Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага толук берилгендик сактайлы

Жахабага толук берилгендик сактайлы

«Жахаба — толук берилгендикти талап кылган Кудай» (НКМ. 1:2).

51-ЫР: Биз Кудайга арналганбыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эмне үчүн Жахаба биздин толук берилгендик көрсөтүшүбүзгө татыктуу?

ЖАХАБА — Жаратканыбыз жана Өмүр Берүүчүбүз. Ошондуктан ал толук берилгендик көрсөтүшүбүзгө татыктуу (Аян 4:11). Бирок бир нерседен сак болушубуз керек: Жахабаны сүйүп, урматтап-сыйласак да, ага тийиштүү деңгээлде берилгендик көрсөтпөй калышыбыз мүмкүн. Кантип? Мунун жообун билгенибиз абдан маанилүү. Бирок адегенде Жахабага толук берилгендик сактоо деген эмнени билдирерин карап чыгалы.

2. Чыгуу 34:14тө жазылгандай, Жахабага толук берилсек, эмне кылабыз?

2 Ыйык Китепке ылайык, Кудайга берилүү деген аны жан-дилден сүйүүнү билдирет. Эгер Жахабага толугу менен берилсек, ага гана сыйынабыз. Жүрөгүбүздөгү анын ордун башка бирөө же бир нерсе ээлеп алышына эч качан жол бербейбиз. (Окугула: Чыгуу 34:14.)

3. Жахабаны сүйүүгө бизде кандай себептер бар?

3 Биздин Жахабага болгон берилгендигибиз негизсиз эмес. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени ага болгон берилгендигибиз ал жөнүндө билгендерибизге негизделет. Алсак, биз анын кереметтүү сапаттарына суктанабыз. Ошондой эле анын эмнени жакшы көрүп, эмнени жек көрөрүн билип, аныкындай көз караш өрчүткөнбүз. Андан тышкары, ага түбөлүккө кубанычтуу кызмат кылышыбызды каалаарын билгендиктен, анын талаптарына ылайык жашайбыз. Бизге өзү менен дос болууга мүмкүнчүлүк берип жатканын чоң сыймык деп эсептейбиз (Заб. 25:14). Ырас, Жаратканыбыз тууралуу билген ар бир нерсе бизди ага жакындатат (Жкп. 4:8).

4. а) Жахабага толук берилгендик көрсөтпөй калышыбыз үчүн, Ибилис эмне кылат? б) Бул макалада кайсы нерселерге токтолобуз?

4 Азыркы дүйнө Ибилистин бийлиги астында болгондуктан, ал аны колдонуп, бизди кадимки муктаждыктарыбызды биринчи орунга коюуга жана туура эмес каалоолорго жетеленүүгө азгырууну көздөйт (Эф. 2:1—3; 1 Жкн. 5:19). Ал биздин башка нерселерди да жакшы көрүп, Жахабага толук берилгендик көрсөтпөй калышыбызды каалайт. Анда эмесе, бул максатына жетиш үчүн Ибилистин кайсы эки нерсени натыйжалуу колдонушу мүмкүн экенине токтололу. Алардын биринчиси — акчанын артынан сая түшүү, ал эми экинчиси — көңүл ачуунун туура эмес түрүн тандоо.

АКЧАНЫ СҮЙҮҮДӨН САК БОЛОЛУ

5. Акчага карата сүйүү өрчүтүүдөн эмне үчүн сак болушубуз керек?

5 Баарыбыз эле жетиштүү тамак-ашыбыз, ылайыктуу кийимибиз, ыңгайлуу үйүбүз болушун каалайбыз. Бирок акчага карата сүйүү өрчүтүп алуудан сак болушубуз керек. Шайтандын дүйнөсүндө көптөр акчаны жана ага сатып ала турган материалдык нерселерди сүйүшөт (2 Тим. 3:2). Иса өзүнүн жолдоочуларынын да азгырылып, ошондой сүйүү өрчүтүп алышы мүмкүн экенин билген. Ошондуктан: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деп айткан (Мт. 6:24). Эгер кимдир бирөө Жахабага сыйынып, бирок ошол эле учурда байлык топтоого көп убактысын, күчүн жумшаса, эки мырзага кызмат кылууга умтулгандай эле болмок. Андай адам Жахабага толук берилгендик сактабай калмак.

Айрым лаодикиялыктар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушкан? Ал эми Жахаба менен Иса алар тууралуу кандай ойдо болгон? (6-абзацты карагыла)

6. Исанын Лаодикиядагы жыйналышка айткан сөздөрүндө биз үчүн кандай сабак камтылган?

