Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чындап өкүнүү деген эмнени билдирет?

Чындап өкүнүү деген эмнени билдирет?

«Мен өкүнүүгө... күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим» (ЛУКА 5:32).

36-ЫР: Жүрөгүбүздү сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Эки падышанын айырмачылыгы эмнеде болгон жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

АДЕГЕНДЕ байыркы убакта жашаган эки падышанын жашоосун кылдат талдап чыгалы. Бири он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын, экинчиси болсо эки уруудан турган Жүйүт падышалыгын башкарган. Бул эки падыша ар башка убакта жашаса да, окшош жактары көп болгон. Экөө тең Жахабага каршы чыгып, анын элин күнөөгө түрткөн, буркандарга сыйынып, киши өлтүрүшкөн. Бирок экөөнүн бир айырмачылыгы болгон. Бири өмүрү өткөнчө жаман жолунан кайткан эмес. Экинчиси, төбө чачты тик тургузган жаман иштери үчүн өкүнгөндүктөн, Кудай аны кечирген. Сөз кайсы падышалар жөнүндө болуп жатат?

2 Бири Ысрайылдын падышасы Ахап болчу. Экинчиси Жүйүттүн падышасы Менаше эле. Бул эки падышанын айырмачылыгынан өкүнүү деген эмнени билдирерин түшүнө алабыз (Элч. 17:30; Рим. 3:23). Өкүнүү деген эмне жана кишинин өкүнүп жатканы эмнеден көрүнөт? Муну билип алганыбыз жакшы. Себеби күнөө кылып алганыбызда баарыбыз эле Жахабанын бизди кечиришин каалайбыз. Ушул суроолорго жооп алыш үчүн бул эки падышанын жашоосуна сереп салып, эмнени үйрөнө аларыбызды карап чыгалы. Андан соң Исанын өкүнгөнгө байланыштуу эмне деп окутканын карап чыгабыз.

АХАПТАН КАНДАЙ САБАК АЛСАК БОЛОТ?

3. Ахап кандай падыша болгон?

3 Ахап он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын жетинчи падышасы болчу. Ал түндүктөгү Сидон деген жерди башкарган падышанын кызы Изабелге үйлөнгөн. Ал эл аябагандай бай эл болчу. Ахап менен Изабелдин баш кошконунун аркасында Ысрайыл жери байыса керек. Ошону менен бирге эл Жахабанын алдында чоң күнөөгө баткан. Анткени Изабел Баалга сыйынчу. Ал күйөөсүн өзү туткан жийиркеничтүү динди жайылтканга түрткөн. Баалга сыйынуу ибадатканадагы сойкулук, атүгүл балдарды курмандыкка чалуу менен коштолгон. Изабел каныша болуп турган кезде Жахабанын пайгамбарларынын өмүрү коркунучта болгон. Себеби ал көптөрүн өлтүрткөн (1 Пад. 18:13). Ахап болсо «Жахабанын алдында жаман иштерди кылып, өзүнөн мурункулардын баарынан ашып түшкөн» (1 Пад. 16:30). Бирок аялы экөөнүн кылгандары Жахабанын көз жаздымында калган эмес. Ал баарын алаканга салгандай көрүп турган. Бирок Жахаба ырайымдуу болгондуктан элин Илияс пайгамбар аркылуу өтө кеч болуп кала электе туура жолго түшкөнгө чакырган. Бирок Ахап менен Изабелдин оңолоюн деген түрү жок болчу.

4. Ахапка кандай өкүм чыгарылган жана бул ага кандай таасир эткен?

4 Акыры Жахабанын чыдамдуулугу жетер чегине жеткен. Ал Илияс пайгамбарды Ахап менен Изабелге кандай өкүм чыгаргандыгын айттырыш үчүн жөнөткөн. Жахаба алардын тукумун кырып саларын айткан. Илияс пайгамбардын мындай сөздөрү Ахаптын жүрөгүн көзөп өткөн. Эч кимди теңине албаган ал киши күтүүсүздөн Жахабага «моюн сунган» (1 Пад. 21:19—29).

Ахаптын чындап өкүнбөгөнү Кудайдын пайгамбарларын түрмөгө каматканынан айкын болгон (5, 6-абзацтарды карагыла) *

5, 6. Ахаптын чындап өкүнбөгөнү кайсы иштеринен көрүнгөн?

