Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рутерфорд бир тууган Сидар-Пойнтто өткөрүлгөн жыйында баяндама айтып жатат, 1919-жыл

1919. Жүз жыл мурун

1919. Жүз жыл мурун

1918-ЖЫЛДЫН соңунда төрт жылдан ашуун убакытка созулган Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаган. 1919-жылы 18-январда Париж тынчтык конференциясы башталган. Анын аркасында 1919-жылдын 28-июнунда Версаль тынчтык келишими түзүлүп, ага Германия жана аны менен согушуп жаткан өлкөлөр кол койгон. Натыйжада Биринчи дүйнөлүк согуш расмий түрдө соңуна чыккан.

Версаль тынчтык келишими Улуттар Лигасы деп аталган жаңы уюмдун негизделишине да өбөлгө түзгөн. Ал уюмдун максаты «эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана улуттар ортосунда тынчтык менен коопсуздукту орнотуу» болгон. Христиан дүйнөсүндөгү көптөгөн диндер Улуттар Лигасын толугу менен колдогон. Мисалы, Машаяктын чиркөөлөрүнүн Америкадагы федералдык кеңеши аны «Кудайдын Падышалыгынын жердеги саясий өкүлү» деп атаган. Ал кеңеш Улуттар Лигасын колдоорун өзүнүн өкүлдөрүн Париж тынчтык конференциясына жиберүү менен көрсөткөн. Ошол өкүлдөрдүн бири Париж тынчтык конференциясынын «дүйнөлүк тарыхтын жаңы дооруна багыт бергенин» айткан.

Айткандай эле, жаңы доор башталган. Бирок ага тынчтык конференциясына катышкан адамдар себепкер болгон эмес. 1919-жылы Жахаба өз элине жакшы кабарды болуп көрбөгөндөй деңгээлде жарыялоого дем-күч берип, кабар айтуу ишинин жаңы дооруна эшикти кенен ачкан. Бирок адегенде маанилүү өзгөрүүлөр кылынышы керек болгон.

ООР ЧЕЧИМ

Жозеф Рутерфорд

1919-жылы 4-январда, ишембиде, Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун деректирлеринин жыл сайынкы шайлоосу болмок. Ошол учурда Жахабанын уюмунда жетекчиликти колго алган Жозеф Рутерфорд жана жети бир тууган жалган айып менен АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында түрмөдө отурган. Ошондо: «Түрмөдө отурган жооптуу бир туугандар кайрадан шайланышы керекпи же алардын ордуна башкалар тандалууга тийишпи?» — деген суроо туулган.

Эвандер Кауард

Темир тордун аркасында отурган Рутерфорд бир тууган уюмдун келечеги үчүн тынчсызданбай койгон эмес. Ал айрымдардын уюмдун президенти катары башка бирөөнү шайлоону туура көрүп жатканын билген. Андыктан шайлоого чогула тургандарга кат жазып, президент кылып Эвандер Кауард бир тууганды тандоону сунуш кылган. Рутерфорд бир тууган аны сабырдуу, акыл-эстүү, Теңирге берилген киши деп эсептээрин айткан. Анткен менен көп бир туугандар бул маселени башка жол менен чечүүнү, тактап айтканда, шайлоону алты айдан кийин өткөрүүнү сунушташкан. Абакта отургандарды жактаган юрист бир туугандар аларды колдошкон. Тилекке каршы, андан ары кандай иш кылыш керектиги чечилип жатканда, айрым бир туугандар нааразы болуп чыгышкан.

Ричард Барбер

Ошондо бир ишенимдешибиздин айтканы баарынын көңүлүн тынчтандырган. Ал мындай деген: «Мен өзүм юрист эмесмин. Бирок кеп мыйзамдуулук туурасында болуп жаткандыктан, берилгендик сактагандардын мыйзамы тууралуу бир нерсе билем. Кудай берилгендикти талап кылат. Ага канчалык берилген экенибизди көрсөтүүнүн мыкты жолу шайлоо өткөрүп, Рутерфорд бир тууганды кайрадан президент кылып шайлоо деп эсептейм» (Заб. 18:25).

