Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

138-ЫР: Ак чач — сулуулуктун таажысы

Ишенимдүү карыялардын керээз сөзү

Ишенимдүү карыялардын керээз сөзү

«Даанышмандык карыларда, түшүнүк көп жашагандарда болбойбу?» (АЮП 12:12).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахабага баш ийсек, азыртан эле мол бата алабыз. Ал эми келечекте түбөлүк жашайбыз.

1. Эмне үчүн улуулардан үйрөнгөнгө дилгир болушубуз керек?

 МААНИЛҮҮ чечим чыгарарда баарыбыз тең эле кеп-кеңешке муктаж болобуз. Андай кеңештерди аксакалдар же рухий жактан жетилген ишенимдештерибиз бере алат. Эгер кимдир бирөө бизден бир топ эле улуу болсо, ал эски киши да деп кеңешин укпай койбошубуз керек. Жахаба улуу кишилерден үйрөнүшүбүздү каалайт. Анткени алар бизге караганда көптү көргөн, түшүнүгү кенен жана акылдуу (Аюп 12:12).

2. Бул макаладан эмнелерди билебиз?

2 Байыркы учурда Жахаба жашы өр тартып калган ишенимдүү кызматчылары аркылуу элин жетектеп, дем-шык берчү. Буга Мусаны, Дөөтүнү жана элчи Жаканды мисал кылса болот. Алар ар кайсы доордо жашаган жана жагдай-шарты ар кандай болгон. Карылыгы жетип, өлөрүнө аз калганда алар жаштарга даанышман акыл-насаатын айтышкан. Ал карыялардын ар бири Жахабага баш ийүү канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Жахаба алардын сөздөрүн биз үчүн сактап койгон. Жашпызбы, карыбызбы, баарыбыз тең алардын кеңешин карап чыккандан чоң пайда ала алабыз (Рим. 15:4; 2 Тим. 3:16). Бул макалада Кудайдын ошол үч ишенимдүү кызматчысынын керээз сөзүн талдайбыз жана алардан эмнеге үйрөнсөк болорун билебиз.

«ӨМҮРҮҢДҮ УЗУН КЫЛАТ»

3. Жахаба Мусага кандай иштерди тапшырган?

3 Муса өмүрү өткүчө Жахабага берилип кызмат кылган. Ал пайгамбар, сот, жол башчы жана тарыхты жазган киши болгон. Муса көптү көргөн үчүн турмуштук тажрыйбага да бай болгон. Ал ысрайыл элин Мисирден алып чыгып, Жахабанын көптөгөн кереметтерине күбө болгон. Жахаба ага Ыйык Китептин алгачкы 5 китебин, 90-забурду жана, кыязы, 91-забурду жаздырткан. Аюп китебин да ал жазган көрүнөт.

4. Муса керээз сөзүн кимдерге айткан жана эмне үчүн?

4 Жашы 120га таяп, көз жумарына аз калганда Муса бүт ысрайыл элин чогултуп, Жахабанын алар үчүн эмнелерди кылганын эсине салган. Аны угуп тургандардын айрымдары жаш кезинде Жахабанын көптөгөн керемет-жышаандарын, мисирликтерге 10 жаза жибергенин өз көзү менен көрүшкөн (Чыг. 7:3, 4). Кызыл деңизди экиге бөлүп, фараондун аскерлерин талкалаганын да көрүшкөн (Чыг. 14:29—31). Ал эми чөлдө Кудайдын коргоп, кам көрүп жатканын сезишкен (Мыйз. 8:3, 4). Эми болсо алар Убадаланган жердин так босогосунда турушкан. Ошондо өлөрүнө аз калган Муса аларга керээз сөзүн айткан a.

5. Муса Мыйзам 30:19, 20да айткан керээз сөзүндө ысрайылдыктарды эмнеге ынандырган?

