Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба менен болгон мамилеңди кайрадан «кур»

Жахаба менен болгон мамилеңди кайрадан «кур»

ЖЫЛ САЙЫН Жахабанын баалуу койлору жыйналыштарга кайтып келет. Алар кайтып келгенде «асманда... зор кубаныч» болорун элестетсең! (Лука 15:7, 10). Эгер жыйналышка кабыл алынган болсоң, Исанын, периштелердин жана Жахабанын ушунчалык кубанып жатканынан шектенбесең болот. Бирок Жахаба менен болгон мамилеңди кайрадан «куруп» жатканда кыйынчылыктар болбой койбойт. Анда алардын айрымдарына жана аларды кантип жеңсең болоруна токтололу.

КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР БОЛОТ?

Жыйналышка кайтып келгенден кийин деле көптөрдү терс сезимдер басат. Эгер сен да ошондой болуп жатсаң, Дөөтүнү жакшы түшүнөт болушуң керек. Жахаба аны кечиргенден кийин деле, ал: «Кылмыштарым башыман ашты»,— деген (Заб. 40:12; 65:3). Жахабага кайтып келгендер көп жылдар бою өздөрүн күнөөлүү сезип, аябай уят болдум деп жаман боло бериши мүмкүн. Мисалы, 20 жылдан ашык убакыттан кийин жыйналышка кабыл алынган Изабел мындай дейт: «Жахабанын мени кечиргенине ишениш кыйын болду» *. Эгер сен да ошондой болуп жатсаң, Кудай менен болгон мамилеңе кайрадан доо кетиши ыктымал (Накыл 24:10). Буга жол бербе!

Башкалар болсо Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтириш үчүн көп күч жумшаш керектигин билгенде «мен муну кыла аламбы» деп коркушат. Жыйналышка кабыл алынган Антонио мындай деген: «Мага Жахабанын Күбөсү болуп жүргөн кезде кылып жүргөн рухий иштердин баарын унутуп калгандай сезилген. Баарын нөлдөн башташ керек болду». Көптөр ушундай сезимде болгондуктан рухий иштерге толук кандуу катышпай жүрө беришет.

Муну жакшыраак түшүнүш үчүн жер титирөөдөн үйү урап калган кишини элестетсек болот. Ал «үйүмдү кайра курганга канча убакыт, канча күч кетет» деп бушайман болот. Ошол сыяктуу эле, олуттуу күнөөнүн айынан Жахаба менен болгон мамилеңер «урап калса», аны калыбына келтириш үчүн тоодой эмгек керек деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок силерге жардам бере тургандар көп.

Жахаба бизге: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу»,— дейт (Ыш. 1:18). Сен Жахаба менен болгон «мамилеңди оңдош» үчүн көп күч жумшадың. Ошонуң үчүн Жахаба сени аябай жакшы көрөт. Бул тууралуу ойлонуп көр: сен Жахабага кайтып келгенде ага Шайтандын жалганчы экенин далилдегенге мүмкүнчүлүк берген болосуң! (Накыл 27:11).

Жахабага кайтып келүү менен ага жакындаганыңды көрсөтөсүң. Ал да сага жакындайм деп убада берген (Жкп. 4:8). Башкалардын сенин жыйналышка келип жатканыңды көргөнү жакшы. Бирок ошону менен эле токтоп калбашың керек. Атабыз, Досубуз болгон Жахабага сүйүүңдү арттыра беришиң керек. Муну кантип кылсаң болот?

ЖЕТЕ АЛА ТУРГАН МАКСАТТАРДЫ КОЙ

Жете ала турган максаттарды койгонго аракет кыл. Сенин рухий пайдубалың сакталып калган болуш керек. Башкача айтканда, Жахаба жана анын келечекке байланыштуу берген убадалары жөнүндөгү негизги чындыктар эсиңде чыгар. Эми ошол пайдубалдын үстүнө кайрадан дубал тургузушуң кажет. Бул рухий иштерди билдирет. Мисалы, жакшы кабар таратышың, жыйналыштарга барышың жана ишенимдештериң менен убакыт өткөрүшүң керек. Мындай кылганга кайсы максаттар жардам берет?

Жахабадан тилен. Өзүңдү күнөөлүү сезе бергендиктен тиленүү оор болушу мүмкүн экенин Жахаба эң сонун билет (Рим. 8:26). Ошондой сезимде болуп жатсаң да, Жахаба менен аябай ынак мамиледе болгуң келерин айтып тилене бер (Рим. 12:12) Андрей мындай деп эскерет: «Кээде өзүмдү аябай күнөөлүү сезчүмүн. Бирок тиленген сайын жеңилдеп, жүрөгүм уйгу-туйгу болбой калчу». Эмне жөнүндө тиленишти билбей жатсаң, Дөөтүнүн 51, 65-забурлардагы тиленүүсүн окуп көр.

Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай изилде. Эгер ошентсең, рухий жактан азыктанасың, Жахабага болгон сүйүүң да өсөт (Заб. 19:7—11). «Рухий күн тартипке карманбагандыктан алсырап, Жахабанын жүрөгүн оорутуп алгам,— дейт Филип.— Азыр антпеш үчүн дайыма өздүк изилдөө кылып турам». Сен да ошондой кыла аласың. Өздүк изилдөөңдө эмнени изилдешти билбей жатсаң, рухий жактан жетилген досуңдан жардам сурасаң болот.

Ишенимдештериңе жакын бол. Жыйналышка кайтып келгендердин айрымдары «башкалар мени кантип кабыл алат болду экен» деп тынчсызданышат. Буга байланыштуу Лариса мындай дейт: «Жыйналышты сатып кеткендей сезгендиктен аябай уялып жүрдүм. Көпкө чейин ушинтип кыйналдым». Жахаба менен болгон достугуңду кайрадан чыңдаганга аксакалдар жана башка жетилген бир туугандар жардам бергенге дилгир. Ушуну унутпа. (« Аксакалдар кантип жардам бере алат?» деген кутучаны кара.) Алар сенин кайтып келгениңе сүйүнүшөт жана күлүп-жайнап жүрүшүңдү каалашат! (Накыл 17:17).

Жыйналыштагыларга жакын болгонго сага эмне жардам берет? Жолугушуулардын бирин да калтырба. Ишенимдештериң менен дайыма кызматка чыгып тур. Мунун натыйжасы кандай болот? Феликс мындай деп ой бөлүшөт: «Жыйналыштагылар менин кайтып келишимди аябай күтүп жүрүшүптүр. Кучак жайып тосуп алышты. Алардын ар бири мага кайрадан рухий үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди, Жахабанын мени кечиргенин сезгенге көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле алдыны көздөй кете бергенге түрткү беришти». (« Өзүң эмне кылсаң болот?» деген кутучаны кара.)

БАГЫНБА!

Жахаба менен болгон мамилеңди кайрадан «куруп» жатканда Шайтан сокку уруп турат (Лк. 4:13). Андыктан белиңди бекем бууп, даяр тур!

Жахаба өзүнүн койлору тууралуу: «Жоголгонун издеп табам, адашканын кайрып келем, алардын сынган жерин таңам, оорулуусуна күч берем»,— деген убада берген (Жез. 34:16). Ал канчалаган кызматчыларына рухий жактан кайрадан бутуна турганга жардам берип келет. Андыктан ал сага да ортоңордогу мамилени бекем курганга көмөк көрсөтөт. Мындан түк да шектенбе!

^ 4-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.