Александр Макмиллан

Түрмөдө отурган ишенимдештерибиздин бири Макмиллан эскергендей, ошол күндүн эртеси Рутерфорд анын камерасын тыкылдатып: «Колуңду сунсаң»,— деген да, колуна телеграмма карматкан. Макмиллан андагы кыска-нуска билдирүүнү окуп, маанисин дароо түшүнгөн. Телеграммада: «РУТЕРФОРД УАЙЗ ВАН БАРБЕР АНДЕРСОН БУЛЛИ ЖАНА СПИЛЛ ПРЕЗИДЕНТ АЛГАЧКЫ ҮЧӨӨ ЖЕТЕКЧИ БААРЫҢАРДЫ ЖАКШЫ КӨРӨБҮЗ»,— деп жазылган экен. Бул сөздөр бардык деректирлер кайрадан шайланганын, ал эми Жозеф Рутерфорд менен Уильям ван Амбургдун мурунку жоопкерчилигин аркалай берерин билдирген. Ошентип, Жозеф Рутерфорд андан ары да президент катары кызмат кыла берген.

АКЫРЫ БОШОТУЛУШКАН!

Ал ортодо ишенимдүү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр, сегиз бир тууган түрмөдөн бошотулушу үчүн, элди кыдырып, өкмөттөгүлөргө жолдонгон өтүнүчкө кол коюп беришин суранышкан. Ал эр жүрөк ишенимдештерибиз 700 000ден ашык кол чогултушкан. 1919-жылдын 26-мартында, шаршемби күнү, өтүнүч өкмөткө жөнөтүлгөнгө чейин эле, Рутерфорд менен башка жооптуу бир туугандар эркиндикке чыгарылган.

Үйүнөн тосуп алгандарга айткан сөзүндө Рутерфорд мындай деген: «Баарыбыздын башыбыздан өткөн бул окуялар бизди тек гана мындан да оор учурларга даярдаганына бекем ишенем... Силер бир туугандарыңарды түрмөдөн бошотуш үчүн эле күрөшкөн жоксуңар. Мунун дагы башка максаты бар болчу. Силер Чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн салгылаштыңар. Буга өз салымын кошкондордун баары зор бата алды».

Сот ишине байланыштуу жагдайлардан, кыязы, баарын Жахаба жетектеп жатканы айкын көрүнүп турган. 1919-жылдын 14-майында аппеляциялык сот: «Жоопко тартылгандар ишинин калыс, адилеттүү түрдө каралышына укуктуу болчу. Бирок андай болгон эмес. Мына ошол себептен өкүм жокко чыгарылат»,— деген чечим чыгарган. Бул абдан жакшы чечим болгон. Эмне себептен? Анткени бир туугандарыбызга олуттуу айыптар тагылган. Эгер алардан тек гана кылмыш жазасы алынып салынса же кандайдыр бир жол менен жеңилдетилсе, алардын соттолгону тууралуу маалымат баары бир деле архивде кала бермек. Бирок аларга чыгарылган өкүм такыр эле жокко чыгарылгандыктан жана андан башка эч кандай айып тагылбагандыктан, соттолгону жөнүндөгү маалымат биротоло жок кылынган. Натыйжада Сот Рутерфорд юрист катары ээ болгон укуктарынан ажыраган эмес. Бошотулгандан кийин ал Кошмо Штаттардын Жогорку сотунда Жахабанын элин далай жолу коргогон.

КАБАР АЙТА БЕРҮҮГӨ ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛУШКАН

«Ошондон кийин Теңир бизди качан асманга алып кетет деп, жөн эле кол куушуруп отура бергибиз келген жок. Биз Теңирдин эрки чынында эмнеде экенин аныктоо үчүн бир нерсе кылышыбыз керектигин түшүндүк»,— деп эскерген Макмиллан бир тууган.

Бирок башкы башкармалыктагы бир туугандар ага чейин бир канча жыл бою кылып келген ишин уланта албай калышкан. Эмне үчүн? Анткени алар түрмөдө отурганда, адабият басып чыгаруу үчүн колдонулган басма табактарынын баарын душмандар жок кылып салган болчу. Бул көңүлдү чөгөрбөй койгон эмес. Ошондон улам айрым бир туугандарга кабар айтуу иши соңуна чыкканбы деген ойлор келген.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жарыялап жаткан Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыккандар дагы деле барбы? Бул суроого жооп алыш үчүн Рутерфорд бир тууган баяндама айтууну чечкен. Ага көптөр чакырылмак. Макмиллан бир тууган: «Эгер ошол жолугушууга эч ким келбесе, анда кабар айтуу иши соңуна чыккан окшойт деген тыянакка келмекпиз»,— деп айткан.