5 Ошондо Ахап моюн сунса да, андан кийинки иштери анын чындап өкүнбөгөнүн айкындаган. Ал ысрайыл жеринен Баалга сыйынгандарды жок кылганга аракет кылган эмес. Элди Жахабага сыйынганга да чакырган эмес. Анын чындап өкүнбөгөнү башка иштеринен да көрүнгөн.

6 Бир жолу Ахап жүйүттөрдүн Жошапат деген падышасын өзү менен бирге сириялыктарга каршы согушканга чакырган. Согушка аттанардан мурун Жошапат алгач Жахабанын пайгамбары менен кеңешип көрүүнү сунуштаган. Адегенде Ахап макул болбой мындай деген: «Дагы бирөө бар, Жахабадан ошол аркылуу да сурасак болот. Бирок мен аны жек көрөм, анткени ал мен жөнүндө бир да жакшы пайгамбарлык айтпайт, жалаң жаман пайгамбарлык айтат». Бирок акыры алар Микей пайгамбарды чакыртышат. Ахап айткандай эле, Микей ал жөнүндө суук кабар айтат. Муну укканда Ахап Жахабадан кечирим сурагандын ордуна, пайгамбарды түрмөгө каматып салат (1 Пад. 22:7—9, 23, 27). Пайгамбарын түрмөгө каматып салса да, Жахабанын айткандары аткарылбай калган эмес. Жахаба айттыргандай эле, Ахап салгылашта өмүрү менен кош айтышкан (1 Пад. 22:34—38).

7. Ахап өлгөндөн кийин, Жахаба аны кандай деп сыпаттаган?

7 Ахап өлгөндөн кийин, Жахаба аны кандай киши деп эсептээрин көрсөткөн. Жошапат падыша үйүнө аман-эсен кайтып келгенден кийин, Жахаба ага Жеху пайгамбарды жөнөткөн. Жеху аны Ахап падыша менен бирге согушка барганы үчүн ашкерелеген. Ал ага: «Ыймансызга жардам берип, Жахабаны жек көргөндү жакшы көргөнүң туурабы?» — деген (2 Жылн. 19:1, 2). Эми ойлонуп көрсөңөр, эгер Ахап чын жүрөктөн өкүнгөн болсо, пайгамбар аны ыймансыз, Жахабаны жек көргөн киши деп сыпаттайт беле? Ооба, Ахап кандайдыр бир деңгээлде кайгырып өкүнсө да, чын дилинен өкүнгөн эмес.

8. Ахаптын окуясынан өкүнүүгө байланыштуу эмнени биле алабыз?

8 Ахаптын кылгандарынан кандай сабак алсак болот? Илияс пайгамбар анын бүт үй-бүлөсү Кудайдын каарына каларын айтканда, башында Ахап моюн сунган. Ошенткени туура болгон. Бирок анын кийинки иштери чындап өкүнбөгөнүн айкын көрсөткөн. Мындан көрүнүп тургандай, өкүнүү деген бир нече убакытка кайгырып коюуну эле билдирбейт. Келгиле, чындап өкүнүү өз ичине эмнени камтый турганын түшүнгөнгө жардам берген башка инсандын жашоосуна токтололу.

МЕНАШЕ ПАДЫШАДАН КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

9. Менаше кандай падыша болгон?

9 Ошондон эки кылымдай өткөндөн кийин Менаше Жүйүттүн падышасы болот. Ал жөнүндө Ыйык Китепте: «Жахабанын көз алдында көп жаман иштерди кылып, аны каардантты»,— деп жазылган (2 Жылн. 33:1—9). Алсак, ал жалган кудайларга арнап курмандык жайларын курган. Атүгүл, тукумдуулуктун кудайын билдирген буркан оюп жасап, аны Жахабанын ыйык ибадатканасына орнотуп койгон. Ошондой эле сыйкырчылык кылып, төлгө ачкан, айыпсыз кишилердин канын көп төккөн. Ал эле эмес, жалган кудайларга арнап өзүнүн уулдарын курмандык катары отко салган (2 Пад. 21:6, 7, 10, 11, 16).

10. Жахаба Менашени кантип оңдоп-түзөгөн жана ошондо падыша эмне кылган?

