Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Улуу алаамат» учурунда ишенимдүү бойдон калгыла

«Улуу алаамат» учурунда ишенимдүү бойдон калгыла

«Жахабага берилгендер, аны сүйгүлө. Жахаба ишенимдүүлөрдү коргойт» (ЗАБ. 31:23).

129-ЫР: Туруктуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Жакында дүйнө төбөлдөрү эмне деп жарыялайт? б) Кайсы суроолорго жооп алышыбыз керек?

ДҮЙНӨ төбөлдөрүнүн биз көптөн бери күтүп келген: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деген жарыяны жаңы эле жар салганын элестетсеңер. Алар жер жүзүндө мындай коопсуздук мурун эч качан болгон эмес деп мактанышы мүмкүн. Дүйнө төбөлдөрү адамзаттын көйгөйлөрүнүн баарын чече алышарына биздин да ишенишибизди каалашат. Бирок алар андан кийин боло турган окуяларды такыр көзөмөлдөй алышпайт! Эмне үчүн? Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка ылайык, «алардын кыйратылуусу... капысынан келет; алар качып кутула алышпайт» (1 Тес. 5:3).

2 Ошондуктан мындай маанилүү суроолорго жооп алышыбыз керек: «Улуу алаамат» учурунда эмнелер болот? Жахаба биздин ошол убакта эмне кылышыбызды күтөт? «Улуу алаамат» учурунда ишенимдүү бойдон калыш үчүн азыртадан эмне кылышыбыз керек? (Мт. 24:21).

«УЛУУ АЛААМАТ» УЧУРУНДА ЭМНЕЛЕР БОЛОТ?

3. Аян 17-бөлүмдүн 5 жана 15—18-аяттарына ылайык, Кудай Улуу Бабылды кантип жок кылат?

3 Окугула: Аян 17:5, 15—18. «Улуу Бабыл» жок кылынат! Жогоруда айтылгандай, дүйнө төбөлдөрү ошол учурда боло турган окуяларды көзөмөлдөй албайт. Эмне үчүн? «Анткени Кудай өзүнүн оюн аткарууну... [алардын] жүрөктөрүнө салат». Кайсы оюн? Жалган диндин дүйнөлүк империясын, анын ичинде христиан дүйнөсүн жок кылууну *. Кудай өзүнүн ниетин аткарууну «кыпкызыл жырткычтын» «он мүйүзүнүн» жүрөгүнө салат. «Кыпкызыл жырткыч» Бириккен Улуттар Уюмун, ал эми «он мүйүз» аны колдогон өкмөттөрдүн баарын билдирет (Аян 17:3, 11—13; 18:8). Ал өкмөттөрдүн жалган динге кол салышы улуу алааматтын башталганынан кабар берет. Бул капысынан баштала турган жана жер жүзүндөгү ар бир кишиге таасир эте турган жүрөк титиреткен окуя болот.

4. а) Дүйнө төбөлдөрү жалган диндерге кол салганын акташ үчүн кандай себептерди келтириши мүмкүн? б) Ал диндерди тутуп келгендер, кыязы, эмне кылышат?

4 Дүйнө төбөлдөрүнүн Улуу Бабылга кол салганын акташ үчүн кандай себептерди келтирерин билбейбиз. Алар дүйнөдөгү диндердин тынчтыкты сактоого тоскоолдук жаратып жатканын жана саясатка дайыма кийлигише берерин айтышы мүмкүн. Же болбосо диндердин аябай көп байлык, дүнүйө-мүлк топтоп алганын себеп катары келтириши ыктымал (Аян 18:3, 7). Кандай болбосун, дүйнө төбөлдөрү жалган диндерге чабуул жасаганда, кыязы, аларды тутуп жүргөндөрдүн ар бирин эмес, диндердин өзүн жок кылат. Диндер жок кылынгандан кийин, алардын мүчөлөрү диний жетекчилеринин аларга курулай убадаларды берип, алдап келишкенин түшүнүшөт. Ошондуктан алар өздөрүнүн ал диндер менен эч кандай байланышта болбогонун айтышы мүмкүн.

5. Жахаба улуу алааматка байланыштуу кандай убада берген жана эмне үчүн?

