Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба силерди, ким болушуңар керек болсо, ошол кыла алат

Жахаба силерди, ким болушуңар керек болсо, ошол кыла алат

«Кудай... силерге каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берет» (ФЛП. 2:13).

104-ЫР: Ыйык рух — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ой-ниети аткарылышы үчүн, Жахаба эмне кыла алат?

ЖАХАБА, өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло алат. Мисалы, ал Насаатчы, Сооротуучу, Жакшы кабар таратуучу болуп келет жана санай берсек, мунун аягы болбойт (Ыш. 48:17; 2 Кор. 7:6; Гал. 3:8). Ошентсе да Жахаба өзүнүн эркин аткарууда көбүнчө адамдарды колдонот (Мт. 24:14; 28:19, 20; 2 Кор. 1:3, 4). Ошондой эле ал бизге, анын ой-ниетин аткарууда ким болушубуз керек болсо, ошол боло алышыбыз үчүн, акылмандык жана күч берет. Айрым окумуштуулар айткандай, Жахабанын ысмынын мааниси ушунун баарын камтыйт.

2. а) Эмне үчүн кээде Жахабанын бизди колдонуп жатканына шектенишибиз мүмкүн? б) Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

2 Баарыбыз эле Жахабанын бизди колдонушун каалайбыз. Бирок айрымдар Жахабанын аларды колдонуп жатканына шектениши мүмкүн. Эмне үчүн? Себеби алар өздөрүн курагынан, жагдай-шартынан же шык-жөндөмүнөн улам ойдогудай кызмат кыла албай жаткандай сезишет. Ал эми кээ бирлер, тескерисинче, жетиштүү эле кызмат кылып жатам деп ойлоп, андан көбүрөөк кылуунун зарылдыгын көрбөшү ыктымал. Бул макалада Жахабанын кантип ар бирибизге анын эркин аткарууга зарыл болгон нерселерди бере аларына токтолобуз. Андан соң анын өз кызматчыларына: эркектерге, аялдарга иш-аракет кылууга каалоо да, күч да бергени жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү карап чыгабыз. Акырында Жахаба бизди колдонушу үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.

ЖАХАБА БИЗГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕТ?

3. Жахаба бизге, Филипиликтер 2:13тө убада кылынгандай, кантип каалоо бериши мүмкүн?

3 Окугула: Филипиликтер 2:13 *. Жахаба бизге иш-аракет кылууга каалоо бере алат. Кантип? Балким, жыйналыштагы кимдир бирөөгө көмөк көрсөтүүгө же бир ишти кылууга киши керек болуп жатканын угаттырбыз. Же жыйналыштан аксакалдар кайсы бир жерде жардам керек болуп жатканы жөнүндө жазылган филиалдан келген катты окушу мүмкүн. Ошондо: «Мен кантип жардам берсем болот?» — деп ойлоноттурбуз. Же оор иш тапшырылып, аны жакшы аткара аламбы деп тынчсызданышыбыз ыктымал. Же болбосо Ыйык Китептен үзүндү окугандан кийин: «Бул билдирүүнү башкаларга жардам берүүдө кантип колдонсом болот?» — деп ой жүгүртөттүрбүз. Албетте, Жахаба бизди кайсы бир ишти кылууга мажбурлабайт. Бирок өзүбүздү текшерип, эмнелерди кылсак болору жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө, ал бизге ошого жараша иш-аракет кылууга каалоо берет.

4. Жахаба бизге иш-аракет кылууга кантип күч бере алат?

