Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бактылуу Кудайга» кызмат кылгандар бактылуу

«Бактылуу Кудайга» кызмат кылгандар бактылуу

«Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!» (ЗАБ. 144:15).

ЫРЛАР: 44, 125

1. Жахабанын кызматчылары эмне үчүн ушунчалык бактылуу? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ — бактылуу эл. Жыйналыштарында, жыйындарында, достук кечелеринде алардын дайыма күлүп-жайнап, бири-бири менен кубанычтуу пикир алышып жатканын көрүүгө болот. Алар эмне себептен ушунчалык бактылуу? Мунун эң негизги себеби алар «бактылуу Кудай» Жахабаны таанып-билип, ага кызмат кылып, андан үлгү алып жатышат (1 Тим. 1:11; Заб. 16:11). Кудай бакыттын булагы болгондуктан биздин да бактылуу болушубузду каалайт. Ал кубанычыбызды арттырууга өбөлгө түзгөн көп нерселерди берүүдө (Мыйз. 12:7; Нас. 3:12, 13).

2, 3. а) Бакыт деген эмне? б) Бактылуу болуп, кубанычыбызды сактоо эмне үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт?

2 Сен тууралуу эмне айтууга болот? Өзүңдү бактылуумун деп эсептейсиңби? Мындан да бактылуу болуш үчүн эмне кылсаң болот? Бир сөздүккө ылайык, бакыт — бул адамдын өз турмушуна ыраазы болгонунан улам канааттанган абалы. Ал салыштырмалуу туруктуу келет жана ыраазы болуудан тартып терең кубанычка чейинки жагымдуу сезимдер менен, ошондой эле андай абалдын дайыма болушун эңсеткен табигый каалоо менен коштолот. Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Жахаба менен ынак мамиледе болгондор гана чындап бактылуу боло алышат. Анткен менен азыркы убакта бактылуу болуп, кубанычыбызды сактоо дайыма эле оңойго тура бербейт. Эмне үчүн?

3 Жакын адамыбыздын каза болушу же жыйналыштан чыгарылышы, ажырашуу, жумуштан айрылуу сыяктуу көйгөйлөр көңүлүбүздү чөгөрбөй койбойт. Үй-бүлөдөгү келишпестиктерден, чыр-чатактардан улам да өзүбүздү жаман сезишибиз мүмкүн. Жумуштагылардын же классташтарыбыздын шылдыңы, ишенимибиз үчүн куугунтукталуу же түрмөгө отуруу да бактыбызга кандайдыр бир деңгээлде терс таасир этиши ыктымал. Же балким, ден соолугубуз начарлап бараткандыктан же өнөкөт ооруга, депрессияга чалдыккандыктан кыйналып жаткандырбыз. Кандай болбосун, «бактылуу жана жалгыз Өкүмдар» Иса Машаяк баарыбызды сооротуп, бактылуу болууга жардам берүүнү каалайт (1 Тим. 6:15; Мт. 11:28—30). Тоодо айткан насаатында ал Шайтандын дүйнөсүндө оор сыноолорго кабыларыбызга карабай бактылуу болушубузга эмнелер өбөлгө түзөрүн айтып өткөн.

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН ЫНАК МАМИЛЕ — БАКЫТТЫН ПАЙДУБАЛЫ

4, 5. Канткенде дайыма бактылуу боло алабыз?

4 Иса Машаяк насаатын өзгөчө маанилүү нерсе менен баштаган. Ал: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык»,— деген (Мт. 5:3). Рухий муктаждыгыбызды сезерибиз эмнеден көрүнөт? Бул рухий тамак менен азыктанганыбыздан, рухий нерселерди жогору баалаганыбыздан, бактылуу Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга койгонубуздан айкын болот. Эгер ушуларды кыла берсек, барган сайын бактылуу боло беребиз. Кудайдын убадаларынын жакында аткарыларына болгон ишенимибиз бекемделет. Ошондой эле Ыйык Китепте жазылган «кереметтүү үмүт» туруктуу болууга күч берет (Тит 2:13).

5 Дайыма бактылуу болушубуз үчүн, Жахаба менен болгон мамилебиздин бекем болгону абдан зарыл. Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «[Жахабанын] жолунда дайыма кубангыла. Дагы да айтам, кубангыла!» — деген (Флп. 4:4). Жахаба менен дос болуу үчүн анын акылмандыгына ээ болушубуз керек. Ыйык Китепте: «Акылмандыкты тапкан, кыраакылыкка ээ болгон киши бактылуу... Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы. Ага бекем кармангандарды бактылуу дешет»,— деп жазылган (Накыл 3:13, 18).