5 Ыйык Китепте Улуу Бабылдын канча убакыттын ичинде жок кылынары так айтылбайт. Бир билгенибиз, ал салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде талкаланат (Аян 18:10, 21). Жахаба, «өзү тандап алгандар» жана чыныгы дин жок болуп кетпеши үчүн, улуу алаамат боло турган «күндөрдү кыскартарын» убада кылган (Мр. 13:19, 20). Ал биздин улуу алаамат башталгандан тартып Армагедон согушуна чейинки убакыт аралыгында эмне кылышыбызды каалайт?

ТАЗА СЫЙЫНУУНУ ЖАКТАЙ БЕРГИЛЕ

6. Жалган диндин бөлүгү болбош үчүн дагы эмне кылышыбыз керек?

6 Өткөн макалада талкуулаганыбыздай, Жахаба өзүнүн кызматчыларынан Улуу Бабылдан бөлүнүшүн талап кылат. Бул жалган дин менен болгон байланышыбызды толугу менен үзүүдөн да көптү билдирет. Биз чыныгы динди — Жахаба Кудайга сыйынууну — колдоого чечкиндүү болушубуз керек. Муну кантип кылсак болорунун эки жолун карап көрөлү.

Эч качан, атүгүл кыйын учурларда да жыйналышты калтырбайлы (7-абзацты карагыла) *

7. а) Канткенде Жахабанын адеп-ахлактык адил нормаларына бекем кармана алабыз? б) Еврейлер 10:24, 25тен, өзгөчө, азыркы учурда сыйынуу үчүн чогулуп турганыбыз маанилүү экени кандайча көрүнүп турат?

7 Биринчиден, Жахабанын адеп-ахлактык адил нормаларына бекем кармана беришибиз зарыл. Бул дүйнөдөгүлөр баалаган нерселерди жана карманган нормаларды кабыл албашыбыз керек. Мисалы, биз жыныстык адеп-ахлаксыздыктын эч бир түрүн, анын ичинде бир жыныстагы адамдардын никеге турушун жана башка жүрүм-турумун колдобойбуз (Мт. 19:4, 5; Рим. 1:26, 27). Экинчиден, биз Жахабага ишенимдештерибиз менен чогуу сыйына беришибиз керек. Падышалык залында, зарыл учурда бир туугандардын үйүндө же атүгүл жашыруун жерлерде ишенимдештерибиз менен чогулуп турганыбыз маанилүү. Кандай жагдай болбосун, сыйынуу үчүн чогулуп турганыбызды эч качан токтотпойбуз. Жахабанын күнүнүн «жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдей» беришибиз керек. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.)

8. Келечекте кандай кабарды айтышыбыз мүмкүн?

8 Улуу алаамат учурунда жарыялай турган кабарыбыз, сыягы, азыркыдан башкача болот. Азыр биз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, шакирт даярдоого бүт күчүбүздү жумшап жатабыз. Ал эми улуу алааматта башкаларга чоң-чоң мөндүрлөрдөй катуу тие турган кабарды айтышыбыз мүмкүн (Аян 16:21). Ал убакта Шайтандын дүйнөсү жакында түп-тамыры менен кыйратыларын жарыялашыбыз ыктымал. Кандай кабарды жана аны кантип жарыялай турганыбызды убакыттын өтүшү менен билебиз. Ошол убакта кызматыбызда жүздөгөн жылдардан бери колдонуп келаткан ыкмаларыбызды колдонобузбу же башка ыкмалардыбы? Бул өз учуру келгенде айкын болот. Кандай болбосун, Жахабанын сот өкүмдөрүн кайраттуулук менен жарыялоо сыймыгына ээ болорубуз күмөнсүз (Жез. 2:3—5).

9. Айткан кабарыбыздан улам дүйнө төбөлдөрү эмне кылышы мүмкүн жана эмнеден шектенбесек болот?

9 Айткан кабарыбыз дүйнө төбөлдөрүнүн жаагыбызды биротоло жап кылууга умтулушуна себеп болушу ыктымал. Азыр кызматыбызда Жахабага таянып жаткандай эле, ошол убакта да анын колдоосуна муктаж болобуз. Жахабанын бизди, анын эркин аткара алышыбыз үчүн, күчкө толтурарынан эч шектенбесек болот (Мик. 3:8).