5 Мусанын керээз сөзү. (Окугула: Мыйзам 30:19, 20.) Ысрайыл элин сонун келечек күтүп турган. Жахабанын батасы менен алар Убадаланган жерде узак убакытка чейин жашай алмак. Ал жер түшүмдүү, укмуштуудай кооз жер болчу. Муса ал жакты: «Сен курбаган чоң жана кооз шаарлары, сен жыйнабаган мүлккө толгон үйлөрү, сен казбаган суу сакталуучу чуңкурлары, сен отургузбаган жүзүмзарлары менен зайтун дарактары бар жер»,— деп сүрөттөгөн (Мыйз. 6:10, 11).

6. Эмне үчүн Жахаба башка элдерге ысрайылдыктарды басып алганга жол берген?

6 Муса керээз сөзүндө ысрайылдыктарга айрым нерселерди эскерткен. Түшүмү төгүлүп турган ошол жерде жашай бериш үчүн алар Жахабанын осуяттарына баш ийиши керек болчу. Муса аларды Жахабанын тилин алып, «ага ишенимдүү бойдон калып», «өмүрдү тандаганга» үндөгөн. Тилекке каршы, ысрайылдыктар Жахабанын тилин албай коюшкан. Ошондуктан Кудай аларды ашурлуктардын, кийинчерээк бабылдыктардын колуна салып берип, туткундап кетишине жол берген (2 Пад. 17:6—8, 13, 14; 2 Жылн. 36:15—17, 20).

7. Мусанын сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Биз эмнеге үйрөнө алабыз? Эгер Жахабага баш ийсек, түбөлүк жашай алабыз. Убадаланган жердин босогосунда турган ысрайылдыктардай болуп, биз дагы Жахаба убадалаган жаңы замандын босогосунда турабыз. Жакында бүт жер бети кайрадан бейишке айланат (Ыш. 35:1; Лк. 23:43). Шайтан жана анын жин-перилери жок кылынат (Аян 20:2, 3). Ошондо Жахабадан алыстаткан жалган диндер болбойт (Аян 17:16). Адамдар башкарган өкмөттөрдөн эч ким азап чекпейт (Аян 19:19, 20). Бейиште козголоң чыгаргандарга орун болбойт (Заб. 37:10, 11). Төгөрөктүн төрт бурчундагылардын баары тынчтыкка, биримдикке өбөлгө түзгөн Жахабанын адил мыйзамдарына баш иет. Алар бири бирине ишенет жана бири бирин чындап жакшы көрөт (Ыш. 11:9). Бизди чын эле укмуштуудай сонун келечек күтүп турат! Баарынан да, эгер Жахабага баш ийсек, жер бетиндеги бейиште жүздөгөн жылдар эле эмес, түбөлүктөн түбөлүккө жашайбыз! (Заб. 37:29; Жкн. 3:16).

Эгер Жахабага баш ийсек, бейиште жүздөгөн жылдар эле эмес, түбөлүккө өмүр сүрөбүз (7-абзацты карагыла)


8. Бир миссионерге Жахабанын түбөлүк өмүр берем деген убадасы эмне кылганга жардам берген? (Жүй. 20, 21).

8 Эгер Кудайдын түбөлүк өмүр берем деген убадасын эсибизде бек сактасак, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, ага ишенимдүү бойдон кала алабыз. (Окугула: Жүйүт 20, 21.) Ошондой эле ал убада бизге алсыздыктарыбыз менен күрөшкөнгө күч берет. Көптөн бери Африкада миссионер болуп кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибиз бир топ жыл бою Жахабага жакпаган бир алсыздыгы менен күрөшүп келген. Ал мындай дейт: «Эгер Жахабанын тилин албай койсом, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп каларымды түшүндүм. Бул мага ошол алсыздыгым менен тынбай күрөшкөнгө жана Жахабадан жалбарып тиленгенге түрткү берди. Анын жардамы менен ошол алсыздыгымды жеңе алдым».

«ДАЙЫМА АКЫЛДУУЛУК МЕНЕН ИШ КЫЛАСЫҢ»

9. Дөөтү башынан кандай кыйынчылыктарды кечирген?

