Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдарга Кудайдын жакындап келаткан «бороон-чапкыны» тууралуу эскерткенибиз маанилүү

Кудайдын сот өкүмдөрү. Ал жетиштүү түрдө эскертеби?

Кудайдын сот өкүмдөрү. Ал жетиштүү түрдө эскертеби?

АБА ЫРАЙЫНДАГЫ өзгөрүүлөрдү көрсөткөн шайман менен иштеген адис эл жыш отурукташкан аймакка катуу бороон-чапкындын тездик менен жакындап келатканын көрөт. Адамдардын коопсуздугуна тынчсыздангандыктан ал өтө кеч болуп кала электе аларга эскертиш үчүн колунан келгендин баарын кылат.

Ошо сыяктуу эле, Жахаба бүгүнкү күндө жердин тургундарына аба ырайы жөнүндөгү билдирүүлөрдө айтылгандагыдан алда канча коркунучтуу «бороон-чапкын» болорун эскертип жатат. Ал муну кандай жол менен кылууда? Анын адамдарга эскертүүгө кулак кагууга жетиштүү убакыт берип жатканына эмне үчүн шектенбесек болот? Бул суроолорго жооп алардан мурун, келгиле, Жахабанын байыркы учурда жарыялаган айрым сот өкүмдөрүн карап чыгалы.

КУДАЙ АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТКЕН УЧУРЛАР

Байыркы убакта Жахаба ар кандай «бороон-чапкындар», башкача айтканда, анын осуяттарына атайлап баш ийбегендерге каршы чыгарган сот өкүмдөрү жөнүндө эскерте турган (Накыл 10:25; Жер. 30:23). Ошондой учурлардын ар биринде ал аларга эмне кылганы жатканын алдын ала билдирчү жана анын эркине ылайык өзгөрүүгө жетиштүү убакыт берчү (2 Пад. 17:12—15; Нек. 9:29, 30). Адамдарга зарыл өзгөрүүлөрдү кылууга жардам бериш үчүн Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларын колдончу. Алар анын өкүмдөрүн жарыялап, элди создуктурбай иш-аракет кылууга үндөшчү (Амос 3:7).

Кудай сот өкүмдөрүн жарыялоого колдонгон ошондой ишенимдүү адамдардын бири Нух пайгамбар болгон. Ал адеп-ахлактык жактан бузулган, мыкаачы замандаштарына Топон суунун болорун көп жыл бою кайраттуулук менен эскертип келген (Башт. 6:9—13, 17). Ошондой эле аларга Топон суудан аман калыш үчүн эмне кылышы керектигин да айткан. Ушунчалык ынталуу болгондуктан кийинчерээк ал «адилдиктин кабарчысы» деп аталып калган (2 Пет. 2:5).

Тилекке каршы, Нух канчалык күч-аракет жумшабасын, Топон сууга чейин жашаган адамдар Кудай айттырган кабарга көңүл бурбай коюшкан. Алардын кымындай да ишеними болгон эмес. Натыйжада Топон суу «каптап, баарын жок кылганда», өмүрүнөн айрылышкан (Мт. 24:39; Евр. 11:7). Ошондо аларда Кудай бизге эскертпей койгон деп айтууга эч кандай негиз болгон эмес.

Кээ бир учурларда Жахаба өкүмүн ишке ашыра турган убакка аз калганда эскертчү. Ошентсе да башына мүшкүл түшө тургандарга иш-аракет кылууга жетиштүү убакыт берчү. Алсак, ал байыркы мисирликтерге он жаза жибергенде алдын ала эскертип турган. Мисалы, Жахаба Муса менен Арун аркылуу фараон жана анын кызматчыларына жетинчи жаза, тактап айтканда, баарын бүлгүнгө учурата турган мөндүр тууралуу айткан. Мөндүр эртеси күнү жаай тургандыктан, ал аларга жазадан аман калыш үчүн баш калкалай турган жай табууга жетиштүү убакыт бергенби? Ыйык Китептен: «Фараондун кызматчыларынын ичинен Жахабанын сөзүнөн корккондору кулдары менен малын ичкери киргизгенге шашышты. Ал эми Жахабанын сөзүнө көңүл бурбагандары кулдары менен малын талаага калтырып коюшту»,— дегенди окуйбуз (Чыг. 9:18—21). Ооба, Жахаба аларга эмне кылганы жатканын так-айкын билдиргендиктен, тезинен иш-аракет кылгандары мөндүрдөн башкалардай болуп көп жапа чегишкен эмес.