6 Б.з. 1-кылымынын аяк ченинде Лаодикиядагы жыйналыштын мүчөлөрү: «Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин»,— деп мактанышкан. Бирок алар Жахабанын жана Исанын көз алдында «байкуш, бечара, жакыр, сокур, жылаңач» болушкан. Иса аларга бай болушканы үчүн эмес, байлыкка болгон сүйүүсү Жахаба менен болгон мамилесине терс таасир этип жатканы үчүн кеңеш берген (Аян 3:14—17). Эгер жүрөгүбүздө акчага болгон сүйүүнүн өрчүп баратканын байкасак, ой жүгүртүүбүздү оңдош үчүн тезинен иш-аракет кылышыбыз керек (1 Тим. 6:7, 8). Болбосо жүрөгүбүз бөлүнүп калат да, Жахаба сыйынуубузду кабыл албай коёт. Анткени ал «толук берилгендикти талап кылат» (Мыйз. 4:24). Акча кандайча жашообузда башкы орунда туруп калышы мүмкүн?

7—9. Дейвид деген аксакалдын окуясынан эмнеге үйрөндүңөр?

7 Мисалга Кошмо Штаттарда жашаган Дейвид деген аксакалды алалы. Өзү айткандай, ал жумушун жанын берип аткарчу. Ал иштеген компания ага жакшы жумуш ордун берген жана маянасын көбөйткөн. Андан сырткары, Дейвид өлкөдөгү мыкты адис катары белгилүү болуп калган. «Ошол убакта алардын баарын Жахабанын батасы деп эсептечүмүн»,— дейт ал. Бирок чынында эле ошондой беле?

8 Бара-бара Дейвид жумушунун Жахаба менен болгон мамилесине терс таасир этип жатканын байкаган. Ал мындай деп эскерет: «Жыйналышта отурганда, атүгүл кызматта жүргөндө жумушумдагы көйгөйлөр жөнүндө ойлоно берчүмүн. Акчаны күрөп тапсам да, барган сайын стресске көп кабыла турган болдум. Жубайым экөөбүздүн мамилебиз да начарлай баштады».

9 Дейвид жашоосунда эмнени биринчи орунга коёрун чечиши керектигин түшүнгөн. Ал: «Жагдайды оңдош үчүн чечкиндүү иш-аракет кылдым»,— дейт. Жумушунун графигин өзгөртүүнү каалагандыктан Дейвид жетекчисине барып, оюн айтып көргөн. Натыйжасы кандай болгон? Аны жумуштан бошотуп салышкан. Ошондо ал эмне кылган? «Кийинки эле күнү өзүм токтотконго чейин көмөкчү пионер болууга арыз толтурдум»,— дейт Дейвид. Жан багыш үчүн Дейвид аялы экөө чоң имараттарды жууп-тазалап иштей башташкан. Көп өтпөй ал үзгүлтүксүз пионердик кызматка киришкен. Кийинчерээк ага аялы да кошулган. Көптөр төмөн деп эсептеген жумушта иштеп жатканы алар үчүн аябай деле маанилүү эмес. Алган акчасы мурунку маянасынын ондон бир бөлүгүн эле түзсө да, ай сайынкы чыгымдарын жапканга жетип берет. Алар Жахабаны жашоосунда башкы орунга коюуну каалашат. Мунун аркасында анын Падышалыктын иштерин биринчи орунга койгондорго кам көрөрүнө өз тажрыйбасынан ынанууда (Мт. 6:31—33).

10. Жүрөгүбүздү кантип сактай алабыз?

10 Байбызбы, кедейбизби, ар бирибиз жүрөгүбүздү сакташыбыз керек. Кантип? Ан үчүн акчага болгон сүйүүнү өрчүтүп алуудан сак болуу зарыл. Ошондой эле жумушубуз Жахабага кылган кызматыбыздан маанилүү болуп калбашы керек. Мындай тузакка түшүп калган-калбаганыбызды кантип билсек болот? Төмөнкү суроолордун жардамы менен өзүңөрдү текшерип көргүлө: «Жыйналышта отурганда же кызматта жүргөндө жумушум тууралуу көп ойлонбоймунбу? Кийин акча жагынан кыйналып калбаймбы деп санаа тарта бербейминби? Никемдеги кыйынчылыктарга акча же материалдык нерселер себеп болуп жаткан жокпу? Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн башкалар төмөн деп эсептеген жумушта иштегенге даярмынбы?» (1 Тим. 6:9—12). Бул суроолор тууралуу ойлонуп жатканда Жахабанын силерди жакшы көрөрүн жана кандай убада бергенин унутпагыла. Ал берилген кызматчыларына: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада кылган. Ошондуктан элчи Пабыл бизди: «Акчаны сүйүүдөн алыс болгула»,— деп чакырган (Евр. 13:5, 6).

