аймакты басып алышты. 3 ай бою жакындарыбыз, башкы башкармалык менен такыр байланыша албай калдык. Бүт жерде башаламандык, зомбулук күч алган. Тамак-аш тартыш болуп, көп аялдар зордукталган. Ушундай азаптуу күндөр 14 жылга созулуп, бүт өлкөгө таасир эткен.

Энн: Айрым уруулардын ортосунда согуш оту жанып, кыргын башталган. Кызыктай кийинип алган куралчан жоокерлер көчөлөрдө шимшип, үйлөргө кирип барып талап-тоношчу. Адам өлтүрүү чымын өлтүргөндөй эле болуп калган. Өткөрмө пункттардын жанында, кээде Бейтелдин жанында да өлүктөр үйүлүп жатчу. Ишенимдүү боордошторубуз өлтүрүлгөн, арасында 2 сүйүктүү миссионерибиз да бар эле.

Ишенимдештерибиз өмүрүн тобокелге салып, жоокерлер көзүн тазалагысы келген уруудан болгон боордошторун жашырышкан. Миссионерлер менен бейтелдиктер да ошентишкен. Качып жүргөн бир туугандар Бейтелдин 1-кабатында жайгаштырылса, калгандары биз менен өйдөңкү кабатта жашашкан. Биз 7 кишиден турган үй-бүлө менен бир бөлмөдө жашадык.

Пол: Жоокерлер кимдир бирөөнү жашырып жаткан-жатпаганыбызды билиш үчүн Бейтелге күн сайын келип турушчу. Бейтелди 4 киши кайтарчу. Бирөө келсе, экөө сырткы дарбазага барып, аны менен сүйлөшчү. Ал эми экөөсү терезеден карап турчу. Сыртта кайтаргандар, эгер баары жакшы болсо, колун бооруна алып турушчу. Ал эми жоокерлер жини келе баштаса, колдорун артка алышчу. Ошондо терезеден карап тургандар ишенимдештерин жашырыш үчүн чуркап жөнөшчү.

Энн: Бир нече жумадан кийин каарданган жоокерлер жулунуп кирип келди. Ошондо бир эже экөөбүз үстүнкү кабаттагы жуунган бөлмөгө жашынып алдык. Ал жерде шкаф турчу, ичинде жашына турган чакан бөлмө бар болчу. Тиги эже ошол жакка жашынып алды. Куралданган жоокерлер да үстүнкү кабатка чыгышты. Алар жууна турган бөлмөнүн эшигин катуу каккылай башташты. Пол токтоткусу келип: «Аялым жуунуп жатты эле»,— деди. Тиги эжени жашырып, текчелерди калдыратып ордуна койгуча, убакыт өтүп кетти. «Бул эмне кечке ачпай жатат»,— деп шек санап жатышса керек дегендиктен, бүткөн боюм дүркүрөп чыкты. «Кантип ачат элем, алаңдап жатканымды көргөндө кандай болот?» — деп жүрөк заада болуп жаттым. Ичимен Жахабадан жалбарып, жардам сурадым. Эшикти ачып, жайдары учураштым. Алардын бири мени ары түртүп, шкафты ача салып, тинтий баштады. Эч кимди таппай калганына таң кала туруп калды. Анан баары биригип, башка бөлмөлөрдү, үйдүн чатырынын астын тинтий башташты. Кайра эле эч кимди таппай коюшту.

КАРАҢГЫДА ЧЫНДЫК ЖАРКЫРАЙ БЕРДИ

Пол: Бир нече ай бою тамак-аш аябай тартыш болуп жатты. Бирок рухий тамак багынбаганга жардам берип жатты. Эртең менен оозубузга наар алганга эч нерсе жок болгон учурлар көп болду. Ошондо таңкы сыйынуу тамак сыяктуу эле кадимкидей күч берчү.

