Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-ИЗИЛИДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чындыкка бек кармангыла

Чындыкка бек кармангыла

«Бардыгын текшерип көргүлө, жакшысына бек кармангыла» (1 ТЕС. 5:21).

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көптөрдүн башы эмне үчүн маң болот?

БҮГҮНКҮ күндө көптөгөн диндер өздөрүн Иса Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептешет жана Кудайга жаккандай сыйынып жатабыз дешет. Ошонун айынан: «Чыныгы дин бирөө элеби же диндердин баары эле Кудайга жагабы?» — деп көптөрдүн башы маң болот. Биз Жахабанын Күбөлөрү башкаларга чындыкты окутабыз. Ошондой эле Жахаба Кудайга ага жаккандай сыйынабыз. Эмне үчүн ишенимдүү түрдө ушинтип айта алабыз? Анда айрым далилдерге токтололу.

2. Элчи Пабыл чындыкты тапканына эмне үчүн бекем ишенген? (1 Тесалоникалыктар 1:5)

2 Элчи Пабыл чындыкты тапканына түк да шектенген эмес. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 1:5.) Ал жөн эле сезимге жетеленбей, Кудайдын Сөзүн терең казып изилдеген. Ошон үчүн «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына» ишенген (2 Тим. 3:16). Ал изилдегендин аркасында эмнелерди билген? Ыйык Жазманы изилдегендин аркасында Исанын Кудай убада кылган Машаяк экенине ынанган. Ал эми жүйүт диний жетекчилери муну көз жаздымда калтырып койгон. Алар элге Кудай жөнүндөгү чындыкты окутабыз дегени менен, теңирден тескери иш кылышкан (Тит 1:16). Бирок Пабыл алардан айырмаланып, Ыйык Жазмадагы чындыктардын кайсынысына ишенеримди өзүм чечем деген эмес. Ал Кудайдын Сөзүнө ылайык жашап, аны башкаларга айтканга дилгир болгон (Элч. 20:27).

3. Чындыкты тапканыбызга ынаныш үчүн бардык суроолордун жообун билишибиз керекпи? (« Жахабанын иштери менен ойлоруна „эсебим жетпейт“» деген кутучаны да карагыла.)

3 Кээ бирлер чыныгы дин бардык суроолорго, атүгүл Ыйык Китепте камтылбаган суроолорго да жооп бериши керек деп эсептешет. Бирок бул акылга сыярлыкпы? Пабылдын эмне дегенин карап көрөлү. Ал ишенимдештерине: «Бардыгын текшерип көргүлө»,— деген. Бирок ошол эле учурда өзү бүт баарын толугу менен түшүнбөй турганын моюнга алган (1 Тес. 5:21). Ал: «Биздин билимибиз чектелүү»,— деп жазган. Анан: «Биз күзгүдөн бүдөмүк нерселерди көрүп жатабыз»,— деп кошумчалаган (1 Кор. 13:9, 12). Ооба, Пабыл бүт баарын толук түшүнө берген эмес. Биз жөнүндө да ошентип айтсак болот. Ошентсе да Жахаба жөнүндө негизги чындыктарды жакшы билген. Ушундан улам чындыкты тапканына көзү жеткен.

4. Чындыкты тапканыбызга кантип ынана алабыз жана бул макалада эмнелер каралат?

4 Чындыкты тапканыбызга канткенде ынана алабыз? Ан үчүн Исанын Кудайга кантип сыйынганы менен бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнүн кантип сыйынарын салыштырып көрсөк болот. Бул макалада анын чыныгы жолдоочуларынын 1) сөлөкөттөргө сыйынбай турганы, 2) Жахабанын ысмын ыйык тутары, 3) чындыкты жогору баалаары жана 4) бири-бирин жан-дилден сүйөрү каралат.

СӨЛӨКӨТТӨРГӨ СЫЙЫНБАЙБЫЗ

5. Исанын Кудайга сыйынганынан эмнелерди биле алабыз жана биз аны кантип туурасак болот?