КӨҢҮЛ АЧУУНУ ТУУРА ТАНДАЙЛЫ

11. Көңүл ачуу адамга кандай таасир этет?

11 Жахаба биздин жашоодон кубаныч алышыбызды каалайт. Ал эми көңүл ачуу ырахаттанып жашоого өбөлгө түзөт. Кудайдын Сөзүндө: «Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок»,— деп айтылган (Нас. 2:24). Бирок азыркы дүйнө сунуштаган көңүл ачуунун көбү бизге терс таасир этет. Анткени алар Ыйык Китепте айыпталган иштерге көз жумду мамиле кылууга, атүгүл аларды жакшы көрүүгө үндөп, адеп-ахлак нормаларын бузууга түртөт.

Силер тандаган көңүл ачууну ким даярдайт? (11—14-абзацтарды карагыла) *

12. 1 Корунттуктар 10:21, 22ге ылайык, эмне үчүн көңүл ачууну кылдат тандашыбыз керек?

12 Биз Жахабага толук берилгендик сактагыбыз келет. Андыктан бир эле учурда «Жахабанын дасторконунан» да, «жиндердин дасторконунан» да тамактана албайбыз. (Окугула: 1 Корунттуктар 10:21, 22.) Адатта, кимдир бирөөлөрдүн чогуу тамактанганы алардын дос экенинен кабар берет. Эгер зордук-зомбулукту, спиритизмди, адеп-ахлаксыздыкты же дагы башка туура эмес каалоолорду, көз карашты чагылдырган көңүл ачууну тандасак, Кудайдын душмандары даярдаган тамакты алар менен чогуу жеп-ичкендей болуп калабыз. Бул өзүбүзгө да зыян алып келет, Жахаба менен болгон мамилебизге да доо кетирет.

13, 14. Жакып 1:14, 15те жазылгандарды эске алганда, көңүл ачууну тандап жатканда эмне үчүн сак болушубуз керек? Мисал келтиргиле.

13 Көңүл ачууну тамактанууга салыштырса болот. Мисалы, тамак ичип жатканда оозубузга эмнени саларыбызды тандай алабыз. Бирок аны жуткандан кийин эмне болорун тандай албайбыз. Организмибиз аны иштетип, тамактын курамындагы заттар денебизге сиңип кетет. Пайдалуу тамак ден соолугубузду чыңдайт, ал эми зыяндуу тамак аны талкалайт. Ичкен тамак-ашыбыздын таасири дароо байкалбаса да, убакыттын өтүшү менен сөзсүз билинет.

14 Ошо сыңары, көңүл ачуунун түрүн тандап жатканда акылыбызга эмнелерди «саларыбызды» тандай алабыз. Ал эми андан кийинки процессти көзөмөлдөй албайбыз: тандаган көңүл ачуубуз кааласак да, каалабасак да, акылыбыз менен жүрөгүбүзгө таасир этет. Көңүл ачуунун туура түрү сергитет, туура эмеси зыян алып келет. (Окугула: Жакып 1:14, 15.) Зыяндуу көңүл ачуунун таасири дароо байкалбашы мүмкүн, бирок убакыттын өтүшү менен сөзсүз сезилет. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Алданбагыла: Кудайды шылдыңдай албайсыңар. Адам эмнени сепсе, ошону орот. Ким денеге сепсе, ал денеден чирий турган нерсени оруп алат»,— деген эскертүү жазылган (Гал. 6:7, 8). Ооба, Жахаба жек көргөн нерселерди кылууга үндөгөн көңүл ачууну четке какканыбыз кандай гана маанилүү! (Заб. 97:10).

15. Жахаба бизге кубаныч тартуулаган кандай белек берген?

15 Жахабанын эли биздин уюмдун Интернет аркылуу берилген JW телеберүүсүн көргөндү аябай жакшы көрөт. Мэрлин деген бир тууган мындай дейт: «JW телеберүүсү мага кубанычтуу жүргөнгө жардам берет. Анда жалаң жакшы нерселер көрсөтүлгөндүктөн, баарын коркпой көрө алам. Жалгызсыраганда же көңүлүм чөккөндө ишенимди бекемдеген баяндама угам же таңкы сыйынууну көрөм. Анын аркасында өзүмдү Жахабага жана анын уюмуна жакыныраак сезем. JW телеберүүсү жашоомду толугу менен өзгөрттү». Жахабанын бул белегинен силер да пайда алып жатасыңарбы? JW телеберүүсүнө ай сайынкы программадан тышкары, дагы башка көптөгөн аудиожаздыруулар, видеотасмалар, көңүлдү көтөргөн ырлар чыгып турат. Аларды каалаган учурда угуп-көрө аласыңар.