Эгерде суу, тамак-аш таап келиш үчүн сыртка чыксак, биз жашырган бир туугандарды таап алып, өлтүрүп коймок. Ошондуктан Жахаба керектүү нерселер менен өз учурунда, укмуштуудай жол менен камсыз кылып жатты. Ал бизге кам көрүп, коркунучка алдырбаганга да жардам берди.

Өлкөдөгү караңгылык улам коюулаган сайын, чындык жаркырагандан жаркырай берди. Көптөгөн бир туугандарга жанын сактап калыш үчүн далай жолу качканга туура келсе да, олку-солку болбой, сабырдуулук сактап жатышты. Айрымдар ушул кыйынчылыктарыбыз бизди улуу алааматка даярдап жатат деп айтышты. Эр жүрөк аксакалдарыбыз менен инилерибиз ишенимдештерине жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылышты. Башка жакка качып кеткен бир туугандар болсо ыдырап кетпей, барган жеринде кабар айтканын улантышты. Алар токойлордо тал-палдардан зал сыяктуу кылып кепелерди жасап, жолугушууларды өткөрүп турушту. Алай-дүлөй түшкөн деңиздеги мемиреген арал сыяктуу эле, жолугушууларыбыз боордошторубузга күч берип турду, кабар айтуу иши болсо кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берди. Жардам иретинде башка жактардан келген тамак-аш, кийимдер жана башка нерселер таратылып жатканда, көптөр кийимдердин ордуна, китеп-ситеп сала турган баштыктарды сурап жатышты. Ошондо жүрөгүбүз аябай козголду. Согуштун азабын тарткан көптөгөн адамдар жакшы кабарга кулак кагып жатышты. Эл Жахабанын Күбөлөрүн эч нерсеге моюн сунбай, жадырап жүргөнүн көрүп, таң калбай койгон жок. Кудайдын эли чылк караңгылыкта шооласын чачкан жарыктай эле болду (Мт. 5:14—16). Бир туугандарыбыз ушунчалык ынталуу кабар айткандыктан, атүгүл мыкаачы жоокерлердин айрымдары чындык жолуна түшкөн.

ЖҮРӨГҮБҮЗ ТИЛИНГЕНДЕ, ЖАХАБА КҮЧ БЕРДИ

Пол: Бир нече ирет — 3 жолу кыска убакытка, 2 жолу 1 жылга — өлкөдөн чыгып кеткенге туура келди. Миссионер эженин айткандары сезимдерибизди таамай чагылдырып турат. Ал мындай деген: «Гилатта бизди барган жерибизде жүрөгүбүздү берип кызмат кылганга үндөшкөн. Биз так эле ошенткенбиз. Ошондуктан башка жакка кеткенге туура келгенде, жүрөгүбүз кадимкидей тилинчү». Бирок коңшу өлкөлөрдө жүрсөк да, Либериядагы ишке салым кошо алганыбызга сүйүнчүбүз.

Либерияга кубанып кайтып келишибиз, 1997-жыл

Энн: 1996-жылы майда төртөөбүз Бейтелдин машинеси менен 16 чакырым алыс жайгашкан коопсузураак шаарга баратканбыз. Жаныбызда филиалдын маанилүү документтери бар болчу. Орто жолдон биз бараткан аймакка чабуул коюшкан. Бир убакта зиркилдеген кишилер асманга аткылап, бизди токтотушту. Анан үчөөбүздү сыртка сүйрөп чыгышты. Ал эми Полду алып калып, машинебизди айдап кетип калышты. Нес болуп эле туруп калдык. Бир убакта топ адамдардын арасынан чекесинен кан тамчылаган Пол чыга калды. Деңдароо болуп эле туруп калгандыктан, Пол ок жеди деп ойлогонбуз. Бирок аны атып салышса, өзү басып келе алмак эмес да деп, эсибизге келдик. Көрсө, тигилердин бири Полдун башына бир чаап, машинеден түртүп салышыптыр. Дагы жакшы, талылуу жерине тийбептир.