6. Дайыма бактылуу болорубуз эмнеден көз каранды?

6 Эч нерсеге карабай бактылуу болуш үчүн, Кудайдын Сөзүн окуп эле койбой, андан билгендерибизди иш жүзүндө колдонушубуз кажет. Иса Машаяк да мунун маанилүү экенин баса белгилеп: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жкн. 13:17; оку: Жакып 1:25). Бул — рухий муктаждыгыбызды канааттандыруунун жана дайыма бактылуу болуунун негизги жолу. Бирок жашоодо ар кандай кыйынчылыктар көп болуп жатса, кантип бактылуу боло алабыз? Анда эмесе, тоодо айткан насаатында Исанын андан ары эмне дегенине токтололу.

БАКТЫЛУУ БОЛУШУБУЗГА ЭМНЕЛЕР ШАРТ ТҮЗӨТ?

7. Кайгыргандар кантип бактылуу боло алышат?

7 «Кайгыргандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мт. 5:4). Айрымдар: «Кайгырып жаткан адам кантип бактылуу болсун?» — деп таң калышы мүмкүн. Иса ар кандай себептерден улам кайгырган адамдардын баары жөнүндө айткан эмес. Атүгүл ыймансыздар да азыркы «өзгөчө оор мезгилде» кыйынчылыктарга кабылып, кайгырып жатышат (2 Тим. 3:1). Бирок алар өз кызыкчылыгын ойлоп кейигендиктен Жахабага жакын болуп калышкан жок, ошондуктан бактылуу боло алышпайт. Иса болсо өздөрүнүн рухий муктаждыгын сезген жана көптөрдүн Кудайдын нормаларын баркка албай жатканына жүрөгү сыздаган адамдар жөнүндө сөз кылган. Алар өздөрүнүн күнөөкөр экенин түшүнгөндүктөн, ошондой эле адамзаттын күнөөнүн жолуна түшкөнү канчалык кесепеттүү болуп жатканын көргөндүктөн кайгыга батышат. Жахаба жүрөгү таза андай адамдарды көрүп турат, аларды сооротот, рухий жактан сергитет, бактылуу болушуна көмөк кылат жана келечекте түбөлүк өмүр берет. (Оку: Жезекиел 5:11; 9:4.)

8. Мүнөзү жумшактардын кандайча бактылуу болорун түшүндүр.

8 «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Мт. 5:5). Мүнөзүбүздүн жумшак болгону бактылуу болушубузга кандайча өбөлгө түзөт? Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билгенден кийин көптөр өзгөргөн. Бир кезде алар катаал, жаңжалчыл, ачуулуу болгон болсо, азыр «жаңы табиятты кийип», «назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты» чагылдырып жатышат (Кол. 3:9—12). Натыйжада башкаларды сүйүүгө, алар менен тынчтыкта жашоого үйрөнүп, бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Андан тышкары, Кудайдын Сөзүндө алардын «жерди мураска алары» убада кылынат (Заб. 37:8—10, 29).

9. а) Мүнөзү жумшактар кандай мааниде «жерди мурастайт»? б) «Адилдикти эңсегендер» эмне үчүн бактылуу боло алышат?

9 Мүнөзү жумшактар кандай мааниде «жерди мурасташат»? Исанын майланган жолдоочулары келечекте падыша жана дин кызматчы катары жердин үстүнөн бийлик кылышат. Ушундай мааниде алар жерди мурастайт (Аян 20:6). Ал эми асманда жашоого чакырылбаган миллиондогон башка адамдар жеткилеңдикке жетип, жер бетинде түбөлүккө тынчтыкта бактылуу өмүр сүрөт. Майлангандар да, башка койлор да «адилдикти эңсегендиктен» бактылуу болушат (Мт. 5:6). Алардын адилдикке болгон муктаждыгы жаңы дүйнөдө толугу менен канааттандырылат (2 Пет. 3:13). Кудай бардык жамандыкты жана ыймансыз, адил эмес кишилерди биротоло жок кылганда, адил адамдар бактылуу болуп, алардын кайгырышына эч кандай себеп болбойт (Заб. 37:17).

10. Кайрымдуу болуу деген эмнени билдирет?