КУДАЙДЫН ЭЛИНЕ ЖАСАЛА ТУРГАН ЧАБУУЛГА ДАЯР БОЛГУЛА

10. Лука 21:25—28-аяттарда жазылгандай, көптөр улуу алаамат учурунда боло турган окуяларды көргөндө эмне кылышат?

10 Окугула: Лука 21:25—28. Улуу алаамат учурунда адамдар өздөрү таянып келген нерселердин баары: саясий, коммерциялык түзүлүштөрдүн жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүнүн талкалана баштаганын көрүп, айран таң калышат. Адамзат тарыхындагы эң караңгы ошол учурда алар өмүрүнөн айрылып каларын ойлоп корккондуктан катуу кыйналышат (Сеп. 1:14, 15). Ал убакта атүгүл Жахабанын кызматчылары үчүн да жашоо оңой болбошу мүмкүн. Биз бул дүйнөгө таандык болбогондуктан кандайдыр бир кыйынчылыктарга кабылышыбыз, жадагалса жашоого зарыл нерселердин айрымдарына да жетпей калышыбыз ыктымал.

11. а) Жалган диндер жок кылынгандан кийин, эмне үчүн бүт көңүл Жахабанын элине бурулат? б) Эмне себептен улуу алааматтан коркпошубуз керек?

11 Тутуп жүргөн дини жок кылынган адамдар улуу алааматтын кайсы бир учурунда Жахабанын Күбөлөрүнүн дагы деле өз динин тутуп жүргөнүн көрүп, ачууланышы мүмкүн. Ошондон улам алардын бул тууралуу Интернет, радио же телевизор сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу башкаларга да айтып, канчалык чуу саларын элестетсеңер. Биздин диндин гана калганын көргөндө элдер менен алардын башкаруучусу Шайтандын бизди аябай жек көрөрү шексиз. Анткени алар жер жүзүнөн бардык диндерди жок кылабыз деген максатына жетпей калган болот. Андыктан бүт көңүлүн бизге бурушат. Ошондо алар Магок жеринен чыккан Гоктун * ролун аткарышат. Алар биригип алып, Жахабанын элине бүт каары менен чабуул коюшат (Жез. 38:2, 14—16). Ал убакта эмнелер болорун майда-чүйдөсүнө чейин так билбегендиктен ар нерсени ойлоп тынчсыздана башташыбыз мүмкүн. Бирок улуу алааматтан коркуунун зарылдыгы жок. Жахаба бизге өмүрүбүздү сактап кала турган көрсөтмөлөрдү берет (Заб. 34:19). Куткарылуубузга аз калганын билгендиктен биз боюбузду түзөп, башыбызды көтөрөбүз *.

12. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бизди келечектеги окуяларга кантип даярдап келет?

12 «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бизди улуу алаамат учурунда ишенимдүү бойдон калууга ар кандай жолдор менен даярдап келет (Мт. 24:45). Мисалга 2016—2018-жылдары өткөрүлгөн региондук жыйындарыбызды алалы. Өз убагында болгон ал жыйындар бизге Жахабанын күнү жакындап келаткан азыркы убакта зарыл болгон сапаттарды чыңдоого түрткү берди. Анда эмесе, ошол сапаттарга кыскача токтололу.

БЕРИЛГЕНДИГИҢЕРДИ, ТУРУКТУУЛУГУҢАРДЫ ЖАНА КАЙРАТТУУЛУГУҢАРДЫ ЧЫҢДАЙ БЕРГИЛЕ

Улуу алааматтан» аман калыш үчүн азыртан даярдангыла (13—16-абзацтарды карагыла) *

13. Жахабага болгон берилгендигибизди кантип чыңдай алабыз жана муну эмне үчүн азыр кылышыбыз керек?