16, 17. Көңүл ачууга канча убакыт коротуп жатканыбызды эмне үчүн көзөмөлдөп турушубуз керек жана муну кантип кылсак болот?

16 Биз көңүл ачуунун кандай түрүн тандаганыбызга эле эмес, ага канча убакыт коротуп жатканыбызга да олуттуу маани беришибиз керек. Болбосо Жахабага кызмат кылууга караганда көңүл ачууга көбүрөөк убактыбыз кетип калышы мүмкүн. Көптөргө көңүл ачууга кеткен убактысын көзөмөлдөө оңой эмес. 18 жаштагы Абигейил деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Бир күн кечке жаным тынбай жүргөндөн кийин кечинде телевизор көргөндө кадимкидей эс ала түшөм. Бирок сак болбосом, көгүлтүр экрандын маңдайында отуруп, бир нече саатым өтүп кеткенин билбей калам». Ал эми Самуил деген жаш бир тууган: «Кээде Интернеттен аябагандай көп кыска видеолорду көрүп отура берчүмүн. Башында бирөөнү эле көрүп баштачумун. Анан кантип үч-төрт саат өтүп кеткенин билбей да калчумун»,— дейт.

17 Көңүл ачууга кеткен убактыңарды кантип көзөмөлдөй аласыңар? Биринчиден, ага канча убакыт коротуп жатканыңарды аныктагыла. Алсак, календарга бир жуманын ичинде телевизорго, Интернетке, электрондук оюндарга же достук кечелерине канча саат сарптап жатканыңарды жазып тургула. Эгер өтө эле көп убакыт коротуп жатканыңарды байкасаңар, график түзүп алгыла. Убактыңарды бөлүштүрүп жатканда биринчи орунга маанилүүрөөк иштерди, андан кийин көңүл ачууну койгула. Экинчиден, Жахабадан түзүп алган ошол графигиңерге карманууга жардам сурагыла. Мунун аркасында өздүк изилдөөгө, үй-бүлө менен сыйынууга, жыйналыш жолугушууларына жана кызматка арнаганга убактыңар да, күчүңөр да болот. Ошондой эле Жахабаныкын биринчи орунга койгондуктан, көңүл ачып жатканда өзүңөрдү күнөөлүү сезбейсиңер.

ЖАХАБАГА ТОЛУК БЕРИЛГЕН БОЙДОН КАЛАЛЫ

18, 19. Жахабага толук берилген экенибизди кантип көрсөтөбүз?

18 Шайтандын дүйнөсүнүн акыры жана жаңы дүйнөнүн келери жөнүндө жазгандан кийин элчи Петир: «Сүйүктүү бир туугандарым, ушуларды күтүп жатып, акырында ал силерди таза, кемчиликсиз, тынчтыкта жашаган адамдар деп табышы үчүн, бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— деген (2 Пет. 3:14). Бул кеңешке ылайык иш кылып, өзүбүздү адеп-ахлактык жана рухий жактан таза сакташ үчүн бүт күчүбүздү жумшасак, Жахабага толук берилген экенибизди далилдейбиз.

19 Шайтан жана анын дүйнөсү бизди Жахабаны эмес, башка нерселерди биринчи орунга коюуга тынбай азгыра берет (Лк. 4:13). Бирок биз, кандай сыноого кабылбайлы, жүрөгүбүздөгү Жахабанын ордун башка бирөө же бир нерсе ээлеп алышына эч качан жол бербейбиз. Биз Жахабага ал гана татыктуу болгон нерсени берүүгө — толук берилгендик сактоого — чечкиндүүбүз!

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

^ 5-абз. Биз өзүбүздү Жахабага кызмат кылууга арнаганбыз. Бирок ага толук берилгендик сактап жатабызбы? Бул суроонун жообу чыгарган чечимдерибизден айкын көрүнөт. Анда эмесе, Жахабага канчалык деңгээлде берилгендик көрсөтүп жатканыбызды аныктоого жардам бере турган эки нерсеге токтололу.

^ 53-абз. СҮРӨТ. Эч кимибиз кир ашканада даярдалган тамакты жегибиз келмек эмес. Ошо сыяктуу эле, зордук-зомбулук, спиритизм же адеп-ахлаксыздык менен «булганган» көңүл ачууну четке какканыбыз маанилүү.