5 Иса Жахабаны аябай жакшы көргөн. Ошон үчүн асманда жүргөндө да, жерге келгенде да бир гана ага сыйынган (Лк. 4:8). Ал шакирттерине да ошондой кылганды үйрөткөн. Өзү да, шакирттери да сөлөкөттөргө, буркандарга сыйынган эмес. Кудай көзгө көрүнбөгөн рух болгондуктан, эч ким анын сөлөкөтүн жасай албайт (Ыш. 46:5). Анда ыйык деп эсептелген адамдардын сөлөкөтүнө сыйынуу же аларга кайрылып тиленүү тууралуу эмне дешке болот? Муса пайгамбарга берилген он осуяттын экинчисинде Жахаба: «Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги... нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба»,— деп айткан (Чыг. 20:4, 5). Ооба, Кудайга жаккысы келгендер сөлөкөттөргө сыйынбайт.

6. Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынууда кимди туурашат?

6 Тарыхчылар 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын Кудайдан башка эч кимге, эч нерсеге сыйынбаганын айтышат. Мисалы, бир китепте сыйынуу жайына буркандарды коюу деген ойдун өзү эле алар үчүн «жийиркеничтүү болгону» жазылган («History of the Christian Church»). Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү да 1-кылымдагы ишенимдештериндей иш кылышат. Биз ыйыктардын сөлөкөтүнө табынбайбыз. Периштелерге, атүгүл Исага кайрылып тиленбейбиз. Ошондой эле желекке таазим кылып, гимн ырдап мамлекетти аздектебейбиз. Бир сөз менен айтканда, Исанын: «Кудайың Жахабага сыйын»,— деген сөздөрүнө ылайык жашайбыз (Мт. 4:10).

7. Жахабанын Күбөлөрү башка диндерден эмнеси менен айырмаланат?

7 Учурда көптөр таасирдүү диний жетекчилерди туу тутушат. Мындайча айтканда, аларды кудай кылып алышкан деп айтса болот. Мисалы, алардын сыйынуу жайларына барышат, китептерин сатып алышат, алардын уюмун акчалай колдошот, айрымдары атүгүл оозунан чыккан ар бир сөзүнө бекем ишенишет. Ошол диний жетекчилерин жүрөгүндө ушунчалык аздектегендиктен, аларды көргөндө Исаны көргөндөгүдөй эле болушат! Бирок Жахабанын Күбөлөрү андай кылышпайт. Ооба, биз жетекчиликти колго алгандарды сыйлаарыбыз чын, бирок аларды даңазалабайбыз. Анткени Иса: «Силер... бир туугансыңар»,— деп айткан (Мт. 23:8—10). Диний же саясий төбөлдөр болобу, аларды атактап-даңктабайбыз. Ошондой эле эч бир жагынан колдобойбуз. Биз бул дүйнө менен камыр-жумур болбой, бейтараптуулукту сактайбыз. Мына ушунун баары бизди башка диндерден айырмалап турат (Жкн. 18:36).

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ЫЙЫК ТУТАБЫЗ

Машаяктын чыныгы жолдоочулары Жахаба жөнүндө кабар айтканды чоң сыймык деп эсептешет (8, 10-абзацтарды карагыла) *

8. Жахабанын өз ысмын даңкталышын жана башкалардын аны билишин каалаарын кайдан билебиз?

8 Бир жолу Иса: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленген. Ошондо асмандан күн күркүрөгөндөй үн угулуп, Жахаба жооп берген. Ал ысмын даңктаарын айткан (Жкн. 12:28). Иса жерде кызмат кылып жүргөндө Атасынын ысмын даңазалаган (Жкн. 17:26). Демек, анын чыныгы жолдоочулары да Кудайдын ысмын колдонгонду жана аны башкаларга айтканды сыймык катары көрүшү керек.

9. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары Кудайдын ысмын ыйык тутарын кантип көрсөтүшкөн?

9 Биздин замандын 1-кылымында Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы түптөлгөн. Ошондон көп өтпөй Жахаба «өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка элдерге назар сала баштаган» (Элч. 15:14). Машаяктын ошол жолдоочулары Кудайдын ысмын колдонгонду жана аны башкаларга айтканды чоң сыймык деп эсептешкен. Алар кабар айтканда жана Ыйык Жазмадагы китептерди жазганда ал ысымды байма-бай колдонушкан *. Ооба, алар Кудайдын ысмын алып жүргөн эл экенин ушундайча далилдешкен (Элч. 2:14, 21).

10. Жахабанын Күбөлөрү гана Кудайдын ысмын алып жүргөн эл экенине кандай далилдер бар?