10 Менаше, Ахаптай болуп, Жахабанын пайгамбарлары аркылуу айттыргандарын кулагынын сыртынан кетирип, аларды такыр тоготкон эмес. Акыры, «Жахаба аларга [жүйүттөргө] Ашур падышасынын аскер башчыларын жиберген». «Алар Менашени... кармап алып, эки жез кишен менен кишендеп, Бабылга алып кетишкен». Бөтөн жерде түрмөдө жатып, Менаше өзүнүн кылып келген иштери жөнүндө катуу ойлонсо керек. Анан «ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунган». Бирок ал ошону менен эле чектелген эмес. Жахаба Кудайына жалынып, «ырайым кылышын сурап өтүнгөн». Ал кайра-кайра тиленген. Ошентип, ал ыймансыз киши оңоло баштаган. Жахабаны өз Кудайындай көрүп, андан тынымсыз тиленген (2 Жылн. 33:10—13).

Менашенин жалган кудайларга сыйынгандарды жок кылганга киришкенинен чындап өкүнгөнү көрүнгөн (11-абзацты карагыла) *

11. 2 Жылнаама 33:15, 16га ылайык, Менаше чындап өкүнгөнүн кантип далилдеген?

11 Акыры Жахаба Менашенин үнүн уккан. Ал анын тиленгендеги сөздөрүнөн чын жүрөктөн өкүнүп, өзгөрө баштаганын көргөн. Ошон үчүн Жахаба анын өтүнүчүн угуп, кайрадан падышалык тактыга отургузган. Падыша болгондон кийин да Менаше чындап өкүнгөнүн далилдеш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Ал Ахап кылбаган нерсени кылган, тагыраак айтканда, жүрүм-турумун жана иштерин өзгөрткөн. Ошондой эле жалган кудайларды жок кылып, элди Жахабага гана сыйынганга үндөгөн. (Окугула: 2 Жылнаама 33:15, 16.) Буларды ишке ашырыш үчүн ага кажыбас кайрат, бекем ишеним керек болчу. Себеп дегенде өзү үй-бүлөсүнө, жандап жүргөн көрүнүктүү кишилерине, элине ондогон жылдар бою терс таасир этип келген. Эми болсо өмүрүнүн акыркы жылдарында өзү кылган жаман иштеринин кесепетин оңдогонго аракет кылып жаткан. Сыягы, ал кийин мыкты падыша болгон кичинекей небереси Жошияга жакшы таасир эткен (2 Пад. 22:1, 2).

12. Менашенин окуясынан өкүнүүгө байланыштуу эмнени биле алабыз?

12 Менашеден эмнени үйрөнсөк болот? Ал моюн сунуп эле тим болгон эмес, андан да көптү кылган. Кудайдан ырайым кылышын тилеп жалынып-жалбарган. Жаман жолун таштап, өзү келтирген зыяндын ордун толтурганга бүт күчүн жумшаган. Жахабага гана сыйынып, башкаларга да ошенткенге жардам берген. Менашенин окуясы атүгүл аябай жаман иштерди кылгандарга да үмүт байлатат. Себеби Жахаба — «жакшылык кылганга», «кечирүүгө даяр» Кудай (Заб. 86:5). Киши чындап өкүнсө, күнөөлөрү сөзсүз кечирилет.

13. Өкүнүүгө байланыштуу маанилүү нерсени көрсөткөн мисал келтиргиле.

13 Менаше күнөөлөрүн ойлоп кайгыргандан да көптү кылган. Мындан өкүнүүгө байланыштуу маанилүү бир нерсени биле алабыз. Бир мисалга көңүл буралы. Силер таттуу-паттуу саткан дүкөнгө барып, торт сатып алганы жатасыңар. Бирок дүкөнчү торт бербей эле, колуңарга жумуртка карматып коёт. Ошого эле ыраазы болуп кетип калат белеңер? Албетте жок. Ал эми дүкөнчү: «Жумуртка бул торттун негизги курамын түзөт»,— деп түшүндүрсөчү? «Аа, ошондойбу?!» — деп кетип калбайт болчусуңар. Анын сыңарындай, Жахаба күнөө кылган кишиден өкүнүшүн суранат. Ал кишинин кылган ишин ойлоп кайгырып жатканы жакшы. Ооба, кайгыруу өкүнүүнүн «негизги курамын» түзөт. Бирок бул жетишсиз. Анда дагы эмне керек? Бул тууралуу Исанын жүрөктү козгогон аңгемесинен көп нерсени биле алабыз.

ЧЫНДАП ӨКҮНҮҮ ЭМНЕДЕН КӨРҮНӨТ?