Гезиттеги Рутерфорд бир туугандын 1919-жылы Лос-Анжелесте айткан «Азапка малынган адамзат үчүн үмүт» деген баяндамасынын жарнамасы

1919-жылдын 4-майында, жекшемби күнү, Рутерфорд бир тууган олуттуу оорусуна карабай Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында «Азапка малынган адамзат үчүн үмүт» деп аталган баяндама айткан. Аны 3500дөй киши уккан. Дагы жүздөгөндөрү залга батпай калгандыктан баяндаманы уга албай калышкан. Эртеси 1500 киши келген. Ошондо ишенимдештерибиз суроосуна так-айкын жооп алышкан: жакшы кабарга кызыккандар дагы деле бар болчу.

Бир туугандарыбыздын андан кийинки иш-аракеттеринен Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин аткарууда азыркыга чейин үлгү алып келет.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ӨСҮШКӨ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

«Күзөт мунарасынын» 1919-жылдын 1-августундагы санында сентябрдын башында Огайо штатынын Сидар-Пойнт шаарында жалпы жыйын өткөрүлөрү кулактандырылган. «Ар бирибиз ал жыйынга барууга өзүбүздү милдеттүү сездик»,— деп эскерген Миссуриде жашаган Клеренс Битти аттуу жаш Ыйык Китеп Изилдөөчү. Ошол жыйынга 6000ден ашык, күтүлгөндөн алда канча көп, бир тууган келген. Жыйын өткөн жерге жакын жайгашкан Эри деген көлдө 200дөн ашуун кишинин чөмүлгөнү баарынын кубанычына кубаныч кошкон.

1919-жылы 1-октябрда чыккан «Алтын кылым» журналынын алгачкы саны

1919-жылы 5-сентябрда, жыйындын бешинчи күнү, «Кызматташтарга кайрылуу» деген баяндамасында Рутерфорд бир тууган «Алтын кылым» * деген жаңы журналдын жарык көргөнүн жарыялаган. Ал журналда «учурда болуп жаткан маанилүү окуялар тууралуу айтылып, алардын маани-маңызы Ыйык Жазманын негизинде түшүндүрүлмөк».

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн баары ушул жаңы адабиятты колдонуп, тайманбай кабар айтууга үндөлгөн. Ишти кантип уюштуруу керектиги туурасындагы катта: «Кудайга берилген [чөмүлгөн] ар бир бир тууган кызмат кылуу чоң сыймык экенин унутпасын жана бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, дүйнөгө зор күбөлөндүрүү берүү ишине өз салымын кошсун»,— деп жазылган. Бул чакырыкка аябай көп бир тууган жооп кайтарган. Декабрга чейин Падышалыктын ынталуу жарчыларынын эмгегинин аркасында жаңы журналга 50 000ден ашуун киши жазылган.

Бир туугандар «Алтын кылым» журналы жүктөлгөн машиненин жанында турушат, Бруклин

1919-жыл аягына чыккыча эле, Жахабанын эли иштерин жаңыча уюштуруп, жаңы күч менен кызмат кылууга даяр болуп калышкан. Андан тышкары, акыркы күндөргө тиешелүү бир нече маанилүү пайгамбарлык аткарылган. Кудайдын элинин Малаки 3:1—4-аяттарда айтылган сыналуу жана тазалануу мезгили соңуна чыккан. Ошондой эле алар «Улуу Бабылдын» каймана маанидеги кулчулугунан бошотулушкан жана Иса «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган * (Аян 18:2, 4; Мт. 24:45). Эми Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Жахаба тапшырган ишти аткарууга даяр болушкан.

^ 22-абз. «Алтын кылым» журналынын аталышы 1937-жылы «Сооротуу» дегенге, ал эми 1946-жылы «Ойгонгула!» дегенге алмаштырылган.