10 Жахабанын Күбөлөрүн Кудайдын ысмын алып жүргөн эл деп айтууга болобу? Келгиле, бул суроого жооп алалы. Көптөгөн диний жетекчилер Кудайдын ысмын жаап-жашырганга бүт күчүн жумшап келишет. Алар ал ысымды Ыйык Китептин котормолорунан алдырып салышат. Кудайга сыйынууда да ал ысымды колдонгонго тыюу салышат *. Бир гана Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ысмын ыйык тутуп, аны даңкташат. Муну эч ким четке кага албайт. Биз башка диндерден айырмаланып, Кудайдын ысмын бүт дүйнө жүзүнө жарыялап жатабыз. Атына заты жарашкан эл болуш үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз (Ыш. 43:10—12). Биз Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» 240 миллиондон ашуун нускада басып чыгарганбыз. Башка котормолордон айырмаланып, анда Кудайдын ысымы түп нускада кездешкен жерлердин баарында калыбына келтирилген. Ошондой эле Ыйык Китепке негизделген жана Жахабанын ысмы жазылган адабияттарды 1 000ден ашык тилде чыгарабыз!

ЧЫНДЫКТЫ ЖОГОРУ БААЛАЙБЫЗ

11. Исанын алгачкы жолдоочулары чындыкты баалаарын кантип көрсөтүшкөн?

11 Иса чындыкты — Кудай жана анын ой ниети жөнүндөгү чындыкты — абдан баалаган. Ал ошол чындыкка ылайык жашаган жана аны башкаларга да ачып берген (Жкн. 18:37). Машаяктын жолдоочулары да чындыкты жогору баалашкан (Жкн. 4:23, 24). Кызыктуусу, элчи Петир алар туткан динди «чындык жолу» деп атаган (2 Пет. 2:2). Иса Машаяктын жолдоочулары Жахаба Кудай жөнүндөгү чындыкты ушунчалык жакшы көргөндүктөн, жогору баалагандыктан чындыкка каршы келген диний ой толгоолорду, каада-салттарды жана кимдир бирөөлөрдүн пикирин четке кагышкан (Кол. 2:8). Ошол сыяктуу эле, биз Жахабанын Ыйык Сөзүндө жазылгандарга ишенип, аларга ылайык жашап, «чындык жолунда жүргөнгө» бүт күчүбүздү жумшайбыз (3 Жкн. 3, 4).

12. Жетектөөчү Кеңеш кандайдыр бир тактоолорду киргизиш керек экенин аңдаганда эмне кылат жана эмне үчүн?

12 Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылгандардын баарын толук түшүнөбүз деп айтышпайт. Андыктан андагы окууларды түшүндүрүүдө жана жыйналыштарды уюштурууда кээде каталарды кетиришкен. Биз буга таң калбайбыз деле. Анткени Ыйык Китептин өзүндө так билим бара-бара ачылып берилери айтылган (Кол. 1:9, 10). Жахаба чындыкка акырындык менен жарык чачат. Ошондуктан биз чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек (Накыл 4:18). Жетектөөчү Кеңеш Ыйык Китептеги кайсы бир чындыкка болгон түшүнүгүбүзгө тактоо киргизиш керек экенин аңдаганда буйдалбастан иш-аракет кылат. Ал эми христиан дүйнөсүндөгү көптөгөн диндер өздөрүнүн чиркөөсүндөгүлөргө жагыш үчүн же бул дүйнөдөн айырмаланбаш үчүн окууларын өзгөртүп турушат. Жахабанын Күбөлөрү болсо, алардан айырмаланып, кайсы бир нерселерди Кудайга жакындаш үчүн жана ага Иса үйрөткөндөн сыйыныш үчүн өзгөртүшөт (Жкп. 4:4). Ооба, биз өзгөрүүлөрдү бул дүйнөдөгү адамдардын көз карашы өзгөргөндүктөн эмес, Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнгөндүктөн кылабыз. Биз чындыкты жогору баалайбыз (1 Тес. 2:3, 4).

БИРИ-БИРИБИЗДИ ЖАН-ДИЛДЕН СҮЙӨБҮЗ

13. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларын башкалардан эмне айырмалап турган? Ал сапатты Жахабанын Күбөлөрү кантип чагылдырып жатат?

