Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Убакыт-саатты байыркы учурда кантип айтышчу?

Убакыт-саатты байыркы учурда кантип айтышчу?

СААТ канча болгонун билиш үчүн эмне кыласыңар? Шак эле саатты караарыңар шексиз. Кимдир бирөө саат канча болгонун сураганда, эмне деп жооп бересиңер? Убакытты айтуунун ар кандай жолдору бар. Кандайча?

Мисалы, 1ден 30 мүнөт өттү деп коёлу. Андайда убакытты сураган кишиге 1:30 болду деп айтсак болот. Же жашаган жерибизде убакыт кантип айтыларына жараша, 13:30 дешибиз мүмкүн. Бир сутка 24 саатка бөлүнгөн жерлерде адатта ушинтип айтышат. Кээ бир жерлерде болсо 2ге 30 мүнөт калды деп да айтышат.

Балким, байыркы учурда адамдар убакыт канча болгонун кантип айтышчу болду экен деп ойлонгондурсуңар. Кызыктуусу, ал кезде да ар кандай айтышчу. Алсак, Ыйык Китептин еврей тилинде жазылган бөлүгүндө «таң атканда», «түштө», «чак түштө», «кечке маал» деген сөздөр колдонулган (Башт. 8:11; 19:27; 43:16; Мыйз. 28:29; 1 Пад. 18:26). Бирок айрым учурларда убакыт тагыраак айтылчу.

Ал кезде шаарды кайтарган күзөтчүлөр боло турган. Алардын иши, өзгөчө, түнкүсүн маанилүү болгон. Иса Машаяк төрөлгөнгө чейин бир канча кылым мурда, ысрайылдыктар күзөтчүлөрдүн кезеги алмашылганга жараша түнкү убакытты үчкө бөлүшчү (Заб. 63:6). Маселен, Бийлер 7:19да «түнкү экинчи күзөт маалында» деген сөздөр кездешет. Иса пайгамбардын күндөрүндө болсо жүйүттөр убакыт-саатты гректер менен римдиктердин убакытты бөлүү тартибине ылайык эсептешчү. Ошол себептен түндү төрткө бөлүшчү.

Инжилдерде күзөт маалы тууралуу бир нече жолу айтылат. Алсак анда Исанын «түнкү төртүнчү күзөт маалында... деңиздин үстү менен басып, шакирттерин көздөй баратканы» жазылган (Мт. 14:25). Ал эми Иса бир мисалында: «Кожоюну кайтып келгенде, сергек турган кулдар бактылуу!.. Кожоюну экинчи, атүгүл үчүнчү күзөттө келип, кулдарынын сергек турганын көрсө, алар бактылуу!» — деп айткан (Лк. 12:37, 38).

Бир жолу болсо төрт күзөт маалы жөнүндө тең айткан. Ал шакирттерине: «Сергек болгула, анткени үй ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде келеби, түн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы же таң заардабы, билбейсиңер»,— деген (Мр. 13:35, шилт.). Биринчи күзөт маалы «кечти» билдирчү. Ал күн батканда башталып, кечки 9дарга чейин созулчу. Экинчи күзөт маалы, тактап айтканда, «түн ортосу» кечки саат 9дардан түн ортосуна чейин созулган. Ал эми үчүнчү күзөт маалы «короз кыйкырган маал» деп аталчу. Ал түн ортосунан таңкы саат үчтөргө чейинки убакты камтычу. Кыязы, Иса кармалган түнү короз ошол маалда кыйкырган (Мр. 14:72). Төртүнчү күзөт маалы — «таң заар» — таңкы саат үчтөрдөн күн чыкканга чейинки маалды билдирчү.

Ошол убакта жашагандардын азыркыдай сааттары жок болсо да, убакыттын канча болгонун билдирген өзүнчө сөздөрү бар болчу.