4 Жахаба бизге иш-аракет кылганга күч да бере алат (Ыш. 40:29). Алсак, ал ыйык рухун колдонуп, шык-жөндөмүбүздү арттырууга жардам берет (Чыг. 35:30—35). Ошондой эле уюму аркылуу кайсы бир иштерди аткаруунун жолдорун үйрөтөт. Эгер өзүңөргө тапшырылган ишти кантип кылса болорун билбей жатсаңар, жардам сурагандан тартынбагыла. Андан сырткары, кайсы учурда болбосун, асмандагы берешен Атабыздан «адаттан тышкаркы күч» беришин сурасаңар болот (2 Кор. 4:7; Лк. 11:13). Ыйык Китепте Жахабанын эркектер менен аялдарга иш-аракет кылууга каалоо да, күч да бергени жөнүндөгү билдирүүлөр арбын. Ал билдирүүлөрдүн айрымдарын ушул макалада карап чыгабыз. Аларды талкуулап жатканда Жахабанын силерди да ошол сыяктуу иштерди кылууда кантип колдонушу мүмкүн экени жөнүндө ой жүгүрткүлө.

ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АНЫН ЭРКИН АТКАРГАН КИШИЛЕР

5. Жахабанын өз элин кулчулуктан куткаруу үчүн Мусаны качан жана кантип колдонгонунан эмнени биле алабыз?

5 Жахаба Муса пайгамбарды ысрайыл элин кулчулуктан куткаруу үчүн колдонгон. Бирок аны качан колдонгон? Муса пайгамбар «мисирликтердин бүт акылмандыгына үйрөтүлүп», өзүн ал ишке даярмын деп эсептегендеби? (Элч. 7:22—25). Жок. Жахаба аны момун, жумшак киши кылып калыптагандан кийин гана колдонгон (Элч. 7:30, 34—36). Ал ага Мисирдин кубаттуу башкаруучусунун алдына барууга кайрат берген (Чыг. 9:13—19). Анын Мусаны качан жана кантип колдонгонунан эмнени билүүгө болот? Жахаба өзүнүн эркин аткарууга аныкындай сапаттарды чагылдыргандарды жана анын күчүнө таянгандарды колдонот (Флп. 4:13).

6. Жахабанын Дөөтү падышага жардам бериш үчүн Барзелайды колдонгонунан эмнени билүүгө болот?

6 Ошондон бир канча кылым өткөндөн кийин, Жахаба Дөөтү падышага жардам бериш үчүн Барзелайды колдонгон. Уулу Абышаломдон качып жүргөндө Дөөтү падыша да, кишилери да ачка болушкан, чарчашкан, суусашкан. Ошондо улгайып калган Барзелай менен дагы башка кишилер өмүрүн тобокелге салып, аларга зарыл нерселерди алып келип беришкен. Барзелай: «Мен эми карыдым. Жахаба мени колдонбойт болуш керек»,— деп ойлогон эмес. Анын ордуна, колунда болгонун эч аябай, Кудайдын муктаж болуп жаткан кызматчысына жардам берген (2 Шем. 17:27—29). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Жашыбыз канчада болбосун, Жахаба бизди өзүбүз жашаган жердеги же бөлөк өлкөдөгү жардамга зар болуп турган ишенимдештерибизге кам көрүүгө колдоно алат (Накыл 3:27, 28; 19:17). Жардам берүү ишине түзмө-түз катыша албасак да, зарыл учурда бир туугандарга көмөк көрсөтүүгө каражат болушу үчүн, бүткүл дүйнөлүк ишибизге тартуу кыла алабыз (2 Кор. 8:14, 15; 9:11).

7. Жахаба Шымонду кантип колдонгон жана бул бизди эмне үчүн бекемдейт?

7 Жахаба Иерусалимде жашаган ишенимдүү кары кызматчысы Шымонго Машаякты көрмөйүнчө өлбөй турганын айткан. Анын бул убадасы Машаяктын келерин көп жылдан бери күтүп жүргөн Шымонду абдан бекемдегени шексиз. Жахаба ага туруктуулугу, ишеними үчүн сыйлык берген. Шымон бир күнү «рухтун жетеги менен» ибадатканага барып, ымыркай Исаны көргөн. Жахаба ал аркылуу ошол ымыркайдын келечекте Машаяк болорун пайгамбарлык кылган (Лк. 2:25—35). Кыязы, Шымон Исанын жердеги кызматы башталганга чейин көз жумган. Ал ошол учурду көрбөсө да, Жахабанын аны колдонгонуна абдан ыраазы болгон. Келечекте ал дагы көп жакшы нерселерге күбө болот. Жаңы дүйнөдө Кудайдын ал ишенимдүү кызматчысы Исанын башкаруусунун аркасында жер жүзүндөгү бардык элдер кандай баталарды алып жатканын көрөт (Башт. 22:18). Биз да, Жахабага кызмат кылууда кандай сыймык берилбесин, аны жогору баалайбыз.