9 Дөөтү Жахабанын элин сүйгөн, ага берилген падыша болгон. Андан тышкары, ал музыкант, акын, күчтүү жоокер жана пайгамбар болгон. Дөөтү башынан көп кыйынчылык кечирген. Бир топ жыл бою ичи күйгөн Шабул падышадан качып, ар кайсы жерлерде жашынып жүргөн. Падыша болгондон кийин, уулу Абышалом тактыны талашкан. Анда да өмүрүн сакташ үчүн кайрадан качканга туура келген. Кыйынчылыктарына, ката-кемчиликтерине карабай Дөөтү өмүрү өткөнчө Кудайга берилгендигин сактаган. Жахаба аны: «Жүрөгүмө жаккан адам»,— деп атаган. Андыктан Дөөтүнүн насаатына кулак какканыбыз абдан маанилүү (Элч. 13:22; 1 Пад. 15:5).

10. Дөөтү Сулайманга эмне үчүн насаат айткан?

10 Дөөтү тактыны мурастай турган уулу Сулайманга эмне үчүн насаат айткан? Анткени Жахаба жаш Сулайманды ибадаткана курганга тандап алган. Ал жер болсо таза сыйынуунун борбору болуп, Жахабага даңк алып келмек (1 Жылн. 22:5). Сулайман ар кандай кыйынчылыктарга туш болмок. Дөөтү ага эмне деп керээз айтмак? Келгиле, ошого токтололу.

11. 1 Падышалар 2:2, 3кө ылайык, Дөөтү Сулайманга кандай кеңеш берген жана ал аны колдонгондо натыйжасы кандай болгон? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Дөөтүнүн керээз сөзү. (Окугула: 1 Падышалар 2:2, 3.) Дөөтү уулуна, эгер ал Жахабага баш ийсе, ийгилик коштоп жүрөрүн айткан. Анан көп жылдар бою ушундай болгон (1 Жылн. 29:23—25). Сулайман заңгыраган ибадаткана куруп, Ыйык Китептин бир нече китебин жазган. Ошондой эле анын сөздөрү Ыйык Китептин башка китептеринде да цитата кылынган. Ал абдан акылдуу жана бай болгондуктан атагы алыска кеткен (1 Пад. 4:34). Бирок, атасы Дөөтү эскерткендей, Сулайман Жахабанын тилин алганда гана ийгиликке жетмек. Өкүнүчтүүсү, Сулайман карыганда жалган кудайларга сыйынып кеткен. Ошонун айынан Жахабанын ырайымынан айрылып, мурункудай акылдуулук менен иш кылбай калган. Натыйжада адилетсиздик күч алып, эл азап чеккен (1 Пад. 11:9, 10; 12:4).

Дөөтүнүн уулу Сулайманга айткан керээзинен билгенибиздей, Жахабанын тилин алсак, ал бизге туура чечим чыгарганга акылмандык берет (11, 12-абзацтарды карагыла) b


12. Дөөтүнүн керээз сөзүнөн эмнени биле алабыз?

12 Биз эмнеге үйрөнө алабыз? Жахабанын тилин алсак, ийгиликке жетебиз (Заб. 1:1—3). Албетте, Жахаба бизди Сулаймандай бай, атак-даңктуу кылам деп убада бербейт. Бирок, эгер ага баш ийсек, туура чечим чыгара алышыбыз үчүн акылмандык берет (Накыл 2:6, 7; Жкп. 1:5). Анын принциптери жумуш тандоо, билим алуу, көңүл ачуу, акча кармоо жана башка ушу сыяктуу иштерге келгенде туура чечим чыгарганга жардам берет. Эгер Жахабанын даанышман кеңештерин колдонсок, аны менен болгон мамилебиз бекем болот жана түбөлүк өмүр сүрө алабыз (Накыл 2:10, 11). Ынак досторду да табабыз. Үй-бүлөбүз менен да азыртан эле бактылуу өмүр сүрөбүз.

13. Кармен чыныгы ийгиликке жетиш үчүн эмне кылган?