13 Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочуларын баарынан да сүйүү айырмалап турган. Иса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жкн. 13:34, 35). Бүгүнкү күндө да дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосунда биримдик менен сүйүү өкүм сүрөт. Биз ар башка өлкөдөн, улуттан болсок да, бир үй-бүлөбүз. Мына ушунубуз менен башка диндерден айырмаланабыз. Бири-бирибизди жан-дилден сүйөрүбүздү жыйналыштарыбыздан, жыйындарыбыздан айкын көрүүгө болот. Ушундан улам да Жахабага жаккандай сыйынып жатканыбызга ого бетер ынанабыз.

14. Колосалыктар 3:12—14-аяттарга ылайык, бири-бирибизди жан-дилден сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

14 Ыйык Жазмада: «Бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө»,— деп айтылган (1 Пет. 4:8). Бул кеңешке ылайык иш кыларыбызды ката-кемчиликтерибизге көз жумуп, чын жүрөктөн кечиргенибизде көрсөтөбүз. Ошондой эле жыйналыштагылардын баарына, атүгүл жүрөгүбүздү ооруткандарга да берешендик, меймандостук көрсөткөнгө мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. (Окугула: Колосалыктар 3:12—14.) Ортобуздагы ушундай сүйүү Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенибизди айкындап турат.

«БИР ИШЕНИМ»

15. 1-кылымдагы ишенимдештерибизден дагы кайсы жактардан үлгү алабыз?

15 Биз Кудайга сыйынууда 1-кылымдагы ишенимдештерибиздин үлгүсүнө тыгыз карманабыз. Мисалы, уюмубузда 1-кылымда элчилер түптөгөн тартип өкүм сүрөт. Ошол убактагыдай эле, азыр деле кыдыруучу көзөмөлчүлөр, аксакалдар жана кызмат жардамчылары бар (Флп. 1:1; Тит 1:5). Мындан тышкары, Жахабанын жыныстык мамилеге, никеге, канды колдонууга жана өкүнбөгөндөрдү жыйналыштан чыгарууга байланыштуу көрсөтмөлөрүнө 1-кылымдагы ишенимдештерибиздей эле баш иебиз (Элч. 15:28, 29; 1 Кор. 5:11—13; 6:9, 10; Евр. 13:4).

16. Эфестиктер 4:4—6-аяттарда жазылгандардан эмнени биле алабыз?

16 Көп адамдар Машаяктын жолун жолдойбуз деп ырастаганы менен, Иса айткандай, баары эле анын чыныгы жолдоочулары болмок эмес (Мт. 7:21—23). Көптөрдүн акыркы күндөрдө «Кудайга берилгендей болуп көрүнөрү» Ыйык Китепте мурун эле айтылган (2 Тим. 3:1, 5). Анда Кудайга жаккан бир эле ишеним, башкача айтканда, бир эле дин бар экени да ачык эле жазылган. (Окугула: Эфестиктер 4:4—6.)

17. Кимдер бүгүн Исанын жолун жолдошот жана чыныгы динди тутушат?

17 Биз буга чейин 1-кылымдагы ишенимдештерибиздин Кудайга Иса көрсөткөн үлгү боюнча туура сыйынганын карадык. Ушунун негизинде бүгүнкү күндө кимдер чыныгы динди тутат деп айтууга болот? Жообу айкын: Жахабанын Күбөлөрү. Ооба, Жахабанын Күбөсү болуу, Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу чындыкты билүү — теңдешсиз сыймык! Келгиле анда, мындан ары да чындыкка бек кармана берели.

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

^ 5-абз. Бул макалада Иса түптөгөн чыныгы сыйынуу кандай болгонуна токтолобуз. Анын алгачкы жолдоочулары ошол үлгүгө карманган. Жахабанын Күбөлөрү да ошол үлгүгө кандайча карманарын билебиз.

^ 9-абз. «Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайдын ысмын колдонушканбы?» деген кутучаны карагыла. («Күзөт мунарасы», 2010-жыл, 1-июль, 6-бет, ор.)

^ 10-абз. Алсак, 2008-жылы Рим папасы Бенедикт XVI католиктер Кудайга сыйынып жатканда, ырдап жатканда же тиленип жатканда Кудайдын ысмын «колдонбошу да, оозуна албашы да керектигин» айткан.

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахабанын уюму «Жаңы дүйнө котормосун» 200дөн ашык тилде чыгарган. Мунун аркасында көптөр Кудайдын ысмы жазылган Ыйык Китепти эне тилинде окуп жатышат.