Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпаганга эмне жардам берет?

Изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпаганга эмне жардам берет?

СИЛЕР үчүн Ыйык Китепти жума сайын өз алдынча изилдеш кыйынга турабы? Изилдеп жатканда зеригип кетесиңерби? Баарыбызда эле кээде ушундай болот. Бирок биз дайыма кылган нерселер тууралуу, алсак, жуунуп туруу жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ага убактыбызды, күчүбүздү жумшашыбыз керек болот. Бирок жуунуп чыккандан кийин сергип, жыргап эле калабыз! «Кудайдын сөзүнүн суусу менен» жуунуп-тазалануу тууралуу да ушуну айтса болот (Эф. 5:26). Анда ан үчүн эмне кылышыбыз керектигине токтололу.

  • Бир күндү белгилеп алгыла. Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө — Исанын жолдоочулары сөзсүз кылышы керек болгон маанилүү нерселердин бири (Флп. 1:10). Белгилеп алган күнүңөрдү унутуп калбаш үчүн аны кагазга жазып, муздаткычтын эшиги сыяктуу дайыма көрүнүп турган жерге илип койгула. Же, балким, электрондук каражатыңарга эскертме коюп коёттурсуңар.

  • Өзүңөргө ылайыкташтыргыла. Силерге кайсынысы оңоюраак: бир отуруп, узак изилдегенби же бир нечеге бөлүп, аз-аздан изилдегенби? Канткенде жакшы болорун өзүңөр жакшы билесиңер. Андыктан канча изилдээриңерди ушуга жараша аныктагыла. Изилдей турган убактыңар келип калганда, көңүлүңөр чаппай жатса, балким, 10 эле мүнөт изилдегенге аракет кылып көрөттүрсүңөр. 10 мүнөт болсо да, таптакыр окубай койгонго караганда, алда канча жакшы. Мүмкүн, 10 мүнөттөн кийин табитиңер ачылып, изилдөөңөрдү улантып кететтирсиңер (Флп. 2:13).

  • Темаларды алдын ала тандап алгыла. Отуруп алып, эмнени изилдесем деп ойлонсоңор, убактыңар жөн эле кетип калышы мүмкүн (Эф. 5:16). Андыктан изилдеп көргүңөр келген макалаларды же темаларды алдын ала тизмелеп алгыла. Мисалы, кандайдыр бир суроо пайда болсо, дароо ошол тизмеге кошуп койгула. Изилдеп жаткан учурда: «Ушуну да карап коюш керек экен»,— деген ой пайда болсо, ошону да тизмеңерге киргизип койсоңор болот.

  • Ийилчээк болгула. Эң негизгиси, Ыйык Китепти өз алдынча жума сайын үзгүлтүккө учуратпай изилдегенге аракет кылышыңар керек. Ошол максатыңарга жетиш үчүн күндү, убакытты, канчалык узак изилдээриңерди же эмнени изилдээриңерди жагдайыңарга жараша өзгөртсөңөр болот.

Эгер Ыйык Китепти өз алдыбызча жума сайын изилдесек, мунун үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Жахабага жакындап, акылдуулук менен иш кылабыз жана сергийбиз (Жаш. 1:8).