Адашкан уул акылына келгенде үйүнө кайтып барыш үчүн узак жол басып өткөн (14, 15-абзацтарды карагыла) *

14. Исанын мисалындагы адашкан уулдун өкүнүп жатканы адеп эмнеден байкалган?

14 Иса адашкан уул жөнүндө дем-шык берерлик окуя айтып берген. Ал окуя Лука 15:11—32-аяттардан жазылган. Кичүү уулу атасына каршы чыгып, өзүнчө жашайм деп, алыскы бир өлкөгө кетип калат. Ал жактан жаман жолго түшүп, бузулуп кетет. Анан башына мүшкүл түшкөндө кылгандары жөнүндө катуу ойлоно баштайт. Ошондо атасынын үйүндө жашап жүргөн кези кандай жыргал болгонун түшүнөт. Ошентип, Иса айткандай, «акылына келет». Анан үйүнө кайтып барып, атасынан кечирим сурамакчы болот. Уулдун кылып жүргөндөрү канчалык туура эмес болгонун түшүнгөнү аябай жакшы болгон. Бирок ал дагы эмне кылышы керек эле? Ооба, ал иш-аракет кылышы керек болчу.

15. Исанын аңгемесиндеги адашкан уул өкүнгөнүн кантип көрсөткөн?

15 Жаман жолго түшүп кеткен уул кылгандарына өкүнүп жатканын далилдеген. Ал кайтып келатканда узак жолду басып өткөн. Атасы менен көрүшкөндө: «Ата, мен Кудайга да, сизге да каршы күнөө кылдым. Эми уулуңуз деп аталууга татыксызмын»,— деген (Лк. 15:21). Анын күнөөсүн мойнуна алганынан Жахаба менен болгон мамилесин оңдогусу келип жатканы көрүнгөн. Ошондой эле кылган иши атасынын жүрөгүн оорутканын түшүнгөн. Атасы кечириши үчүн, ал баарына даяр болгон. Атүгүл жалданма жумушчуларынын бири катары иштегенге даяр болгон (Лк. 15:19). Бул жан дүйнөнү козгогон аңгеме бойдон эле калып калбашы керек. Мында жыйналыштагы аксакалдар үчүн маанилүү принциптер камтылган. Алар олуттуу күнөө кылган кишинин өкүнүп жаткан-жатпаганын аныктап жатканда ушул принциптерге ылайык иш кылышы керек.

16. Аксакалдарга кимдир бирөөнүн чындап өкүнүп жаткан-жатпаганын аныкташ эмне үчүн оңойго турбайт?

16 Аксакалдарга олуттуу күнөө кетирген кимдир бирөөнүн чын жүрөктөн өкүнүп жаткан-жатпаганын аныкташ оңой эмес. Эмне үчүн дегенде аксакалдар адамдын жүрөгүндөгүсүн көрө алышпайт. Ошондуктан алар күнөө кылган кишинин кылган ишине жийиркенип, көз карашын толук өзгөрткөнүн аныкташ үчүн көзгө көрүнгөн далилдерге таянышы керек болот. Айрым учурларда киши ушунчалык уятсыз ишке барып олуттуу күнөө кылгандыктан, аксакалдардын анын чындап өкүнүп жатканына көзү жетпеши мүмкүн.

17. а) Адамдын чындап өкүнүп жатканын кайгырганы эле далилдебей турганын көрсөткөн мисал айтып бергиле. б) 2 Корунттуктар 7:11де айтылгандай, чындап өкүнгөн кишиден эмне күтүлөт?

17 Бир мисалды карап чыгалы. Бир киши бир топ жылдан берип ойноштук кылып келген болот. Жардам сурап кайрылгандын ордуна, ал ыпылас ишин аялынан, досторунан, аксакалдардан жашырып жүрөт. Акыры, кыңыр иши билинип калат. Бети ачылгандан кийин күнөөсүн мойнуна алып, атүгүл катуу өкүнгөндөй болот. Бирок анын ошенткени эле жетиштүүбү? Аксакалдар ишти териштирип жатканда анын кайгырып жатканын эле эмес, андан да көптү көргүсү келет. Ал артын ойлобой, бир эле жолу ушундай ишке барган жок. Жылдар ичинде көп жолу ойноштук кылган. Анын үстүнө, күнөөсүн өзү келип айткан жок: анын бети ачылды. Ошондуктан аксакалдар анын чындап өкүнүп жатканын көрсөткөн белгилерге: ой жүгүртүүсүнө, сезимдерине жана жүрүм-турумуна көңүл бурушу керек. (Окугула: 2 Корунттуктар 7:11.) Балким, ага чындап өзгөрүш үчүн узак убакыт керек болоттур. Андай киши жыйналыштан кайсы бир убакытка чыгарылышы толук мүмкүн (1 Кор. 5:11—13; 6:9, 10).