8. Жахаба бизди кантип Барнабаны колдонгондой колдонушу мүмкүн?

8 Б.з. 1-кылымында Жусуп деген берешен киши Жахабанын эркин аткарууга даяр болгон (Элч. 4:36, 37). Элчилер ага «сооронуч уулу» дегенди билдирген Барнаба деген ат коюшкан. Буга, сыягы, анын башкаларды кантип сооротуп-жубатышты жакшы билгени себеп болгон көрүнөт. Мисалга бир жагдайды алалы. Мурда жыйналыштарды куугунтуктаганы менен белгилүү болгон Шабыл Исанын жолдоочусу болгондо, көп бир туугандар ага жологондон коркушкан. Бирок мээримдүү, боорукер Барнаба Шабылга жардам берген. Ошондо Шабылдын ага абдан ыраазы болгону шексиз (Элч. 9:21, 26—28). Кийинчерээк Иерусалимдеги аксакалдар тээ алыскы Сириядагы Антиохияда жашаган ишенимдештеринин бекемдөөгө муктаж экенин угушкан. Аларга кимди жөнөтүшкөн? Барнабаны! Бул эң туура болгон. Анткени Ыйык Китепте жазылгандай, Барнаба ал жактагы шакирттердин «баарын Мырзабызга берилгендик көрсөтүүгө чын жүрөктөн чечкиндүү болууга үндөгөн» (Элч. 11:22—24). Жахаба бүгүнкү күндө бизге да ишенимдештерибизди сооротууга жардам бере алат. Алсак, ал бизди жакынын жоготкондорду жубатууга колдонушу мүмкүн. Же болбосо ооруп жаткан же көңүлү чөгүп жүргөн кимдир бирөөгө барып же телефон чалып, жылуу сөз айтышыбызга түрткү бериши ыктымал. Жахабанын силерди Барнабаны колдонгондой колдонушуна жол бересиңерби? (1 Тес. 5:14).

9. Жахабанын Василийге жакшы койчу болууга жардам бергенинен эмнени биле алабыз?

9 Жахаба Василий деген бир тууганга жыйналышта жакшы койчу болгонго жардам берген. 26 жашында аксакал болуп дайындалганда Василий жыйналыштагыларга, айрыкча, башынан оор кыйынчылыктарды кечирип жаткандарга рухий жактан жардам бере албайм деп тынчсызданган. Бирок ал тажрыйбалуу аксакалдар менен кызматташуунун жана Падышалык кызмат мектебинен билим алуунун аркасында көп нерсени үйрөнгөн. Ошондой эле жакшырыш үчүн бүт күч-аракетин жумшаган. Маселен, алдына кичинекей максаттарды коюп, аларды тизмелеп алган. Алардын ар бирине жеткен сайын, өзүн ишенимдүүрөөк сезе баштаган. Ал мындай дейт: «Мурун корккон нерселерим азыр чоң кубаныч тартуулайт. Жахаба мага жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешимди сооротуу үчүн ылайыктуу аят табууга жардам бергенде, терең канааттануу алам». Ага-инилер, эгер Василийге окшоп, Жахабанын силерди колдонушуна жол берсеңер, ал силерге жыйналышта чоң жоопкерчиликтерди аркалоого жөндөмдүүлүк бере алат.

ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АНЫН ЭРКИН АТКАРГАН АЯЛДАР

10. Абигейил эмне кылган жана андан кандай үлгү алсаңар болот?

