Окурмандардын суроолору
Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө бөдөнө менен маннадан тышкары башка нерселерди жешкенби?
Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө 40 жыл бою негизинен манна менен тамактанышкан (Чыг. 16:35). Андан тышкары, Жахаба аларга эки жолу бөдөнө жедирген (Чыг. 16:12, 13; Сан. 11:31). Бирок ысрайылдыктардын жегенге башка тамак-ашы да болгон.
Маселен, Жахаба өз элин кээде суусу мол, ар кандай өсүмдүктөр өскөн жерге эс алдырган (Сан. 10:33). Ошондой жерлердин бири Элим болгон. Элимде «он эки булак, жетимиш курма дарагы» (сыягы, финик пальмасы) бар болчу (Чыг. 15:27). Финик пальмасы жөнүндө «Ыйык Китептеги өсүмдүктөр» деген китепте мындай делет: «Ал дарак көптөгөн жерлерде өсчү. Чөлдө анын мөмөлөрүн тамак катары колдонушчу. Андан май алышчу. Ошондой эле миллиондогондор үчүн ал баш маана болуп берчү».
Ысрайылдыктар Вади Фейрандын бүгүнкү күндө Фейран деп белгилүү болгон жайык жерине да токтогон болушу керек a. Бир китепте ал өрөөн жөнүндө: «Анын узундугу 130 километрге чейин созулат. Ал — Синайдагы эң эле узун, баарынан кооз жана аябай белгилүү өрөөндөрдүн бири»,— делет. Андан ары мындай деп жазылган: «Эгер кимдир бирөө дарыянын деңизге куйган жеринен баштап 45 километр жол жүрсө, Фейран оазисине барып калат. Ал оазис деңиз деңгээлинен 610 метрдей бийиктикте жайгашкан. Фейранда финик пальмалары жыш өскөндүктөн жана ушунчалык кооз болгондуктан ал жерди Эйден багына салыштырып коюшат. Финик пальмалары абдан көп болгондуктан адамдар ал жакка миңдеген жылдар бою тартылып келген» («Discovering the World of the Bible»).
Ысрайылдыктар Мисирден чыгып баратканда ачытылбаган камыр менен кошо, сыягы, бир аз буудай жана май ала чыгышкан. Албетте, ал азык көпкө чейин жетмек эмес. Алардан тышкары, ысрайылдыктар Мисирден абдан көп «майда мал менен бодо мал» айдап чыгышкан (Чыг. 12:34—39). Бирок чөлдөгү катаал шарттардан улам малдын көбү кырылып калмак. Андыктан алардын айрымдарын союп жешсе, башкаларын курмандыкка чалышса керек. Кээ бирлерин болсо, атүгүл, жалган кудайларга багышташкан b (Элч. 7:39—43). Ошентсе да ысрайылдыктар мал кармашкан. Муну Жахабанын ишеними жок элине: «Уулдарыңар ээн талаада кырк жыл бою койчу болушат»,— деген сөздөрүнөн көрсө болот (Сан. 14:33). Ысрайылдыктардын малы бар болгондуктан кээде эт же сүт болуп турса керек. Бирок 40 жыл бою 3 миллиондой кишини азыктандырганга жетмек эмес c.
Малга чөп менен сууну кайдан алышчу? d Ал кезде чөлдө жаан көп жаагандыктан, өсүмдүктөр көп өсчү. «Жазманы түшүнүү» эмгегинин 1-томунда 3 500 жыл мурун кандай болгону жөнүндө мындай деп жазылган: «Ал кезде Арабияда суу азыркыга караганда аябай эле кенен болчу. Буга какшып калган суулардын терең сайлары жана өрөөндөрү далил. Илгери ошол жерде жаан-чачын көп болгондуктан чоң суулардын агымы пайда болгон көрүнөт». Ошентсе да чөл какыраган, коркунучтуу жер болчу (Мыйз. 8:14—16). Эгер Жахаба кереметтүү жол менен суу чыгарып бербесе, ысрайылдыктар да, мал-жаны да кырылып калмак (Чыг. 15:22—25; 17:1—6; Сан. 20:2, 11).
Ошондуктан Муса ысрайылдыктарга «адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен жашай турганын билиши» үчүн Жахаба аларды манна менен азыктандырганын айткан (Мыйз. 8:3).
a Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1992-ж., 1-май, 24, 25-б., ор.
b Ыйык Китепте ысрайылдыктардын чөлдө жүргөндө Жахабага арнап эки жолу курмандык чалганы айтылат: 1) Жахаба Арун менен уулдарын дин кызматчылыкка дайындаганда, 2) Пасах майрамында чалынган. Экөө тең ысрайылдыктар Мисирден чыкканына бир жылдай болуп калганда, б. з. ч. 1512-жылы, болгон (Леб. 8:14—9:24; Сан. 9:1—5).
c Ысрайылдыктардын 40 жылдык чөл кезүүсү соңуна чыгып калганда, алар согушка барып миңдеген мал олжолоп келишкен (Сан. 31:32—34). Ошентсе да алар убадаланган жерге киргенге чейин манна жей беришкен (Жаш. 5:10—12).
d Жахаба маннаны чатырдагы кишинин санына жараша чогултууну айткандыктан, маннаны тоют катары малга беришкен эмес деген жыйынтык чыгарсак болот (Чыг. 16:15, 16).