10 «Кайрымдуулар бактылуу, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт» (Мт. 5:7). «Кайрымдуу болуу» деп берилген еврей этиши «жылуу, назик сезимдерди туюуну,.. боор ачууну» билдирет. Грек тилиндеги этиш да кимдир бирөөгө карата жылуу сезимдерди туюуну камтыйт. Бирок кайрымдуулук сезимдер менен эле чектелбейт. Ыйык Китепке ылайык, ал кайрымдуулукка жаткан иштерди кылып, боорукердикти иш жүзүндө көрсөтүүнү да камтыйт.

11. Боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемеден кайрымдуу болууга байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Оку: Лука 10:30—37. Исанын боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемесинде кайрымдуу болуу деген эмнени билдирери эң сонун чагылдырылган. Каракчылардан запкы жеген жүйүттү көргөндө самариялык кишинин ушунчалык боору ачыгандыктан, анын азабын жеңилдетүү үчүн иш-аракет кылган. Аңгемени айтып бүткөндөн кийин Иса: «Барып, сен да ошент»,— деген. Андыктан ар бирибиз мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Мен тууралуу эмне айтууга болот? Самариялык кишидей иш кылып жатамбы? Кыйналып жаткандарга кайрымдуу болуп, дагы көбүрөөк көмөк көрсөтө аламбы? Мисалы, кары ишенимдештериме, жесирлерге, ата-энеси Жахабага кызмат кылбаган балдарга иш жүзүндө жардам беремби? „Көңүлү чөккөндөрдү сооротуу“ үчүн демилгени колго аламбы?» (1 Тес. 5:14; Жкп. 1:27).

Кайрымдуулук көрсөтүүдө демилгени колго ал, ошондо мунун канчалык бакыт алып келерин сезесиң (12-абзацты кара)

12. Кайрымдуу болсок, кандайча бактылуу болобуз?

12 Кайрымдуулук сапаты бактылуу болушубузга кандайча шарт түзөт? Кимдир бирөөгө кайрымдуулук кылсак, ага берүүдөн кубаныч алабыз. Андан сырткары, мунун Жахабага жагарын билгендиктен да бактылуу болобуз (Элч. 20:35; оку: Еврейлер 13:16). Башкалардын камын ойлогондор жөнүндө Дөөтү падыша: «Жахаба аны коргойт, тирүү калтырат; ал жер үстүндө бактылуу деп аталат»,— деген (Заб. 41:1, 2). Боорукердикти, кайрымдуулукту иш жүзүндө көрсөтсөк, Жахаба да бизге кайрымдуулук көрсөтөт. Бул болсо түбөлүккө бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт (Жкп. 2:13).

ЭМНЕ ҮЧҮН «ЖҮРӨГҮ ТАЗАЛАР БАКТЫЛУУ»?

13, 14. Таза жүрөк менен бакыттын кандай байланышы бар?

13 «Жүрөгү тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт»,— деген Иса Машаяк (Мт. 5:8). Жүрөгүбүздү таза сакташ үчүн ички дүйнөбүз, сезимдерибиз, каалоолорубуз таза болушу керек. Жахабага болгон берилгендигибизге доо кетпеши үчүн, ойлорубузду таза сактаганыбыз маанилүү. (Оку: 2 Корунттуктар 4:2; 1 Тим. 1:5.)

14 Жүрөгү тазалар: «Кийимдерин жуугандар бактылуу»,— деп айткан Жахабанын көз алдында таза жана бактылуу болушат (Аян 22:14). «Кийимдерин жуу» деген эмнени билдирет? Майлангандар Жахабанын көз алдында таза деп эсептелет жана асманда өлбөстүккө ээ болуп, түбөлүккө бактылуу болушат. Ушундай мааниде алар «кийимдерин жуушат». Ал эми жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн эбегейсиз көп адамдар Кудайдын достору катары анын алдында адил деп эсептелет. Ыйык Китепте алардын атүгүл азыртадан эле «кийимдерин Козунун канына жууп агартып» жатканы айтылат (Аян 7:9, 13, 14).

15, 16. Жүрөгү тазалар кандай мааниде «Кудайды көрүшөт»?

15 Эгер Кудай: «Менин жүзүмдү көргөн бир да киши тирүү калбайт»,— деп айткан болсо, анда жүрөгү тазалар кантип аны көрө алышат? (Чыг. 33:20). «Көрүү» деп которулган грек сөзү элестетүү, түшүнүү, таанып-билүү деген маанини да туюнтат. Кудайды жүрөгүбүздүн «көзү» менен көрүү деген аны чындап таанып-билүүнү, сапаттарын баалоону билдирет (Эф. 1:18). Иса Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жкн. 14:7—9).