10 Дөөтү менен кишилери Шабул падышадан качып жүргөндө жардамга муктаж болушкан. Бир күнү анын кишилери Набал деген ысрайылдык бай кишиге барып, өзөк жалгаганга бир нерсе беришин сурашкан. Алар Набалдын койлорун чөлдө эч нерсеге жем кылбай коргоп жүрүшкөндүктөн ага тамак-аш сурап барышкан болчу. Бирок өзүмчүл Набал аларды куру кол кетирип жиберген. Буга каарданган Дөөтү Набал менен анын үйүндөгү эркектердин баарын кырып салууга аттанган (1 Шем. 25:3—13, 22). Набалдын аялы Абигейил сулуу болгондон сырткары, кыраакы да болчу. Ал кайраттуулук менен Дөөтүнү тосуп чыккан да, бут алдына жыгылып, аны Набалдан өч алам деп, канга забын болуп калуудан сак болууга үндөгөн. Ал Дөөтүгө баарын Жахабанын колуна тапшырууну сылыктык менен айткан. Анын момундук менен айткан сөздөрү, кыраакылык менен кылган иш-аракети Дөөтүнүн жүрөгүн козгогон. Дөөтү аны Жахаба жибергенин дароо түшүнгөн (1 Шем. 25:23—28, 32—34). Ооба, Абигейил жакшы сапаттарды өрчүткөндүктөн, Жахаба аны колдонгон. Анын сыңарындай, Жахаба бүгүнкү күндө сылык, кыраакы эже-карындаштарыбызды үй-бүлөлөрүн, жыйналыштагы ишенимдештерин бекемдөөгө колдоно алат (Накыл 24:3; Тит 2:3—5).

11. Шалумдун кыздары эмне кылышкан жана бүгүнкү күндө кимдер алардан үлгү алууда?

11 Ошол окуядан бир топ кылым өткөндөн кийин, Жахаба Иерусалимдин дубалын кайра тургузууга колдонгон адамдардын арасында Шалумдун кыздары да болгон (Нек. 2:20; 3:12). Атасы төрө болсо да, анын кыздары ары оор, ары кооптуу курулуш ишине чын дилден катышышкан (Нек. 4:15—18). Алар текоялыктардын ошол ишке катышуудан баш тарткан аттуу-баштуу кишилеринен кандай гана айырмаланышкан! (Нек. 3:5). Иерусалимдин дубалы 52 эле күндүн ичинде тургузулуп бүткөндө, Шалумдун кыздарынын канчалык кубанганын элестетсеңер (Нек. 6:15). Аларга окшоп, азыркы убакта көптөгөн эже-карындаштарыбыз ыйык кызматтын өзгөчө түрүнө — Жахабага арналган имараттарды курууга жана жакшы абалда күтүүгө — жан-дили менен катышып жатышат. Бул иш ийгиликтүү жүрүшү үчүн, биз ошондой жөндөмдүү, жигердүү, берилген бир туугандарыбызга муктажбыз.

12. Жахаба бизди кантип Табитаны колдонгондой колдоно алат?

12 Жахаба Табита деген кызматчысына башкаларга, өзгөчө, жесирлерге «көп жакшылык кылууга», «көп жакшы иштерди жасоого» түрткү берген (Элч. 9:36). Табита аябай берешен, боорукер болгондуктан, ал каза болуп калганда, көптөр ыйлаган. Ал эми элчи Петир аны тирилткенде, баары кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн (Элч. 9:39—41). Табитадан эмнеге үйрөнсөк болот? Жаш-кары, эркек-аял дебей, баарыбыз ишенимдештерибизге жардам берүү үчүн жакшы иштерди кыла алабыз (Евр. 13:16).

13. Жахаба Рут деген тартынчаак ишенимдешибизди кантип колдонгон жана Рут эмне деген?

13 Рут деген тартынчаак ишенимдешибиз миссионер болууну эңсечү. Кичинекей кезинде ал үйлөрдү бат-баттан кыдырып, баракчаларды таратчу. «Бул иш мага аябай жакчу»,— дейт Рут. Анткен менен ага үй ээлери менен сүйлөшүү, башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтуу кыйын болчу. Ошондой тартынчаак болсо да, Рут 18 жашында пионердик кызматты баштаган. Ал эми 1946-жылы Ыйык китептик Гилат мектебинен билим алып, кийинчерээк Гавайиде жана Жапонияда кызмат кылган. Жахаба колдонгондуктан, ал жакшы кабардын ошол өлкөлөрдө кеңири жайылышына чоң салым кошкон. Дээрлик 80 жылдай кызмат кылгандан кийин Рут мындай деген: «Жахаба мага дайыма дем-күч берип келет. Ал уялчаактыгымды жеңгенге жардам берди. Жахабанын ага таянгандардын ар бирин колдоно аларына бекем ишенем».