18. Күнөө кылган киши чындап өкүнүп жатканын кантип далилдейт жана мунун натыйжасы кандай болот?

18 Жыйналыштан чыгарылган киши чын дилден өкүнүп жатканын далилдеш үчүн жыйналыштарды калтырбашы, аксакалдардын кеңешине ылайык, дайыма тиленип, Ыйык Китепти күнүгө окуп-изилдеши керек. Мурунку күнөөсүн кайталап алганга түртүп коё турган жагдайлардан же нерселерден да алыс болушу керек. Эгер ал Жахаба менен болгон мамилесин оңдогонго бүт күчүн жумшаса, ал аны айкөлдүк менен кечиреринен жана аксакалдардын кайра жыйналышка кабыл аларынан шектенбесе болот. Албетте, аксакалдар кимдир бирөөнүн өкүнүп жаткан-жатпаганын аныктап жатканда жагдайлардын ар кандай болорун эске алып, ар бир ишти өзүнчө карашат. Алар баарын бир калыпка салып, катаал сот жүргүзүшпөйт.

19. Чындап өкүнүү өз ичине эмнени камтыйт? (Жезекиел 33:14—16)

19 Буга чейин билгенибиздей, чындап өкүнүү деген кылган күнөөм үчүн өкүнүп жатам деп айтып коюуну эле билдирбейт. Өкүнүп жаткан киши көз карашын, оюн өзгөртөт. Ошондой эле жаман жолунан бурулуп, кайрадан Жахабанын осуяттары боюнча жашай баштайт. (Окугула: Жезекиел 33:14—16.) Ал биринчи кезекте Жахаба менен болгон мамилесин оңдогонго умтулат.

ӨКҮНГӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

20, 21. Олуттуу күнөө кылган кишиге кантип жардам бере алабыз?

20 Иса кызматынын маанилүү дагы бир жагын: «Мен өкүнүүгө... күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп баса белгилеген (Лк. 5:32). Биз да ошенткенге аракет кылышыбыз керек. Мисалы, жакын досубуздун олуттуу күнөө кылганын билип калдык дейли. Андайда эмне кылышыбыз керек?

21 Эгер анын күнөөсүн жаап-жашырганга аракет кылсак, зыян эле келтирген болобуз. Анткенибизден эч кандай майнап чыкпайт, себеби Жахаба баарын көрүп турат (Накыл 5:21, 22; 28:13). Андан көрө, досуңарга аксакалдар ага жардам бергенге ынтызар экенин айтсаңар болот. Эгер ал күнөө кылганын аксакалдарга айткысы келбесе, ага чындап жардам бергиңер келерин көрсөтүп, өзүңөр айтышыңар керек. Себеп дегенде досуңардын Жахаба менен болгон мамилеси кылдын учунда турат.

22. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

22 Ал көптөн бери күнөө кылып келаткан болсочу? Анын күнөөсү аксакалдар аны жыйналыштан чыгара турганчалык олуттуу болсочу? Эгер аксакалдар ошентип чече турган болсо, бул таш боордукка жатабы? Кийинки макаладан кайрымдуу Жахаба Атабыз күнөөкөрдү кантип оңдоп-түзөй турганын жана биз андан кантип үлгү алсак болорун билебиз.

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

^ 5-абз. Чындап өкүнүү деген кылган күнөөнү ойлоп, кайгырып жатканыбызды айтып коюну эле билдирбейт. Бул макалада Ахап менен Менаше падышалардын окуясынан жана Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалынан чындап өкүнүү деген эмнени билдирерин билебиз. Андан тышкары, олуттуу күнөө кылган кишинин өкүнүп жаткан-жатпаганын аныктап жатканда аксакалдар эмнеге көңүл бурушу керектигин карап чыгабыз.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Каарданып, Микей пайгамбарды түрмөгө камаганга буйрук берип жаткан Ахап падыша.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ибадатканага өзү орноткон буркандарды талкалатып жаткан Менаше падыша.

^ 64-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Узак жол жүрүп келип, алыстан үй-бүлөсүн көрүп жеңилдей түшкөн адашкан уул.