16 Кудайдын чыныгы кызматчылары анын касиет-сапаттары жөнүндө билгенден тышкары, аларга кандай жолдор менен кам көрүп жатканына байкоо салуу менен да аны «көрө» алышат (Аюп 42:5). Ошондой эле алар Кудайдын ага берилгендикте кызмат кылууга жана таза бойдон калууга аракет кылып жаткандарга бере турган кереметтүү баталарын жүрөктөрүнүн «көзү» менен көрүүдө. Ал эми майлангандар тирилип, асмандагы сыйлыгын алганда Жахабаны сөздүн түз маанисинде көрүшөт (1 Жкн. 3:2).

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КАРАБАЙ БАКТЫЛУУ БОЛО АЛАБЫЗ

17. «Тынчтык жаратуучулар» эмне үчүн бактылуу?

17 Иса андан ары: «Тынчтык жаратуучулар бактылуу»,— деген (Мт. 5:9, шилт.). «Тынчтык жаратуу» үчүн демилгени колго алгандарда бактылуу болууга жакшы себеп бар. Шакирт Жакып: «Адилдиктин жемишин бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын арасында тынчтык бар жерде себилет»,— деп жазган (Жкп. 3:18). Эгер жыйналыштагы же үй-бүлөбүздөгү кимдир бирөө менен мамилебиз жакшы болбой жатса, Кудайдан тынчтыкка умтулууга жардам беришин сурап, жалындуу тиленсек болот. Ошондо Жахаба ыйык руху аркылуу ага жаккан сапаттарды чагылдырууга көмөк кылат. Анын натыйжасында бактылуу болобуз. Иса тынчтыкка умтулуунун маанилүү экенин баса белгилеп, мындай деген: «Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал» (Мт. 5:23, 24).

18, 19. Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары куугунтук учурунда да кубанычын жоготушпайт?

18 «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар». Иса муну менен эмнени айткан? Ал сөзүн: «Кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан»,— деп улаган (Мт. 5:11, 12). Каршылаштар элчилерди сабап, кабар айтууга тыюу салышканда, алар «Синедриондон кубанып чыгып кетишкен». Албетте, элчилер таяк жегени үчүн сүйүнүшкөн эмес. Алар «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көргөндүктөн» кубанышкан (Элч. 5:41).

19 Бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматчылары Исанын ысмы үчүн азап тартканда же оор кыйынчылыктарга кабылганда аны кубаныч менен көтөрүшөт. (Оку: Жакып 1:2—4.) Элчилер сыяктуу эле биз да азап чеккенибизге кубанбайбыз. Кыйынчылык учурунда Кудайдын алдында кынтыксыз бойдон калсак, ал бизге туруктуу болууга күч берет. Мисалга Хенрик Дорник бир тууганды алалы. Тоталитардык режим убагындагы бийлик башчылары 1944-жылы августта аны жана агасын концлагерге жөнөтүшкөн. Кызыктуусу, куугунтукка алгандар: «Аларды башка бир нерсеге ынандыруу мүмкүн эмес. Алар кыйналгандан рахат алышат»,— деп айтышкан. Хенрик бир тууган мындай деп түшүндүрөт: «Азапкеч болууну такыр каалабасам да, Жахабага болгон берилгендигимди сакташ үчүн кыйынчылыктарга багынбай, кайраттуулук менен чыдагандын аркасында кубаныч алдым... Жахабадан көп жолу жалындуу тиленүү менен ага жакындадым. Ал болсо өзүнүн ишеничтүү Жардамчы экенин далилдеди».

20. Эмне себептен «бактылуу Кудайга» сыйынганыбыз үчүн бактылуубуз?

20 «Бактылуу Кудайдын» жүрөгүн сүйүнткөнүбүздө ишенимибиз үчүн куугунтукталганыбызга, үй-бүлөбүздөгүлөрдүн каршылыгына, ооруга, карылыкка карабай бактылуу боло алабыз (1 Тим. 1:11). Биз «жалган сүйлөй албаган Кудайдын» баа жеткис убадаларына ишенгендиктен да бактылуубуз (Тит 1:2). Анын убадалары аткарылганда, азыркы кыйынчылыктар менен сыноолордун баары унутта калат. Жахаба Бейиште биз элестеткенден да зор баталарды берет. Ошондо болуп көрбөгөндөй бактылуу болобуз. Ооба, баарыбыз «мол тынчтыкка ырахаттанабыз» (Заб. 37:11).