ЖАХАБАНЫН СИЛЕРДИ КОЛДОНУШУНА ЖОЛ БЕРГИЛЕ

14. Колосалыктар 1:29га ылайык, Жахаба бизди колдонушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

14 Тарых бою Жахаба өзүнүн кызматчыларын ар кандай иштерди аткарууга колдонуп келген. Ал силерди кантип колдоно алат? Көп нерсе анын эркин аткарууга бүт күчүңөрдү жумшоого канчалык даяр экениңерден көз каранды. (Окугула: Колосалыктар 1:29.) Эгер өзүңөр даяр болсоңор, ал силерге жакшы кабарды ынталуу жарыялоого, башкаларды натыйжалуу окутууга, муктаж болгондорду сооротууга, жумушту мыкты аткарууга, жакшы дос болууга жардам берет же анын эркин аткаруу үчүн дагы ким болушуңар зарыл болсо, ошол кыла алат.

15. 1 Тиметей 4:12, 15те жазылгандай, жаш бир туугандар Жахабадан эмне кылууга жардам сурашы керек?

15 Эр жетип келаткан инилерибиз, силер тууралуу эмне айтууга болот? Кызмат жардамчысынын милдетин аркалай ала турган, күчкө толуп турган бир туугандарга болгон муктаждык абдан чоң. Көптөгөн жыйналыштарда кызмат жардамчылары аксакалдарга караганда аздык кылат. Силер, жаш бир туугандар, жыйналыштагы кошумча жоопкерчиликтерди аткарууга болгон каалооңорду өстүрө аласыңарбы? Айрымдар: «Мен жарчы болуп жүргөнүмө эле сүйүнөм»,— дешет. Эгер силер да ошондой ойдо болсоңор, Жахабадан кызмат жардамчысы болууга каалоо беришин жана ага колуңардан келишинче кызмат кылууга күч беришин сурагыла (Нас. 12:1). Биз силердин жардамыңарга аябай муктажбыз! (Окугула: 1 Тиметей 4:12, 15.)

16. Жахабадан эмнени сурашыбыз керек жана эмне үчүн?

16 Жахаба силерди, анын ой-ниети ишке ашышы үчүн ким болушуңар керек болсо, ошол кыла алат. Ошондуктан андан ал тапшырган ишти аткарууга каалоо жана күч беришин сурагыла. Жашыңар канчада болбосун, убактыңарды, күчүңөрдү, шык-жөндөмүңөрдү жана колуңарда болгон нерселерди Жахабаны даңктоо үчүн колдонгула (Нас. 9:10). Корккондуктан же өзүңөрдү татыксыз сезгендиктен Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибербегиле. Мээримдүү Атабыздын даңкталышына аз болсо да салымыбызды кошуу биз үчүн баа жеткис сыймык!

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

^ 5-абз. Өзүңөрдү Жахабага жетиштүү кызмат кылбай жаткандай сезесиңерби? Кээде анын силерди колдонуп жаткан-жатпаганын билбей, бушайман болосуңарбы? Же тескерисинче, Жахабага жетиштүү эле кызмат кылып жатам, мындан көбүрөөк кылуунун зарылдыгы деле жок деп ойлойсуңарбы? Бул макалада Жахабанын эркин аткарууда ким болушуңар керек болсо, ошол боло алышыңар үчүн, анын силерге кантип каалоо да, күч да берерин талкуулайбыз.

^ 3-абз. Пабылдын каты 1-кылымдагы шакирттерге жолдонсо да, анын жазгандарын Жахабанын бардык кызматчыларына карата колдонсо болот.