13 Берилгендик. 2016-жылдын региондук жыйыны «Жахабага берилгендик көрсөтө берели!» деп аталган. Ал жыйында эгер Жахаба менен ынак мамиледе болсок, ага берилгендик сактай аларыбыз баса белгиленген. Ошондой эле чын жүрөктөн тиленүү жана Ыйык Китепти кылдат изилдөө менен ага жакындай аларыбыз айтылган. Ушундай иш-аракеттерди кылуу бизге атүгүл оор сыноолорду да жеңгенге күч берет. Шайтандын дүйнөсүнүн акырына аз калган сайын, Кудайга жана анын Падышалыгына болгон берилгендигибиз көбүрөөк сынала берери шексиз. Биз башкалардын шылдыңына көп жолу кабылышыбыз мүмкүн (2 Пет. 3:3, 4). Алар бизди, айрыкча, Шайтандын дүйнөсүнүн иштерине аралашпай, бейтараптуулукту сактаганыбыз үчүн шылдыңдашы ыктымал. Улуу алаамат учурунда берилгендигибизден жазбаш үчүн берилгендигибизди азыртадан чыңдашыбыз керек.

14. а) Жетекчиликти колго алган бир туугандарга байланыштуу кандай өзгөрүү болот? б) Ошол убакта берилгендик көрсөткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

14 Улуу алааматта уюмда жетекчиликти колго алган бир туугандарга байланыштуу өзгөрүү болот. Себеби улуу алааматтын кайсы бир учурунда жерде жашап жаткан майлангандардын баары Армагедон согушуна катышуу үчүн асманга чогултулат (Мт. 24:31; Аян 2:26, 27). Бул Жетектөөчү Кеңештин андан ары биз менен болбой турганын билдирет. Бирок эбегейсиз көп адамдар андан ары да уюшкандыкта иш кыла беришет. Анткени башка койлорго кирген тажрыйбалуу бир туугандар жетекчиликти колго алышат. Биз ал бир туугандарды колдоо менен жана алардын Кудайдан алган көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен берилгендик көрсөтүшүбүз керек. Мындан өмүрүбүз көз каранды болот.

15. Туруктуулугубузду кантип чыңдай алабыз жана муну азыр кылганыбыз эмне үчүн маанилүү?

15 Туруктуулук. 2017-жылдагы региондук жыйын «Багынбагыла!» деп аталган. Ал жыйындан канткенде кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрө аларыбызды үйрөндүк. Туруктуулугубуз жагдайдын канчалык жакшы болорунан көз каранды эмес экенин жана ал сапатты Жахабага таянуу менен чыңдай аларыбызды билдик (Рим. 12:12). Ар бирибиз Исанын: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген убадасын эстеп жүрүшүбүз керек (Мт. 24:13). Анын убадасы эч бир кыйынчылыкка карабай ишенимдүү бойдон калышыбыз керектигин көрсөтүп турат. Эгер азыр ар бир сыноодо туруктуу болсок, улуу алаамат башталганга чейин ишенимибиз өсүп, бекем болуп калабыз.

16. Канткенде кайраттуу болобуз жана ал сапатты чыңдаш үчүн азыртадан эмне кылышыбыз зарыл?

16 Кайраттуулук. 2018-жылы өткөрүлгөн региондук жыйын «Кайраттуу болгула!» деп аталган. Ал жыйында айтылган баяндамалар өзүбүздүн шык-жөндөмүбүздөн улам кайраттуу боло албай турганыбызды эсибизге салды. Туруктуулук сыяктуу эле, кайраттуулук сапатын Жахабага таянуу менен гана өстүрө алабыз. Ага көбүрөөк таянууга кантип үйрөнө алабыз? Ан үчүн Жахабанын Сөзүн күн сайын окушубуз жана анын мурун өз кызматчыларын кантип сактап келгени тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек (Заб. 68:20; 2 Пет. 2:9). Улуу алааматта улуттар бизге кол салганда, кайраттуу болушубуз жана Жахабага болуп көрбөгөндөй таянышыбыз керек болот (Заб. 112:7, 8; Евр. 13:6). Эгер Жахабага азыртадан таянсак, Гок кол салганда, кайраттуу болобуз *.