Жахаба фараон менен анын кызматчыларына онунчу жаза тууралуу да эскерткен. Бирок алар акылсыздык кылып, эскертүүгө кулак какпай коюшкан (Чыг. 4:22, 23). Ошонун айынан тун уулдарынан ажырашкан. Бул кандай гана кейиштүү болгон! (Чыг. 11:4—10; 12:29). Алар ошол каргашадан кача алат беле? Ооба. Муса ысрайылдыктарга онунчу жаза болорун жана үй-бүлөлөрүн аман алып калыш үчүн эмне кылышы керектигин дароо айткан болчу (Чыг. 12:21—28). Мусанын эскертүүсүнө канча киши кулак салган? Кээ бир эсептөөлөргө ылайык, үч миллион киши, анын ичинде ысрайылдыктар жана «ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар», айрым мисирликтер Кудайдын жазасынан аман калып, Мисирден чыгып кетишкен (Чыг. 12:38).

Бул окуялардан Жахабанын адамдарга анын эскертүүлөрүнө кулак кагууга дайыма жетиштүү убакыт берип келгенин көрүүгө болот (Мыйз. 32:4). Эмне себептен ал ушундай кылчу? Элчи Петир Жахабанын «эч кимдин өлүшүн каалабай» турганын, «тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалаарын» айткан (2 Пет. 3:9). Ырас, Кудай адамдардын камын ойлогондуктан алардын өкүнүшүн жана сот өкүмүн ишке ашыра турган убак келгиче өзгөрүлүшүн каалачу (Ыш. 48:17, 18; Рим. 2:4).

КУДАЙДЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨРҮНӨ КУЛАК КАГУУ

Бүгүнкү күндө да бардык адамдар бүт дүйнө жүзү боюнча жарыяланып жаткан маанилүү кабарга назарын салышы керек. Жерде жүргөндө Иса бул дүйнөнүн «улуу алааматта» талкалана турганын эскерткен (Мт. 24:21). Ал келечектеги ошол сот өкүмүнө байланыштуу пайгамбарлык айткан. Ошол пайгамбарлыкта жолдоочуларынын өз убагы келгенде кандай окуяларга күбө болорун, эмнелерди башынан кечирерин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн. Ошентип, Иса бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан орчундуу окуяларды сүрөттөгөн. Биз аларды өз көзүбүз менен көрүүдөбүз (Мт. 24:3—12; Лк. 21:10—13).

Исанын пайгамбарлыгына ылайык, Жахаба азыркы учурда ар бир адамды ага кызмат кылууга жана баш ийүүгө чакырууда. Ал ага баш ийген адамдардын азыртадан эле жашоодон кубаныч алышын жана келечекте адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө төгүлө турган баталарга ээ болушун каалайт (2 Пет. 3:13). Ошондуктан аларга анын убадаларына ишенүүгө жардам бергиси келет. Ал муну өмүрдү сактап кала турган «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» жарыялоо аркылуу кылууда. Иса анын «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратыларын» алдын ала айткан (Мт. 24:14). Кудай өзүнүн чыныгы кызматчылары аркылуу ошол жакшы кабардын 240тай өлкөдө жарыяланышына кам көрүүдө. Ал мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын эскертүүгө олуттуу маани берип, жакында адилеттүү сот жүргүзгөндө боло турган «бороон-чапкындан» аман калышын абдан каалайт (Сеп. 1:14, 15; 2:2, 3).

Ооба, Жахабанын адамдарга анын эскертүүлөрүнө кулак кагууга жетиштүү убакыт берип келгени талашсыз. Муну тастыктаган далилдер арбын. Бирок адамдар азыр убакыт барда анын эскертүүлөрүнө ылайык иш кылабы? Кеп мына ушунда. Анда эмесе, келгиле, Кудайдын атынан жиберилген кабарчылар катары мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга бул дүйнөнүн акыры келгенде аман калууга жардам бере берели.