Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИЗИЛДЕГЕНГЕ СУНУШ

Изилдегенге жакшы шарт түзүп алгыла

Изилдегенге жакшы шарт түзүп алгыла

Өздүк изилдөөдөн мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алгыңар келеби? Төмөнкү кеңештер изилдөөгө көбүрөөк көңүл топтогонго шарт түзүшү ыктымал.

  • Ылайыктуу жер тандагыла. Мүмкүн болсо, таза жана жарык жакшы тийген жерден окугула. Балким, үстөлгө отуруп окуйттурсуңар. Же сырттан ыңгайлуу жай тандайттырсыңар.

  • Эч ким тоскоол кылбай турган жер тапкыла. Иса тилениш үчүн «таң заарда» туруп, «ээн жерге барчу» (Мр. 1:35). Жалгыз отура турган жер жок болсо, үйүңөрдөгүлөргө же чогуу жашагандарга кайсы күнү, канчада изилдей турганыңарды билдирип койгула жана ошол учурда тоскоол болбошун сурангыла.

  • Алаксыбаганга аракет кылгыла. Алаксыта турган нерселерден качкыла. Изилдөө учурунда телефон же планшет колдонсоңор, алагды кылбашы үчүн үнсүз абалга же учуу режимине коюп койгула. Изилдеп жатып бир нерсе кылышыңар керек экенин эстеп кетсеңер, оюңар бөлүнүп калбашы үчүн аны бир жерге жаза тургула. Көңүл топтой албай баратсаңар, мээни сергитиш үчүн ары-бери басып келгиле же бир аз чоюлгула.