КУТКАРЫЛУУҢАРДЫ ЭҢСЕП КҮТКҮЛӨ

Жакында Иса менен анын асмандагы аскери Армагедон согушунда Кудайдын душмандарын жок кылууга аттанышат (17-абзацты карагыла)

17. Эмне үчүн Армагедон согушунан коркуунун кереги жок? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

17 Мурунку макалада айтылгандай, көбүбүз эле төрөлгөнүбүздөн тартып акыркы күндөрдө жашап келатабыз. Ошондой эле биз улуу алааматтан аман өтөбүз деп үмүттөнөбүз. Армагедон согушунда бул дүйнө түзүлүшү толугу менен жок болот. Бирок андан коркушубузга эч себеп жок. Эмне үчүн? Анткени Армагедон — Жахабанын согушу (Накыл 1:33; Жез. 38:18—20; Зак. 14:3). Жахаба буйрук бергенде, Иса Машаяк анын аскерин — тирилген майлангандарды жана түмөндөгөн периштелерди — согушка баштап барат. Алар Шайтанга, анын жин-перилерине жана жердеги аскерине каршы согушушат (Дан. 12:1; Аян 6:2; 17:14).

18. а) Жахаба эмнеге кепилдик берген? б) Аян 7-бөлүмдүн 9 жана 13—17-аяттары келечекке ишенимдүү кароого кандайча жардам берет?

18 Жахаба: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деп кепилдик берген (Ыш. 54:17). Ага ишенимдүү кызмат кылган «эбегейсиз көп адамдар» «улуу алааматтан аман өтүшөт». Алар андан ары да Жахабага кылган ыйык кызматын уланта беришет. (Окугула: Аян 7:9, 13—17.) Ырас, Ыйык Китепте келечекке ишеним менен кароого көптөгөн себептер бар. Биз Жахабанын «ишенимдүүлөрдү коргой» турганын билебиз (Заб. 31:23). Жахабаны сүйгөндөр жана аны даңктагандар анын ыйык ысмынын акталганын көрүп, сүйүнүшөт (Жез. 38:23).

19. Бизди кандай келечек күтүп турат?

19 Эгер 2 Тиметей 3:2—5-аяттарда Шайтандын таасири жок болгон жаңы дүйнөдө жашап жаткан адамдар тууралуу айтылган болсо, кандай сөздөр колдонулмактыгын элестетип көрсөңөр. (« Жаңы дүйнөдө адамдар кандай болот?» деген кутучаны карагыла.) Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жорж Гангас * мындай деген: «Жер тургундарынын баары бир туугандар болгондо, кандай сонун заман болот! Жакында жаңы дүйнөдө жашоо сыймыгына ээ болосуңар. Ошондо Жахаба канча жашаса, силер да ошончо жашайсыңар. Баарыбыз түбөлүк өмүр сүрөбүз». Ооба, биз кандай гана сонун үмүткө ээбиз!

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

^ 5-абз. Биз жакында бүт дүйнө жүзү боюнча «улуу алаамат» болорун билебиз. Бул биз үчүн эмнени билдирет? Ошол учурда Жахаба эмне кылышыбызды күтөт? «Улуу алаамат» учурунда ишенимдүү бойдон калыш үчүн азыр кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керек? Бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Христиан дүйнөсү өз ичине Иса Машаяктын жолун жолдойбуз деп айтканы менен, башкаларды Жахабага анын нормаларына ылайык сыйынууга үйрөтпөгөн диндерди камтыйт.

^ 11-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Магок жеринен чыккан Гок (кыскача аталышы Гок) деген сөз айкашы улуу алааматтын аягы жакындап калган убакта таза сыйынууга каршы күрөшө турган улуттардын бирикмесине карата колдонулат.

^ 11-абз. Армагедондун алдында кандай окуялар болору жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин 21-бөлүмүн карагыла. Ал эми Магок жеринен чыккан Гоктун кол салуусу жана Жахабанын өз элин кантип коргоору тууралуу кененирээк билүү үчүн «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу» деген китептин 17, 18-бөлүмдөрүн карагыла.

^ 16-абз. 2019-жылы өткөрүлгөн «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган региондук жыйын бизди, Жахаба сүйүүсү менен коргогондуктан, өзүбүздү коопсуз сезерибизге ынандырды (1 Кор. 13:8).

^ 19-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1994-жыл, 1-декабрь, «Иштери аны менен бирге барат», ор.

^ 65-абз. СҮРӨТ. Улуу алаамат учурунда Жахабанын кызматчыларынын чакан тобу токойдо жыйналыш жолугушуусун коркпой өткөрүп жатат.

^ 67-абз. СҮРӨТ. Жахабага ишенимдүү кызмат кылган «эбегейсиз көп адамдар» «улуу алааматтан аман өтүп», бактылуу өмүр сүрүшөт.