Ар жакты карасак, аскердик машине туруптур, ичинде үрөйү учкан адамдар жык-жыйма экен. Кирели десек, бут коёрго жер жок экен. Ошон үчүн сыртына эле жармашып алдык. Шопур газды басып, катуу жүрүп кетти. Биз болсо учуп кетейин дедик. «Токто эле токто» деп кыйкырып жаттык, бирок ал коркконунан уккан да жок. Бир убакта токтоп калдык. Эсибиз чыгып, бүткөн боюбуз калчылдап, колубуз карышып калды.

Пол: Кебетебиз эми бир укмуш: кийимдерибиз ботала-шатала, айрылып-тытылган. Бири-бирибизди карап, кантип аман калдык деп таң калып жаттык. Ошол түнү тешилгиче аткыланган тик учактын жанында түнөдүк. Эртеси ошол менен Сьерра-Леонеге учуп кеттик. Аман калганыбызга аябай сүйүнүп жаттык. Бирок Либерияда калган ишенимдештерибизди ойлоп сарсанаа болбой койгон жокпуз.

ЖАХАБА ДАГЫ БИР ООР СЫНООДО КҮЧ БЕРДИ

Энн: Биз Фритаундагы (Сьерра-Леоне) Бейтелге аман-эсен жетип алдык. Ал жактагылар бизге жакшы кам көрүштү. Анан мени менен кызыктай эле бир нерселер боло баштады. Туруп туруп эле көз алдыма жаман окуялар тартыла баштады. Күндүзү коркунучтуу бир нерсе болуп кетчүдөй эле жүрөк заада боло берчүмүн. Тунук ой жүгүртө албай, тегерегимде болуп жаткан нерселер өңүмбү же түшүмбү деп, билбей жаттым. Түндө болсо чочуп ойгонсом, муздак тер басып, калчылдап жаткан болом. Анан ушундай бир үмүтсүздүк каптап кирчү. Дем жетпей кыйналып кетчүмүн. Пол болсо колуман кармап, тиленчү. Анан жаным жай алып калгыча, Падышалык ырларын ырдачубуз. Акылыман айнып бараткандай сезилчү. «Эми миссионер болуп кызмат кыла албайбыз го»,— деген ойлор келчү.

Көп өтпөй сонун бир нерселер болду. Ошону эч качан унутпайм. Так ошол жумада биз эки журнал алдык: бири «Ойгонгула!» (1996-жыл, 8-июнь) болчу. Ал санда «Туруп-туруп эле баскан коркунуч менен күрөшүү» деген макала бар экен. Ошондо жагдайымды түшүндүм. Экинчи журнал «Күзөт мунарасы» (1996-жыл, 15-май) экен. Ал жакта «Алар күчтү кайдан алышат?» деген макалада канаты жабыркаган көпөлөктүн сүрөтү тартылып, канаты жабыркаса да, ал азыктанып, уча берери жазылыптыр. Анын сыңарындай, жан дүйнөбүздү жаман сезимдер жабалактап кыйнаганда да, Жахабанын жардамы менен башкаларга жардам бере аларыбыз айтылыптыр. Жахаба ошол макалалар аркылуу мага так керектүү учурда күч берген (Мт. 24:45). Мен ошол сыяктуу башка макалаларды да издеп, бир жерге сактап койгом. Бул мага аябай жардам берген. Бара-бара жаман нерселерди эстеп, көп кыйналбай калдым.

ЖАХАБА ДАГЫ БИР ЖОЛУ КОЛДОДУ

Пол: Либерияга кайтып барганга шарт түзүлгөн сайын аябай сүйүнчүбүз. Ошентип, 2004-жылдын аягында ошол дайындообузда кызмат кылып жатканыбызга 20 жылдын жүзү болуптур. Согуш акыры токтоду. Филиалда курулуш иштери ойлонуштурулуп жаткан. Бирок күтпөгөн жерден бизге жаңы кызмат тапшырылып калды.