13 Мозамбикте жашаган Кармен деген бир жаш кыз ийгиликке жетиш үчүн жогорку билим алыш керек деп ойлочу. Ошондуктан университетке тапшырып, архитектура жагында окуй баштаган. Ал мындай деп бөлүшкөн: «Башында окуум аябай жагып жаткан. Бирок убактымдын, күчүмдүн баары ошого кете баштаган. Сабагым эртең мененки 7:30дан кечки саат 6га чейин болчу. Жыйналышты көп калтырып, рухий жактан кадимкидей алсырап кеткем. Жүрөгүмдө эки мырзага кул болгонго аракет кылып жатканымды түшүнгөм» (Мт. 6:24). Кармен жагдайы жөнүндө тиленип, изилдөө жүргүзгөн. Ал мындай деп кошумчалаган: «Аксакалдар жана апам менен кеңешкенден кийин Жахабага толук убакыт кызмат кылыш үчүн университетти таштайын деп чечтим. Ошол чечимим жашоомдогу эң туура чечим болуптур. Буга такыр өкүнбөйм».

14. Муса да, Дөөтү да бизге эмнени түшүндүргүсү келген?

14 Муса менен Дөөтү Жахабаны абдан жакшы көргөн жана ага тил алуу канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. Керээз сөзүндө алар башкаларды, өздөрүндөй болуп, Жахаба Кудайына ишенимдүү бойдон калганга үндөгөн. Экөө тең Жахабанын тилин албагандар анын ырайымынан да, батасынан да айрылып каларын эскерткен. Алардын кеңешине биз да кулак какканыбыз дурус. Бир нече кылымдан кийин Жахабанын дагы бир кызматчысы ага ишенимдүү бойдон калганыбыз абдан маанилүү экенин түшүндүргөн.

МЫНДАН «ӨТКӨН КУБАНЫЧ ЖОК»

15. Элчи Жакан кандай окуяларга күбө болгон?

15 Жакан Иса Машаяктын жакшы көргөн элчиси болгон (Мт. 10:2; Жкн. 19:26). Ал Исаны коштоп жүргөн, анын көптөгөн кереметтерине күбө болгон. Оор учурда да жанында болгон. Жакан Исанын устунга кадалганын, кийин тирилгенин көргөн. Ошондой эле 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышынын өскөнүнө жана жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганына» күбө болгон (Кол. 1:23).

16. Жакандын каттары кимдерге пайда алып келүүдө?

16 Жакан 100гө таяп калганда, Жахаба ага бир сыймыктуу иш тапшырган. Ал ыйык рухтун жетеги менен Иса Машаяктын укмуштуудай аянын жазган (Аян 1:1). Ошондой эле өзүнүн аты менен аталган Инжилди жана 3 катты жазган. Үчүнчү катын уулундай көргөн Гайга жолдогон (3 Жкн. 1). Сыягы, Жакандын ошондой сүйүктүү балдары көп болгон көрүнөт. Ал ишенимдүү карыянын жазгандары Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларынын баарына дем-шык берет.

17. 3 Жакан 4-аятка ылайык, эмне чоң кубаныч тартуулайт?

17 Жакандын керээз сөзү. (Окугула: 3 Жакан 4.) Жакан Кудайга баш ийгендер кандай кубанычка бөлөнөрүн жазган. Ал 3-катын жазып жаткан учурда айрымдар жалган окууларды таратып, жыйналышты бөлүп-жара баштаган. Бирок ошого карабай «чындык жолунда жүргөндөр» да болгон. Алар Жахабанын тилин алып, ал «берген осуятка ылайык» жашашкан (2 Жкн. 4, 6). Аларды көрүп Жакан эле эмес, Жахабанын да сүйүнгөнү шексиз (Накыл 27:11).

18. Жакандын сөздөрүнөн эмнелерди билдик?