Аны кабыл алыш аябай кыйын болгон. Анткени бир туугандарыбызга абдан байланып калганбыз. Эми аларды кантип таштап кетет элек? Биз мурда Гилатта окуш үчүн жакындарыбызды калтырып кеткен элек. Бирок өзүбүздү Жахабага тапшырсак, батасына көмүлөрүбүзгө көзүбүз жеткен. Ошондуктан жаңы кызматты кабыл алып, Либериянын жанындагы Ганага дайындалдык.

Энн: Биз Либериядан кетип жатканда көз жашыбызды көлдөтүп ыйлап жатсак, Фрэнк деген бир акылдуу ата: «Эми бизди унуткула!» — деди. Анан мунун себебин мындай деп түшүндүрдү: «Бизди эч качан унутпай турганыңарды жакшы билебиз. Бирок жаңы кызматты бүт жүрөгүңөрдү берип аткарыла. Бул Жахабадан келген кызмат, ошондуктан ал жактагыларга кам көргөнгө бүт көңүлүңөрдү топтогула». Ошондо бизди эч ким деле тааныбаган, бүт баары жаңы болгон жерге жөнөп кеттик. Ошол атанын сөздөрү жаңы досторду тапканга жардам берди.

Пол: Ганадагы бир туугандар менен бат эле жуурулушуп кеттик. Ал жакта Жахабанын Күбөлөрү ушунчалык көп экен! Чындык жолунда бекем турган ишеними күчтүү жаңы досторубуздан көп нерсени үйрөндүк. Ошентип, 13 жыл кызмат кылгандан кийин дагы бир күтүлбөгөн нерсе болуп кетти: бизден Кенияда жайгашкан Чыгыш Африка филиалында кызмат кыла аласыңарбы деп суранышты. Албетте, Ганадагы, Либериядагы досторубузду сагынып жаттык, бирок шак эле Кениядагы ишенимдештер менен достошуп кеттик. Мурункудай эле, Кенияда да жумуш чачтан көп экен.

Чыгыш Африка филиалындагы жаңы досторубуз менен, 2023-жыл

АРТКА КЫЛЧАЯ КАРАП

Энн: Жашоомдо жүрөктү оозго кептеген далай коркунучтуу жагдайларга туш болдум. Опурталдуу жерлерде жашасаң, ден соолугуң да начарлайт, эмоциялык саламаттыгыңа да доо кетет. Биз Жахаба кереметтүү жол менен алардан калкалайт деп күтпөйбүз. Кокус тапанчанын же замбиректин үнүн угуп калсам, ичим түйүлүп, катуу ооруй баштайт, колдорум сенейип калат. Бирок андайда Жахаба берген жардамдын баарын колдонгонду үйрөндүм. Арасында бир туугандарыбыздын жардамы чоң. Рухий күн тартипке бек кармансаң, Жахабанын кызматын ордуңан жылбай аткарасың. Мен буга өз тажрыйбаман ынандым.

Пол: Айрымдар: «Кызматыңар жагабы?» — деп сурап калышат. Кооз өлкөгө дайындалсаң да, туруп туруп эле ызы-чуу түшүп, жагдай курчуп кетиши мүмкүн. Ошентсе да өлкөлөргө караганда, үй-бүлөбүздү, баа жеткис ишенимдештерибизди, көбүрөөк жакшы көрөбүз. Тек-жайыбыз ар кандай болсо да, ойлогон оюбуз бир. Биз аларды бекемдеш үчүн жөнөтүлөбүз деп ойлойбуз. Бирок, чынында, бизге дем-күч берген — так ошолор.

Улам көчкөн сайын заманбап кереметти көрөбүз: ал — боордоштугубуз. Жыйналышка жармашып жүрсөң, үй-бүлөң да, үйүң да дайыма болот. Мындан ары да Жахабага бекем таяна берсек, башыбызга эмне түшпөсүн, ал баарын көтөрүп кеткенге күч берерине толук ишенебиз! (Флп. 4:13).

a Жон Черуктун өмүр баянын карагыла («Күзөт мунарасы», 1973-ж., 15-март, «Кудайга да, Машаякка да ыраазымын», англ.)