18 Биз эмнеге үйрөнө алабыз? Жахабага ишенимдүү бойдон калсак, өзүбүз да кубанычка бөлөнөбүз жана башкаларды да кубантабыз (1 Жкн. 5:3). Алсак, Жахабага жаккан иш кылып жатканыбызды билгендиктен кубанычыбыз артат. Ал биздин бул дүйнө сунуштаган азгырыктарды четке кагып, чындык жолунда бекем жүргөнүбүздү көргөндө жүрөгү элжирейт (Накыл 23:15). Асмандагы периштелер да кубанат (Лк. 15:10). Биз да башкалардын, өзгөчө, башынан кыйынчылыктарды кечирип жаткан же азгырыктарга дуушар болуп жаткан боордошторубуздун ишенимин бек сактап жатканын көргөндө кубанычка бөлөнөбүз (2 Тес. 1:4). Кийин, азыркы Шайтан башкарган дүйнө жок кылынганда, Жахабага берилген бойдон калганыбызга аябай сүйүнөбүз.

19. Рэйчел башкаларга чындык жолуна түшкөнгө жардам бергени жөнүндө эмне деген? (Сүрөттү да карагыла.)

19 Башкаларга чындык жолуна түшкөнгө жардам бергенде бакытка бөлөнөбүз. Доминикан Республикасындагы Рэйчел деген ишенимдешибиз башкаларга Жахаба Кудай жөнүндө билгенге жардам берүүнү баа жеткис сыймык деп эсептейт. Ал бир нече кишиге Жахабанын Күбөсү болгонго көмөк кылган. Рэйчел мындай дейт: «Мени менен Ыйык Китепти изилдегендердин Жахабаны жакшы көрө баштаганын, ага таянып, аны кубантыш үчүн жашоосун өзгөртүп жатканын көргөндө маңдайым жарыла сүйүнөм. Ошол кубаныч аларды окутуш үчүн кечкен нерселеримдин жана кыйналган учурларымдын баарын жаап кетет».

Өзүбүз да Жахабаны сүйүп, ага баш ийсек, башкаларды да ошого үйрөтсөк, дайыма кубанып жүрөбүз (19-абзацты карагыла)


ҮЧ КАРЫЯНЫН КЕРЭЭЗ СӨЗҮНӨ КУЛАК САЛГЫГА

20. Мусага, Дөөтүгө жана Жаканга кайсы жактардан окшошпуз?

20 Муса, Дөөтү жана Жакан пайгамбарлардын жашаган доору, жагдай-шарты биздикинен кыйла айырмаланган. Бирок окшош жактарыбыз да бар. Алардай эле, биз да чыныгы Кудайга сыйынабыз, андан тиленебиз, ага таянабыз жана андан жетекчилик издейбиз. Ошол карыялардай болуп, биз да Жахабанын ага баш ийгендерге батасын мол төгөрүнөн такыр шектенбейбиз.

21. Үч карыянын керээз сөзүнө ылайык иш кылып, Жахабага баш ийсек, кандай баталарды алабыз?

21 Келгиле, биз да ошол карыялардын керээз сөзүнө ылайык иш кылып, Жахабага баш ие берели. Ошентсек, бардык иштерибизде ийгилик коштоп жүрөт жана өмүрүбүз узун болуп, түбөлүк жашайбыз (Мыйз. 30:20). Ошондой эле асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабага жаккандыктан кубанычка бөлөнөбүз. Ал болсо убадаларын биз элестеткенден да эң мыкты жол менен аткарат (Эф. 3:20).

129-ЫР: Туруктуу бололу

a Жахабанын Кызыл деңизде кылган кереметин көргөн ысрайылдыктардын көбү Убадаланган жерге кирбей калган (Сан. 14:22, 23). Жахаба каттоодон өткөндөрдүн, 20 жаштан өйдөкүлөрдүн баарынын, ээн талаа, эрме чөлдө кырыларын айткан (Сан. 14:29). Ошентсе да Жашыя, Калеп, Леби уруусунун көпчүлүгү жана 20 жашка чейинкилер өлгөн эмес. Алар, Жахаба убада кылгандай, Иордан дарыясын кечип өтүп, Канаан жерине киришкен (Мыйз. 1:24—40).

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Солдо. Дөөтү уулу Сулайманга керээзин айтып жатат. Оңдо. Ишенимдештерибиз Пионерлердин мектебинде окуп, көп пайдалуу нерсеге үйрөнүп жатышат.